IT доору: Айфон, интернет менен иши жок интеллигенция бизге маякпы?

  • 15.12.2021
  • 2828

Кыргыз бийлиги Кремлге кылчактамайын өз саясатын жүргүзө албай келет. Кыргызстандын окумуштуулары да, ой баккан чөйрөсү да оозунан Орусияны түшүрбөй мактаган көзкараштар бекем! Береги Абдил Шерматовдун кезектеги макаласы менен да таанышып отуруп, йе аттиң дедим. Башкасы башка го, эң кокую – бизде илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү да Орусия оросунан, короосунан чыкпаптыр али!

Өткөндө да “РухЭштин” туруктуу авторлорунун экөөсүнүн (адабиятчылар алар) макаласын жарыялап, Фейсбукта талкууга салганыбыз. Себеби, адабият илимин жаратуучулар арасында деле коммунисттик установкалар али күнчө жашайт экен. Али күнчө жаңы заманга эскичил көзкараштан караган илим өкүлдөрү арбын экенине көз жетти...

Акын-жазуучулар арасында да Совет доорундагы саясый пропаганда ишине кыныгып калгандар толтура кездешет. Алар да кудум эле коммунисттик доордун апологеттерин элестетет! Анан биз кайдан улуттук иденттүүлүктү жаратабыз?! Куру дымак менен эгемен эл экенибизге неге сыймыктанабыз десең!!! Күйөсүң да эй...

Өткөн жылы Чоюн Өмүралиев аксакалыбыз “Өзгөрүү” аттуу китеп жазыптыр. Айтор, Кыргызстандын өнүгүү концепциясы, улуттук идеология деген дымакта. Анын электрондук вариантын адегенде “РухЭшке” жөнөткөн экен, окуп эле чок баскандай туйлап, автордун өзүнө чалдым. Амандашкандай кийин эле сураганым бул болду:

– Чоюн байке, колуңузга айфон кармап көрдүңүз беле?

– Жок! – деди.

– Интернетти активдүү колдоносузбу?

– Жок! Аның менен ишим да жок. Болгон да эмес, болбойт дагы!

– Эми кептин баары ушул жерде, Чоюн байке! – дедим. – Айфон кармабасаңыз, интернет менен ишиңиз болбосо, анан кайдагы өнүгүү концепциясы, улуттук идеологияны жаздым деп отурасыз?!

Жооп таппады. Буйдала түштү. Тата-пата дегенден башка не дейт... Сөзүбүз ошону менен үзүлдү. Аталган эмгегин сайтка жарыялабай турганымды айттым.

Муну менен эмне айткым келет, окурман? Бүгүнкү авторубуз да интернет менен иши жок, айфон менен иши жок аксакал муундун өкүлү. Өзү айтмакчы, же англис тилин билбесе, же интернетти колдонбосо – анан кайдан альтернативдүү маалымат булактарынан кабары болсун. Ошол себептен Орусиянын фильтрленген маалымат булактарына ыраазы болуп эргип отургандан улам береги макаласын жазыптыр...

Өнүгүү жаатында дүйнө коомчулугунда эң көттө калган Орусиянын илимий жетишкендиктерин кеп кылыптыр. 21-кылымда согуштук куралдарды өнүктүргөнүнө сыймыктанган Орусиянын канкор жетекчиси Путиндин саясаты туура багытта баратканын кыйыткысы келиптир. Ошондон улам кычаш оюмду кыпчый кетүүнү эп көрдүм. Ал эми тараза ташы окурман журтунда...

О`Шакир

Жогорку билим берүү ишмердигиндеги парадокстор

Илим күнү республикада жыл сайын белгиленет. Ошол салт быйыл да уланды. Бирок илимий чөйрөдө предметтүү сөз кыла тургандай ийгиликтер же ачылыштар жөнүндө кабар угулган жок.

Авторитеттүү адистер илимий ачылыш дегенди демейки көрүнүш катары кабыл албоо керектигин айтышат. Дегинкиси илимде законченемдүүлүктөрдү ачуу, жаңы кубулуштарды көрүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү кубаттуу финансылык булакка, алдыңкы техникалык жана технологиялык базага таянган фундаменталдык илим жана муктаждык болгондо гана ишке ашып,  мамлекет үчүн маанилүү ачылыштар ошондой шартта жаралып,  өлкөнүн өсүү траекториясы туура багыт алат экен.

Муну эң алдыңкы өлкөлөрдүн кереметтерди жараткан илиминен, чатырап өскөн экономикасынан жана ич тызылдаткан стабилдүүлүгүнөн көрүп жатабыз дешет. Эгерде тигил же бул өлкөдө айран калтырар ачылыштар жок болсо, анда ал жерде илим мамлекеттин өндүргүч күчүнө айлана элек дегенди билдирет. Дагы бир белгилей турган нерсе – фундаменталдык илимде тобокелдик көп, масштабдуу долбоорлор ишке ашпай калса, олуттуу чыгашага учуроо коркунучу бар. Ошондон фундаменталдык илимди эч бир бизнес такай каржылап тура албайт. Ал мамлекеттин гана колунан келет. Сыягы фундаменталдык илимди кызмат иерархиясы сыяктуу үч деңгээлге бөлгөнү ошондон болсо керек. Биринчи деңгээли – базалык билим берүү. Экинчи денгээли – конкреттүү илимий багыттагы долбоорлор. Үчүнчүсү – мегасайенс деп аталган лидерлик деңгээл. Мында масштабдуу долбоорлор ишке ашырыларын айтышкандар да ошол авторитеттүү адистер.

Орто жолдон фундаменталдык илим түшүнүгүн кыстара кетип жатканыбыздын себеби мында. Кээде жогорку окуу жайларын илим менен алектенишпейт деп сындагандар бар. Улуттук илимдер академиясынын функциясын ЖОЖдорго көчүрүү келечектүү деп оолуккандар да аз эмес. Мындай ойдо жүргөндөр оболу жогоруда айтылган фундаменталдык илимдин үч деңгээлин эске алса. Эгерде ошол түшүнүктөн чыксак, Улуттук илимдер академиясы фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лидерлик деңгээлдеги илимий мекеме. Аны жакса да, жакпаса да моюнга ала жүргөнүбүз жөн. Ошондо ЖОЖдор илимий системада негизинен базалык билим берүү менен алектенери,  тийип-качып конкреттүү долбоорлор менен да иштери, жеке демилге менен тигил же бул темада изилдөө иштерин жүргүзөрү аныкталып калат.

Ырас, кубаттуу илимий потенциалы, материалдык-техникалык базасы бар чет өлкөлүк ЖОЖдор менчик фирмалардын, компаниялардын өндүрүшүн өркүндөтүүгө,  мамлекеттик структуралардын кызыкчылыктарына байланышкан изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Республикалык ЖОЖдор менен жергиликтүү бизнес структуралардын ортосунда азырынча андай байланыш жок. Болуп калса, ылайыктуу инфраструктура, заманбап прибордук база талап кылынат. Бүгүнкү күндө илимий иштерди ЖОЖдордогу кафедралар, борборлор,  институттар жүргүзөт жана республикалык, чет өлкөлүк долбоорлор менен иштегендер да ошолор. Айрым бир тематика боюнча долбоорлорду мамлекет каржылайт. ЖОЖдордо илимий эмгектердин көбү,  негизинен окутуучулук-профессордук курамдын өз демилгеси менен жазылып, оз каражаты менен чыгарылат. Алардын тиражы аз, колдонулуу территориясы чектелүү.

Ошого карабастан көңүлүндө баккан идеяларына шыктанып жазган ЖОЖдогу илимпоздордун эмгектеринин ичинде өлкөдөгү саясый, социалдык, экономикалык ж. б. кубулуштарды илимий негизде кабыл алууга коомчулукту алдын ала даярдаганга жөндөмдүүлөрү да бар. Арийне, алар айран калтырар ачылыштар эмес. Бирок мамлекеттик курулуш ишинде, коомдун рухий жаңылануусунда алардын мааниси ошолорго тете десе да болот.

Маселен, И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык – укуктук билим берүү факультетинде (дек. Н.У.Курбанова) “Кыргызстандагы идеологиялык кырдаал жана анын келечеги” (авт. Э.Ж.Маанаев) аттуу эмгек даярдалып чыгарылган. Мында эгемен өлкөбүз үчүн ашкере актуалдуу болуп турган проблема предметтүү сөзгө алынат. Ал – мамлекеттик идеология маселеси. Муну белгилүү профессор Э.Ж.Маанаев жаңыдан түптөлүп келаткан мамлекетибизде идеологиялык ваакум жаралып,  кыргыз коому күмөндүү идеологиялардын адепттери менен утурумдук саясый жана башка кызыкчылыктары бар күчтөрдүн “таламайына” түшүп турганда жазууга киришкен. Ал ошол күчтөрдүн ар биринин идеологиялык жоболорун чечмелеп, эгер ошолордун бири кабыл алынса, коомчулукту эмнелер күтөрүн көрсөткөн. Анан барып алдыңкы өлкөлөрдүн өнүгүү жолдору, ушул багыттагы дүйнөлүк практика жана кыргыз коомунун менталдык өзгөчөлүгү ар кандай аспекттен анализге алынып, өзүнүн автордук концепциясын сунуштаган.

Бул - өлкөнүн мамлекеттик идеологияга адекваттуу өнүгүү модели. Бул - азыркы глобалдашуу процессине ылайыкташып кетүү потенциалы бар, полиэтникалык коомдун мүдөөсүнө шайкеш, бийлик менен жарандардын ортосундагы мамилени турукташтырууга жөндөмдүү неоконсерватизм жана неолиберализм идеяларына ориентирленген, мезгил талабына ылайык жаңыланган идеологиялык жобо. Эмгек илимий коомчулукка кеңири белгилүү эксперттер тарабынан жактырылган, анын теориялык жана практикалык мааниси жогору бааланган. Андан башка кабар угулган жок. Тиражы аз болгондуктан, мындагы коомдун саясый маданиятына таасир тийгизе турган позитивдүү идеялар, ойлор массалык окурманга жетпей калды.

Ушул факультетте даярдалып, аз тираж менен чыккан А.Жоошбаеванын “Постсоветтик миграциялык процесстер” жана “Кыргызстандагы миграциянын актуалдуу маселелери” аттуу илимий эмгектери да өлкөдөгү “талылуу” маселени козгойт. Коомчулук аларды окуган-окубаганы белгисиз. Бирок мигранттарыбыз жиберген акчалардын суммасын жатка билебиз. Тек ошол процесс өлкөнүн жаратман, репродуктивдүү, профессионал чөйрөсүн бүлүндүрүп, экономикалык, социалдык, демографиялык проблемаларды жаратып, улуттун уюткусуна доо кетирип жатканын билебизби? Билгиси келгендер И.Арабаев атындагы КМУда этнография боюнча жакталган С.Кайыповдун “Памир кыргыздарынын тамактануу системасы” аттуу докторлук диссертациясын кошо окуса, кыргыздардын бейтааныш этнографиялык жана этно-маданий чөйрөдө кандайча адаптацияланарынан, маргиналдык абалга кантип кабыларынан жана этностук аккультурация процессинин чегинен кантип өтөрүнөн эси-көөнүнөн чыкпагандай кабар алат. Илимий чөйрөдөгү, коомдогу жымжырттыкка караганда элибиз мындай эмгектерге кайдыгерби деп да кетесиң.

Анткен менен университетибиздин айрым окутуучуларынын илимий эмгектери министрликтин сынагынан өтүп, массалык тиражда чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ошолордун ичинде Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети (дек. Н.У.Курбанова) даярдаган “Дүйнөлүк диндердин тарыхы” (авт. коллективи) жана Физикалык-математикалык билим берүү жана маалыматтар технологиясы факультети (дек. Курманбек уулу Талантбек) даярдаган “Окутуу процессинде ишкер оюндарды колдонуу технологиялары” (авт. К.Төрөгелдиева, И.Арабаев атындагы КМУ жана Ч.Алиева, ОшМУ) аттуу эмгектер бар. Биринчиси баалуу илимий эмгек. Анын коомдун диний маданиятын байытарында шек жок. Экинчиси, илимий-методикалык эмгек. Муну бүгүнкү күндүн чакырыктарынын контекстинде карасак түшүнүктүү болот.

2021-жылдын башында Россия президенти В.Путин мектепте математика менен информатиканы окутууну өркүндөтүү жөнүндө министрлер кабинетине тапшырма берген. Ал санариптештирүүгө масштабдуу өтүү муктаждыгынан улам чыккан маселе. Анан мезгилдүү басылмаларда кеңири талкуу жүрүп, ага мугалимдер, дүйнөгө белгилүү, ЮНЕСКО сыйлыгынын лауреаты, академик, МГУнун кафедра башчысы А.Семенов сыяктуу окумуштуулар катышты. Ошолордун сөзүн резюмелеп айтсак, мындай тыянак чыгат: математикага кызыгуу төмөндөдү, мотивация жок; санарип технологиясы математиктерсиз, программисттерсиз иштебейт; математиканы оюн формасында, питердик математик Марк Башмаковдун олимпиадалык “Кеңгурусундай” кызыктуу өтсө болот; олимпиадалык эсептер бүгүнкү күндөгү компьютердик математикага зарыл; математиканы окутууда күтүүсүз маселелерди болжоп болбогон кырдаалдарда чече алган,  өзү идея ойлоп таап, аны өзү ишке ашыра алчу адамды тарбиялоого багыт алуу.

К.Төрөгельдиева менен Ч.Алиеванын мындан эки жыл мурда министрликке тапшырган эмгегинде математиканы окутуунун ушундай технологиясы сунушталат. Бирок ушул баалуу эки эмгек азырынча жарык көрө элек. Убагында айтылбаган “чындыкты дагы дат басат” деп, Москванын мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору А.Лубковдун айтканы бар экен. Бизди беймаза кылган да ушундай маанидеги ойлор.

Бирок ошону менен эле бирге кубанта турган да себептер болуп жатат. Маселен,  университетибиздин Биология жана химия факультети (дек. М.Чоров) илимий кызматташтыктын алкагында ОшМунун кызматкерлери менен бирдикте “Химия 8-9-класс. Схемалар жана тесттер” (авт. Ж.Б.Бакенов – И.Арабаев атындагы КМУ,  Т.А.Абдулазизов,  Б.Ш.Жакыпова, Иматалы кызы К. - ОшМУ) аттуу маанилүү окуу китебин даярдап чыгарышты. Анын рецензенттеринин бири - баткендик химия мугалими М.К.Эралиева

И.Арабаев атындагы КМУнун ушул эле факультетинин студенти Русланова Баяна ушул жылдын 19-20-октябрында ОшМУда тогуз окуу жайы катышкан ЖОЖдор аралык “21-кылымдын кадрлары” студенттик демилгелер форумунда “Өсүү чекити” долбоору боюнча (ойлоп табуулар, илимий эмгектер) экинчи орунду жеңип алган. Анын илимий кызыкчылыгы (жетекчиси Ж.Б.Бакенов) рентгенофазалык анализ методу аркылуу гексан менен спирттен жана суудан алынган композиттерге байланышып кетет. Композит азыр самолёт куруу өндүрүшүндө колдонулат. Жакында Дубайда өткөн эл аралык авиакөргөзмөгө Россиянын ПД-14 граждандык самолёту коюлду. Анын канаттары керамзиттен экен.

ОшМУда өткөн студенттик демилгелер форумунун “Өсүү чекити” долбоору (ойлоп табуулар, илимий эмгектер) боюнча биринчи орунду Физикалык-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Бакыт уулу Расул алды. Ал текстке жашырылган маалыматтарды көрүүдө колдонулуучу “поляризациондук көз айнек” ойлоп тапкан. Мүнөздөмөсүнө караганда ал күч органдагылары үчүн керек. Студенттерибиздин жупуну сыяктанган ушул ийгиликтери кыялыңа канат бүтүрүп, Россиянын илим шаары Дубнодогу Ядролук изилдөөлөрдүн бириктирилген институтунун директору, академик Г.Трубниковдун фундаменталдык илим жана анын технологияларынын прикаладдык колдонулушу жөнүндө газеталардын бирине берген интервьюсун эске салат. Анда Ядролук изилдөөлөрдүн европалык борборунда ылдамдаткычтардын бирине инфракызыл жарыктандырууга реакция кылган атайын айнек ойлоп табышканы, 20 жылдан кийин колдун салаасына реакция кылган буюмду – смартфонду – бир таланттуу бизнесмен ойлоп тапканы, азыр тачскрин аталган ошол айнек бардык гаджеттерде бар экени айтылат. Ал эми наносекунддук электроника менен иштеген спутник навигациясы Жердин бетин 5-10 см тактыкта зонд жасары, эгерде пикосекунддук диапазондо иштеген детектор колдонулса, космостон Жердеги объект 1-3 мм тактыкта көрүнөрү кыялды ого бетер ээликтирген.

Жогоруда келтирилген бирин-эки мисал ЖОЖдордо базалык билим берүү менен бирге,  илимий изилдөөлөрдү да жүргүзөрүн далилдесекпи дегенден улам айтылды. Бирок ушундай шартта жаралган билим жарандарыбыздын саясый, маданий, адеп-ахлактык көз карашына, өлкөнүн өнүгүү траекториясына таасир тийгизер технологияларга айландыбы? Маселе ушунда. Ал эми жогорудагы биздин сыймыктанар студенттерибиздей таланттуу жаштар каруусун кызык, намысын азык кылып, Россиянын жаш окумуштууларынын конгрессинде Кириенко айткандай, Факел болуп Ата Мекенибизди алдыга алып кете алабы? Же авантюристтердин сөзүнө азгырылып, көчөгө чыгабы, мигрант болуп жан багабы? Капастагы чымчыктай тыбырчылап, көңүлгө камалган ойлор,  сыздаган жан дүйнө...

Босогодон ык алып алган эски дүйнөбүзгө бүлүк салып, жашоо ыңгайыбызды, ой жүгүртүүбүздү өзгөртө турган санарип доору кирип келатат. Аны менен кошо кадам таштагандар Х, У, Z муундары, анын артында австралиялык социолог жана демограф Марк Маккриндл айткан альфа муундары...

Абдил Шерматов, И.Арабаев атындагы КМУ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз