Талант тагдыры: Чыңгыз менен Керез

  • 17.10.2023
  • 5490

Сөз өнөрүнүн устаты, улуттун сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун байбичеси Керез эжеге бир жолуксам, айтылуу жазуучуга айтылуу кыздардын бири болгон даңазалуу аялзатын өз көзүм менен көрүп жазсам деп дегдеп жүргөм. Мына эми журт атасынын амандыгын тилеп, элинин атын чыгарган сейрек жаралуучу адам экенине ыраазы болуп, акыркы мүнөтүнө чейин жаман айтпай, бешенеге жазганына ынанып, жалкы өмүр сүрүп келаткан бул байбиче мага умай энедей таза, ыйыктай сезилип алдымда отурду...

“Чын өмүрдү Чыңгыз менен өткөрдүм, ал сүйүүмдү Чыңгыз дагы жазалбас...”

Ушундай тема коюлган эскерүүмдү маркум Чыңгыз Айтматовго көрсөткөн элем. Ал киши ичинен тына дем алып, көз жүгүртүп отурду.

- Чыңыз Төрөкулович! Ушул жакка мындан жети жыл мурда келдим эле. Керез эже менен сырдашып кайткан элем. Бул эскерүүм аягына чыкпай калгандай туюла берет. Сиз менен да ушул темада сүйлөшсөм деген оюм бар,- дедим.

Башын ийкеп, телефон чалып, кабарлашалы дегендей болуп макулдук берген эле. Бирок сүйлөшө албай калдым.

Ааламды багынткан Айтматов жөнүндө тагдырга да, сүйүүгө да тике караган улуу инсан тууралуу жакын досу Мухтар Шаханов: "Жүрөгүм ооруп операцияга берейин деп турганда Чыкемди дүйнө салганын укпадымбы. Эч жагына карабай жөнөдүм. Жүрөгүм Айтматовдон кымбат эмес", - деп эскерген жери бар. Анын сыңарындай Керез эжени эскерүүдө Айтматовдун башкаларга белгисиз жактары анын улуулугун толуктап турмакчы деген ойдомун.

Биздин маңдайыбызга жазылган сөз өнөрүнүн устаты, улуттун жүзүнө карманар сыймыгы болгон Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовдун байбичеси Керез эжеге бир жолуксам, ал кишинин адамдык жорук-жосундарын бир көрсөм деп дегдеп жүргөм. Минтишиме көп нерселер себепчи эле. Пенделик деген ушу экен да. Адамдагы улуулукту көрүп турсак да, майдаланып, тагдырдын майда таштарын санап туруп алмай турмушубузда көлөкөдөй ээрчип келет.

Канчалык улуу адам болбосун, ааламды багынтып жатканы менен жеке турмушта, тагдыр жазмышына өкүнбөгөн ким бар. Кыйын адамдын да тагдыры кыйын, ошончолук татаал болот окшобойбу. Анын сыңарындай узун тилден тамган ушак-айыңдар, ал кишинин атына айтылган жакшы сөздөр, уютулган алтындай келбетинен жазбай өмүр сүрүп, эли менен эл болуп, мыкты адамдардын оозунда жашап, мындай байбиче бир гана улуу жазуучунун байбичесине жарашат деген адамдын өмүрү кызыктырбай коймокпу.

Чоң-Арык айылындагы мамлекеттик дачаларга кирип баратам. Белгилүү чиновниктердин үйлөрү тизиле жайгашкан. Алардын ичинен Айтматовдун дачасы кайсыл экенин билбей турдум. Бир дача эшиги ачык турганы үчүн айырмаланып турат. Түз эле ошол эшиги ачык турган үйдү карай басып баратып, жүрөксүп алдым. “Кандай кабыл алат” деген суроо мээме урунуп, телефон аркылуу макулдашып алганыман бир аз көңүлүм жайланса да, тынчсыздануу ээлеп алды. Эшик-алды таптаза короого кирдим. Бак-дарак дүпүйө кар кийип, бир эсе сүрдүү болгону менен эшиктери ачык. Мен муну күткөн эмесмин. Анткени жанаша эле жашаган чоңдордун эшиктери ичи-сырты кырк кулпуланып турганын Керез эженин үйүн издеп жүрүп көрдүм. Андай үйлөргө кирбей эле туруп тумчугат эмессиңби.

Ошентип, каалгадан баш бакканымда ыйманы бешенесинен төгүлгөн, нарк-нускасын боюна көтөргөн, жең-жакасы башка түс менен жасалуу халат кийген ак жүздүү байбиче утурлай басып келатканы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда калды. Бул көрүнүш бир гана улуу жазуучунун байбичесинин тагдырына ылайыкталгандай сезилди. "Байбиче" деген улуу деген нарктуу атакты Керез эже сыяктуу чанда гана аялдар аздек кармап, улантып келаткандай туюлду.

Мени менен учурашып, жылуу ырайы менен жүз бага карап, оро-парасындагы жумшак орундукту жаңсай өзү да так ошондой отургучка отура кетти. Журналисттик тажрыйбам боюнча жалпы ал-жай сурашып, кыйналбай таап келгенимен бери термелеп айтып, аба ырайын кошо кеп кылып ортодогу ыңгайсыздыкты жоюп, өзүнө өз кишидей сездирип, сүрдөбөй кенен-чонон отурууга шарт түзүүгө аракеттендим.

Өзүмчө “мага окшогон далай адамдар, журналисттер менен сүйлөшүп, мамилелеш болгон да” деп ойлодум. Мүмкүн болушунча белгилүү жазуучунун жубайы болуу, андан кийинки эки бөлөк жашоого дуушар кылган тагдыр, булар деле улуу сүйүүнү, махабатты баштан кечирген, өткөн өмүр өтмүштөргө берген баасы кандай болду экенин сурамак – максатым.

Деги майдаланбай белгилүү адамдардын өмүр таржымалынын урунттуу жерлерин алсам деп сүрдөп да, апкаарып алдым. Анткени Керез эже менен сүйлөшүп, таанышып отурган менен ошол эле убакта Чыңгыз деген бир улуу инсандын да жандүйнөсү, өмүрү, баскан-турганы ушул эле үйдүн ичинде, бизден ары жактагы иш бөлмөдө иштеп отургансып же уктап жаткандай жылуу да, тааныш да шоорат таасирлентип турду. Ошондонбу, өзүмдү ыйбалуу, ошол эле мезгилде сыймыктуу кармап отурдум.

Баарынан мурда мен деген аялмын да, пендемин да. Биз отурган мейманканасынын төрүндөгү килемге түшүрүлгөн, кайсы бир мамлекеттен белекке келген жазуучунун сүрөтүнөн баштап, ар түркүн мезгилде ар кайсы өлкөдөн келгенби же өзү барганда тартууланган белек-сувенирлердин баары бул үйдүн ээсин эстеттирип отурду. Бөлмөнүн тазалыгы менен мен али эч жерден көрө элек, жазуучуга деген улуу урмат менен келген буюмдар сүрдөтүп да, таң калтырып да жатты. Мен мунун баарына суктануу менен карадым. Аңгыча Санжар Чыңгызович да келип калды. Апасынын ал-жайын сурап, кайта кетерин билдирди.

Мен эженин оюн көбүнчө балалык кезине, ата-энесине укум-тукум, тегине кызыктым. Керез эженин аты эмнеге Керез коюлду экен, анын сырларына кеп тизгинин бурдум. Анан улуу жазуучу деген сөздөн бир үй-бүлөнү бөлүп кароону туура көрдүм. Анткени гезиттерге чыга калчу эже жөнүндөгү кабарлардан башкараак жактарын билүүгө ниеттендим. Бул оюмду Керез эжеге да айттым. Бирок тагдырдын ташы каякка кулабасын, Айтматов менен Керез эжени бөлүп кароого мүмкүн эмес экенине ынандым. Сөз улуу жазуучуга барып такалары бышык экен. Айтматовду курчап турган чөйрө баары Айтматов менен байланышат экен.

Сүрөт альбомдордогу тээ качанкы элестерди биринен сала бирин мага айтып берип, кандайдыр бир сүрөт көргөнгө шарт түзүлүп калды дедиби, ынтаа менен карап, минткенге чолосу тийбей жүргөндөй болуп, сүрөттөргө үңүлүп, өткөн өмүрүн чындап көз алдынан өткөрүп жаткандай таасир калтырды. Анткени мени унута калып, кайсы бир сүрөткө көпкө тигилип, кооз алкактуу көз айнегинин астынан көзүн жуумп бир нерселерди элестетип атканы же окуяны эске түшүрүп аткандай болуп, саамга туруп калып атты...

Керез Шамшыбаева Сары-Өзөн-Чүйдүн Он Бир Жылга айылында жарык дүйнөгө келиптир. Атасы Жакыпбай уулу Шамшыбай согушка кетип каза болгондо апасы Сейинбү алты уулдан кийинки алты айлык Керез боюнда калыптыр. Кыздан жалгыз болгондуктан, эженин аты Керез коюлган экен. Бул жерде тагдырдын башка салган өтмүштөрү көп болгон. Атасы бир чөлкөмгө көрүнүктүү киши болгон. Апасы да колунан көөрү төгүлгөн чебер, нарк-нускалуу зайып экен. Тектүү жердин тарбиясын көргөндүгү Керез эженин баскан-турганынан, кийим кийгенинен, орундуу сөздөрүнөн, алган билиминен көрүнүп турат.

Керез эженин идиректүүлүгүн байкап калган атасы менен бир тууган эжеси Айша эже шаарга алып келип окутат. Шаардагы №5 мектебинен орто билимдүү болуп, курбусу, Абдылас Малдыбаевдин кызы Толкун эже менен Москвадагы адабият институтуна жолдомо алышат. Бул 1948-49-жылдар эле. Мектепти жакшы бүткөн кыз үчүн кайсы окууга өтүү проблемасы жок болчу. Ошондонбу, Айша эжеси анда (Беловодскидеги майып балдар үйүнүн директору болгон) Москвага убагында акча жөнөтө албайм деп Керез эжени Фрунзедеги мединститутка тапшыртат. Анын бул кесипти тандап бергени да Айша эженин ээлеген кызматындагы аялуу сезиминен улам болсо керек. Анда атактуу хирург Ахунбаев мединституттун ректору экен. (Айтматовдун “Фудзиямадагы кадыр түнүндөгү” Айша апанын прототиби ушул Айша эже) болгон.

Ошентип студенттик күндөр шуулдап өткөнүн билдирбей, комсомолдук иштерге тез аралашып, институттун коомдук иштерине сүңгүп кирет. Анда элеттен саналуу кыздар окучу. Болгондо да Керез эже интелигенттин үй-бүлөсүндө тарбияланып, шаардан орто мектепти бүтүп, орус тилин катыра сүйлөгөн, көп кыздын арасынан топ жарып көрүнгөн аппак, бой мүчөсү келишкен кыз шаардагы жогорку окуу жайларында окуган студенттеринин көзүнө тез эле көрүнөт.

Болочоктогу улуу жазуучунун көзүнө илингени да ошондон. Ага ошол маалда менмин деген бай-бийлердин балдары оролоп колун сунгандар көп болот. Өң-келбеттүү кыз өзү да алдынан алоолоп келген сезимдин кулу болуп, колунда жогуна, күйөөсү репрессияга туш болгон жүрөгү жаралуу Нагима эненин баласы экенине карабай бой салып берет. Бул жерде тагдырдын ташы адашпаптыр дейсиң. Нагима эне Керездей келиндүү болгонуна кудайга миң мертебе ыраазы болгон. Керез эже канчалык кайын-журтунда кыйынчылык күтүп турганына карабай ал үйдүн коломтосун өчүрбөшкө көзү жеткен болуш керек.

Ошол кезде майып балдар үйүнүн директору болуп турган Айша эженин шаарда таасири бир топ окшойт. Турмушту кылдат талдаган Айша эженин каршылыгына карабай Керез эже Чыңгыз авага турмушка чыгып кетет. Нагима эне Айтматовдордун үй-бүлөсүн сыйлоону, улуулардын кебин жерге таштабай угууну кулагына муютуп, тектүү жердин кызы дал ошондой кабыл алып, ошого калыптанып калат. Санжар, Аскар аттуу уулдарды төрөп, үй-бүлөлүк ынтымакты, сүйүүнү бекемдейт.

Аңгемебиздин учугу уланып отуруп, эки адамдын ортосундагы махабат, жаштык сымак сөздөргө такалды. Керез эженин ушунчалык өзүн сабырдуу кармап отурганы, күтүү менен өткөргөн өмүр-тагдырына салабаттуу мамиледе караганы таң калтырып отурду. Эженин жүзүнөн мен буларды байкадым. Айтматовдун сүйкүмдүү жары болуу бакытты атаа кылган. Бирок буюрган бакыт кантип буйтап кетти, ойлонбой койбойсуң. Айтматовдун “Чолпон”, “Жамила”, “Биринчи мугалим” аттуу чыгармалары ушул Керез эженин Чыңгыздын жаштыгынан, махабаттан алган сезимдер менен коштолору талашсыз.

Эже улам токтолуп отурган сөздөрүн улады:

- “Албетте, Чыңгыздын чыгармаларында не деген албан сезимдерди жаратып, окурмандардын тамакайын так кылганы, дүйнө элине таанымал болгону менен, менин бактымды, менин сүйүүмдү Чыңгыз жаза албайт...” деди Айша эженин сүрөтүн колуна алып.

Кийин түшүнсө, Айша эжеси аны өзү сыяктуу аты таанымал, колунда бар жерге бергиси келген тура. Көрсө, жалгыз боюнан башка эчтекеси жоктой, атасы куугунтукталып жүргөн айыл чарба институтунун студентине бере коюу оңой болгон эмес экен. Анын үстүнө орус, кыргыз тилдерин так билип, келечекте же комсомолдук ишмер, же мыкты врач болору эмитен билинип калган кызга ошо кездеги менмин деген студенттер менен кыйын бүлөлөр артынан чуркап тынчын ала баштаган убак.

Балким тагдыр башка буйрук кылса деген сыяктуу жандүйнөнү кыйнаган суроолордон эже кысылып кеттиби, көз айнегин колуна алып, демин аста сыртка чыгарып отургандыгы ортолуктагы байкоолордон улам азыр эле суктанып отурган үйдөн үшүгөндөй суук уруп, качкым келди. Жайнап турган дүр-дүйнө жасалгалар анчейин көрүнбөй кетти. Анткени улуу жазуучунун урматына эже өз өмүрүн курмандыкка чалганын, качан болсо Айтматовдун дарегине жамандык угулбасын деген ой-максаттары өмүрдүн жетимиш жашына билиндирбей жетелеп жүрүп жеткириптир.

Керез эже Айтматов деген ысымды ардактагандардын катарында турамын деп сөз улады:

-А кезде Чыңгыз башкалардан айырмаланчу эмес. Бою узун, арык, беттерин безетки басып, бодур-ала болгон, курган. Анысынан уялып, корунуп да турар эле. Бирок өзгөчө жароокерлиги, келечекке дилгир караганы, билимдүүлүгү, эмгекчилдиги менин жаш жүрөгүмдү жибитип, кандайдыр сүйдүрүп турар эле. Кээде Чыңгыз жөнүндө ойлогонумда, баары бир жазмышка ишенип да кетем. Азыр Чыңгызды сүйбөгөн жан жоктур. Мен кезинде чуулгандуу талашка түшүп, ошо кездеги бардар үй-бүлөдө өскөнүм, мыкты окуп, элдин оозуна илингеним, өң-чырай, башкалардан артыкчылыгымды сезгенби, Чыңгыздын бүгүнкү атак-даңкын ошондо мен да сезгенбимби, кудалап барганга алы келбеген илмийген бир зоотехник экенине карабай баарынан кечип, Чыңгыздын этегин кармап кеткенмин. Чыңгыздын жүрөгүндөгү менин ордум ошол.

Керез эженин оюн бузбай угуп отурдум. Улам колундагы сүрөткө узакка тигилип, өткөн өмүрүн салаадан дагы бир сыйра чубуртуп, салаадан куюлуп түшүп калган таттуу күндөрүн көрүп жаттыбы.

- Мага бериңизчи, көрөйүн, - дедим колундагы сүрөттү ала коюп.

- Бул Чыңгыз экөөбүздүн эң таалайлуу кезибиз эле...Эки уулдуу болуп, ырысыбыз ашып-ташып турган чак...

Эже сөздү андан ары улабады. Бир калыпта алып аткан деми токтоло калгандай болду. Же менин туюмум ушундай болдубу? Улуу адамдар жолуккан жылдар, андагы тунук сүйүү, сезимдердин толкун илеби сыйпап өткөндөй болгонсуду. Анткенге эженин нарк-насили, аялдык сапаты, балдарына эне болгондой, кайненеси Нагима эненин оорун колдон, жеңилин жерден алып, мезгилдин кыйынчылыгынан чыгууда Керез эженин салымы чоң болгону айтпаса да түшүнүктүү. Кайынсиңдилерине жеңе эмес, энедей таасир берүүсү, Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн урмат-сыйын биринчи орунга коюп, өз кызыкчылыгын көздөп басып кетпегендеги жалгыздыкты бир эже, бир кудай билет.

Ушундай чолок таасирденби айтор, үй ичиндеги жаңы эле мен сыймыктанып да, сүрдөп да тиктеп отурган укмуш идиш-аяктар, мен али көрбөгөн өлкөлөрдөн келген, асыл колдон жасалган сувенирлер түрдүү түмөн буюм-тайымдар да көзүмө көрүнбөй кетти.

Ушул алдымда отурган улуу инсандын ичиндеги көп жылдан бери кимгедир таарынып, суу сактагычта эчен жылдай топтолуп, али эч ким пайдаланбай нук издеген бугуп жаткан улуу дарыядай топтолгон муңбу, же арманбы, эженин жан денин толкутуп, чайпап, термелтип, жарылып чыгып кете жаздап тургансыды.

Демин оор үшкүрүк менен сыртка чыгарганча, дем алгандай болуп басыңкы үн менен: “Кыйынмын деген Чыкемди деле тагдырдын оомал-төкмөл ташы айласын мукуратып, кыйнабай койду дейсиңби, балам”,- дебедиби жарыктык Керез эже.

Ортодо оор тынчтык өкүм сүрдү. Колумдагы эгиздей жадырап түшкөн жаш Чыңгыз менен татынакай Керездин сүрөтүн эже менин колумдан да тойбой карап турду, карай берди. “Бул адеми, кыргыздын нарк-нускасын боюна сиңирген, баарына түтүп, чыдап, колунан келгенин тагдырга берип, өзүнө эчтемесин калтырбай сарптап салган байбичеге буюрган бакыт качан кантип жүз үйрүп кеткенин ким айта алат да, не деп жоруйт?”

Керез эже эмнегедир буулуккан ой туткунунан чыга албай турса да сөз учугун улай берди:

- Убагында түшүнгөн эмес экенмин. Чыңгыз алса, Бүбүсараны алмак. Албай калды. Ага Бүбүсара жол бербеди окшойт. Аны эми түшүнүп атпаймынбы...

Эженин сөзүнө сөз кошпой, унчукпай угуп отурдум.

- Көрсө... Ал улуу адам тура. Чыңгыздын келечегин сезген тура...Улуттун келечегине, тагдырына жазылган адамды кепке-сөзгө калбасын, бүтүнү бүлүнбөсүн, ачык жүз менен элге тике карап жүрсүн деген тура, маркум. Ал барган жерге мен деле барам го. Эрте кетти. Бүбүсара табигаттын элге берген белеги эмес беле. Андай сулуу аял кыргызда дагы качан төрөлөт? Бул табышмак.

Мында да унчукпадым. Өткөн өмүргө баа берип, бардыгына кайыл болуп, жалкы сүргөн өмүрүнө нааразы экенин сөз менен айтпай, балдарынын, журт атасынын амандыгына, элинин атын чыгарган сейрек жаралуучу адам экенине ыраазы болуп, акыркы мүнөтүнө чейин жаман айтпай, башкаларчылап өз үй-бүлөлүк укугунан пайдаланып, тиешелүү жерлерге арызга отурбай, бешенеге жазганына ынанып, жалкы өмүр сүрүп келаткан бул байбиче мага умай энедей таза, ыйык, аздек болуп алдымда отурду.

Бирок өктөлүү өмүр аны эрте картайтып, кусанын толбой калган бөксөсү оорулуу кылган экен деген ой улам тереңдей берди.

- Бул Чыңгыз экөөбүз түшкөн сүрөттү кайра өз колума тапшыр, мындан бирөө эле калды. Өткөн өмүр кысасын чыгарып эскерүү жазсамбы дегем. Эми кеч болуп калды. Ооруп да калдым. Кан басымым жогорулап, жүрөгүм тынчымды алып калды го...Бул оору эми мени соо калтырбайт...

“Бул сүрөт бирөө эле калды, өз колума тийгиз” деген эженин керээзин, акыркы сөзүн аткарбай, бир жагы пенделик, чыгынбастык менен жүрүп аялуу сүрөттү көзүнүн тирүүсүндө тапшыра албай калдым. Кечириңиз! Кыргыз аялдары үчүн аялуу, ардактуу эже. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Бейиши болгур берешен, акылга дыйкан Керез эже! Азыр да ушул саптарды жазып жатып улуу адамдардын тагдыры да, өмүрү да улуу болот окшойт деген бүтүмгө ынанып турам.

Керез эженин сөздөрүн көзү өтүп кеткенден кийин бир кечигибираак эскерип жатканыма жагдайлар бар эле. Эже ооруканада жатканда Чыңгыз ага келип, экөө гана палатада сүйлөшүптүр. Анан Айтматов көзүнүн жашын сүртүп ыйлап чыгып келатканын көргөнүн айтып берди бир таланткер.

Чоң жазуучуну кандай себептер ыйлатты экен. Балким Керез эже, Чыңгыздын колун акыркы жолу кыса кармап, коштошуп, сени кечирдим дегендир! Көп жылдар бирге болбогон аралыктагы өткөн-кеткен окуяларды эске алыштыбы бекен. Же өмүрдүн эч нерсеге алмаштыргыс баалуу кездерин эске салыштыбы. Айтор Айтматовдун жазуучунун жүрөгү бир нерсеге катуу толгонгон болуш керек.

Анан да Керез эже врач катары күнү түгөнүп, суусу бүтөрүн алда-качан сезип, каерге коюларын да ойлонбой койбогондур. Бул жарык дүйнө менен кош айтышып жатып, Чыңгыз авага :”Чуулгандуу тынчы жок шаарга менин сөөгүмдү койбогула. Мени шамалдуу Байтиктин Бас Бөлтөгүнө койгула. Мен күтүүдөн чарчадым, бир эс алып жатайынчы” дегендир.

Улуу сүйүү, улуу тагдырдын жаратмандары Керез эже 1999-жылы 6-мартта бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми 2008-жыл 10-июнь күнү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов одүйнө салган армандуу таң аткан...

Жаркын Суран кызы ТЕМИРБАЕВА

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз