Мээрим Көлбаева: Эл ырчысы Эстебес

Төкмөлүк өнөрдүн туткасын кармап, калк арасында «эл ырчысы» деген атакты өз өнөрү менен жарата алган таланттуу төкмө акын Эстебес Турсуналиев 1931-жылы жарык дүйнөгө келген. Өз өмүрүндө көпчүлүк адамдарга бериле бербеген төкмөлүк таланты, ырчылык өнөрү менен байсалдуу, мазмундуу өмүр кечирип, 2005-жылы 74 жаш курагында дүйнө салган.

Мына ушул мезгил аралыгында Эстебес Турсуналиев ак таңдай акын аталып, келечектеги өнөр алам деген жаштарга өрнөк болор өмүр кечирди.

«Чепкеним узун боюмдан,
Чертмегим түшпөй колумдан.
Чегинен чыга элекмин
Чеч-Төбө, Арал тобумдан.
Эрбейген кара баламын,
Энемдин калбайм соңунан,
Ээрчитип барып ырдатат,
Эл болсо беш-он чогулган»[1] - деп акын өз балалыгын эскергендей, жаштайынан эле өнөр деген улуу дөөлөткө арбалып, барган жеринде аш-той болобу, талаада, кырманда болобу же жоро-жолдошторунун арасындабы – чертмегин алып, Токтогул, Самсалы өңдүү курбалдаштары менен ырдашып, Сооронбек, Аймамбет деген Таластын түндүк-түштүгүнө өнөрү маалым агаларынын колунда жүрүп, өнөрүн үйрөнүп, ал тургай Аймамбет агасынын бүткүл чыгармаларын жаздырып алган чыгармачылык чөйрө өнөрдүн алгачкы алиппесин ачып, эл оозуна алынат.

Акындын балалыгынын баёо, таттуу учуру согуш мезгилине туш болуп, атасынан айрылып, бир катар кыйынчылыктарды башынан кечиргени акындын ырларында, эскерүүлөрүндө көп айтылат. Тагдырдын оор сыноосуна сынбай, көкүрөктө оргуштаган талантты таптап, акындык өнөрдү сүйүп өркүндөтүшүнө энеси Арпаяндын аракети, аккан арыктан суу агат демекчи, айтылуу Алымкул төкмөнүн жээни болушу себепчи болсо, андан аркы турмушунда өзү жашаган доордун таасири чоң роль ойногон. Акындын чыгармачылыгынын такшалуу учуру совет мезгилине туш болду. Канча кылымдардан бери калыптанган көчмөндүк түзүлүш акырындык менен бузулуп, элдин отурукташуусу, чарбанын ирилештирилүүсү менен коштолуп, мындан улам калктын аң-сезими жаңы нукка багыт алып, коомдук жаңылануу мезгили келип, эл шайырлары, ырчылар бардык шартты түзүп берген чыгармачылык камкордукка ээ болгон мезгилдин шарапаты менен амандашып ырдоодо Алымкул акындын купулуна толуп, 1947-жылы Филармонияга келип кирет.

Ал жерде Калык, Осмонкул, Атай, Ысмайыл, Токтоналы, Шаршен өңдүү өнөрлүүлөр менен бирге иштеп, Алымкул ырчыны устат тутуп, өзүн Осмонкулдун окуучусумун деп эсептеп, өнөрдүн сырларын толук өздөштүрөт. Бул анын “Устатым 80 жашта”, “Осмонкул абама” аттуу арноолорунан көрүнөт.  

Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгы совет мезгилине туш келип, окуу-жазууну өздөштүргөн маданий чөйрөдө калыптанса да канча кылымдардан бери акындар поэзиясында сакталып келген салтты улады. Башкача айтканда, эң алгач “Анделек” аттуу ырды аткарып, бирин-экин жамактатып ырдоодон турган жеринде ырды жамгырдай төгүп, көрүп отурган аудиторияны ыры менен шаңга бөлөп, кандай жагдай шарт болбосун айтыша турган өнөрлөшү менен шыдыр ырдашуусу анын чыныгы төкмөлүк салтты улап келе жатканын күбөлөйт.

Ал эми ырларында учурашуу, алым-сабак, жоктоо, арман, терме, айтыш, санат ж.б. жанрдык көп түрдүүлүк, ошондой эле бир башына аткаруучулук, обончулук, айтуучулук, аспап менен коштоо, комузчулук сындуу өнөрлөрдүн жуурулуша берилиши же чыгармачылык синкретизм салтын улантты. Бир учурда өзү Алымкул, Осмонкул сындуу улуулардан өнөр үйрөнүп, таптап, өнүктүрүп, кези келгенде Замирбек, Амантай (Саргашка) акынга чыгармачылыктын сырларын үйрөтүп, Элмирбек, Жеңишбек, Аалы, Азамат, Максат, Асылбек сындуу жаштарга улуулук кебин айтып, батасын берип, устат-шакиртчилик салтынын үлгүсүн көрсөтө алды.  Ал эми улуу акындардан бери салт катары калыптанып келе жаткан тематикалык, поэтикалык салт акындын жалпы чыгармачылыгын талдоодон көрүнөт.

Эстебес Турсуналиевдин чыгармаларынын көпчүлүк бөлүгүн табият тууралуу ырлары түзөт. Анын “Жаз келди”, “Жаз шаңында”, “Жайлоо”, “Жайлоонун көрүнүшү”, “Тоо башында көл”, “Биздин эл”, “Ак Сай, Арпа”, “Акындын жери”, “Кайыңды” ж.б. ырларында кыргыз жеринин кооз кереметин ырга салат.

Ал эми “Биздин эл” ырындагы Ысык-Көл, Тянь-Шань, Талас, Ош, Чүй жергесинин бири биринен өткөн табиятын, андагы элдин меймандос, эмгекчил мыкты сапаттарын санап өтсө, “Жаз келди”, “Жаз шаңында” ж.б. ырларында жыл мезгилдери айрыкча, жаз мезгилинин сулуулугу, андагы жаңыдан жашылданган табияттын кооздугу көркөм сүрөттөлөт.

“Таң нуру жерге чачканда,
Торгойлор сайрап асманда.
Күндүн тийип шооласы,
Күңгөйлүү бийик капталга.
Көк тукаба жапкандай,
Карасам туш-туш жактарга”.[3]

Акын жаратылышты көркөм чагылдырууда талант менен табияттын карым-катышын, өнөр менен элдин, жердин тыгыз байланышын, ички гармониясын чагылдырууга аракеттенет.

“Токомдун жери алтын жер,
Толкуган жаңы алтын көл,
Тоо койну баарын гүлдөткөн,
Таалайлуу, бактуу калкын көр.
Таалимин алып Токомдун
Таланттуу чыккан эчендер”[4]       

Акын өз мекенинин эле табиятын ырдабастан барып келген, көргөн жерлеринин көбүн (“Жерге Тал”, “Казак жергесинде”, “Павлодар” ж.б.) ырга салган. Табият тууралуу ырлардагы башкы ой, туулуп өскөн жердин сулуулугун, улуулугун, адам баласы үчүн ыйыктыгын ырдап, аларсыз жашоо болбой тургандыгын эскерткен философиялык маани катылган.

Ыйыктыктын жана тазалыктын символу болгон аккан суу – акындар чыгармачылыгындагы салттуу темалардан. Эстебес Турсуналиев да акындык улуу салтты улай “Суу өмүр”, “Соң Көл” ж.б. ырларында суу өмүргө кубат берер азык экенин, ансыз жер бетинде жашоо болбой турганын эскертип, адам менен жаратылыштын өз ара алакасынын бийик үлгүсү катары ырдаган. Айтылуу Токтогул «Аккан суу» ырында баардык жашоо, тирүүлүк суудан башталарын:

“Кырк миӊ жыл жердин алдынан
Карып чыккан аккан суу.
Толгон айдай жаркырап,
Жарып чыккан аккан суу.
Булаӊ куйрук жер канат,
Балык чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандууну
Багып чыккан аккан суу”[5] – деген саптарында ырастап, жер астынан жарып чыккан аккан суу, жер бетиндеги жан-жаныбар, өсүмдүктүн гүлдөп-өнүгүшүнүн негизи экенин белгилейт. Жеӊижок «Аккан суунун» пайда болушун диний көз карашта чечмелеп, кудайдын кудуретине баш ийдирет:

«Адам-Ата, Обо-Эне,
Оозунан чыккан лапеси.
Кудайга дайын болгондо,
Жардам сурап Кудайдан,
Суу бергин деп муңайган[6]  

Акын ырында суунун пайдасын, зыянын бөлүп алып, башка акындарда кезикпей турган өзгөчө сапаттарын сыпаттап, сууга байланыштуу бир канча жаныбар, өсүмдүктүн аттарын ырында атап, ал тургай сууга байланыштуу уламыш-легендаларга кайрылып, анын асылдыгын, зарылдуулугун, жердеги жандуу менен жансыздын өмүр сүрүү тагдырынын бирге экенин көркөм ырга салат. Ал эми Барпы акында адамзатынын «жеке жашоо-шарты, жака белиндегилердин тиричилик өткөрүү жолу, керектөөсү, зарылдыгы, алып чыккан дыйканчылык, багбанчылык, гүлчабакчылык, мурапчылыкты гүлдөткөн аккан суу»[7] экенин ырастайт. Акындардын ар биринде салттык тема катары ар башкача интерпретацияланган аккан суу Эстебес Турсуналиевдин ырында «Суу-өмүр» деп аталып, жер энеден жаралган бардык жан-жаныбарларга өмүр берер азык катары айтылып, жер, күн, асман, аба, шоола, нур ж.б. менен бирге ай ааламды түзүп турган система катары сыпаттап, анын зарылдыгы философиялык ыңгайда чечмеленет:

«Баарыбызга жер эне,
Былк этпеген дегеле,
Жер энеден жаралган,
Асманы кең күн өмүр.
Ай-ааламга тараган
Аба, шоола нур өмүр.
Жан-жаныбар баарына,
Жайнаган жер шарына,
Жан киргизген суу өмүр»[8] 

Мисалда көрүнүп тургандай, Эстебес сууну жайнаган жер шарына жан киргизер, өмүр берер азык экенин, «жарат болор жандарга жан киргизер» касиетин, гүлдүн чыгышына, булбулдун сайрашына себеп болуп, «күжүрмөндөр иштесе түшүм болор» сыпатын ырга салып, мунун баары жер эненин балдары деген акындык бүтүм чыгарат. Андан ары табият, жер-таш, тоо, жан-жаныбарларга, асманда учкан кушка да чабыт берер суу экенин санаттайт. Акын суунун адамзат, анын жашоо-тиричилиги үчүн кандай зарыл экенин салттуу ыкмада баяндоо менен өзү жашаган доордун жетишкендиктерин кошо ырга салып, суунун зарылдуулугун дагы да тереңдетүүгө аракет жасайт:

«Электр ГЭСтин орнору,
Көрүп ичкен суу өмүр.
Техникага жан кирип,
Темир ичкен суу өмүр.
Автомобиль, трактор,
Теминишкен суу өмүр.
Ай-жылдызы, космосту
Аралашкан суу өмүр»[9]

Чыгарма стилистикалык эки ыкмада берилген. Алгач суунун жаралышын, касиет белгилерин, адамзат үчүн зарылдуулугун чагылдырууда «суу өмүр» деген лексикалык анофара аркылуу уюштурулса, экинчи бөлүгүндө «болбойт» деген морфемалык анофара аркылуу уюштурат:

«Атырылып акпаса,
Агыны суунун шар болбойт.
Аралап оттоп мал болбойт.
Ар түрдүү гүлдү сорбосо,
Аарыда таттуу бал болбойт.
Аккан суусуз жан болбойт.    
Чынарсыз бакта көрк болбойт»[10]

Акын суунун ар кандай касиет белгилерин, жандуу-жансызга зарылдуулугун эле айтып тим болбойт. Ошол эле чыгармасында адамдардын сууга кылган жосунсуз мамилесин сүрөттөп,

«Суу байлыгын сыйлайлык,
Сулуулук жаратылышка
Суук колду салбайлык» - деген чакырык иретинде чыгарма аяктайт.

Демек, Эстебес Турсуналиев канча мезгилден бери ырдалып келген суунун жалпы аалам түзүлүшүндөгү алган ордун, күн, ай, асман жер менен бирдей даражада турарын, жер бетиндеги жандуу заттардын жашап турушу: адамзатынын жашоосу, табигый жаратылыштын, көлдүн, дайранын токтобой агышы, жамгыр, кардын жаашы сууга байланыштуу экенин, ал турсун «имарат, короо жай салсаң», «ылай кышсыз бек болбой» турган суунун зарылдыгын, көркөмү менен көңүл көтөрүп, азыгы менен адамзатка өмүр тартуулай турган касиетин көркөм сүрөттөйт. Өзү жашап жаткан доордун ийгиликтерин кошо ырдап, суунун жаңы милдеттерин, зарылдуулугун айтып, буга чейинки аккан суу темасында ырларга жаңылык ойду кошо алды.

Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгындагы дагы бир чоң тема – акындын жоктоо, эскерүү ырлары. Жоктоо, эскерүүлөр Арстанбектин манасчы Акылбекти жоктоосу, Токтогулдун Жеңижокту жоктоосу, Барпынын Токтогулду жоктоосу, Коргоолдун Айтыкени жоктоосу, Осмонкулдун Арстанбекти жоктоосу ж.б. акындардан бери бүгүнкү күнгө чейин салттуу тема катары ырдалып келген. Эстебес Турсуналиев да бул тематикада өз чыгармаларын жараткан. Анын «Кош досум», «Токтосун курбумду эскерип», «Досума», «Талгарбекке дос болгонум», «Тургунбек акени коюп жатканда коштошуу», «Шекербекке», «Ысмайыл акынды эскерүү» ж.б. чыгармалары өнөрлөштөрүн, жакын адамдарын жоктоо, эскерүү ырлары дешке болот. Чыгармаларын толук караганыбызда айрымдары кошок маанисинде ырдалган. Мисалы, «Кош досум» деген ырында сахналаш, курбалдашы Токтосун Тыныбеков көз жумганда ырдаган кошогу.

«Кыдырдың кыргыз өрүшүн,
Кызматты кылдың эл үчүн.
Өмүрүң өсүп гүл менен,
Өнөрдүн таттың жемишин.
Балага бала, чоңго чоң,
Баарына бирдей тегизим.
Эмгегиң, баркың бобосо,
Эл-жериң кайдан кейисин?»[11]

Мисалда көрүнүп тургандай автор өнөрлөш эгизинин кыргыз элине кылган кызматын, өнөрдүн арты менен бүтүн кыргызга таанылган кадырын, элдин бардыгына бирдей мыкты кулк-мүнөзүн сыпаттап, эли-журту кейип жаткан абалды берүү менен өнөрү менен элге жаккан мыкты акын экенин, аброй-беделин өздүк чеберчилик, поэтикалык туюм менен таамай сүрөттөй алды. Ошол эле ырда Токтосундун эл алдында көпчүлүктү шаңдантып жиберчү касиети, «токсон түрлүү өнөрдүн тилин билген» ар тараптуулугун, комузга чебер күүчү, ооз комузду ышкырта, кол ойното каккан мыкты өнөрпоздун чыгармачылык портретин тартып берет. Ал эми «Турганбек акени коюп жатканда коштошуусу» толук турпаты менен кошок мотивинде ырдалган. Анда Турганбек акесин калкагар зоого, чалкар көлгө теңеп, «калкагар зоосу урап», «чалкар көлү чайпалып», «каңырык түтөп», «караны кийип калган» жакындарын, уул кыздарын сүрөттөп ый аралаш жоктойт. Жоктоодо Турганбек агасынын далайларга тарбия-таалим берип, бүт элге кабары билинген аброю айтылып,

«Каада-салт деген сизде эле,
Калыстык менен түз жүрмөй.
Мансаптык кыял жок эле,
Манчыркап элди күттүрмөй,
Арааны ачып, кол салмай,
Адат жок эле жүткүнмөй»[12] – деп жакынынын портретин көркөм чагылдырып берип, жакшы менен жамандын жанаша жүрөрүн эске салып коштошот. Чыгармада ый, өксүк аралаша берилип, кошокто негизги калыптанган салт толук сакталат.

Тигил же бул өнөрлүүнүн эл үчүн жасаган эмгеги, өнөрү, анын эл арасындагы орду, аброю, талант катары кандай таасир калтырган сыпаты саналган эскерүү ырларын Эстебес Турсуналиев арбын ырдаган. «Молдобасан карыя» аттуу эскерүүсүндө «Манас» эпосун айтуудагы өзгөчөлүгү, «Калтар», «Үкөй» ырларды аткаруудагы чеберчиликтерин сыпатталып, даңкы далайга кеткен Калый уулуна батасын берип, таптап, искусство жаатына көп иш жасаган эмгегин ырга салат. Ал эми «Атайдай болобу?» аттуу эскерүүсүндө «келин-кыз ашык суктанып, кебете келбет түрүңө» деген эки сапта эле Атайдын сырт келбетин сүрөттөп, «шаңшыган добуш, таттуу ырды аткарган» өзүнчө дүнүйө экенин, күү чертүүдөгү чеберчилигин, бүгүн да жаштар Атайдын күүсүн аткарып, ааламды аралаган ийгилигин көркөм сүрөттөйт.

Ушул багытта Алымкул Үсөнбаевди, Омонкул Бөлөбалаевди, Шекербек Шеркуловду, Токтосун Тыныбековду, Мейилкан Козубекованы, Тоголок Молдону, Асылбек Эшмамбетовду, Ысмайыл Борончиевди ж.б. эскерүүлөрдү жараткан.

Эстебес Турсуналиев – арноо ырларынын мыкты устасы. Арноолор – акындын чыгармаларында өзгөчө ык менен көп ырдалган темалардан. Чыгармаларынын көпчүлүк бөлүгүн да арноолор түзгөнүн көрөбүз. «Калык атама арноо», «Ысмайыл Борончиевге», «Алымкулга», «Осмонкулга», «Ыбырай Тумановдун 80 жылдык юбилейине», «Чыңгызга», «Устатыма», «Байдыкеме», «Кененди куттуктоо» ж.б. деген өнөр баккандарга эле арноо ырын жаратпастан эмгегинен баар тапкан «Асканы бузган жигитке», «Рахмат, космонавтарга», «Даңктаймын пахтачыларды», «Данчыларды куттуктоо», «Элдик уулга», «Көл өнөр чеберлерине», «Өмүрдүн сакчыларына», «Пахтачы сага арнаймын», «Күжүрмөн кызылчачыларга» арноолорун айтып, «Советтик Кыргызстан» газетасына, «Аэропортту ачканда», «Кара калпак элине», «Кыргыз-казак биртууган», «Тажик достор келгиле», «Биртууган хакас элине», «Боордош Түркмөнстанга» ж.б. арноолорду жараткан.

Коомдо жашап жатып, коомдон алыс боло албайсың демекчи, Эстебес Турсуналиев кайсы темада, кандай жанрда ырдабасын өлкөбүздүн саясий абалын ырга салуу, мамлекттин өсүп-өнүгүүсү, эмгекчинин жетишкен ийгилиги, илим, билим, маданияттагы өзгөрүштөр көркөм чагылдырылган. Акындын саясий мүнөздөгү саптарды ар бир ырына кошуп ырдоосу – бул биринчиден, мамлекеттин идеологиялык саясатын жайылтуу, жеткирүү вазыйпасын аткаруу милдети болсо, экинчиден, өнөр, билим, маданият, илим, техника, өндүрүштөгү жетишкендиктерди өткөн турмушка салыштырып, жаңы замандын ийгилигин акын катары сүйүнүч катары жар салууну негизги милдети кылып алган. Мындан улам кандай ырды ырдабасын:

«Атабыз Ленин ачканда,
Өнөр, билим, илимди
Өз колу менен чачкан да» («Жаштарга»)

«Заманым учкул канатчан,
Коммунизм чоң жолу,
Калкым басып бараткан» («Кыргыз элим 40 жылда»)

«Жетекчибиз партия,
Жеткирген ушул турмушка» («Айыл чарба күнүнө»)

«Партия сунса озгон кол,
Дүңгүрөп өстү, жетилди,
Лениндик комсомол» («Комсомолду даңктаймын») – деген саптар жогорку пафосто ырдалган. Ошондой эле «Коммунизм чоң жолу», «Ленинге», «Октябрь таңы», «Улуу майрам» деген өз учурунун мүдөө талабынан улам жаралган чыгармаларынын топтому да бар. Бул темадагы чыгармалар ошол мезгилдеги көркөм өнөрдөгү жалпы тенденция катары кабыл алып, акындык өнөрдү аркалаган өнөрлүүлөрдөгү доордун таасири катары кабыл алып, акындык чеберчилигине гана баа берүүбүз керек деп эсептейм.

Акын – коомдук көйгөйдү ашкерелөөчү. Ал адам баласынын жашоо-турмушундагы өз колу менен жасап жаткан биз байкабаган жосундарды, күнүмдүк болуп жаткан көйгөйлөрдү акындык туюм менен сезип, ырга салып, оош-кыйышын, жакшы-жаманын кайра өзүбүзгө ырдап берет. Эстебес Турсуналиев да турмуштук оң-терс көрүнүштөрдү санап, терип ырга салган «Кур намыс» аттуу термесин жараткан.

Чыгармада өзү жашап жаткан мезгилдин жетишкендиктерине, ийгиликтерине кубанып, береке, байлык, токчулук, бейпилдигине, бирдик, тең уктуулук сыпатына куттук айтып, топук кылбай, кур намыска алдырып, куураган ишти кылган жамандыгыбызды көрсөтөт. Намыс деген улуу ариетти бет алган ишти бүтүрүүдө, эмгектен баатыр аталган чыныгы намысты көкөлөтүп, болбогон иштен куру намыстанган элдин абалына карама-каршы коюп ырдайт:

«Баарысын кылган кур намыс,
Бактыңды күлдөй чаңыткан.
Курсагы тойсо кутурган,
Кутулуш керек ушундан,
Кур намыс сенин бактыңды
Куюндай көккө учурган»[13]             

Чыгармадагы көзүн май баскан «көпкөндөрдү», элдин мүлкүнө кол салган «бузулгандарды», коомдун майын шыпырган «шылуундарды», айтканын бербей талашкан «алпкөнү», азыраак тойсо кутурган «аңгилерди», арамдык жаккан «дардаңдарды», кулкуну тойбос «жоон өпкөнү», эси жок «кесирлүүнү», түндө ай жакпаган «ууруну», жаны жай таппаган «ушакчыны», эси жок «кесирлүүнү», май жакпаган «ырысы жокту» сынга алып, мындай сапатты жоюп, «ата-энеңди сыйласаң, ак эмгектен эстелик» тургузуу керек экенин эскертет. Калктын күнүмдүк турмушундагы бири кой сойсо экинчиси тай соём деген биринен бири атаандашкан уул үйлөп, кыз бермейдеги, тушоо кесип, бешикке салмайдагы кур намысты ырга салат:

«Мен кем бекем сенден деп,
Мелдештер катуу жайылган.
Жел өпкөлүк бул мелдеш,
Жеп ичүү, кийүү жагынан.
Колунда кокон тыйын жок,
Кур намыска чалынган.»[14]

Мына ушундай кемчил, кесик, жаман адаттарды сыпаттоо менен аракет, эмгек ардактуу бакыт экенин угуучуга жар салып, ар намыс менен кур намыстын карама-каршы сыпаттарын улам санаттап жүрүп олтурат. Ак ниет таза иштеп, ак эмгек менен күн көрсөң, бак, таалай, атак-даңк сени издеп келерин, алды, артка кетпей, эл менен бир басып, «агым менен бирге жүрүп», «ак эмгектен баатыр бол» деген акындык насааты менен оюн жыйынтыктайт.

Чыгарма турмуштагы оң-терс көрүнүштөрдү адамдагы жакшы-жаман сапаттарды салмактап, салыштыра ыр токуп, улуулук нуска, акыл, кеңеш менен угуучуну оң сапаттарга чакырган, тарбиялык мааниси терең терме дешке болот. Коомдук көйгөйлөр, адамдардагы терс сапаттар «Туруксуз кээ бир наадандар», «Ушакчы менен жалаачы» деген чыгармаларында чагылдырылып, «Кур намыска» үндөшүп кетет.

Акын коомдун көйгөйлөрүн жөн эле көркөм сүрөттөп койгон эмес, ал жакшы менен жаманды салмактап, жамандын жакшы болушуна, тетири басканды оң жолго түшүшүнө акындык кеп-кеңешин берип, таалими күчтүү дидактикалык маанайдагы насаат ырларын да жараткан. Анын «Жаштарга», «Ата салтын бузбайлы», «Абийирдүү болгун жашыңдан» ж.б. ырлары мына ушундай мааниде жаралган.    

Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгындагы дагы бир бөлүп көрсөтүүчү жагы кулагы угуп, көзү көргөндөрдү түк эсинен чыгарбаган куйма кулактыгы. Ал кайда барбасын ким менен бирге ырдашпасын – өнөрлүүлөрдүн мыкты окуяларын, кылык-жоруктарын дайыма жобурап, эскерип жүрөр эле. Мына ушул эскерүүлөр кийин өзүнчө китеп (Э.Турсуналиев. Эскерүүлөр, 1975-ж) болуп жарыкка чыккан. Андагы өз башынан өткөргөн аянычтуу оор күндөр, балалык кезиндеги өзү төрөлүп-чоңойгон айылдагы чыгармачылыкка болгон дилгирлик, ырчылыкты аздек тутуусу, Саякбай, Карамолдо, Алымкул, Осмонкул, Калык, Ыбырай, Атай, Коргоол, Бекназар, Райкан сындуу өнөрлүүлөр менен жүздөшүүсү, алар менен бирге эл аралап өнөр тартуулоосу, Сары ырчы, Чоң ырчынын, Коргоолдун, жоруктары, Атайдын амалы, Саргашканын чатагы, сологой ырчы Сооронбек, Шаршендин эңишке түшкөнү сындуу не бир сонун кызыктуу окуяларды тизмектеп берет. Мунун өзү Эстебес акындын өнөрлүүлдөрдүн чыгармачылык жолун, андагы тарыхый так фактыларды аныктоого деги эле акындык өнөрдөгү бир топ маселелердин башын ачып, тактоого негиз болуп берет. Эскерүүлөрдү баяндоодо жылы, мезгилин так белгилеп, сүрөттөлүшүн эң мыкты сыпаттап, кудум өзүң аралашып жүргөндөй сезим калтырат.

«Кырк жетинчи жылында,
Кылчайып көрсөм чынында.
Келишкен кооз жай айы,
Он жетинчи июнда.
Ээрчитип келди Алыкем,
Эл шайырлар уюмга»[15].

Акын башка өнөрлөштөрү тууралуу эскерүүлөрүн эле куйкум сөздүн күчү менен жазып, айтып койбостон өз өмүр жолун дагы ырга салып, качан, кантип өнөргө келгенин, устаттарынын атадай камкор мамилесин, чыгармачылык такшалуу жолун, турмуштагы оор күндөрүн көпчүлүк ырында айтып жүрүп олтурат. Анын «Өмүр жолу» аталышындагы ыры – автобиографиялык маанайда акындын чыгармачылык такшалуусуна чейинки жолду ыр аркылуу угарманга тартуулаган мыкты чыгарма. Анда кайда, качан болгону, туулуп өскөн жери, табияты, жакын адамдар, туушкандар, өнөрдөгү үзөңгүлөштөр – бардыгы бир сызык менен сүрөттөлүп жүрүп олтурат.

Эстебес акындын чыгармачылык өнөрканасын аралаганда айтыштары өзгөчө бөлүнүп турат. Айылдагы курбалдаш балдар менен азыраак жамакташа ырдашып жүргөнүн эске албаганда акындын эң алгач саламдашып ырдашуусу Алымкул акын менен болгон экен. Айтылуу Алымкул акын айылдаш Ашыр деген агасынын аскерден келген майрамында Эстебестин калпагын кийип, өзүнүн тебетейин Эстебеске кийгизе коюп, эл аралап ырдашуудан бир күн өткөндө Ысак башкарманын Алымкулду чакырып ырдатышында Эстебести өнөрүн сынатмакка учурашып ырдоосун көпчүлүк сунуштайт.

Чоң ырчынын алдында бүткөн боюн тер басып, канчалык сүрдөп турса да каадалуу адамдай Алымкул акындын комузун колуна алып, эл-журт менен, акын менен амандашып, өз абалынан кабар берип, атасы аскерден келбей, көңүлү толбой жүргөнүн, ошентсе да өнөрдүн туткасын кармап жүргөн баланын өнөрүн сынап, жакса топко алып барып ырдатып, кемин толтуруп, ырына ыр кошуп, устаттык кылуусун суранат. Атасы алгач колуна комуз карматып, энеси өнөргө шыктандырып, сиздей улуу асылга алпарып өнөрүн сынатам деген тилек орундалып жатканын;  

«Жүрөгүм толкуп түрсүлдөйт,
Жүз көрүштүк жүзүңө.
Артынан ээрчип түшсөм дейм,
Сиздей, акындын баскан изине»[16] – деген ырга болгон ышкысын, максат-тилегин билдирет. Мына ушул алгачкы саламдашуусунда эле акындын ырга болгон идиреги, чыгармачылыкка болгон изги тилеги, алгачкы ыр куроосунда эле төкмөлүккө шыгы бар экени ачык көрүнөт.

Алымкул акын да жаш баланын келечек дараметин көрүп, «түзүк болуп калган» жайын, алгачкы «арышы жаман эмес экенин» айтып агалык жакшы кеп кеңешин берет. Мына ушул тушоо кесүүдөн соң акын филармонияга келип, топ залкарлардын алдында «Манастын жеринен», «Таластын жээгинен келгенин», «он беш жаштан араң ашканын», «оолугуп ырдап жүргөнүн», азырынча өнөрү арбый элегин, «чоң залкарлардан окуса», оргуган талант болорун айткан тилектерин билдирет. «Күмүш сакал карылар», «гүлдүү өңөрпоз баарына» салам айтып ырдайт. Мына ошондон тарта орошон акын Осмонкулду ээрчип, Ысмайыл менен ырдашып, Токтосун менен тоорушуп «Ысмайыл акын экөөбүз Нарында, «Кытайлык кыргыздарда», «Эл ырчысы элүүдө», «Алматы шаарында ырдалган алым-сабак», «Жаңы жылды куттуктоо», «Беш жылдыкты даңктайбыз», «Эки колхоз жөнүндө» ж.б. бир катар айтыштарды үзөңгүлөш акындар менен бирге калк назарына тартуулайт.

Эстебестин айтыштарынын көбү жай турмуштун ийгилик, жетишкендиктерин ырга сала жай ырдалган. Айтыштары биринин кемчилигин экинчиси ашкерелеген, адамдык сапатына асылып кордогон терс мүнөздөгү кордоолордон алыс. Заман талабына жараша окуу-билим, өндүрүш, айыл-чарба, дыйканчылык ж.б. сфералардагы ийгиликтерди, өлкөнүн жетишкендиктерин даңазалаган айтыштар түзөт.

Айтыш жанрдык мүнөзүнө ылайык турган жеринде эч даярдыксыз ырдалат эмеспи. Эстебестин айтыштарын адабиятчы А.Обозканов «…ал өнөгү Т.Тыныбеков (анан Ашыралы, Тууганбай, Замирбек ж.б.) менен ээрчишип ырдап, арбын айтыштарды жазышкан. Демек, булардын айтыштары жазма мүнөзгө ээ[17]» – деген пикирин билдирген. Ооба, акындын эскерүүлөрүндө дагы филармонияда чыга турган концертке даярданууда, саламдашып ырдоодо, алдынала даярдыктар болору, ырдай турган тематикага байланыштуу фактылык, даталык, проценттик көрсөткүчтөрдү жазып алып даярдануусун билдирет. Бирок муну менен эле Эстебес акындын айтыштары баштан аяк жазма формада өнүктү деген ойдон алыс болушубуз керек. Анын ар бир айтышындагы ойду берүү ыкмалары, ыр куроо техникасы, поэтикалык көркөм каражаттарды колдонуусу жагынан талдай турган болсок, оозеки төкмөлүк поэзиянын салттык мүнөзү толук сакталганын көрөбүз. Ал тургай поэтикалык ырларынын маани-мазмунуна, композициялык түзүлүшүнө, поэтикалык ыкмаларына көңүл бурсаңыз баштан аяк оозеки салттык ыр куроо ыкмасы ачык байкалат.

Бул маселе тууралуу адабиятчы С.Байкожоев: акын «… эл намысын, ойлогон оюн, тилегин, такалбастан, чаалыкпастан, таасын төгүп ырдоодон көрүнөт. Мындай традициялуулук Эстебесте ачык сезилет»[18] – десе, А.Обозканов ошол эле эмгегинде «… Эстебес тээ бала күнүнөн тарта төкмөлүк өнөрдүн таасиринен алыстабай, бүт чыгармаларын ушул ыкмада жазып, аткарып, ырдап жүргөн ырчы. Ал түгүл кыска ырларын карап көргөндө деле Ашыралы, Токтосундарга окшоп профессионал жазма акындардай ырды изденип, алектенип өзүнчө форма, түр, ой табууга аракеттенбегендиги байкалып калат»[19] – деген пикирин билдирет. Демек, башка пикир билдирүүчүлөр да ушундай эле ойлорун айткан.

Эл ардында ырдалган айтыштары толук салттуу форма, ыкмада жаралган айтыштар дешке болот. Айрым жерлеринде өнөрлөш акындар менен чындап азилдешип, какшык, тамаша аралашкан чымчыкейлери арбын. Бирок ал баштан аяк ошол маанайда ырдалбай, өлкө жетишкендигин, эмгекчинин үзүрлүү ишин, дыйкандын ийгилигин ырдашуулар басымдуу орунда.

Мунун өзү совет мезгилиндеги акындардын айтыштарынын көбүндө сакталган мезгилдик тенденция дешке болот. Эстебес да ал талаптан чыга албаган. Ал эми мазмундук жактан алганда айтыштардын тематикасы ар түрдүү экенин байкайбыз. Арасында «Ысмайыл акын экөөбүз Нарында», «Алымкул ырчы айылда» сындуу саламдашуу, учурашуу айтыштары болсо, элдин ийгилик, жетишкендиктерин даңктаган «Беш жылдыкты даңктайбыз», «Эки колхоз жөнүндө», «Салтанат күн», «Ырдайлы», куттуктоо маанайда ырдалган «Эл ырчысы элүүдө», «Токтосунду куттуктоо» сындуу айтыштары, жаштарды жакшы жакка чакырган дидактикалык маанайдагы «Силерге кайрылабыз» өңдүү айтыштарды жаратты. Демек, кандай болгон күндө да совет мезгилинде айтыш өнөрүнүн учугун улап, өзүнөн кийинки жаштарга айтыштын салттуу жөрөлгөлөрүн өткөрүп берүүсүндөгү акындын ордун танууга болбос.     

Адабиятчы С.Байкожоев: «Эстебестин ырчылыктагы биринчи өзгөчөлүгү төкмөлүгү менен аткаруучулугунун таасын айкашып, төп келишинде»[20] – деп белгилегениндей, Эстебес акын – элдик эпостордон тарта Токтогул, Калык, Коргоол ж.б. акындардын калк арасына тараган классикалык чыгармаларын, кийинки кездердеги Райкан Шүкүрбековдун бир катар термелерин, Алымкулдун («Кызыл гүл», «Сүйүү ыры»,  «Комсомолго»,  «Акындын жери») Калыктын («Акишим»), Райкандын («Рахмат койчу чабанга») Атай, Мусанын обондуу ырларын келиштире созуп, калк назарына тартуулаган мыкты аткаруучу.

Акындын «…мен кез-кезде эле тамаша кылып Акмат семетейчинин «Алоокенин сарайы» деген жомогунан жаттап алгам, ошону айта койчумун» – деген эпизодун кошо берген эскермеси бар. Ошондой эле С.Байкожоевдин «…анын чебер аткаруусунда «Саринжи-Бөкөй», Жаныш-Байыш», «Ак Мөөр», Карагул ботом» деген кенже эпосторду элибизге белгилүү» деген пикирине таянсак, Эстебес Турсуналиев элдик эпикалык чыгармаларды аткарып жүргөндүгү тууралуу маалымат алабыз. Бирок эпикалык мурастарды аткарууда өз вариантын жараткан деңгээлге көтөрүлбөстөн, зарыл учурда, элдин суроосунан улам гана айрым эпизоддорун аткарып жүргөн деген пикирге келдик. Себеби, жогоруда айтылган кенже эпостордун варианттарын карап көргөнүбүздө Э.Турсуналиевдин айткан вариантын кезиктире алган жокпуз.    

Айтуучулукта өзгөчө эргип эл назарына тартуулаган чыгармалары Райкандын термелери болду. Автор менен филармонияда чогуу иштеп, бирге жүрүп, «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме», «Кыз жигит» аттуу термелерин биргеликте иштеп чыгышты. Эстебестин аткаруусундагы бул чыгармалар өз кезинде авторго да, аткаруучуга да чоң аброй алып келген чыгармага айланды. «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме» - айрыкча драмалык элементтер орун алып, күүчүлүк, обончулук жана ырчылыктын ширелишинен жаралган синкреттүү чыгарма.

Бул чыгармаларды ойдогудай алып чыгуу менен Райкандын көөнөрбөс таланттуулугун, Эстебес өзүнүн нукура чебер аткаруучулугун далилдейт[21]» (А.Обозканов), «Э.Турсуналиевдин аткаруусундагы лирикалык бул поэма өзүнчө эле ойнолуп жаткан пьесага айланат. Мында жомокту чындыкка айлантып, азыркы жаштарга ылайыктап чоң мазмундагы музыкалык поэманы жараткан элибиздин белгилүү акыны маркум Райкан Шүкүрбековдун да чеберчилиги көрүнүп турат[22]» (С.Эралиев) – деген таамай айтылган бийик баага арзыды. Демек, чыгарманын авторунун чеберчилиги аны аткаруучу катары Э.Турсуналиевдин аткаруучулук жөндөмү калк кадырына ээ болуп, Эстебес акынды мыкты аткаруучу катары таанытып койду.

Мындан сырткары Токтогул менен Алымкулдун учурашуусун, Токтогулдун «Кетмен Төбөнү аралагандасын», Токтогул менен Эшмамбеттин алым-сабагын, Коргоолдун, Калыктын ж.б. улуу залкарлардын классикалык үлгүдөгү айтыштарын, Токтогулдун, Атайдын, Айдараалынын күүлөрүн аткарып, кезинде комузчулар ансамблине катышып, өз заманын угуучуларына аткарып жеткирүүдө да көп эмгек жасаган. Мунун өзү улуу мурастарды урпактарга жеткирүүдөгү Эстебестин ак эмгеги дешке болот.

Мына ушундай ар тараптуу өнөрдү аркалаган Эстебес Турсуналиевдин өрнөктүү өмүр жолундагы көркөм чыгармалары «Акын үнү» (1960), «Айтыштар» (1964) «Заман жарчысы» (1972), «Эскерүү» (1975), «Ыр өмүрүм» (1978), «Кайыңды» (1981), «Ак таңдай» (1991), «Тандалмалар» (2004), «Эстебес: тандалма» (2007) деген ыр жыйнактарында, ошондой эле КР УИА кызматкерлери тарабынан «Залкар акындар: Токтосун, Ашыралы, Эстебес, Тууганбай» (15-том, 2016-жыл), «Айтыш: Эстебес, Тууганбай, Табылды, Замирбек, Майра, Абдылда» (5-том, 2016) серияларына жарык көрдү. Ал эми акындын чыгармачылыгы, өмүр жолу тууралуу алгачкы пикир Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институту тарабынан жарык көргөн «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (С.Байкожоев жазган, 1988), кийин ошол эле мекеменин кызматкерлери тарабынан жарык көргөн «Кыргыз адабиятынын тарыхы» (А.Обозканов, 5-том, 2012, 2017), «Актаңдайлар» (Б.Алагушов, 2003), «Залкар акындар» (М.Көлбаева, 15-том, 2016) деген эмгектерде, кыргыз адабиятына тиешелүү энциклопедиялык сөздүктөрдө портреттик макалалары жарык көргөн.

Мындан сырткары, көркөм сөздүн кунун билген кыргыз поэзиясынын мыкты өкүлдөрү С.Эралиевдин (Эстебес төкмө // Ала-Тоо, 1981. №5, 139-б.), А.Өмүркановдун (Эстекем жөнүндө эки ооз сөз // Эстебес, 2007) Эстебес акындын чыгармачылыгы тууралуу ой-пикирлери жарыяланган. Мына ушул тизме Кыргыз-казак ССРинин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, I даражадагы “Манас” орденин, бир катар орден, медалдардын ээси болгон залкар таланттын чыгармачылыгын комплекстүү түрдө, мезгилдин контекстинен алып талдоо, илимий баа берүү ишинин алдыда экендигин күбөлөп турат. Акындын төкмөлүк өнөрү, анын чыгармачылыгындагы ырчылык өнөрдүн салттуулуктарынын сакталыш даражасы, тематикалык-идеялык, поэтикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу илимий пикир айтуу келечектин иши, азыркы адабият таануучулардын кечиктирилгис милдети деп эсептейбиз. 

Мээрим КӨЛБАЕВА, Филология илиминин доктору


[1] Залкар акындар сериясы: Токтосун, Ашыралы, Эстебес, Тууганбай 15-том. /Түзг.: А.Акматалиев, М. Көлбаева.- Б.: Принт-экспресс, 2016, 304-б.

[2] Турсуналиев Э. Акындын жери // “Залкар акындар” сериясы: Токтосун, Ашыралы, Эстебес, Тууганбай, 15-том, Бишкек, 2016, 191-б.

[3] Турсуналиев Э. Жаз шаңында.

[4] Турсуналиев Э. Акындын жери // “Залкар акындар” сериясы: Токтосун, Ашыралы, Эстебес, Тууганбай, 15-том, Бишкек, 2016, 191-б.

[5] Токтогул. Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы: /Редкол.: О.Султанов, Түзгөн: Ж.Таштемиров. I том – Фрунзе: “Адабият”,  – 1989, - 49 б.

[6] Залкар акындар: Жеңижок. Ырлар, айтыштар / Түзгөн: А.Акматалиев, А.Жусупбеков, М.Мукасов, “Залкар акындар” сериясы. 2-том.  [Текст] – Бишкек: “Шам” – 1999, - 94 б.

[7] Даутов К. Албан кырлуу алп акындын дүйнөсү. – Бишкек: “Басма-тамга”, 2003, - 171-б.

[8] Турсуналиев Э. Тандалмалар. Түзгөн П.Казыбаев. – Б.: ОАО “Учкун”, 2004, - 179-б.

[9] Ошондо, 180-б.

[10] Турсуналиев Э. Тандалмалар. Түзгөн П.Казыбаев. – Б.: ОАО “Учкун”, 2004, - 179-б.

[11] Турсуналиев Э. Тандалмалар. Түзгөн П.Казыбаев. – Б.: ОАО “Учкун”, 2004, - 194-б.

[12] Турсуналиев Э. Залкар акындар сериясы: Токтосун, Ашыралы, Эстебес, Тууганбай. Түзгөндөр: А.Акматалиев, М.Көлбаева – Бишкек: “Принт-экспресс”, 345-б. 

[13] Турсуналиев Э. Кур намыс

[14] Турсуналиев Э. Кур намыс

[15] Турсуналиев Э. Эскерүүлөр. Райканды эскерип. – Фрунзе, 1975-ж.

[16] Айтыш сериясы: Эстебес, Тууганбай, Табылды, Замирбек, Майра, Абдылда / Түзгөн: А.Акматалиев, М.Көлбаева. – Б.: «Принт-экспресс», 2016, 7-б

[17] Обозканов А. Э.Турсуналиев / Кыргыз адабиятынын тарыхы: Кыргыз эл ырчылары. 5-том, Бишкек: «Полиграфбумресурс», 2012, 656-бет.

[18] Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. – Фрунзе, 1988, - 279-б.

[19] Ошондо, 649-б.

[20] Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. – Фрунзе, 1988, - 279-б.

[21] Обозканов А. Э.Турсуналиев / Кыргыз адабиятынын тарыхы: Кыргыз эл ырчылары. 5-том, Бишкек: «Полиграфбумресурс», 2012, 656-бет.

 

[22] Эралиев С. Эстебес төкмө // Ала Тоо, 1981. №5. 139-бет

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз