Жамгырбек Бөкөшов: Чиеленген тарых, чийилген тагдыр

  • 02.01.2022
  • 3776

(Арслан Койчиевдин романдары тууралуу)

Фолкнер -ХХ кылымдын прозасында жаӊы кыйыр ачкан, адам турмушун, болумун, ой-санаасын сын-сыпаттап түшүнүүдө көркөм сөз кудуретин уста, чебер колдонуштун жаӊыча  өрнөгүн көрсөткөн америкалык жазуучу Уильям Фолкнер – Виргин университетинин студенттерине эки семестр бою сабак берип ( кызык жери 1952-жылы Жаӊы Орлеандагы Тьюлейн университети адабияттын ардактуу дортору кылып шайламак болсо, «өзүм орто мектепти бүтпөсөм, анан мындай окумуштуу даражаны алганым орунсуз да»,- деп сылык-сыпаа баш тарткан Фолкнер), жыйырма жетинчи сабагын (24-апрель, 1958-жыл) «Жаш жазуучуларга кайрылган сөз» атап, анда жаш жазуучу бет келчү бир чоӊ проблема тууралуу кеп козгогон. Ал мындай: жаш жазуучулар дегеле адамзат менен иши жоктой жазышат, адамды адам кылган касиет тууралуу ойлонушпагандай, алардын каармандары көӊтөрүлгөн стакандын ичинде калган чымын сымал вакуумда, изоляцияда жашагандай, баарынан коргон менен ажыратылган мейкинде сыпатталат. Арийне, мунун алды-арты кандай, жөн-жайы не – буга өз чыгармачыл тажрыйбасына таянып, башка сабактарында да токтолот. Ток этери – шаа прозачынын бул сабагында жазуучулук өнөргө жаӊыдан кадам таштагандардын «талуу жери» аныкталганы шексиз.

Эми Арслан Койчиевдин жаӊы романы тууралуу анча-мынча кеп козгордун алдында эмне үчүн Фолкнердин атын атап, айтканын оозанып калдык? Албетте, бу жөн жерден эмес. Ушундан улам мындай жагдайларды белгилей кетишти ылайык табам.

Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чынгыз-Хан» аталган кол жазмасына «Арча» адабий сыйлыгынын баш байгеси тапшырылган аземде сөз алып, бир топ мактап келип, анан «бу романды окуп жатканда негедир Чынгыз Айтматов менен Михаил Булгаковдун ысымдары эсиме кылт этип турду» дегендей кеп айтсам, жыйындын аягында ыраазычылыгын билдирип жаткан автор менин оюма жооп кылып, «окурмандарым алар менен катар эле Фолкнердин, Маркестин ысымдарын да эстешсе туура болор эле» дегени бар. Албетте, менин сөзүмдө да, автордун жооп айтымында да тар-тайыз маанидеги «адабий таасир» тууралуу кеп козголгон эмес. Көркөм чыгарманын тематикасына, жазуучулук чеберчиликке байланышкан, адабияттын бийик вазийпасына тиешелүү маселелерге басым жасалган. Демек, сөздү Фолкнерден баштап калганым, Арслан Койчиевдин көркөм талантын бийик баалаганымын, келечегине көп үмүт артканымын белгиси кыязында кабыл алынышын көздөгөнүм. Бул – бир. Экинчиден, «жаш жазуучу» дегенге токтоло кетсек. Адабиятка ар ким ар кандай келет. «Адабиятка келиш» – ага баш бакканга чейинки тажрыйба, көнүгүү, машыгуу түйшүгү тууралуу эмес. Кеп калемгердин адабият босогосун алгач  аттап, анын төрүн көздөп менменсип кирип келгенде ал-акыбалы, дарамет-кудурети кандай эле, ийниндеги куржунунда эмне бар эле – ушу жөнүндө. Арслан Койчиев «Мисмилдирик ( Беделдеги каргыш)» романы менен «адабиятка келди». Ага чейин тыӊ чыкма тарыхчы-илимпоз, Би-Би-Синин кыргыз редакциясынын чырайын чыгарган мыкты журналист катары билчү элек. Анан аӊгеме, повесть жазып, «жаш жазуучунун» турмушун башынан кечирип, бара-бара буйруса (буйрубай калышы да толук ыктымал, «жаш жазуучу» бойдон пенсияга чыккандар деле толуп жатат) «такшалган жазуучу» деген мүнөздөмөгө татыктуу болчу жолду баспай эле кадимкидей сын көтөрө алган тарыхый романы менен босогону айбыкпай аттап, адабиятка шак кирип келди. Балким, далай барактарын тытып, өрттөп, «кантип жазса болот» деген суроо күнү жашоосун, түнү уйкусун бузуп, чыгармачылыктын адегендеги азап-тозогун кыйла тарткандыр. Биз аны билбейбиз. Билгенибиз – «Мисмилдирик» жетилген, бышкан, чыйрак калемгердин чыгармасы болчу. Болгондо да адамзаттын тагдыр-тажрыйбасын көӊүл борборуна койгон, адам касиетинин күнгөй-тескейине тереӊ баам салган роман болчу. Каармандары коргонго камалып, бейаба чекте элдир-селдир күн кечирбей, тарыхтын казанында кайнап, тагдырдын алоолонгон отун кечип жүргөндөр болчу. Бу жагынан Фолкнер окуса нааразы болмок эмес. Дагы бир жагдай: кийинки романдары – «Айта бар менин кебимди» (бу кол жазмасы да «Арча» адабий сыйлыгын алган) жана «Бакшы менен Чынгыз-Хан (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» – Арслан Койчиев бекер жеринен Фолкнердин, Маркестин ысымдарын оозанбаганын күбөлөйт. Кеп жазуучунун философиясы, ойлоо масштабы, акыл чабыты, сүрөткерлик чеберчилиги, адабий жоопкерчиликти жогору тутканы туурасында.

Жаӊы роман жөнүндө айтардын алдында башканы койсок да, автордун мурунку чыгармалары тууралуу азын-оолак кеп кылбасак жарашпай калар.

Арслан Койчиевдин алгачкы адабий чалгыны «Мисмилдирик» романы менен аяктады. Белгилүү тарыхчы, белдүү журналист «Мен эми көркөм адабиятка келдим» деп жарыялады, бир чети эрдемсип, батыл жарыялады, экинчи чети жалтайлап, тартынып жатканы да сезилип турду. Чыгарманын аты эле кыргыз тилин мыкты билем дегендердин шаштысын алып, бу «кескелдирикке» окшош сөз кайдан чыга калды деп, Юдахиндин сөздүгүн баракташка мажбурлады. Көрсө, «мисмилдирик» – тыптыйпыл болуш, ыӊ-жыӊсыз жоголуш дегендей маани туюнтат экен. Жазуучу аны «тукумкурут», «геноцид» деген мааниде урунуптур. Негизинен роман 16-жылкы каргашага, үркүн окуяларына арналган. Кыргыздын бир топ  акын-жазуучулары бул темага кайрылып, алды азабын тартып, саясий ур-тепкиге учураганы көпчүлүккө маалым. Албетте, 100 жылдыктын шылтоосу менен «16-жыл» кайра каралып, күӊгөй-тескейи жаӊыча чектелип, эӊ башкысы-тарыхый калыс баасын алышы зарыл. «Мисмилдирик» романы да буга өзүнүн орчундуу салымын кошот деп ишеничтүү айтууга болот: каргашанын тек-жайын сүрүштүрүүдө, элдин ошо кездеги ал-акыбалын баамдап-баалоодо, окуянын маани-маӊызын тереӊдеп териштирүүдө автор мурункуларды куру кайталабай, жаӊы өӊүттөрдү таап, жаӊы басымдарды ( акцент) коюп, өзүнүн «16-жылын» тарткан. Романды кунт коюп окуп, кадырына жеткендер үчүн ал биздин да «16-жыл». Арийне, кеп тарыхый изилдөө эмес, көркөм чыгарма жөнүндө болуп жаткан соӊ, биз өзгөчө белгилей кертчү жагдайлар мындай. Сюжет кызык курулуп, окуя эпкиндүү өнүгөт. Тарых үркүн каргашасынын күбөсү, 1938-жылы НКВДга сурак берип жаткан Мукай Камбаровдун эскерүүлөрү аркылуу баяндалат. Нарбото баатырдын, Камбар болуштун, Карагыз эненин образдары жазуучунун чыгармачыл ийгилиги катары бааланышы абзел. Айыгышкан кармаш талаасынан шейит кеткен боордошунун этин шылып, сөөгүн жүктөй кайткандагы же чиркөөнүн өрттөлүшүндөгү окуялардын сүрөттөлүшү романчынын калеми кадикидей такшалып калганын айгинелейт. Койчиевдин төлбашысы автордун кыргыз элинин каада-салтын, рухий мурасын мыкты билерин, анын айрым жактарын таӊ каларлык маани-мазмунга каныктырып, өз чыгармасына эптүү кынай алганын айныбай тастыктайт. Алыкул Осмоновдун Толубай сынчысы анык тулпарды алдынан чубап өткөн жылкы катарынан басыгынан, туяк дабышынан тааныса, Арслан Койчиевдин Толтой саяпкери (Толубайдын жаӊырган элеси) алыста удургуп чуркап бараткан топ жылкынын дүбүртүн тыӊшап,  алардын арасында бир аргымак бар экенин айтат. Автор окурманын «Беделдеги каргышты», «Нарботонун какшап айтканын», «Сөөк ашуусундагы какшоону» эсиӊе тут, алды-артын ойлон, ошондо өзүӊүн ким экениӊи баамдап-баалап билишке жол табышыӊ ыктымал деп эскертет. «Каргыш», «какшоонун» жөн-жайын ойлонушка чакырат.

Жазуучунун кийинки романы – «Айта бар менин кебимди…» аталат. Жарыялана элек, кайсы бир жагынан аягына чыга элек чыгарманы сөзгө кошконубуз, балким, жосунсуз жорук көрүнөр. Бирок, кол жазма окурмандардын айрым катмарына тарап, окугандардын бүйүрүн кызытып, атүгүл Интернет мейкинине чыгып кеткенинен улам, автордун жалпы чыгармачыл бейнесине тиешелүү кээ бир жактырын учкай белгилей кетсек ылайык болор деп чечтик.

Биринчи романда тарых чыгарманын көркөм мейкинин бүтүндөй ээлесе, экинчи романда тарых (кыргыз-казак чыры, 30-жылдардагы саясий репрессия) азыркы менен өрүлүп берилген. Башкача айтканда, бирде азыркы турмуш сүрөттөлсө, бирде тарыхый окуя каармандар  жазган (же жазмакчы болгон?) повесть, аӊгеме кейпинде катышат. Жаӊы чыгармасында Арслан Койчиев калеми кадимкидей такшалып, жазуучулук өнөрдүн көмүскө сырларын кыйла өздөштүрүп алганын айныксыз айгинелейт. Атүгүл баяндоо ыкмасынан, образ түзүү аракетинен, сюжет куруу чеберлигинен адистер тарабынан «ХХ кылымдын прозасынын жаӊычыл ийгиликтери» катары баа алган көркөм сөз ык-эптери уста колдонулганын көрөбүз. Автордун көркөм баянында сүрөттөлүп жаткан нерсенин мезгил-мейкиндик касиеттери кеӊ жана тереӊ мүнөздөмө алып, окуя кою жана айкын боёктор менен тартылып, башкы каармандардын элеси толук кандуу денгенчелик деӊгээлде иштелип, окурманды тексттен баш көтөрбөй окушка мажбурлайт. Тарыхтын азыркы учур менен карым-катышы, тарыхтын жандуулугу, азыркы жашоо-турмуш менен аралаш экендиги, тарых сабагынын унутпаштын зарылдыгы – жазуучунун чыгармачыл урааны, кредосу экенине күбө болобуз. Дагы бир кызык жагдай: Арслан Койчиев тарыхты көркөм сыпаттап жатып, аны менен жанаша-жарыша (бул «Мисмилдирикте» да орун алган, бирок анын үчүнчө романында бул даана-таасын байкалат десек жарашар)  көркөм чыгармада эмнени жана кантип жазыш керек деген суроо (маселе) менен такай алпурушуп, тажабай  талдап келе жаткан калемгер экенин, мунун жаӊырыгы тексттен ачык угулуп, анын окумдуулугун арттырып, көркөм сөздүн кудуретин күчөтүп турганын баамдайбыз. Адабий каада-салттын күүсү жанбай, окурмандын ой-санаасына каймана таасирин тийгизип турат. «Мисмилдириктеги» Мукай Камбаровдун жазгандары Мукай Элебаевдин, башка атактуу акын-жазуучуларыбыздын ысымдарын эске салса, «Айта бар менин кебимди…» чыгармасынан Чынгыз Айтматовдун элеси баш багып турат. Албетте, романдын жаӊычылдыгы, ийгилик-илеби,  оош-кыйышы тууралуу чыгарма толук жазылып бүтүп, адатка ылайык шартта жарыяланган соӊ кеӊири кеп козгосок эп болор.

Эмки сөз окурман эми колуна алган роман туурасында. «Бакшы менен Чынгыз-Хан (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери». Менин боолгомдо, автордун ниетинде романдын аталышындагы ар бир сөз ой элегинен өтүп, тереӊ талданып-таразаланышы зарыл. Эмне үчүн баян «бакшыдан» башталып отурат? Бакшы деген ким? Бакшылык-кандай феномен, кандай касиет? Эмне үчүн «Чынгыз-Хандын арбагы»? Чынгызхан тууралуу айтылбаган кеп, жазылбаган чыгарма, тартылбаган кино калдыбы? «Арслан Койчиевдин Чынгыз-Ханы» – ким? (Башкасын айтпаганда да, Чынгыз Айтматовдун «Чынгызхандын ак булуту» менен Султан Раевдин «Жанжазасындагы» Чынгызхандын тагдыры тууралуу табышмактуу баян улут эси-дартына мыктай кадалып калганын кантип белгилебей кетели?) Эмне үчүн Чынгыз-Хандын керээзин, осуят-насаатын жазган (же кагазга каттаган десек ылайык келер, анткени ал арбактын айткан-дегенин гана дептер бетине түшүрүп жатпайбы) каармандын аты-жөнү – Бактыгерей Избасаров? Эмне үчүн ал «Жолдош»? Айтор, романдын аталышы, бир чети окурманды ойлонтсо, бир чети-чыгарманын татаал, тереӊ маани-мазмунун туура кабылдашка окурманды күүлөйт, камдайт. Ташкент шаарында өткөн эки күндүк окуяга Чынгызхандын арбагы аралашып, анын урпактарынын тарыхы өрүлүп, сюжет жазында кирген суудай күнгүштөп агат. Кадимки турмуш менен мистика, саясий оюн менен эзотерика камыр-жумур болуп, драматизм менен назик юмор коюн-колтук алышат.

Албетте, окурман чыгарманын өзүн окушу керек. Алгы сөздө ар нерсени санактап, жобурап баарын кайталап, аны бир жагынан алагды кылып, экинчи жагынан ой-санаасын, эстетикалык маанайын кайсы бир нукка салгыбыз келбейт. Дегеле көркөм чыгармага баш сөз зарылбы-жокпу, чындай келгенде бир жаӊсыл айтыш кыйын. Эми ушунча белсенип калган соӊ, эки-үч жагдайды атайын белгилей кетели.

Биринчиси – Чынгызхандын арбагынын кылык-жоругунун сүрөттөлүшү. Автор өз алдына өтө татаал жана опурталдуу милдет койгон. Албетте, муну туура жазыптыр, тигиниси натуура болуп калыптыр деп баа бергенге негиз болчу илимий «арбак теориясы» жок. Теология, антропология, психология өз-өзүнчө түшүндүрмө бериши толук ыктымал. Демек, романдын баш каармандарынын бири болгон Чынгызхандын арбагынын элесинин сүрөттөлүшү көркөм ойломдун логикасына ылайык, искусствонун милдет-кызматына жараша каралышы абзел. Башкача айтканда, Чынгызхандын арбагынын жүргөн-турганы кандай, колунан эмне келет, эмне жасай алат – ушул өӊүттө калем шилтеп жатканда Арслан Койчиев көркөм кыялында өзүнчө, чекене концепт, «арбак» түшүнүгүн түзүп, ошого таянып, каарманына чыгармачыл ниет-максатына ылайык кылык-жорук жасатып, окурманынын ой-санаасын козгошко, аны кайсы бир нерселерди аӊдап-түшүнүшкө аракет кылышына түрткү берет. Жазуучунун айтканына окурман ишенсе, ал сүрөттөп жаткан чындыкты кабыл этсе, анда калем сыясы бекер коробогону, чыгарма куру сөздүн курандысы болбой, ишке жараганы ошол.

Арбак баянына кулак төшөйлү:         

«Бейтааныш киши - кезиккендерге, көзү ачылып көрө алгандарга тууралжыныраак, нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык болуп көрүнгөн киши, - ии, үстүндө узун этектүү боз чапанчан, башында чымкый ак топучан киши каалгый басып, эми базардын баатыр нан жапкан наавайчысына жеткен эле да, саламга келбестен оболу:

– Ии... баатыр, башыңды дандырга тыгып, күчүң наавайчылыкка чыктыбы? - деген эле…

Кишилердин көзүнө бирден-бирден көрүнүп отуруп, тандап-тандап көрүнүп отуруп, узун этек ак чепкенчен жолоочу эми коон-дарбыз саткандардын катарына жетти».

Чынгызхандын арбагы ушинтип урпактарын аралай чаап, урпактарынын көзүнө көрүнүп, алар менен сүйлөшүп, алардын азыркы кейпине кейип, чабыттап учуп жүрөт. Менимче, Чынгызхандын арбагына байланышкан сөз али алдыда. Көп сөз болот. Азырынча айтчу кеп – Арслан Койчиевдин мээнети акталып, калемгер чыгармачыл жеӊишке жеткен десек аша чапкандык болбос. 

Экинчи жагдай – Бактыгерей Избасаровдун кол жазмасынын жөн-жайы, маани-маӊызы. Кептин баары ошо үч дептерге чийилген кол жазмада болуп жатпайбы. Тээ Москвадан,  коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинен бакандай болгон жетекчинин атайын Ташкентке келип, республиканын саясий элитасын сарсанаа кылган кеӊешме өткөрүп, КГБнын кызматкерлери базар аралап шимшилеп-тинтип, кыскасы-сюжеттин өзөгүн түзгөн чаӊ-тополоӊду чыгарган ошол кол жазма.

«Эмнеси баалуу кол жазманын? Эч кандай баалуу эмес. Түккө арзыбайт. Академиядагы адабият жаатын күндүр-түндүр казгылаган дамбылдалардын жатык тили менен айтканда, кан ичер Чыңгыз-хандын жайнаган тукумуна жалгыз каршы туруп, аларды кайра тарбиялаган, кудум пролетариатча прогрессивдүү ойлонгон жалгыз оң каарманы бар экен, аты Теңиз-Бука деген оң каарман. Бүттү. Илим кызыгаарлык, чеке жылытаарлык бөлөк маалыматы жокко эсе. Айбалтасын кезенген орус аттууң Куликовдун ойдуңуна жөө-жалаңдап чогулуп келип, Мамайдын кылкылдаган колун тосуп, мизин кайтарып, көрүн казган турбайбы, анын сыңарындай Чыңгыз тукумун ооруктан алсыратып, ичинен иритип, Теңиз-Бука сыяктуулар жазасын колуна берген тура. Өзүнчө эле экинчи фронт! Албетте, мындай кол жазмаларды караңгы массанын көзүнөн далдаа кармоо зарыл. Партия менен КГБынын кабатырлана коңгуроо какканы акыйкат». Бул – романдан. «Чынгыз-намени» илимдер академиясынын кызматкери ушинтип баалайт. Ал эми Бактыгерей Избасаровдун табылган кол жазмасы «Чынгыз-намеге» сөзмө-сөз дал келет. Демек, окурман өзгөчө назар бурчу нерсе – көчмөндөр арасында ооздон оозго, укумдан тукумга өтүп жашап келген аӊыз кептин маани-мазмуну.

Эми дагы бир ирет жазуучунун поэтикалык тажрыйбасы тууралуу кепке өтөлү. Биз сөз кылып жаткан романдары менен Арслан Койчиев азыркы кыргыз прозасында өз конушун тапты десек жарашат. Айтыкча кийинки романы автордун көркөм-эпикалык ойлому жанрдын дүйнөлүк тажрыйбасын кеӊ-кесири өздөштүрүп алганын, ошол эле учурда өз пайдубалына бекем таянып турганын айгинелейт. Сюжет куруш, кызыктуу бандаш, каармандын элесин сыпатташ, ишенимдүү интрига түзүш, чындыктын көп ченемдүү турум-турпатын тартыш жагынан жазуучу камчы салдырбайт. Журналисттик тажрыйбасынан да болсо керек, тили бай, кыргыздын көөнө сөздөрүн көлдөлөң урунат. Главалар да ич ара өзгөчө «кайталама» сүйлөмдөр аркылуу кыналат. Арслан Койчиевдин прозасынан назик поэтикалык мукам дабыш угулуп турат. Эң башкысы-роман ойго канык, окурманды өз алдынча ойлонушка түрткү берет, өзүнчө жыйынтык жасашка үндөйт.

Арийне, кеп болуп жаткан чыгармалар үчүн кызыл сызыктай тепчип өткөн нерсе-тарых, тарых философиясы. Салты жоктун баркы жок. Тарыхтын маани-маңызы көркөм ойдун негизги бутасына айланат.

Бир ирет Гегель капыстан,
А балким, болжоп, муну айткан:
Пайгамбар сымал тарыхчы,
Утурлап билет тарыхты.

Бул менин Борис Пастернактын саптарын кыргызчага эптеп-септеп которгонум. Бирок мазмуну ушундай эле. Окурман үчүн тактап койчу жагдай-мындай кепти иш жүзүндө Гегель эмес, Шлегель айткан. Эми акын адаштырып алгандыр. Пастернакты күнөөлөгүдөй деле иш жок. Кеп поэтикалык саптардын маанисинде. Демек, пайгамбар келечекти көрө билип, болор иштин алдын алып айтса, тарыхчы туман чулгаган өткөндү алдын ала билип, аны азыркыларга айкындап берчү адис экен. Арслан Койчиевдин үч романы теӊ тарыхтын маанисин түшүнүүгө, тарыхтын кадырына жетишке, тарых азыркы жашоо-турмушка тикеден-тике катышып жатканын аӊдап-баамдашка чакырат. Адамдын өзү тарыхый жан эмеспи. Ошондуктан кепти Фолкнерден баштаган соӊ, аягын да Фолкнер менен бүтүргүм келет. Атактуу жазуучу «адам-өткөндүн суммасы» деп эсептеген. Өтмүш «болуп өткөн» кейипте эмес, «болуп жаткан» кыязда жашайт деген. Азыркынын ар бир учуруна өтмүш менен болочок аралашып турат деп ишенген. Бир чети анын жазгандарын дүйнөнүн ар тарабында моокум кана окуп жаткандары, көркөм баян ушундай болсо деп сөз кадырын билгендерди суктандырганы ушундан болуу керек.

Профессор, философия илимдеринин доктору Жамгырбек БӨКӨШОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз