Рюноскэ Акутагава: Береке

  • 28.02.2022
  • 2889

Жапон тилинен которгон Эгемберди АБДАЗОВ, котормонун редактору Кубантай ЭРНАЗАРОВ.

АҢГЕМЕ

Көчөдөн өткөн караандар устакананын улагасында илинген камыш көшөгөдөн даана көрүнүп турду. Кийомидзу храмына баруучу көчө көз ирмемге да бош эмес, көчөдө эл кайнайт. Добулбас кагып кечил баратат. Майрамдык кооз кийимчен аял өттү. Анан кийин сейрек көрүнүш – үстүнө камыштан сокмо кыша жабылган арабага чегерилген кызыл бука өттү. Мунун баары камыш сокмо көшөгөнүн кенен тешиктеринен бирде оңдон, бирде солдон көрүнүп, дароо көздөн кайым болууда. Мына ушул кечки пайит жаз жылуулугуна тоборсуган кууш көчөдөгү жердин өңү гана өзгөрбөгөн.

Устаканадан өтүп бараткандарга кайдыгер караган жаш шакирт капысынан бир нерсени эстегендей карапачы карыяга кайрылды:

- Каннон-самага[1] сыйынууга бараткан эл агымы дале куч!

- Ооба! – деди карапачы, жумушка берилгендиктен, бир аз кайдыгер жооп берди.

Бүтүк көз, мурду теңирейген абышканын жүзүндө, бүткүл турпатында кыжаалаттын бир да белгиси жок. Үстүнө кийгени – кенептен токулган бир-эки жерине жамак салынган кимоно. Башына түлөгөн бийик момиёбоши кийген аксакал тим эле өз мезгилинин улуу кечили – Тобанын картинадагы сөлөкөтүндөй кадырлуу көрүнөт.

- Мен да барып сыйынып келсемби, эч эле ишим жүрүшпөй койду, – деди шакирт жигит шаабайы сууп.

- Койсоңчу тамашаңды…

- Мейли, бакыт келсе, ишенет элем. Ибадат кылууга баруу, чиркөөдө сыйынуу кыйын эмес, болгону эмне үчүн деген суроо туулат! Бул деле сооданын бир түрү, болгону кардарлар менен эмес, кудайлар жана буддалар менен болгон соода.

Шакирт муну жаштыкка салып жеңил-желпи оюнда айтты да, астыңкы эрдин жаланып, устаканын ичине бир сыйра көз жүгүрттү. Бамбук дарактарынын четиндеги эски саман үй ар дайым көр-жерге толгондуктан артка бурулсаң, мурдуң дубалды сүзчүдөй. Көшөгөнүн ары жагындагы көчө ызы-чууга толуп турганда, бул жерде терең жымжырттык. Качан болсун ийленип жасалган казан-кумураларды аралай соккон сыдырым желдин кучагындагы бул жай жүздөгөн жылдар бою өзгөрүүсүз калган. Жыл өткөн сайын карлыгачтар да ушул үйдүн чатырына уя салып жаткандай туюлат...

Карыя үн-сөзсүз ишин кылып жатканда, шакирт дагы кеп баштады:

- Аксакал, сиз жашоодо көптү көргөн адамсыз. Кандай дейсиз, демек Каннон-сама кудайы чындап эле адамдарга береке жөнөтөбү?

- Ооба, илгери көп жолу уккандай болгом.

- Эмнени уккандай болдуңуз эле?

- Бир ооз сөз менен айтып бериш кыйын, а сага айтып берсем, уккандан тажайсың.

- Өкүнүчтүү, мен негизи сыйынганга каршы эмесмин. Мындан эгер береке келсе, сыйынганды азыр эле баштамакмын...

- Сыйынганды айтасыңбы же береке үчүн Кудай менен соодалашканды айтасыңбы, түгөт?

Карыя күлүп жибергенде көзүнүн тегерегиндеги бырыштар байкалды. Жүзүн кубаныч аралады. Ал ийлеп жаткан чопо казан калыпка келе баштаган. Анан карыя сөз улады:

- Кудай өзү билет аны, жаштар муну билбейсиңер.

- Сиз сөзүмө анча түшүнбөй калдыңыз окшойт, аксакал.

- Жок, мен кудай сыйынганга береке жөнөтөбү же жокпу, аны айткан жокмун. Кудай береке менен балакетин кошо береби же жокпу, жаштар муну билбейсиңер.

- Эгер бешенеге жазылса, анда бул береке же балакетпи, эмнеси түшүнүксүз?

- Сен азыр түшүнбөй турган нерсе бул!

- Кудай берген берекенин арты менен бакыт келеби деп сурасам, кайдагыны айтасыз.

Күн кылайып батып, көчөдөгү көлөкөлөр аркан бою узара түштү. Артынан узун көлөкөлөр сүйрөлүп, көшөгөнүн тушунан башына бийик шөкүлө кийген эки аял өтүп баратты. Бириси колуна үй-бүлөсүнө белеке деп алча гүлүн кармап алган.

- Азыркы Батыш базарында жип ийриген ишканасы бар аялда илгери ошондой иш болгон дешет.

- Ии, анан?! Эмне болгон экен, аксакал?

Экөө тең бир азга унчукпай калышты. Шакирт сакалын чымчый кармап көчө тарапка карады. Жолдо жаткан жалтыраган кабыктай аппак нерселер көрүндү: айланып каалгый учкан баягы алча гүлдөрүнүн кабыкчалары болсо керек.

- Ичти бышырбай айтпайсызбы эми, аксакал, – деди шакирт бир аздан соң уйкулуу үн менен.

- Макул, айтса айтып берейин. Бул окуя илгери болгон.  

Карапачы карыя акырындык менен аңгемесин баштады. Күндүн узун же кыскасы менен иши жок бекерчи адамдай шашпай, жайдары баштады:

- Отуз-кырк жыл мурун болгон окуя. Бойго жеткен кыз маалында ал аял Кийомидзу храмында дал ушул Каннон-сама кудайына сыйынат. Андан жай турмушту суранып сыйынат да курган. Анан кантсин бечара, жалгыз тиреги – апасы каза болгондо башына турмуш мүшкүлү чындап түшүп, оокат кылыш кыйындап, Каннон-самага келип сыйынат.

Маркум апасы Хакусюся ибадатканасында дин кызматын аркалап кадыр-баркы бийик аял болгон. Түлкү менен сырдашып, анын сырын билем, түлкүнүн касиети менен иштейм деп элдин оозун ачырып, башын айлантып, кийин анысы жөн гана сандырак сөз экенин билишкенде, эл ага келбей калат. Сыры кетсе да, сыны кетпеген жапжаш кыздай сулуу ал аялды көргөндө түлкү гана эмес, аны көргөн эркектер да туралчу эмес...

- Апасы жерге кирсин, кызы тууралуу айтыңызчы...

- Эч нерсе эмес, бул башталышы гана. Апасы өлгөн соң жаш кыз өзү тиричилик кылышы өтө кыйын. Ай чырайлуу эстүү кыз үстүндөгү жыртык кийиминен уялып ибадатканада чүнчүп кетет.

- Чын эле ушунчалык эстүү беле?

- Ооба, мүнөзү да, айдай чырайы да өзүнө куп жарашат. Менимче аны өзүнө колукту кылып алган эркектин эч арманы болбосо керек эле.

- Каап, мунун азыр эмес, көп жыл мурда болгонун кара! – деди шакирт өңү бозоргон көк күрмөсүнүн жеңинен тарта.

Үйдүн артындагы бамбук багында тынымсыз булбул сайрайт. Чал үшкүрүнүп, акырын аңгемесин улантты:

- Ибадатканада жыйырма бир күн күнү-түнү сыйынып, акыркы түнүндө түш көрөт. Жыйырма бир күн ибадатканада сыйынып, анан мөөнөтү аяктаган күнү кечинде күтүлбөгөн жерден ушундай түш көрүп жатпайбы. Ибадатканага сыйынганы келгендердин арасында качан болсун күңгүрөнүп оозунан дубасы түшпөгөн бүкүр аксакал кечил бар эле. Ошонун күңгүрөгөн үнү кыздын кулагына сиңип калса керек, уктап жатса да чегирткенин үнүндөй чырылдап ошол үн угулат. Бир маалда адам үнүнө айланып: «Бул жерден кеткениңде сага бирөө сүйлөйт. Ошонун айтканын ук!» – дейт.

Чочуп ойгонуп жан жагын караса, баягы бүкүр кечил уктабастан дале өзүнчө күңгүрөнүп дубаларды окуп жатыптыр. Кулагын ага төшөп, бирок ал күңгүрөнүп эмне дуба окуганын түк түшүнбөйт. Эс-мас абалында уйкулуу көзүн өйдө көтөрсө, шамдын күңүрт жарыгынан Каннон-саманын жүзү көрүнөт. Ардактуу, ажайып сулуу жүз. Анын жүзүн элейип караса, ал жүз сүйлөп жибергендей болот: «Ал айткандын баарын ук!». Муну укканда кыз маңдайда турган Каннон-саманын өзү экенине айныксыз ишенет.

– Ии, ошондой десеңиз?! – шакирттин оозу ачылды.

Карыя андан ары:

– Тун бир оокумда ибадатканадан чыгып жөнөйт. Годзаны көздөй кеткен эңкейиш жол менен баратса, чындап эле арттан бирөө келип аны бекем кучактайт. Көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы жаздын жылуу түнүндө аны кучактагандын кийими да, жүзү да көрүнбөйт. Кучагынан чыга качууга жандалбас уруп колун артка бурса, колуна бирөөнүн муруту урунат. Эркек киши экен. «Иий, бетим, эми өлбөдүбү! Ибадатканада ушунча күн сыйынып чыгып баратсам, ушундай балит иш болобу эми?!»

Атын сураса, айтпайт. Кайдан келгенин сураса, жооп жок. Болгону бир сөз айтат: «Менин айтканымды ук!». Артынан бекем кучактаган бойдон жолго чейин көтөрүп келет да, андан ары дыргаяктатып сүйрөп жөнөйт. Түн ичинде жолдо бараткан бирөө-жарым билинбейт, ыйлаган, кыйкырган менен пайда жок.

- Анан?

-Андан кийин кызды Ясакадера ибадатканасындагы сыйынган үйгө алып кирип, экөө бир түнгө түнөйт. Ал жерде эмне иш болгонун айтышка аксакал катары оозум барбайт.

Чал каткырып күлүп жибергенде, көзүнүн четиндеги бырыштар дагы көрүндү. Күн кечтеп, көлөкө дагы узарды. Сыдырым жел жерге чачылган аппак алча гүлдүн бариктерин босогого дейре айдап, бариктер агыш темгил таштардын арасына кирип жатты.

- Ой, шумдугуң кур! – деди шакирт. Анан бир нерсени эстегендей ээгин кармады. – Ошону менен бүттүбү?

- Бул ошону менен бүтсө го эчтеке эмес, – деди карыя алдындагы казанды ийлеп жатып. – Таң атканда тиги киши: «Эми мага катын болосуң» – дептир.

- Иэ, эмне дейт, кокуй?

- Ошондой, балам. Балким түш көрбөсө да, иш ушуну менен токтойт беле. Бул иш Каннон-саманын каалоосу – кудайдын ишаараты менен болуп жатат деп ойлогон кыз муну укканда, башын ийкегилеп гана тим болот. Бул кыздын макул дегени эле... Киши бөлмө ичинен он түрмөк оймолуу кездеме, он түрмөк жибек кездеме алып чыгып, кызга сунуп: «Мэ, карма муну. Бул али башталышы гана» – дейт. Анаке сага тамаша! Мындайда ким жок деп ынабай коё алмак.

Шакирт тарс күлүп жиберип, кайра тып басылды. Бактагы булбулдун сайрашы да ошол кезде тып басылды. Карыя сөзүн улады:

- Бир аз туруп киши: «Мен кечинде келем» – деген бойдон чыгып кетет. Бир топтон кийин жалгыз калган кыз зеригип баштайт. Эстүү кызың мына ушул окуядан кийин ардеменин башын бир ойлоп апсаласи кир болду. Зериккен кыз бөлмө ичин аңтарып баштайт. Айланайын, мына сага байлык! Бөлмө ар кандай асыл таштарга, алтын салынган калтага шыкалыптыр. Мынча байлыкты көргөн кыздын тегеренген башы андан бетер тегеренет.

- Ошончо байлыкты топтосо, ал бир ууру же кисабир окшойт?!

- Баятан зеригип жаткан кыз муну көрүп, көзү чакчайып бул жерде бир мүнөт да турганга болбосун сезет. Ким билет, мунусу бир жеткен башкесер кылмышкер болсо, колуна түшсөң, андан ары эмне болорун ким билет? Андайдын колунан бардык келет.

Качып кетүүнүн амалында эшикти көздөй баратса, кимдир-бирөө артынан араң жан үнү менен чакырат. Муну укканда кыз жүрөгү жарылып кете жаздайт. Артына бурулса, же адамга окшобогон, же макулукка окшобогон бирөө алтын салынган калталардын арасында ийри-буйру болуп олтурат дейт. Алтымыштар чамасында, пекене бой, бели бүкүр, жүзүн бүт бырыш, көздөрүн ириң баскан кемпир экен. Кыздын качып баратканын билдиби, жокпу, айтор алтын баштыктардын арасынан суурулуп чыгып, кызга аябай жагалданып салам бериптир.

Албетте, корко турган деле эчтеке жок, болгону качып кетүү ниетимди билсе, иш андан бетер чатагына айланбасын деген кыз каалабаса да калп эле аны менен жай сүйлөшкүсү келген адамдай чыканагын сандыкка таянып, өйдө-ылдыйдан кеп башташат. Айтуусуна караганда, кемпир бул жерде малай экен. Бирок кыз анын эмне жумуш кыларын сураса, кемпир унчукпаптыр. Кыз ичинен дүрбөлөңгө түшүп, андан муну жүз жолу сураса да дүлөй кемпир эч укпайт. Ошондо кыз турган жеринде ыйлап жибере жаздайт.

Экөө ошентип түшкө дейре олтурат. Киёмидзуда алча гүлдөп, Годзе көпүрөсүнүн курулушу бүтүп калганын кеп салып жатышканда, картаң кечил кемпир үргүлөп кетет. Кыздын созулуп сүйлөгөнүн тыңдап олтуруп кемпир уктап калат. Кыз учурдан пайдаланып акырын сыртка жылып чыгат да, кемпир коңурук тартып жатканда, сыртка көз чаптырса, бактыга жараша көчөдө бирөө-жарым көрүнбөйт.

Дароо качып кетейин деди, напси балаа баягы эрте менен белекке алган оймолуу, жибек кездемелерин эстеп, ошолорду куру кетпей көтөрө кетмекке кайра акырын бут учунда басып сандыкка чейин кирип келет. Өтүп баратып кокусунан алтын кум салынган калтага бир буту чалынганда, буту кемпирдин тизесине тийет. Жүрөгү шуу! Чочуп ойгонгон кечил кемпир адегенде эчтекеге түшүнбөй тияк-биягын каранып, бир маалда күтүлбөгөн жерден кутурган немедей кыздын тизесине эрмешет. Ыйлай жаздап бат-баттан бир нерселерди күнкүлдөйт кемпир. Качып кетсе кемпирге кыйын болорун кыз эми түшүндү. Бул жерде калуу кооптуу болгондуктан, кыз аны уккусу келген жок. Анаке сага! Экөө ошол жерде тытышып жатып калышат.

Урмай, тебишмей, чачташмай, бетке асылмай... Экөө бири-бирин алтын кум салынган баштыктар менен башка чапкылашат. Катуу ызы-чуудан шыптагы устундарда сойлоп жүргөн чычкандар кулай жаздайт. Кемпир да оңой эмес экен, кыз менен жинди эркектей мушташыптыр. Бөрү карыса да бир койлук алы бар да. Бирок баары бир жаштын иши жаш ко. Бүкүрөйүп сулк жатып калган дүлөй кемпирди ичкериге таштап, оймолуу, жибек кездемелерди колтугуна бөктөргөн кыз кере-кере дем алып сыртка чыкты. Кыз бул тууралуу кийин укту – оозу-мурду канжалап, бут учунан башына чейин алтын кум чачылып, жүзү шыпты тиктеген бойдон өлгөн кемпирдин сөөгү караңгы бурчтан табылыптыр.  

Ясакадера ибадатканасынан чыгып көчөдөгү элге аралашып, Гожо-Кегокудагы курбусуна барат. Курбусу да жеткен жакыр аял эле, ал бир чыканак кездеме берсе, буга ийип кетип, кызга кам көрө баштады: мончо жагат, ботко даярдайт. Кыз эми бир аз жеңилдейт.

- Ооба, муну угуп мен да жеңилдей түштүм! – деди шакирт.

Шакирт курунан желдеткичин сууруп чыгып, аны акырын ачты да, көшөгө аркылуу кылайып батып бараткан кечки Күнгө карады. Дал ошол маалда Күн менен анын ортосунан бейитте көр казган адамдар артынан арбактай узун көлөкө калтырып шарактап күлгөн бойдон өтүп кетишти.  

- Ушунун менен бүттүбү анан? – шакирт карыяга карады.

- Жок, кайдан, – деди аксакал башын чайкап, – Курбусу менен олтурса көчө тараптан капысынан ызы-чуу чыгып, ачуу кыйкырык үндөр угулду: «Карагыла, мына ал, мына!». Кыз ошондо жаман ишке аралашып алганын сезип, жүрөгү чындап сыгылды. Мүмкүн тиги ууру кыздын артынан түшүп, аны жайлаганы келатсачы? Же күзөтчүлөр аны кубалап баратышкан чыгар? Муну ойлогондо жеп жаткан боткосу кекиртектен ары өтпөйт.

- Аай-иий, кокуй?! – деди шакирт көздөрү топтоголок болуп.

- Анан акырын эшиктен шыкаалап караса, беш-алты күзөтчү үстүнө жыртык күрмө кийген, жылаң аяк, жылаң баш жипке таңылган эркекти жетелеп баратышат. Күзөт башчысы жол баштап, көчөдөгү топураган эл аларды коштоп ээрчип алган. Ууруну кармашып, ишти жеринде иликтөөгө бир жакка баратышкандай. 

Бул ууру, аны менен түндө Годзедеги эңкейиш жолдон жолуккан эркектин өзү эмеспи! Муну көргөн кыз кылгырып көзүнө жаш алды. Өзү айтмакчы, кыз аны сүйүп калгандыктан көзгө жаш алган жок! Күзөтчүлөрдүн коштоосунда жипке таңылып баратканын көрүп, сүйүнгөндөн ыйлап жашыды. Муну кийин анын өз оозунан укканда, тобо келтирип жакамды кармагам…

- Ммм... – деди шакирт ойлуу.

- Демек, балам, Каннон-самага сыйынардын алдында ойлонуш керек киши!

- Бирок аксакал, ошондон кийин кыз жакыр жашоодон кутулгандыр?

- Кутулду десек анча жарашпайт ко. Болгону көтөрө чыккан жанагы оймолуу, жибек кездемелерди сатып бир аз ирденип алды. Ошентип Кудай ага берген өз убадасын аткарды!

- Бир чети жакшы болуптур.

Күн батып, көз байлана баштаганда бамбук багын шуудуратып акырын жел согуп баштады. Көчө аңгырап бош. Анда карыя:

- Ууруга катын болуп, кемпирди өлтүрүп… Ушунун эмнеси жакшы?.. Кыйын кыз экен кыскасы, байлыгың көтүңдө калгыр.

Желдеткичин белине салып, шакирт ордунан турду. Абышка кызыл жошо колдорун чөгүндөгү суу менен жууп жатты. Жаз күнү батканда, буга экөөнүн тең маанайы сууй түшкөндөй ойлуу.

- Бечара кантсе да бактылуу болуптур акыры, – деди шакирт шуу үшкүрүнүп.

- Койсоңчу.

- Чындап эле! Сиз деле жок жерден ушинтип береке-бакыт тапсаңыз, ыраазы болмоксуз.

- Менби? Кой, айланайын, мындай бакыт-берекеңдин кереги жок мага, чоң ыракмат.

– Иэ, ошондойбу? А мен болсо сүйүнмөкмүн.

– Анда Каннон-самага барып сен да сыйын, түгөт!

- Ушул дешиңизде карап туруң. Эртең мен да ибадат кылганы барам!

- Ырас кыласың, эрке.

[1][1] Каннон-сама – жапон мифологиясында бир кооз түрдөн экинчи кооз түргө кубулган ырайымдуу кудай-аял. Каннон-сама түшүнүгү жапондорго будда дини аркылуу Кытайдан кирген. Көп колдуу аял формасында сүрөттөлгөн кудай-аял – Каннон-сама берешендиктин, берекенин кудайы катары эсептелет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз