Максим Горький: Маданият аялга кылган мамилең менен өлчөнөт

  • 12.09.2023
  • 3086

Орустун залкар жазуучусу, ойчулу Максим Горький тууралуу уламыштар арбын. Алардын бири – жазуучу өз денесинин ооруксунганын такыр сезген эмес, бирок чыгармасындагы каарман аялды бычак менен сайган жерин сүрөттөп жатканда, денесинде өлчөөсүз чоң тырык пайда болот. Ал революцияны даңктап жазганы менен кийинчерээк В.И.Лениндин идеяларына, анын жеке өзүнө болгон жек көрүүсүн жашырбай мындай деген: «Ленин, Троцкий жана алардын тегерегиндегилер бийликтин көңсүгөн уусу менен эбак ууланып калышты...  Жумушчу табы аны ачкачылык, өндүрүштүн толук кыйрашы, узакка созулган кандуу анархия күтүп турганын билүүсү керек...”.

*     *     *

Жашоо деген ушунчалык чебердик менен түзүлгөн дейсиң, жек көрбөй туруп, чын ниеттен сүйүүгө мүмкүн эмес.

*     *     *

Турмушта эрдикке дайым орун бар.

*     *     *

Балдар дүйнөнүн жандуу гүлдөрү…

*     *     *

Сен сүйгөн аял картайбайт…

*     *     *

Адамдардын асманга колун жайып тынымсыз сыйынгандары – алардын буга чейинки Кудайга жалбарган өтүнүчтөрүнүн али аткарыла электиги.

*     *     *

… жүрөк алоолоп күйбөсө, күлгө толот.

*     *     *

Мен дайыма кара курсагы үчүн ашкере кам көргөндөрдү жек көргөмүн.

*     *     *

Аз болсо да өз акылың болсун.

*     *     *

Убакыт – тынч жашоону сүйгөндөрдүн душманы.

*     *     *

Талант – асыл тукум жылкыдай, аны башкарууну билиш керек, а эгерде үзөңгүнү туш-тарапка темине берсең, алдыңдагы мингениң чобур атка айланат.

*     *     *

Чыныгы сүйүү жүрөккө чагылган сыяктуу урат.

*     *     *

Адам баласынын эмгеги менен чыгармачылык тарыхы адамдын өз тарыхынан алда канча кызыктуу да, маанилүү. Адам жүз жылга жетпей дүйнөдөн узаса, ал эми анын иши кылымдарды карытат.

*     *     *

Адамга кантип ишенбей коюуга болот? Атүгүл, эгерде анын калп айтып жатканын көрүп турсаң да, ага ишен, башкача айтканда, аны ук жана ал эмне себептен калп айтканын түшүнүүгө аракет кыл.

*     *     *

Жашоонун эки гана түрү бар: көңсүп-чирүү жана жалындап күйүү.

*     *     *

Аял кээде өз күйөөсүн сүйүп кала алат.

*     *     *

Адамдарга акыйкат – сокурга жетелеп жүрүүчү бирөө керек сыяктуу зарыл.

*     *     *

Мындан да мыкты нерселерди эңсөө адам дилинде өчпөстүгү үчүн жашоо дайым жаман сезилгени сезилген.

*     *     *

Өмүр зуулдайт, ким аны менен жанаша баса албаса жалгыз калат.

*     *     *

Адамга билим керектигин далилдөө аны көздүн пайдалуу экендигине ишендирүү сыяктуу кеп.

*     *     *

Адамга ааламдын эң сулуу жана эң керемет заты сыяктуу кароону үйрөнмөйүнчө, өзүбүздүн жашообуздун жалгандыгынан жана жийиркеничтүүлүгүнөн кутула албайбыз.

*     *     *

Эгерде адамга дайым эле «чочколугун» айта берсек, анда ал чындап эле бир күнү чочкодон бетер коркулдайт.

*     *     *

Эмгек ыракат болгон учурда, жашоо сонун! Эмгек милдет болсо, жашоо – кулчулук!

*     *     *

Бүгүнкү күнгө кичинекей өмүрдөй мамиле кыл.

*     *     *

Китепти сүйгүлө, ал жашооңорду жеңилдетип, санаага батырган ойлор менен окуялардын түрмөгүн жандырат. Ал адамды жана өзүңдү урматтоону үйрөтүп, жүрөгүңдү, акылыңды ааламга, адамзатка болгон сүйүү менен шыктандырып, дем берет.

*     *     *

Адамдар ашыкча сөздөрдүн толкунунда адашат.

*     *     *

Сен дароо бүтүндөй түшүнүп койгон адамдар кызыксыз. Адам өзүнө өзү мүмкүн болушунча сыя алышы керек, ооба, бирок буга кошумча анда дагы бир табышмактуу нерсе болгону оң.

*     *     *

Кайдыгер болбогула, себеби, кайдыгерлик – адам жаны үчүн өлүмгө барабар.

*     *     *

Бардыгынан үйрөнүп, бирок эч кимди туурабагыла.

*     *     *

Жакшы адам өзүн сактоого тийиш.

*     *     *

Маданият аялга кылган мамилең менен өлчөнөт.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз