Жаныбек Маданбек: Тагдырымдын балладасы

  • 24.02.2022
  • 2442

Бул дүйнөгө мен келдим,
Буйругу экен эгемдин:
Эки ыйыктан жок тура,
Эки колу денемдин!

«Ыңаа, ыңа...» мен жатам.
Ичиркенет эне-атам.
«Мүйүздүү эне» болбосо,
Мында барбы элем  таң?...

Умай энем – тайенем,
Уул кылган ал энем.
Алдейлебей таштаса,
Азыр кайда бар элем?!

Буга дагы канимет...
Болсун дешип  Жаны бек.
Эркелетип бакканын
Эстеп калам ар ирет.

Бир эненин туну элем,
Бир атанын уулу элем.
Айып болду эл-журтка
Майып болуп бул денем.

Калса аял бошоно,
Карк болчу эле босого...
Сүйүнчүм да суралбай,
Сүкүт калган ошого.

Көк-Теректей жергемден
Көктөм алып мен келгем.
Түшкөнүмдөй космостон,
Түтүнүбүз сенделген.

Өңү жаздай энекем...
Өлбөй калган мен экем.
Бирде дүйнө тар болсо,
Бир жагынан кең экен.

Ошо, ошо болуптур.
Окууга жашым толуптур.
Бутум колго теңелип,
Бул эл шондо моюптур.

Теңир мени жараттың,
Тагдырды мен жадаттым.
Өнөр, билим, жар сүйүп,
Өздү, жатты караттым.

Дурус зайып жубайым,
Туш кылган маа кудайым.
Уулум бар менин муунум бар,
Ушуга канаат кылайын.

Жадыраным – оң колум,
Жаңыланым – сол колум.
Эки уулдуу болгонум,
Эки колдуу болгонум.

Билимдүүлөр, инилер,
Бири – арка, бири – бел.
Тил-жазууга бышыктан,
Тирчилигим тиримел.

Майып жигит мен эмес,
Маданий жактан кем эмес.
Жарыгым бар, арым бар,
Жамандар мага тең эмес.

Жазымыш мени жаратты,
Жагдай, мезгил жадатты.
Э, муктаждык, майыптык
Эл көзүнө каратты.

Айтып кантем башкасын,
Алдымдагы максатым –
Бооруңарга баш каткан
Болсом болду жакшы акын!

ЫРЫМ-СЫРЫМ
Ырларым – от,
Рухуңду шат кылат.
Ыргагым – ок,
Ыманыңды аткылар.
Сырларыңды даңк кылар.
Нээтим жок,
Жүрөгүңдү дарт кылат.

Ырларым – куш,
Кыялыңды чалкыткан.
Муңдарым – кыш,
Муз ойлорун калкыткан.
Сезимим – кыз,
Жигиттерди балкыткан.
Көңүлүм түз,
Көңүлдөрдү жаркыткан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз