Даканса ой багып жашоого үйрөнүү

  • 09.12.2021
  • 2641

Жашоо шахмат партиясындай

Кимдир-бирөө жашоо шахмат партиясындай экенин айтты. Билбейм – чынбы, жокпу. Шахмат тактасы бирөө гана, ал эми анда эки шахматчы ойнойт. Ар биринин өз максаты бар, ар бири кырдаалга жараша өз ишин кылат. Ар бири өз пландарын ишке ашыруу менен каршылашынын планына тоскоолдук жаратат.

Пландар ишке ашпаганы менен оюн жаралып жатат. Эки тарапка тең күтүлбөгөн жерден утуш пайда болуп, эки тарап тең бийлик алдында турбайт. Жеңүүчү – бул өз номерин жакшы даярдаганы.

Кандай кылуу керек?

Бир жолу Сократка окуучу келип минтип сурады:

- Устат, мен жашмын. Бир кызды катуу жактырып калдым. Мен ага кандай мамиле кылсам – ал да мага ошондой жооп кайтарат. Мен ар дайым сизди мисал кылып, сиз кылганды кылып, сиздей болууга умтулуп келем. Кандай кылуу керек, билбей турам, ал кызга үйлөнсөмбү же жокпу?

Буга Сократтан мындай жооп алды:

Үйлөнсөң да, үйлөнбөсөң да, акыры өкүнөсүң.

Эненин сүйүүсү

Бул окуя баарына белгилүү: эне баласын чоңойтту, ал эми уулу аракеч болуп чыкты.

Бир жолу уулу адатынча ичип келди да, колуна күйгөн отту алып, энесин кууп жөнөгөндө – энеси токтой калып:

– Уулум, кагылайын! Ташта алдагы балээни, колуң күйөт, – деди.

Достор

Бир жолу кыялымдагы бийкечти жолуктуруп, аны менен көп убактымды бирге өткөрдүм. Жакын досум мындай деди: "Мен, албетте, билбейм, бирок досуңду таштап кетпөө керек!"

Бул жерден тууганымдын башынан өткөн бир окуя эске түштү. Ал өтө жөнөкөй жана ар дайым досторунун пикирин сыйлачу. Өзүнө бийкеч тандоодо досторунун пикири менен иш кылчу, мисалы "анын мурду узун, тигинин буту түз эмес ж.б". Жыйынтыгында үйлөнө турган кыз тапты. Достору: "Мына бул сулуу, тимеле куурчак, ушуга үйлөнсөң болот", - дешти.

Кийин ал жигит кыздын кандай адам экенин билди. Адамдардын ушунчалык таш боор, ырайымсыздыгы мени таң калтырды. Эми достуктун жардамынан эмне болду? Кимге жакшылык алып келди?

P.S. Бул окуяны ар тараптан карап көргүлө. Бирөөгө эмне кылыш керектигин айтуу керекпи?

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз