Бийлик өзү жасап алган баатырлар менен жасакерлерден мерт болуп келет

  • 10.11.2023
  • 3172

Жазуучу Дүйшөн Керим менен соңку жагдайлар туурасында маек...

– Дүйшөн агай, “Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың...” дегендей суроо жана өзүңүз байма-бай чыкчу басма сөздөн дегеле көрүнбөй калдыңыз го?

– Биринчиден, эне тилибиздеги окурман болуп көрбөгөндөй азайды. Мен кембагал көбүнчө бийликке кайрылып, көргөн-эткен көйгөдү, мыйзам, акыйкат, калыстык талабында жазып, айтып келем. Бирок кашайып, төбөлдөрүң аны укмак тургай, окуп да койбогону жана окуган бирин-серин жай адамдар көңүлдү улап, “жакшы” дегенден башкага кайдыгер экенине көзүң жеткенде калемге дегеле жологуң келбей калат экен. Ошентсе да Ч.Айтматов айткандай “Жазуучу жазбай жүрсө да, жазып жүрөт”. Экинчиден, интернет заманы деп баарынын чукулап, тирмейгени чоң, кичине экран. Албетте, сабаттуулар үчүн интернет энциклопедия, справочник, маалымат, маданият, соода ж.б. булагы. Ал эми чаласабат сүрмөтоп үчүн ушак, фейк, порно, оюн, “ит жебеген...” кайым айтышуу аянтчасы. Тилекке каршы, боордошторумдун басымдуу бөлүгү мына ошол сабатсыздыктын, нарксыз, арсыздыктын сормо сазына жутулуп баратканы жан кейитет... Анан эми “Кайда жүрдүң...” деген ыр сабын айтпадыңбы, мурдатан эле ээнге эркин жүргөнгө ынтызар элем, пандемия келгенден бери огобетер чидээриген жылкыдай эле болуп калдым.

– Болуптур, ылдыйлаган жашоо образынан чыгуунун жолу сизче кандай?

– Мында, “Мен ойлойм!” деп келегей сөз айкашы менен акылмандык этүүнүн эч кажети жок. Болгону, атамзамандан келаткан акыйкат, айкын, калыс башкаруу зарыл. Караламан эл башчысын ээрчийт. Чындык гана куткаруучу, өзгөрүп, өнүгүүнүн негизи. Ал үчүн ири алды заманбап билимге канык, темирдей бекем эрктүү, элинин нарк-насилине мыкты суугарылган лидер талап этилет да. Эл ошого карап түздөлөт, үлгү тутат, шыктанат. А биз башынан шору арылбаган кыргыз эли мындай төгөрөгү төп дей тургандай башчыга, айрыкча эгемендик алгандан бери зар болуп, өксүп келебиз.

– Агай, билимдүү десеңиз академик, экономист чарбачыл, ал тургай ООНго чейин иштегени деле Президент болуп көрдү го...

– “Оромпой тепкен 30 жыл!” деген аталышта көркөм документалдуу сценарий жазып келем. Буйруса китеп болот, театрда, кинодо да койсо болот. Бул чыгарма акыйкат деп, кардыкканча какшап өткөн агабыз Д.Садырбаевге арналат. Доке 90-жылдагы Ош окуясына улай “Кайран эл” деген көп сериялуу көркөм документалдуу фильм тартып, жоон топ журналисттерге, маданият кызматкерлерге кайсыл бир окчун, эски кино залда эртеден кечке жашыруун көрсөткөн. Ошондо белгилүү маданият кызматкери Шаршен Усубалиев агабыз: “Дооронбек, бул эмгегиңди элге ачык көрсөтөр бийлик азырынча жок, качан пайда болору да белгисиз...” – деген эле. Менин жаман эмгегим да ошол “Кайран элдин” кайсыл бир деңгээлдеги уландысы десек болот.

– Үзүндүсүн окусак болобу?

– Үзүндүсү болсо, мейли...

“Мугалимдер газетасында” иштечүмүн. Министр Чынара Жакыпова чакыртыптыр. Таңгалуу, чочулоо да кошул-ташыл, министр кайсы бир кабарчыны жеке чакыратат деген эмне?

– Вы откуда, вернее из какого района? - деди, көзүн ирмебей тиктеп.

– Ат-Башыдан, – дедим көзүмдү албай, атайылап кыргызча.

– Значит, жердеш... - деп күлүп жиберди. – Хорошо пишите, так держать!

“Жакыпова келетат!” дегенде, какбаш жетекчилердин да өңү бозоро түшүп турган маал. “Муз ордунан жылды” деген атылыштагы макалалардын сериясын мен да реформатор жаш министрди коштой байма-бай жаза бердим. Ал аңгыча Акаев: “Чынара айымдын капризаларына жакшы эле чыдадык” деп, адатынча калың кашты серпе жайдаңдай комментарий айтып туруп, кызматтан алып салды. Ордуна сүйлөгөндө бош темир челектин түбүнөн күңүрт үн жаңырып угулгансыган, мүнөзү жибектей А.Какеев дайындалды. Көп өтпөй “Асаба” газетасынын биринчи бетине акын Карбалас достун эки шиңгил ыры басылды.

“Чынара Жакып кызы,
Шамалдай чок учурган,
Жок утулган.
Жайдары батальонго түкүрдүм мен...
Римдин бьюстарындай чогултулган.

Чынара Жакып кызы,
Чыңырган чындык эле,
Чындыкты сынды дебе.
Чындыкты мээлеп аткан...
Сынды көз, сынды жебе!”

“Жайдары батальондун” акыйкатка жортуул чапкыны ошентип башталды.

  •  

94-жылдын март айынын жыйырмаларында Бишкекке тушаардан сары кар жаап салды. Таң атпай бирөөлөрдү издеп Ош базарынын оро-парасындагы короолуу үйгө башбактым. Көзүң жамандыкты көрбөсүн!.. Прицептүү КАМАЗга шыкай жүктөлүп келген, жумурткадай ак койлорду алагүү жигиттер четинен сүйрөп түшүп, шымалана союп, жо-жоок барчалай кескилеп жатышты. Чала мууздалган койду толорсугунан темир илгичке илет да, шарт курсагын жарып, ичеги-карынга аралаш чарайнадагы козулар үнсүз маарагансып, суу карга туйлаган боюнча ыргытылып жатты, жатты, оо кокуй жатты...”

Ошол бүлгүнгө кыргыз чыдады. Ооба, кыргыз, кыргыз болгону бүлгүн - чапкынга, эзелтеден алсак Алооке кытайдын,Саянтоодо Култегиндин, Чыңгыз хандын, Ермактын, Калмак ойроттун, Абылай, Кенесарынын, Коконхандын, 16-жылкы орустун чапкын, кордугуна чыдады, азайды, пасайды, а бирок аман калды...

Соңку Акаевдин бүлгүнүнө да кыргыз эли 15 жыл чыдады. Не деген эл байлыгы кумга сиңген суудай саналуу адамдардын чөнтөгүнө сиңди, чет жерге акты. Бир кез тоолуктар четинен суурдун этин да жей баштагынына күбө болдум, а балким жаркөпкө аралаш сунулса мен да жедим...

Ошол туулбай жатып суу карга тыбырчылай ыргытылып жаткан аппак козуларды эстегенде жакамды жашыруун уучтай дуба кылам: “Ээ, улуу Жараткан кесирибизди кечир! Эл-жерибиз аман болгой эле...”

– Кайгылуу экен... Бирок өткөндө Президентибиз “Кумтөр боюнча бизге көмөктөшүп, Акаев өзүн актады” дегендей айтты го?

– Билесиңби, салыштырып айтканда кезиндеги немис крематория мешине жагып жиберсе да сөөк күлү агарбай турган күнөөлүү адамдар болот. Мейли айкөл бололу, өткөн ишке салабат дейли... Элдин эстутумун, тарыхтын тамгасын кантебиз? Тандырабы, бура бастырабы, актайбы?

– Агай сиз мурдатан бийликке сын, сунуш айтып, жазып келатасыз. Бирок айрымдардын “Өз агасын эмнеге айтпайт?” деген сөздөрүн да угуп калабыз.

– Жөнү жок эле айта беремби, сурадың демек, жаап-жашыра турган эч нерсе жок. Накен Касиев СССР учурунда врач, башкы врач, саламаттык сактоонун облбашчысы, министрдин орун басары болуп иштеп келип, Акаев бийлиги учурунда 9 жыл министр, бирар жыл мамкатчы, 5 жыл Ош облгубернатору болуп иштеди. Кыскасы, эң туруктуу кадрларынын бири болду. Ишине эл таразадыр, мен ал кишиге сыным, чыным да – Акаевдин башаламан, жалган саясатына каршы чыкпады, бир да жолу ачык протест жасай албады. Ошону менен катар айрымдарга окшоп көлдөлөң көшөкөрлүк жасаган жок десек да болот. Ал ортодо өзү да ишенген шефинин эки жүздүү саясатынын азабын тартты, ден соолугу эртелеп бузулду.

– Мисалы...

– “Ашыркуловго граната ыргытуу” операция провакациясы, канайымдын китеп болумушунда аялынын жамандалышы, 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо кызылдай акчанын күчү менен көз көрүнөө саясат жарышынан биротоло четтетилиши, ж.б.у.с.

– Ошолорду өзү айтып, жазганбы?

– Уккан, көргөн да жокмун. Ошондой болсо да “Касиев президент болмок, Касиевдей ишенген кадрларын да алдап жүрүп, Акаев акырында өзү артын карабай чет элге качты...” деген толгон-токой пикирлерди, “миш-миштерди”, улуу Жараткандын жазмыш буйругуна баш ийген пенде катары кулактын сыртынан кетирип коюп, биртууган акем ошол Акаев канталамай бүлгүн “бойнясынан” этек-жеңи булганбай чыккан саналуу чиновниктердин бири экендигине, Ала-Тоонун кайсыл бурчуна барбайын, ал тууралуу эч үндөбөсөм да, “Накен Касиевдин иниси экен” деп астейдил мамиле жасаган эл-журтту аралай жүрүп, шүгүрчүлүк келтирерим да чын.

– Акаев актала баштаса, демек, калган президенттердин баары эле четинен акталат деп ойлойсузбу?

– Жок... маселен, мен үчүн жок.

– Өзүңүз көп айткандай, дагы да маселен, эркиндикте жүргөн Р.Отунбаева, С.Жээнбеков да күнөөлүүбү?

– Роза эжебиз ООНго чейин иштеп келген киши, дүйнөдө жок бир жарым жылдык президенттикке макул болуп, оюна эмне келсе жасаган, оолукма Атамбаев бийлигине жол ачып бербедиби... Демек, эжебизге убактылуу болсо да президенттик кресло кымбат экен. Ал эми Атамбаев карызга, болгондо да Кытайдын кооптуу карызына мамлекетти байлап койду. Бийликке каш кайрыгандырдын баарын камады, оорукчан кылды. Ошондо газета аркылуу “Кыйкырсам үнүм жетеби...”деп кайрылуу кат жазганым эсте. Ө.Текебаев, С.Жапаров, баарын санап келип,” ...ушул беш киши да ээрчибеген Талгарбековду “төңкөрүш жасоого аракет...” деп каматып койгонуңуз уят. Жөнү жок камата берип өзүңүздүн “шишиңизди толтуруп”, элдин кыжыры менен ойной бербей, бошотуп койбойсузбу!” деп жазгамын.

Парадокс! Атамбаев эми өзү түрмөдө саргайып отурат. Жетеленип келген Жээнбеков болсо жетектен чыккансыганы менен мурдагы ашмалтай көчтү ашкере улады. Садырды баш кылып камакта обу жок кармап, “өлүмүш” болуп отуруп алды. Болуп көрбөгөн “фальшь” шайлоосун айт, пандемияга келген жүздөгөн миллион доллардын дайынсыз жок болгонунун айт... Бир заманбап оорукана салдыбы? “Намаз окуйт экен, нарктуу атанын уулу...” дегендей кайран ишенимдер... Өлкөнүн экономикалык, саясый акыбалын өчөйтүп баса берди. Таңгалганым, эл аралык грант, кредит дегендер эл, жер, мамлекет үчүн берилет. Бирок ошол олчойгон суммалардын жыргалы эл турмушунан сезилеби? Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, алардын ага-тууган, жек-жааттарынын жыргалы үчүн экен да... Карыз кундун доосун, кайгы-касыретин курган эл мойнуна илип, жыл өткөн сайын мукурай бериш керек экен да...

– Акыры “Күндүн көзү” көрүнгөнсүйбү?

– Кыргыз эли өтө чалкеш, кыйчалыш, кыйын кезеңдерди башынан өткөрдү, чыңалды, чырбаш, эч кимге толук ишенбеген да кооптуу мүнөзгө ээ болду. Ошону менен бирге сабатсыз, делбетап, кайдыгер, карамүртөз коом пайдубалы да калыңдап барат. Албетте, Кудайдан тилегенибиз – жакшылык! Президентибиздин жолу ачылса, элибиз айкын, адил, мыйзам жолуна чыкса, үмүтүбүз жанып, ниет-тилегибиз агарса, текши жакшы жашоого жетсек дейбиз! Тилекке каршы, “халва, халва...” деген менен таттуу турмуштун жыты да сезилбей жатат. Баягыдай эле каяша, сын сөз үчүн обужок шектенип, омуроолоп камоо, кош саясат, кадрларды шашылыш, жаңылыш дайындоо, шектүү шайлоолор, “кустуруу жана үй-түрмө, түрмө-үй ойнекей” окшогон камактар, чыры арылбаган чегара, дежур кошомат, көшөкөрлүккө ыктоо, таянуу жана бирдиктүү идеологиялык саясаттын өксүктүгү ж.б.у.с.

Узун сөздүн кыскасы, кыргыз бийлиги илгертен өзү жасап алган баатырлар менен жасакерлерден мерт болуп келет. Кийинкиси антпесе экен... дейин десең кайра эле ошол. Кудай урбадыбы, башкасын айтпаганда да кечээги ырчы Болот, журналист Болот деген жигиттерди туткундоо оголе олдоксон болуп калды го. Токтогул менен “Беш каман” деле тарыхта ушундайдан өчпөс болуп калган эмеспи. Тарыхта таза, татыктуу наам менен калууну эңсеген эрктүү бийлик болсо, эртең эле Ак үйдүн алдына ак өргөө көтөртүп, ичине заманбап шарты менен жазып алчу катчыларын отургузуп, Болот ырчыдай буулуккандарга микрофон берип койсо болбойбу... Түз байланыш, диалог, факт! Президент өзү белгилегендей, “Белгилүү калемгер” кеңешчилери эмне иш кылат? Маселен, Чолпонбек дос чоңсунуп намыстанса мага бергилечи, элчилик вазыйпаны. Акысыз эле иштеп, эл үнүн топтоп, жарым айда бир жолу жарым саат эле Президентке отчёт берип турайын деп кыйкыргың келет. Э катыгүн, дүйнөдө жок океандай сөз кенчи “Манас” жараткан элдин эң башкы байлыгы эркин сөз экендиги, сөздү бууган, кыргыз үчүн абаны бууганга барабар экендигин түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө анча деле көп акылдын зарылдыгы жок болсо керек. Эми бул, айла кеткендеги сөз, кыял...

Маектешкен Жанаркүл МЫРЗАКУЛОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз