Тилмечтерди сокурду жетелеген адамдарга окшоштурам...

  • 27.02.2022
  • 2438

Маектешибиз Рахим Карим (Каримов) өзбек-кыргыз-орус совет акыны, жазуучу, публицист, котормочу. 1960-жылы Ош шаарында туулган. Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. КР Улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү. Орус тилдүү жазуучулардын эл аралык федерациясынын (Лондон-Будапешт) Кыргызстандагы расмий өкүлү.

Евразия элдери Ассамблеясынын (Россия) Адабий кеңешинин теңтөрагасы. Россия Жазуучулар союзунун мүчөсү. Эл аралык «Алтын табуретка» конкурсунун лауреаты, (БААУ) Кыргызстан. Эл аралык “Тилдер көп – дүйнө бирөө” сыйлыгынын лауреаты, (БААУ) Кыргызстан. Молдо Нияз, Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабий сыйлыктардын лауреаты.

Кыргызстан, Россия, Украина, Өзбекстан жана Германиянын композиторлору менен биргеликте жазылган өзбек, орус, кыргыз тилдеринде 20дан ашуун популярдуу ырлардын автору.

– Рахим мырза, сиз үч тилде эркин сүйлөгөн, жазган акын, жазуучусуз. Канткен менен сизге эне тилиңизден башка кайсы тил жакын?

- Ооба, туура айтасыз. Мен чындап эле үч тилде: өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйм жана элүү жылдан бери ушул тилдерде чыгармачылык менен алектенип келем. Албетте, Кыргызстанда туулуп, өсүп, ушул жерде жашап жаткандыктан, мен кыргыз тилин эне тилимден кийинки экинчи эне тилим деп эсептейм. Ошондой эле Кыргызстандын жараны катары мурдагы СССР аймагында төрөлгөндүктөн, ошол кезде улуттар аралык мамиленин тили болгон, азыр мамлекетибиздин расмий тили эсептелинген орус тилин жакшы өздөштүргөм. Окуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепти бүтүргөнүмө карабай, орус тилин үйрөнүүнү Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтунда улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом. Ошентип, үч тилде калем термелтүүгө эриштим. Бул мүмкүнчүлүк албетте, өзүнөн-өзү пайда болгон жок. Бул элүү жылдык тынымсыз мээнеттин жемиши десем жалган болбос.

- Сиздин чыгармаларыңыз дүйнөдөгү бир нече тилдерге которулуп, эл аралык ар кандай сыйлыктардын ээси болдуңуз. Ошондо кандай сезимде болдуңуз?

- Акыркы 15-20 жыл ичинде менин чыгармаларым элүүдөн ашык тилге которулуп, жүзгө жакын өлкөдө жарык көрдү. Тигил же бул чет мамлекеттен алган сыйлыктарда Кыргызстандын желегин, Кыргызстандын атын көрүп, дайыма өзүмдү кудум Эл аралык спартакиадада жеңишке жетип, пьедесталда алтын медаль тагынып турган спортчудай сезем. Артымда Кыргызстандын Гимни жаңырып, өлкөбүздүн кызыл желеги желбиреп, өйдөгө көтөрүлүп баратканын элестеп, көзүмдөн жаш тегеренет. Анан кубанычтан ичиме батпай кетемин. Бирок бул кубанычымды бөлүшкөнү жанымда ата-энемдин жоктугунан кыйналам. Туура, жубайым, уулдарым мени дайыма куттуктап, колдоп турушат. Биз мындай бактылуу күндөрдү колдон келишинче жууйбуз (күлөт), бирок бул канткен менен мага жетпейт. Себеби алган сыйлыктарымды Кыргызстандын эли менен бөлүшкүм келет. Анткени бул сыйлыктар бир гана менин жетишкендиктерим эмес, балким бүт жердештеримдин да ийгиликтери деп ойлойм. Акыркы убакта алган эл аралык сыйлыктарымдын саны бир топ көбөйдү. Ошентип, мен аларды бир эле өзүм үй-бүлөм менен көтөрө албайм. Уят болсо дагы, бул сыйлыктар жөнүндөгү кабарларды Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына жөнөтө баштадым. Илгери мен мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес элем... Бул ишти мактаныш үчүн эмес, балким бүт кыргыз элин ийгилиги менен куттуктап, өзгөчө азыркы пандемия мезгилинде мекендештериме аз да болсо позитив тартуулап, ааламда али бардыгы түгөнүп бүткөнү жок, дагы эле жашоого умтулса, чыгармачылык менен алек болуп жашоону улантса болот деген ой менен аларга дем, шык берүүнү өз алдыма максат кылам. Билбедим, менин бул жоругумду эл кандайча баалады экен? Бирок мунун артынан башка эч кандай максатты көздөгөн жокмун. Ким билет? Балким, адабият тармагындагы ийгилигим биздин коом үчүн анчалык деле маанилүү эместир...

Мени азыркы мезгилде бир нерсе абдан тынчсыздандырып келет. Европалык академиялардын бири менин эки томдук ыр жыйнагымды Нобель сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүп жатат. Бирок ушундай чоң сыйлыкты алганы абдан корком. Анткени эгерде Кудай мени бул сыйлыкка татыктуу деп тапса, анын кубанычын мени менен бөлүшө турган артымда эч ким жок. Андыктан бул сыйлыкты алууга да ашыккан жокмун. Даяр да эмесмин. Себеби муну мен бир эле өзүм таптакыр көтөрө албайм деп корком...

Мэрлерибиздин коңшулаш өлкөдөгү спорттук мелдештерге катышып, теңтуштарынын көзүн көгөртүп же өздөрүнүн көзү көгөрүп кайткан жети жаштагы мушкерлерди даңазалуу тосуп алганын көрүп бул кичинекей каармандарыбызга аябай суктанам. Мен бул дүйнөдө алтымыш жыл жашап эне шаарыма ушул кичинекей балдарчалык даңк алып келе албаганыма өкүнөм. Ошондой эле ар жылы Кыргызстанда Улуттук адабият күнүнө карата губернаторлордун жергиликтүү акын-жазуучуларды кабыл алуу аземин көрүп, кесиптештериме сыймыгым артат. Алардын көпчүлүгү бүт өмүрүн эл чарбасынын башка тармактарына арнаган адамдар болсо дагы, өз кесиби боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишип гана калбай, балким адабият тармагында дагы зор жетишкендиктерге эришкенин көрүп абдан кубанам. Ал эми мен, бүт өмүрүн жалаң профессионал адабиятка жумшаган жан болсом, алтымыш жылдан бери мындай көңүл бурууга эч болбосо бир жолу татыктуу болбогонуман уяламын... Мындан нары Кудай менин өмүрүмдү узартса деп кыялданам, жок дегенде сексен жашка чейин жакшы бир чыгарма жаратып, жок дегенде бир жолу Жазуучулар күнүндө калемдеш досторум сыяктуу ушундай көнүл буруп, таң алынуу бактысына душар болсом деп арзуу кылам.

Менин оюмча, дүйнөнүн булуң-бурчунан алган эң абройлуу сыйлыктарым төмөнкүчө. «Евразиялык акын», Петер Богданинин сыйлыгы, Бельгия, Дарданика сыйлыгы, Бельгия, Свами Вивекананда атындагы сыйлык (Индия). «Азия континентинин акыны», «Кытайдагы жылдын мыкты акыны», Сахитто сыйлыгы (Бангладеш), Алтын Бүркүт, Күмүш Калкан, Перу, Италия Президентинин Өкүлчүлүгүнүн “Галатео шаары - Антонио де Феррарис” атындагы алтын медалы (Италия). Шекспир ордени (Оман). Гуджарат Сахития академиясынын сертификаттары (Индия), "Философиянын ардактуу доктору", (Марокко). Дүйнөлүк адабияттын Иконасы жана Элчиси, Тынчтыктын элчиси, Латын Америкасынын азыркы заман адабияты академиясынын (Мексика) Ардак диплому жана башкалар.

- Мен деле чыгармачыл жанмын. Азыркы учурда тагыраак айтканда, 30 жылдан бери китептеримди өзүмүн каражатыма чыгарам, көтөрүп жүрүп сатам, өзүмө-өзүм демөөрчүлүк кылам. Сизде, башка жазуучуларда деле так ошондой. Бул эмнени билдирет? Бизде эле абал ушундайбы?

– Ризван айым, мен Сизди көп жылдардан бери таза, чыныгы чыгармачыл инсан, терең билимдүү, өз ишинин устаты катары жакшы билем. Сизди жана чыгармачылыгыңызды жогору баалайм. Сиз Кыргызстандагы мыкты чыгармачыл инсандардын бирисиз. Мен дагы 30 жылдан ашык убакыттан бери китептеримди негизи өзүмдүн эсебимем басып чыгарам. Анан өзүм аларды көтөрүп жүрүп сатам. Бул жагдайды көргөн кээ бир калемдеш досторум мен жөнүндө туура эмес кеп-сөздөрдү да таратып жиберишти. Алардын айтымында, “Рахим Каримге адабият эмес, акча гана керек” деген. Бул мага аябай оор батты. Эгер мен профессионал жазуучу болсом, китептеримди сатпай, эмнени сатуум керек? Бүт дүйнө жалаң базардан, сатуудан куралган болсо?! Жыйырма жылга жакын туруктуу жумушум жок болсо, дүйнөдө кантип жашайм? Карасуу базарында байпак же өтүк сатуум керекпи? Бул мен үчүн өтө уят иш.

Ушинтип тапкан акчамды өзүмдүн, балдарымдын курсагынан, кийим-кечесинен үнөмдөп жаңы китеп чыгарам. Бирок бул китептерди бай болуу учун эмес, элге агартуу, руханий азык беруу максатында ишке ашырам. Себеби жазуучулук менин кесибим. Болбосо белгилүү классигибиз, дүйнөгө атагы чыккан Чыңгыз Айтматов окуган Адабият институтун эмнеге бүтүрдүм? Базарда кийим сатуу, манты бышыруу, нан жабуу үчүнбү? Туура, мен бул кесиптин ээлерин кемсинтүүдөн алысмын. Ар бир кесип уникалдуу. Бирок «Таранчы сойсо да касап сойсун» деген кеп бар эмеспи?.. Ошон үчүн колумдан келишинче чыгармачылык менен алектенип келем. Бирок көп жылдык эмгегим текке кеткен жок. Кудайдын жардамы менен дүйнөдөгү эң белгилүү акындардын бирине айландым.

Бирок учурдан пайдаланып, өткөн жылы “Кыргызпатент” мамлекеттин эсебинен менин эки томдук ырларымды орус тилинде 50 нускада чыгарганын өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу менен моюнга алышым керек. Бул мен үчүн өтө чоң дем, мотивация болду.

Компьютер, интернет, уюлдук телефондор, өзгөчө смартфондор, ар кандай социалдык тармактар пайда болгондон кийин адабий чыгармачылык менен алектенгендердин саны бир топ көбөйдү. Эгерде мурда дүйнөнүн ар бир мамлекетинде бир нече жүз гана мүчөсү болгон бирөө жазуучулар Союзу болсо, азыр ар бир өлкөдө чыгарма жазуу менен алек болгондордун башын бириктирген бир нече ушундай союздар бар. Мындан тышкары жазуучулардын эл аралык, бүткүл дүйнөлүк союздары түзүлгөн. Аларга ыр жазган, проза жазган каалаган адам мүчө боло алат. Теориялык жактан алганда, ар кандай өкмөт биринчи кезекте анын юрисдикциясына кирген Жазуучулар союзу менен иштеши керек. Кээ бир өлкөлөрдө жазуучулар союздары өлкөнүн Маданият министрлигинин курамына кирет. Мисалы, Сербия сыяктуу кичинекей мамлекетте Маданият министрлиги ай сайын автордун китебин же котормосун басып чыгаруу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлөт.

Же Өзбекстанды алып көрөлү. Өзбекстандын жетекчилиги акыркы жылдары мамлекет жазуучуларына өзгөчө көңүл буруп келүүдө. Республика Жазуучулар союзунун курамында азыркы күндө 300 адам иштейт. Ага Союздун аппаратынын кызматкерлеринен тышкары Өзбекстан Жазуучулар уюмунун карамагында турган адабий басмалардын кызматкерлери кирет. Жыл сайын мамлекет эсебинен өзбек авторлорунун китептери басып чыгарылып, окурмандарга бекер таратылат, авторлорго тиешелүү гонорарлар төлөнүп берилет. Өлкө жетекчилиги жазуучулардын бүтүндөй шаарчасын куруп, анда жазуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жазуучулардын бульвары жаратылган, анда өзбек адабиятынын классиктеринин эстеликтери тургузулган. Жазуучулардын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөр курулуп жатат. Жазуучулар үчүн эс алуу үйлөрүнүн тармагы өнүгүп баратат. Ал жерде жазуучунун ролу жеке чыгармачылык менен алектенген адам катары эмес, мамлекеттин бүтүндөй идеологиясынын башында турган адам катары бааланат. Чынында эле өлкөдө жазуучу болбосо, анда элди ким тарбиялайт, жетектейт деген суроо туулат.

Акыркы он жыл ичинде кайсыл чет өлкөдө кандай чыгармам, китебим чыккан болбосун, же кандай сыйлык албайын, мен аларга чөнтөгүмөн бир тыйын төлөгөн эмесмин. Алар китептеримди өздөрү которуп, өздөрү басып чыгарганы үчүн алардан калем акы сурабайм.

- Сиз менен көркөм котормо жөнүндө кененирек баарлашсамбы дейм. Көркөм которомонун негизги максаты кайсы? Өзүңүздүн тажрыйбаңыздан улам айтсаңыз, орто чыгарма деле мыкты котормочунун колунан жакшы чыгармага айланат деген көз караш бар. Ушул туурабы?

- Котормочулук чоң санат. Мен тилмечтерди сокурларды жетелеген адамдарга окшоштурам. Башка тилде жазылган ырга же аңгемеге бул тилди билбеген адам канчалык карабасын, аны ошол эле сокур адамдай көрө албайт. Ушундай адамдарга жардам берүү максатында мен өзүмө белгилүү тилдерге башка тилдерден чыгармаларды которуп, алардын көзүн ачып, жакшы иштерди жасап, сооп алгым келет. Бир улутту экинчи улут менен, бир маданиятты башка бир маданият менен байланыштырууга аракет кылып, достук көпүрөлөрүн курууга умтулам.

Эл билиши керек болгон чыгармаларды чет элдик же ата мекендик жарандарга тезирээк жеткирүүгө аракет кылам. Мисалы, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастанын өзбек жана орус тилдерине, Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун “Мейман” повестин өзбек тилине, “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер” Таш Мияшевдин “Махабат менен коштошуу” повестин, акын Кармышак Ташбаевдин «Бийик жердин балдары» аттуу ырлар жыйнагын өзбек тилине, жазуучу Сапар Абыловдун “Көрүстөндөн кайткан аял” повестин, “Алтын кепич” жомоктор китебин, жазуучу Төлөн Жолдошевдин “Манас” романын өзбек тилине, баткендик жазуучу Аскаралы Ражабалиевдин «Мусаапыр» аттуу повесттер жыйнагын орус тилине, акын Маркабай Ааматовдун ырларын өзбек тилине которгом. Ошондой эле кыргыз классиктери Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов, Абдирашит Урбаевдун ырларын өзбек, орус жана англис тилдерине которуп бир топ чет өлкөлүк сайттарда жарыяладым.

Мындан тышкары, Өзбекстандын Баатырлары, Өзбекстан эл акындары Абдулла Ариповдун эки томдук ырлар, дастандар жана драмалар жыйнагын, Эркин Вахидовдун ырларын кыргыз, орус жана англис тилдерине, Өзбекстан эл акындары Аман Матчан, Халима Худайбердыева, Мухаммад Юсуф, акындар Равшан Файз, Фарида Афроз, Дилбар Хайдарова, Гулчехра Шахабидин кызы, Адыл Икрам, Мухаммад Исмаил, Алым Осаров сыяктуу акындардын ырларын орус жана англис тилдерине, өзбек поэзиясынын классиктери Алишер Наваи, Захириддин Мухаммад Бабур, Бабарахим Машраптын казалдары, рубаилерин кыргыз, орус жана англис тилдерине котордум. Россия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Казакстан, Нидерланды, Тунис, Сауд Арабиясы, Румыния, Польша, Македония, Хорватия, Босния, Герцеговина, Сербия, Иран, Дания, АКШ, Словакия, Мексика, Малайзия, Ирак, Италия, Бангладеш, Непал, Түркия, Израил, Филиппин, Сейшел аралдары, Жапония, Кытай, Вьетнам, Индия, Индонезия, Албания, Косово жана Боливия өлкөлөрүнүн акындарынын чыгармаларын кыргыз, орус, өзбек тилдерине оодардым.

– Бир тилден экинчи тилге оодарып жатканда кандай кыйынчылыктар көбүрөк кол байлайт? Которгонго белсенген тилдеги чыгарманын мыкты чыгышы үчүн эмнелерди билүү, үйрөнүү же тажрыйбалык база – кайсынысы мааниге ээ?

– Бир тилден экинчи тилге которууда эң кыйын нерсе – автордун стилин, деңгээлин, маанисин сактап калуу. Бул ар бир сапты жана ар бир сүйлөмдү туура которуу үчүн өзүнчө сынак. Котормочу ар бир абзацты окурманга жогорку деңгээлде жеткиргенде ар дайым күмөндө болот. Котормочу котормодо ийгиликке жетүү үчүн адегенде ошол тилде эркин сүйлөгөн жана ошол деңгээлдеги акын же жазуучу болушу керек. Анын жогорку филологиялык билимге ээ жогорку билимдүү адис жана бул кесипте көп жылдык тажрыйбага ээ болуусу абзел.

– Сиз башка авторлор менен кандайча иштешесиз? Алардын чыгармалары сизге жакканы үчүн которосузбу же ар кандай зарылдыктан улам которууга мажбурсузбу?

– Мен авторлордун өтүнүчү боюнча алар менен оозеки иштешем. Бирок мен абдан начар менеджермин. Ушул күнгө чейин аткарган котормо иштерим үчүн төлөнүүсү керек болгон калем акынын 90 пайызын ала элекмин. Мунун көптөгөн себептери бар. Мен алардын артынан чуркап калем акымды талап кыла албайм. Бул менин мүнөзүмө туура келбейт. Буга убактым да жок. Кээ бир чет элдик авторлор чыгармаларын кыргыз, өзбек, орус тилдерине которуп, басып чыгарууга көмөк көрсөтүүмдү суранышат. Мен аларга калыс жардамдашуудан баш тартпайм. Алардын өздөрүн бактылуу сезиши үчүн колумдан келген бардык жардамды көрсөтөм. Кудай каалабаса мени алар менен жолуктурмак эмес деп ойлойм. Кыскасы, котормочулук менен зарылчылык үчүн алектенбейм. Мага котормо менен иштөө абдан жагат. Жогоруда айткандай, мүмкүн болушунча “сокурлардын” көзүн ачкым келет. Мен көбүнчө кайрымдуулук үчүн иштейм. Себеби, адабиятка акча табуу үчүн келген жокмун. Эгерде китептеримди сатууга туура келсе, буга мен күнөөлүү эмесмин. Буга мезгил, заман айыптуу деп билем.

Кийинки сурооңузга келсек, өзүмө жакпаган же окурманга эч кандай таасири тийбеген чыгармаларды которбойм. Мага канча акча сунуштаса да. Анткени менин максатым которуу жолу менен акча табуу эмес, жогоруда айткандай адамдарды руханий жактан байытуу, маданияттарды бириктирүү. Элибизде ушундай кеп бар эмеспи: “Казанда болсо, чөмүчкө чыгат”. Чыгармада эчтеке жок болсо, аны мыкты котормочу да кооздоп, жакшырта албайт. Кээ бир котормочулар ушундай кылса, алар адабиятка чыккынчылык кылып жатышат деп ойлойм. Мунун баары ар кимдин өз абийирине байланыштуу. Бирок мындай көрүнүшкө мен таптакыр каршымын.

– Сиз менен көптөн бери байланышпай калдык. Чыгармачылык ийгиликтериңиз, пландарыңыз жөнүндө толугураак маалымат берсеңиз.

– Ооба, акыркы жылдары коомчулук менен байланышым бир аз үзүлүп калды. Буга биринчи себеп: жумушсуз калганым. Күн сайын эртең менен жумушу бар адам туруп, кийинип, жолго чыгат. Анан жумуш ордунда ар кандай адамдар менен баарлашышат. Өзүңүз бир ойлоп көрүңүз. Жумушу жок адам көчөдө эмне кылат? Эгерде ал чыгармачыл адам болсо? Ал үчүн ар бир көз ирмем алтын менен бааланат. Кыскасы, эртең менен кийинип, жумушка баруу, түштө тамактануу үчүн, кечинде үйгө кайтуу үчүн канча убакыт сарптаса, мен ушул убакыттын бардыгын чыгармачылыкка сарптайм. Калганына эрте мененки тамак, кечки тамак үчүн кеткен убакытты да мүмкүн болушунча, кыскартып үнөмдөп калынган жалпы убакытты чыгармачылыкка жумшайм. Анткени бүткүл дүйнө менен мамиле кылуу оңой эмес. Күн сайын жүздөгөн каттарга жооп берүү, достордун туулган күнү менен куттуктоо, эгерде кимдир-бирөөнүн үй-бүлөсүндө жамандык болсо, ага көңүл айтуу, жаңы чыгармаларды жарыялоо, жарык көргөн китептерди, ырларды, котормолордун презентацияларын өткөрүү көп убакытты талап кылат. Анан эл аралык, дүйнөлүк он-лайн фестивалдар, конференциялар, симпозиумдар, ааламда тынчтыкты сактап калуу проблемларына арналган иш-чараларга катышуу, эл аралык поэзия мелдештерине жюринин төрагасы, мүчөсү болуу үчүн да убакыт керек.

Ал эми келечектеги пландарыма келсек, көптөн бери келечекке план түзө элекмин. Анткени алардын баарын Кудайыма өткөрүп бергем. Анткени Жараткан менин ойлорумду, үмүтүмдү менден жакшы билет. Бир сөз менен айтканда, мени жана менин иш-аракеттеримди өзү башкарат. Биз жакында эле муну көрбөдүкпү? Эгерде Кудай каалабаса бүл дүйнөдө эчтеке жүз бербестигин. Жакын эле арада ал бүткүл адамзаттын самолётторун дүйнө боюнча учурбай койбодубу? Дүйнө элдерин болсо бардыгын өз уясына (үйүнө) киргизип койду. Бир-бирибиз менен тыгыз мамиле кылуу ал жакта турсун, дегеле эркин, беткапсыз дем алууга да чек коюп койбодубу? Мына ушуга байланыштуу ар бирибиз бул жөнүндө терең ойлонуп, туура жыйынтык чыгарууга умтулушубуз керек. Бүгүн биз жаңы адамдар, жаңы кыргызстандыктар болушубуз абзел.

Бирок кантсе да менин бир арманым бар. Кээде ЖМКлардан тигил же бул кызматты ээлеген адамдардын диплому жасалма экенин угуп, беш жылдык өмүрүмдү бекеринен Москвада коротуп, миңдеген китептерди окуп, алган тап-таза дипломум 20 жылдан бери үстөл тартмамда чаң басып жатканын көрүп өкүнөм... Бирок бул дагы Кудайдын чечими деп ойлойм. Балким Алла мени адал дипломум менен азыркы мезгилде эмгек кылууга ылайык көрбөгөндүр деп өзүмдү-өзүм сооротом. Мекеним Кыргызстандын кызматына жарабай калганыма өкүнөм. Анткени мен азыркы мезгилде чоң дүйнөгө кызмат кылууга гана жарамдуумун. Бирок менин эмгегимдин баары Кыргызстан, Өзбекстан, Орусиянын ийгилиги деп эсептейм. Кээде өзүмдү Ганс Христиан Андерсендин “Чиркин өрдөгүнө” окшотом. Бул чиркин өрдөктү эч ким өзүнүкү катары тааныбай калганда, анын ак кууга айланганы мени абдан таң калтырган...

Эгерде мекендештерим менден алардан алыстап кеткениме нааразы болсо, мен аларга жүгүнүп, кечирим суроого даярмын. Мен алардын баарын жакшы көрөм. Кудайым буйруса, калган өмүрүмдү алар менен өткөргүм келет. Кана эми ушуга мүмкүнчүлүм болсо. Сиз менен дагы ватсап аркылуу байланышып жатканыма абдан өкүнүчтөмүн. Кудай буюрса, сөзсүз көрүшөбүз деп үмүт кылам. Мага көңүл буруп, маанилүү суроолорду бергениңиз үчүн сизге терең ыраазычылык билдиремин.

Ризван ИСМАИЛОВА, журналист

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз