Орозали Сайдилкановдун 70 жылдык мааракесине арналган конкурс

  • 03.12.2021
  • 2829

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун 70 жылдык мааракесине арналган "Заманбап мектеп моделдери жана улуттук гумандуу, демократиялык баалуулуктар" темасындагы илимий-тажрыйбалык конференция 2022-жылдын бирдин айынын бешинде (5-январь) Бишкек шаарында өтөт.

Конференцияда доклад окуу үчүн эсселер конкурсун жарыялайбыз!

Конкурска жалпы республикабыздын бардык мектеп жетекчилери жана мугалимдери катыша алат.

КОНКУРСТУН ШАРТЫ:

Эссени кыргыз жана орус тилинде жазууга болот. Көлөмү 12-өлчөмдө Times New Roman ариби, 1 интервал менен А 4 компьютердик барагына, 4 беттен кем эмес жазылышы керек. Ар бир дилбаяндын автору өз аты-жөнүн жана иштеген мектеби, жашаган аймагы тууралуу так маалыматты жөнөтүүгө тийиш. 

Эссенин мазмуну конференция темасына байланыштуу автордун тажрыйбасындагы баалуу идеялар болушу шарт. Өзгөчөлөнгөн идеяларга жана жакшы ишке ашкан тажрыйбаларга артыкчылык берилет. Мыкты деп табылган эсселердин авторлору конференцияга катышууга жолдомо алат жана эсселери атайын жыйнак катары басмадан чыгарылат.

Эссени төмөндөгү электрондук дарекке 2021-жылдын үчтүн айынын он бешинин (15-декабрынын) саат 23:00нө чейин жиберүү керек.

Кенен маалымат алуу үчүн:

Электрондук кат: meerimsun1987@mail.ru

Вотсап: 0 558 504 045 вотсап

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз