Айтматов кытайлык кыргыз адабиятчысынын көзү менен: «Манас» жана Чыңгыз

  • 07.12.2021
  • 3265

Кыргыз адабиятынын тарыхында мындан 10 кылым мурда өтө чоң окуя, абдан бийик белес көрүнүп, кыргыз көркөм чыгармачылыгы инсанат адабиятынын кайсы бир тушунан өз чамгарагын көрсөткөн эле. Ал бийик чамгарак - "Манас" жомогу, азыркынын тили менен айтканда, кыргыз адабиятында "Манас" эпосу жаралган болчу. Ар кандай бир улуу чыгарманын жаралышы ошол элдин олуттуу ой-санаасы, терең ойчулдугунун, маданиятынын калыптанышынын мөмөсү катары каралат. Мына ушундай күчтүү маданият кыртышы даяр болбосо, эпос деген чоң чыгарма жарала койбойт. А жаралган соң анын да уландысы болуу керек. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мына ошол "Манас" эпосунун уландысы, аны Кыргызстандын беделдүү басма сөзүндө: "Кыргыз адабияты "Манас" эпосунан Чыңгыз Айтматовдун эпосуна чейинки доорду басып өттү" ("Манас" энциклопедиясы, 1-том 47-б.) деп тастыктаптыр. Бул тастык кыргыз адабиятынын амалиятына төп келет. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары "Манас" эпосуна маданият кайнары, кыргыздын аң-сезими, кыргыздын философиясы боюнча ой жүгүртүү жактары менен, анын түз уландысы катары каралууга тийиш.

1. Чыңгыз Айтматовдун "Манас" эпосу жана манасчылар менен таанышуусу Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосун биринчи жолу укканын өзү мындай эсине алат: "…Ырларга, санжыраларга, болумуштарга бай, мен туулуп-өскөн Талас өрөөнү. Бул жерден биринчи ирет манасчынын үнүн уктум. Анда он үчтө элем" ("Чыңгыз Айтматов", 8-том, 289-б. Кыргызстан, "Бийиктик" басмасы, 2008-жылы). Көрсө, Чыңгыз агабыз "Манас" эпосу менен балалык кезинде таанышууга, аны билүүгө жетишкен экен. Андан кийинки жетилүү жүрүшүндө "Манас" эпосун руханий туусу, чыгармачылыгынын пири катары карманып жүргөн. Кайда болсо "Манас" менен мактанып: "Манас эпосун ойлой калсам… Мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем", - деп айтат улуу жазуучу (жогорку китептин 137- б.). Чыңгыз Айтматов "Манастын" толук варианты менен Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин айтымдары аркылуу таанышкан. Анда Сагымбай манасчынын айтымын жазма түрүндө окуган көрүнөт, ал Саякбай манасчынын айтымын өз оозунан укканын эстемелеринде айтып кеткен. Сагымбай Орозбаковдун "Манасын" окугандан кийин: "Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт", - дейт (жогорку китеп 18-б.), залкар жазуучу таңгалып. Мындан Чыңгыз ага "Манастын" тилин өздөштүрүп, өз чыгармаларынын баяндоо күчүнө демөөр кылганы байкалат.

Чыңгыз Айтматов "Манас эпосунун бүткүл мазмуну, анда катышкан кейипкерлердин образдары менен бышык тааныш экенин ал кишинин түрдүү маектеринде сөз салганынан аңданып келген. Аны өз сөзүнөн окусак: "…эпосто сүрөттөлгөн Кошой, Жолой, Макел дөөлөрдөн тартып Манас баштаган чоролорго чейин, Бакай карыядан тартып акылман Каныкейге чейин, Коңурбайдан тартып Көзкамандарга чейин белгилүү турмуштук шарттарда жашаган тирүү кейипкерлердей көз алдыбыздан тартылып өтөт. Биз ал турмак, кээде бул каармандар эпостук көркөм образдар экенин унутуп коюп, чынында да бир доордо, бир кылымдарда чыныгы жашаган тарыхый адамдардай сезип кетебиз. Көркөм чыгарманын багынтар күчү, өлбөстүк касиети дал ушунда эмеспи" (жогорку китеп 16-б.). Эпостун образдары жөнүндө мындай так тыянакты ал чыгармага дасыккан киши гана айта алат. Ал Чыңгыз Айтматовдун качан да болсо көз алдына "Манастык" образдар тартылып турганы турган экен.

Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосун өздөштүргөндөн кийин, анын мазмунун мындай жалпылап айтат: "Эпос камтыган окуя, турмуш өтө кеңири жана ар түрдүү. Ал кадимки тиричилик ырым-жырымдан баштап, адамдын эл, жер менен болгон татаал байланышына чейин сүрөттөйт. Аш, той, каада-салт, айтор, адам турмушуна, тилегине, умтулуу - максатына тийешелүү окуялардан сүрөттөлбөй калган эч нерсе жоктой" (жогорку китеп 14-б.). Эпостун мазмуну боюнча Чыңгыз Айтматов жөнөкөй адамдарча эмес, өтө чоң ойчул катары жалпылаганы эпостун күйөрманы гана болбой, аталган эпостун ээси катары сөз кылып жатканын көрсөтүп турат.

Чыңгыз Айтматов - залкар манасчылар, алардын "Манас" айтуу өнөрлөрү менен жакындан таанышып чыккан киши. Ал киши залкар манасчы Сагымбай Орозбаков менен көрүшпөгөн, бирок манасчынын кандай инсан экенин жазылып алынган материалдарынан билген. Чыңгыз Айтматов Сагымбай "Манас" эпосун (көркөмдүк жагын жогоруда келтиргенбиз) абдан көлөмдүү айткандыгын өзгөчө белгилеп: "Манас Манас болгондон берки эпостун тамчыга-тамчы кошулуп, сөзгө-сөз, ойго-ой кыналып, байыркы Кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет", - деп айтат. Мындай бааны залкар манасчыга ал киши менен толук таанышып чыккан, көзү ачык, ой өрүшү кең адам гана бере алат.

Чыңгыз Айтматов залкар манасчы Саякбай Каралаев менен көрүшүп, ал кишиден көп нерселерди сурап билген, кадыресе, Саякбай манасчы эл алдында "Манас" айтып жаткан көрүнүшкө күбө болуп, манасчылыктын касиетин дили менен сезе билген. Чыңгыз Айтматов Саякбай манасчынын "Манас" айтып жаткан жерин мындай сүрөттөйт, биз аны окурмандарга толук окутсак, ал кишиге "Манас" кандай таасир эткенин билүүсүнө ажаты бар деп карадык: "Тагдыр жалгап, кайсы бир жолу Саякбай Каралаев менен Чүй өрөөнүндөгү чарбалардын бирине барганым эстен кетпейт. Каралаев келиптир деген кабар алеки саатта эле айылдан-айылга жетип, желден ылдам тарап кетти.

Ар кайсы жактан: айдың талаалардан, алыскы фермалардан убап-чубап, үлгүргөнү машинага түшүп, тракторго жабышып, көпчүлүгү жөө-жалаңдап, бир заматта азан-казан эл жыйналып калды. Каралаевдин өнөрүнө куштар артылгандар ушунчалык көп болгондуктан, алар колхоздун чакан клубуна батпай, тең жарымы сыртта калышты. Ошондо Каралаев ачык аянтка чыгып, эл ортосунда туруп "Манас" айтмакчы болду. Чакан сөрүчө жасап, алдына отургуч коюп беришти, казганактаган эл болсо ким каалагандай жайланышып, көпчүлүгү түз эле жерге мандаш куруп, бир даары машиналардын күзүгүнө чыгып, айрымдары ат үстүндө туруп анын жомогун тыңдап жатышты.

Бир оокумда төбөдөн кара булут сөгүлүп, алты сай жамгыр төгүп жиберди. Бирок Каралаев жомогун токтотподу, эл да козголбоду. Көнөктөгөн жаан алдында өтмө катар суу болгонуна кайыл, назарын бурбай жомокчуну мөйүп угуп, отура беришти. Ошол кезде алардын бүт ыкыласы Каралаевге байланып калган эле…" ("Чыңгыз Айтматов", 8-том, 136-б.). Мындай өз көзү менен көрүп, кулагы менен угуп калган таасирди эч нерсеге теңөөнүн эби жок, көрсө, Чыңгыз Айтматов үчүн манасчы Саякбайдын таасири абдан чоң болгон сыяктуу. Ал кишинин мындай айтканы бар: "Эгер менден өз элиңдин кандай улуу адамдарын билесиң деп сурашса, арийне, алды менен озунуп ушу Саякбай Каралаевди айтат элем" дегени бар, жазуучунун (жогорку китептин ошол эле бети).

Чыңгыз Айтматов залкар манасчыбыз Жүсүп Мамайды абдан арзыган, анын "Манасынан" ооз эки тааныштыруу аркылуу кабардар болгон. 1989-жылы Чыңгыз ага Кыргызстан жазуучулар бирлештигинин төрагасы болуп турган кезинде, Кытайдан биринчилерден болуп манасчыны чакыртып, Кыргызстанга зыярат кылдырган. Кийин мен көп жолу ал киши менен жолукканда, оболу Жүсүп Мамай аксакалды сурап, биринчи жолу менден манасчыга адеми тон берип жаптырган. Кийинки кезинде Жүсүп Мамайдын "Манас" эпосуна мен ал кишиге бет ачар сөз жазганда, бүт эле бул айтымдын өзгөчөлөгүн айттырып түшүнүүгө жетишкен. Соңунда, Чыңгыз агага Жүсүп Мамайдын "Манасын" колуна тийгизүү насиби болду, ал киши аны сыймыктанар китеп кылып, үйүнө баргандарга көрсөтүп жүргөнүн окурманга айтканыбыз бар. Дегинкиси, манасчы Жүсүп Мамайдын айтымындагы эпосту Чыңгыз Айтматов ага чоң кадырлап, ага өзүнүн сыйын билгизип жүргөнүн даана билчүбүз.

Чыңгыз Айтматовдун "Манас" жана залкар манасчылар менен таанышуу жүрүшүн билгендерибиз, окугандарыбыз боюнча жогоруда айттык. Минтип дүйнөлүк жазуучунун "Манас" эпосу менен таанышуу жүрүшүн сая кууп сүйлөп отурганыбыз, бул жүрүш Чыңгыз Айтматовдун "Манасты" өзүнө сиңирүүдөгү негизи болгон дегенди айткыбыз келип турганы эле.

2. Чыңгыз Айтматовдун "Манас" эпосуна болгон илимий көзкараштары Айтматов "Манаска" жөн эле күйөрмөн катары же Манастын урпагы болгондон кийин деп эле, ага аныктама берип, ага карата көзкараш айткан киши эмес, ал киши бүткүл дүйнөлүк адабияттын төрүндө отурган, дүйнөлүк адабияттын тонун кошо бычышкан дарамети, көркөм адабияттын дүйнөлүк көзү менен карап олтуруп, эпоско өзүнүн илимий көзкараштарын ортого коюп кетти. "Манаска" түрдүү жагынан койгон көзкарашы эпостун кадыр-кымбатын көрсөтүүгө, анын мүнөзү менен таанышууга болгон беделдүү көзкараш болуп калды. Кадыресе, Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосун бир сүйлөм сөзгө түйүп: "Манас - байыркы кыргыз рухунун туу чокусу" деди эле, ал сөз макалга айланып, "Манас" деген эмне? дегенге кыска жооп берме ата сөзү болуп кетти.

"Манаска" Чыңгыз Айтматов чоң теориялык билиминин негизинде мүнөздөмө берип: "Манас" - "тарыхы жана реалдуу окуялардын негизинде кыргыз элинин чыгармачылык генийинен жаралган, улам такталып, тазарып, артыкбаш жүктөрдөн бошонуп, керектүү, зарыл жаңы кошумчаларды кабыл алып, толук боюнча сиңирип, өзүнүн бүгүнкү көз кайкыган бийиктигине жеткен көркөм чыгарма", - дейт (8-том, 11-б.). Бул мүнөздөмө ташка тамга баскандай эпостун окутуу "эрежеси" болуп, бул мүнөздөмө сөздүн чекесин ийри сызык менен жээктеп даана көрсөтүп алып жаттап жүрө турган тыянак эреже болуп берди, эпоско берген ар кандай мүнөздөмөлөр ушул мүнөздөмөгө башын ийип келип өлчөмдөштү.

"Манастын" негизги идеясын Чыңгыз Айтматов мындай сөздөргө майнаптады: "Ал - эркиндик идеясы, көз каранды эместик идеясы",- деп (жогорку китеп 12-б.). Ал эми "Манастын" аяктоосун, атап айтканда, Манас баатырдын өлүмүн - трагедия деген жыйынтык чыгарып, анын себебин инсанаттык жалпы жашоо бийик түшүнүгү менен: "Эгерде, элдин баатыры журттун айтканына көнбөй, адилетсиз чабуулга аттанса, анда, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт", - дейт элди баатырдан жогору көргөн акылман жазуучу. Ал Чыңгыз Айтматов кыргыз элин чыныгы баатыр эл деп карап: "Манас эпосун жараткан жана сактап келген элди мына ушундай баатыр эсептеймин", - дегени бар (жогорку китеп 229-б.). Чынында, "Манастын" соңу азыркы тилде "трагедия" деп айтылган күйүт менен бүтүшү, Манас "Чоң казатка" камынууда мурдагы кеңеш бийлигине кеңешпей, ички жети хандын билармандарын шыкап алып келип камынууга кеңеш салганда, жыйындагылардан эч ким үн катпай, жыла чыгып кетишип, черүү тартууга үн катпай каршылык жасашкан. Ар кандай кеңешинде бирге болгон, акылман жубайы Каныкей да ал жоругуна каршы болуп: "Алысыраак бир жерге, \сапар кылмак болгон бейим, \алакандай кыргызга,\ азап кылмак болгон бейим", - дейт (караңыз, Жүсүп Мамай айтымы, 1-том, 299-бет). Чын эле, мында түз айта турган бир сөз бар, Манас элдин башын чогултуп, бийлик курган кезде, ал бийликтин "баш мыйзамын" мындай бекиткени бар: "Үйдө жатып эл бакмак,\ чаап келсе жоо алмак,\ - баатырлыктын белгиси.\ Капкайда жүрүп эл чапмак,\ кагылышып мал тапмак,\ - кара өзгөйдүн белгиси" (караңыз, Ж.Мамай айтымы, "Манас", 1-том, 87-бет). 

* * *

Ал аңгемесинин аты "Кайрылып куштар келгиче" деп аталган. Чыгармада Эламан аталган манасчынын образы ачылып, анда "эл өзүнүн тарыхый тагдырын, келечек өмүргө болгон укугун кандайча аңдап билиши, түшүнүшү туурасында айткым келет" (8-том, 228-б.) деген башкы ой менен, "Манас" эпосу кыргыздардын эмне үчүн руху болуп калганын, манасчынын акылман аракети аркылуу ачууну көздөгөн. Аңгемеде Эламан манасчы түшүндө "ак боз ат минген алп адам…" көрөт. Дагы бир "сакалы аппак, көкүрөгүнө түшкөн" адам аны сооротуп, нускоо берип, олтурган адам эмне иштесе, ошону иште дейт экен. Ошондо караса, Койчуман агасы "Манас" айтып отурган болот, ал да анын жанына барып жанаша отуруп "Манас" айтып калат. Мындай түш көрүп "Манас" айтуу бардык эле чоң манасчылардын "Манас" үйрөнүү жүрүшүндө айта келген даяр мотиви эле. Чыңгыз Айтматов аны түз эле өз чыгармасында колдонгон. Кадыресе, ал манасчынын атасы болгон кейипкерине түш жорутуп, "Манастын" жомок башын тааныштырган болуп, "Манастын" Чыңгыз айтымын (вариантын) жаратканын ушул чыгармасынан бир кертим көрө алганыбыз баарынан нарктуу болуп тургансыйт. Анда, "Чыңгыз айтымынын" "Жомок башын" толук окуп көрөлү:
Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү.
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү.
Сай ташындай жан өттү,
Канаттагы кан өттү.
Сыр найзалуу эр өттү,
Санжыргалуу шер өттү.
Аты калып, наркы жок,
Эчен түрлүү эл өттү.
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду.
Асты
-үстүнө айланып,
Сай бузулуп тоо болду.
Тоо бузулуп коо болду,
Калдайып жаткан бул жердин,
Кайсы жери соо болду.
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз кургап чөл болду,
Чөл бузулуп көл болду.
Түз бузулуп төр болду.
Чокусу көктү тиреген,
Тоо бузулуп саз болду.
Жер бетинде элдерден,
Көп чайпалып аз болду,
- дейт ("Чыңгыз Айтматов", 1-том, 470-б., Кыргызстан, "Шам" басмасы 1999-жылкы басылышы). Бул Чыңгыз айтымындагы "Манастын" үзүндүсү. Мындан көрүнүп турганы, Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосуна өзү түз катышып, "Манасчылык" өнөрдү да өздөштүргөн, бул улуу чыгармага өз айтымын кошуп калган киши катары таанысак жаңылышпайбыз. Ал тургай, апыртуураак айтсак, Чыңгыз Айтматов "манасчы" болгон деп, манасчылар тизмесинде атасак да, эч кимдин айыңдоосуна калбайт кептенебиз.

Чыңгыз Айтматовдун дагы бир чыгармасы "Манас атанын ак кар - көк музу" деп аталат, бул атайын жазылган очерк болуп, мында өзүнүн туулуп өскөн жери - Талас, Манас ата жердеген ыйык жер экени менен сыймыктанат. Манас ата мында Аккула аты менен бастырып жүргөн, чалгында кароол караган тоону кадимтен "Манас тоосу" деп аталып келгенин чыгармасында мындай баяндайт: "Кезинде Аккуласын алкынтып ушул чокуга чыккан экен эр Манас, дагы кайдан жоо келип калбасын деп, туш тарапка көз чаптырып турган экен ушул бийиктикте эр Манас", - деп ("Чыңгыз Айтматов", 3-том, 280-б., "Бийиктик" басмасы). Талас жергесинин оорагын Манас атасы менен көтөрүп айткан, ал жердин ыйыктыгын Манас баскан-турган жер катары көрсөткөн.

Майнаптай айтканда, Чыңгыз Айтматов "Манас" жомогун чыгармаларынын рух түркүгү кылып, ал жеткен ойлордун учугун андан ары улап, "Манастын" адамзатка калтырган улуу касиеттерин, каармандарынын ички дүйнөсүн азыркы замандын баян күчү, көркөм айтуу курбатына салып жаңы ачылыштар менен ачып берген. Ал эпосту чыгармачылык чоң курбат менен кеңейтип, өзүнүн чыгармаларында кыргыздын кылымдан келе жаткан улуу оюн ого бетер улуулатып салды. Чыңгыз Айтматов "Манастын" кадырына абдан жеткен киши, аны өз сөзү менен айттырсак, бир кабарчы: "Манас" эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы?" - деп сураганда: "Манасты" укканда ыйлабаган кыргыз болбойт", - деп чечкин эле айткан ("Манас" энциклопедиясы, 1-том, 47-б.).

"Манас" жана Чыңгыз аталган бул макаланын башталышында айткандай, тек экөөнүн байланышына ой салуу максатында, абдан тайыз айтып бүткөнү калдык. Тегинде, "Манастын" Чыңгыз Айтматов чыгармаларындагы таасирлерине бекем тикчийип отуруп, адабияттык дарамет топтоп айтууга туура келет болчу. Себеби, ал эки улуу чыгарманын теги - түбү байланышы жалпы эле кыргыз адабиятынын өсүү жолун айтып чыгууга барып такала турган оор жумуш. Бул оор жумушту мындан ары ар кимибиз алгоолошуп көтөрүүгө милдеттүүбүз. Ал эми "Манас" жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында деген карашты майнаптоодо биздин сөздөн көрөк, алп жазуучунун өз сөзү менен бүтүрсөк ынанымдуу болот деген ойго келдик, ал киши эпосту чыгармаларында кандай пайдаланганын мындай айтыптыр: "Мен эпос жөнүндө дайыма ойлоном. Бул - элдик акылмандыктын жараткан көп кырдуу, көп катмарлуу чыгармасы. Бирок мен аны өз чыгармаларымда жөн эле пайдаланбастан, өздөштүрүлгөн түрүндө пайдаланууга аракеттенем." ("Чыңгыз Айтматов", 8-том, 253-б., "Бийиктик", 2008-жыл).

Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН, Шинжаң "Тил жана Котормо" журналынын жооптуу редактору, профессор, филология илимдеринин доктору

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз