Бахтияр Шаматов: «Шыпшырылдаң шыр экен...»

  • 30.03.2022
  • 2402

(Кыргыздын чыгаан таланттуу уулу, маркум Чубак Сатаевдин жаркын элесине)

Өткөн-кеткенди, бир кезде чогуу жүргөн курбуларды эстегенде көөдөнүңдө кадимкидей сагынуу ойгонот, жүрөгүңдү кандайдыр бир билинбеген кусалык мыжыйт...

Студент кезде үч-төрт жыл катары менен касиеттүү Таласка барып курулуш отрядында иштеп жүрдүк. Ушунчалык көнүп калыптырбыз, башка жакка жиберели десе да болбой,  Таласка кетебиз деп ашыгып турчубуз. Шекер, Кировка, Үрмарал, Май колхоз, Грозныйда деги койчу, иштебеген жерибиз калган жок.

Меймандос айыл Күлчөбайда (Ключевка) нечен жакшы күндөрүбүз калды. Группалаш досубуз, биздин урматтуу старостабыз Нарботоев Дөөлөткан өзү ошо айылдан эле. Дөкө ошол кезде бардык эле таластык жигиттердей спортко жакын, чымыр денелүү, кармаган жерин сындыргандан кайра тартпаган балбан жигит эле. Өзү Германияда танкалык бөлүктө кызмат өтөп келген. Институттан чет тилди окуп баштаганда немис тобуна чогуу жазылып алдык. Аны Германияда кызмат өтөгөн эмеспи, тилди түзүк билет чыгар дегем, бирок Дөкөм ал жакта танке айдап, анан бош маалында грузиндер менен күрөшүп жүрүп кызматын аяктап баса берген экен, ошондуктан немистен көрө грузиндердин тилин жакшы билип алыптыр. Айрыкча «Гомар жоба, о дэди шени мовут хан!» дегенди көп айтчу. Мен муну бир сонун сөз болсо керек деп ойлочумун, кийин билсем, бул биздин «о кандайсың анан, кебетеңди урайын» дегендей эле сөз экен.

Дөкөм азыр деле ошо айылында турат. Алтымыштын ашуусунан ашса да дагы эле баягыдай тың, дагы эле «бир койлук алы» бар, кудайым өмүрүн узун кылсын! Мына ошол достун ата-энесинин сыйын көп көрдүк, үйүндө өзүбүздүн үйдө жүргөндөй тайраңдап, аяш атабыз менен аяш энебизге эркелеп далай жүрдүк.

Бир жолу Дөкөмдүн үйүндөгү дуулдаган кезектеги шире кызуу зыяпат үстүндө бир классташ досу менен тааныштык. Бою узун, арыкчырай, үнү бир аз киркиреген жигит экен, атын Чубак деди. Колтугуна кыса келген эски аккордеонуна караганда биздин өнөрлүү балдар менен атаандашайын деп келген экен деп койдук. Анда Чубактын ысмы чыгалек жаш кези, мектепти бүтүп Күлчөбайдын айылдык домкүлтүрасын дүңкүлдөтүп аткан чагы экен. Өзүн-өзү сыйлаган жигит экени көрүнүп турат, жаак терисин курч устара менен жылмалап кырыныптыр, канткен менен маданият тармагында иштеген киши эмеспи, жасана кийинип, мойнуна байламы чоң муштумдай кызыл чаар галстук да байланып алыптыр. Шымынын кыры тимеле тик турган кылычтай. Тээп алганы эскирек, бирок мизилдете таптаза жуулган жашыл «Москвич».

Жылмая жагымдуу сүйлөгөн сыпайы, карапайым мүнөз, жылдыздуу жигит экен. Айрыкча кыздарыбыздын назары түштү белем, Чубак келип кошулганы көбүнүн көөнү ага бурулду да калды, тымызын сынай тиктеп, көздөрүн албай отурушту. Зыяпат андан ары уланып, ырдап бер деп дароо эле Чубакты кыйнап кирдик. Күттүрүп маалкаткан жок, шак эле аккордеонун ийнине илди да: «Шыпшырылдаң шыр экен оо-о-ой, жылкычынын ыры экен оо-оо-ой», - деп созолонтуп калды. Үнүнүн жагымдуулугун айтпа...

Чыны, биз Чубак келгенге чейин эле бир нече шишенин мойнун сындырып ийген элек, дуулдаган үлпөт отуруш абдан кызып, атүгүл бириникин бири укпаган алагүү бажылдакка жетип калган маал эле. Андайда биздин даңктуу 12-группа өзүнүн 12-группалыгын көрсөтпөй коё алабы, ичти куйкалаган жинди суунун күүсү менен жаңгерлердин бир тобу короого чыгып бир сыйра кубалашып, жеңил токмоктошуп кайра колтукташа үйгө кирген кызуу немелер Чубакты жаңы көргөнсүп аны менен кайрадан таанышып чыгышты. Ал болсо башын чайкап коюп, ууртунан жылмая күлүп отуру. Өзү ошондо таптакыр ичпейт да экен. Экинчи жолу таанышкан соң анын урматына бардык ыстыкандардан дагы жапырт «залп берилип», обого салтанаттуу тост көтөрүлдү да, Дөкөмдүн бейиштей болгон түнкү айлуу багынын ичинде кайрадан ыр жаңырды.

Шыпшырылдаң шыр экен оо-оо-ой,
Жылкычынын ыры экен оо-оо-ой...

Жаштыкты ырдаса ырга, күлсө күлкүгө тойбогон мезгил дейт эмеспи, биздин группанын жигиттеринин дагы бир өзгөчөлүгү - мушташа берип мушка тойбогон балдар элек.  

Адегенде «Чубак, тарт кыягыңды достум, баарыбызды эрит, көңүлүбүздү көтөр!» - деп атышты эле, анан эле мушташа турган маал келди окшойт, колдору кычышкан «каалоочулар» жапырт сыртка атып чыгышты. Ырларын биринин артынан экинчисин безеленткен Чубактын жанында согуштан көрө искусствону жогору баалаган бир тобубуз калдык. Сырттагы «жоокерлер» болсо өзүлөрүнүн «сүйгөн ишине» киришип кетишти, короого алымсынбагандары дарбазадан ары сыртка чыгып, бири-бирин муш менен өлө «сыйлап», дыргаяктата кубалашып, анан кайра колтукташып үйгө кирип беркиден улам-улам жутуп, айтор, тумандаган мээлеринин жетишинче алар да өзүнчө шапар тээп атышты. Чубактын үнүнө, ырына арбалган биз, саналуу адамдар, бар нерсенин баарын унутуп, сырттагы карсылдашкан «салгылаштын» доошун да укпай, ыр гана тыңшап, терең ойго чөмүлүп отурабыз. Кээде сырттагы мушкерлердин бирди-жарымы кирип келип «аралашалбай атасыңар, капачылык болбосун» дегенсип улам бирибизди муштап же тээп кетет. Бир туруп терезеден короо ичинде чымын-куюн болгон бирөөлөрдүн жарым жылаңач, кыпкызыл денелери көзгө уруна калат.

Ишке жараган баягы эле Окем. Орозбек Алакунов, Ат-Башынын касиети артык Кара-Коюн деген айылынын кулуну. Чоң акын болсом деген ниети бар эле ошондо. Жазган ырлары деле бир топ түзүк болчу. Ленин ордендүү атактуу койчунун баласы Окем кой жайып жүрүп, ышкысы поэзия деген азаптуу, азгырыктуу ааламга жаштайынан эле байланган экен. Бизди таңгалдырганы - Окем Мидиндин, Байдылданын, Алыкулдун ырларын, анан чыгыш бермети Омар Хаямдын рубаилерин  толук жаттап алганы. «Бул деген феномен, муну Жараткан жөн кишиге бере бербейт!» - деп балдар соо кезде Окемди абдан кадырлап, мактап калабыз. Айрыкча шаардын жер-жердеги кылпат-кылаба бурчтарына күн сайын сүйрөп келип таштап кетишчү сары челектин муздак «сүтүн» (пийваны ушундай сары челектер менен таратышчу) көбүгүн үйлөп коюп ыракаттана шимирип отурган чактарда поэзияны мыкты билем деп көкүрөк койгулап чыккан немелерге Орозду «агытып» коё беребиз, аш-баш дегичекти баарынын жаагын басып жайлап салат, касиети ушунда. Мына ошол Окем калган балдардын «колу бошобой» турган жооптуу учурда Чубактын жанында биздин намысты түшүрбөй, алп акындардын ырларынан шатырата айтып жатты, шарап менен ысык ылхамдын табы көөдөнүн куйкалап атат шекилди, суткелеп ыр окучудай түрү бар. Ал дем тарта өх дей калганда кайрадан Чубактын ыры жаңырат:

Шыпшырылдаң шыр экен оо-оо-ой,
Жылкычынын ыры экен оо-оо-ой...

Чарчап, анүстүнө балдардын алагүү дүпүлдөгүнөн тажап кетти окшойт, бир маалда Чубак ырын тык токтотту да жанында отурган баарыбызды ээрчитип барып машинесине салды. Болгонубуз тыгылып отуруп алдык. Дөкөнүн үйү турган чоң көчө менен чыгыш жакты көздөй айдап айылдын четине алып чыгып кетти. Короодо кубалашып жүргөндөр бизди байкаган да жок окшойт, артыбыздан куугун болбоду.

Айылдын жайкы салкын керемет түнүнүн кучагында көпкө сүйлөшүп отурдук, ээн талаага чыкканы ого бетер эргип, жаңы деми ачылган Чубактын ыры кайра уланды. Андан ары кеп учугу ырчылар, обончуларга бурулуп, ар ким өз оюн ортого салды. Көпкө унчукпай угуп отурган Чубак бир кезде бирдемени эстегенсип жандана түшүп, сөз баштады. Көптөн бери буулугуп, ичке катып жүргөн ойлорун ортого салгысы келди шекилди. Эртеден бери ырдагандан башка сөз чыкпастай көрүнгөн Чубактын сүйлөгөнүн эми угуп эле отур.

Мактаганыбыз ага жага бербей калса керек. «Албетте ыракмат, бирок мени залкар ырчыдай баалап жатканыңарга оңтойсузданып турам, досторум. Анткени мен али андай деңгээлге жете элекмин, болгону айылдагы карапайым бир маданият клубунун кызматкеримин. Алп ырчы Атайдай, авазы мукам Мусадай, тоо булбулу Токтогулдай ырдасам дейм, аалам бетин бербей не деген улуу ырчылар менен теңтайлашкан Болоттой болгум келет, жаактуудан алдына жан салбаган Жеңижоктой ааламды уютуп таштап нөшөрлөтө, сабалата сого алсам дейм... Накта ырчы болом, анын жүгүн артам деген пенде жылуу жумшак жайга, жеңил акчага качырбай, комуз, кыягын көтөрүп алып, дербиш думанадай талаа тоо кезип, жер кезип, эл кыдырып ырдашы керек экен, бул касиеттүү өнөрдүн туу чокусуна мусулман баласы ажылыкка жеткендей азап тартып жеткенге аракет кылышы абзел экен, ага жеткичекти башкаларга жалаң той менен майрамдай көрүнгөн ырчылык өнөрдүн ысыгына күйүп, суугуна тоңушу керек экен. Ырчы болом пенде ырдын пири Ырыспайдын сыздап, күйүп жанганын, Токондой уккан жанды эсеңгирете түтөп боздоп кыйкырганын, Замирбектин көшүлтө термеп, алдейлеп, муз болуп тоңгон жүрөктөрдү жибиткенин, Түгөлбайдын сезимдерди шолоктото ыйлатып, ой-санааны сапырып, куса-касыретти чакыра билгенин уксун, туйсун, жүрөгү менен сезсин, көөдөнү өрттөнүп, каректеринде көлкүлдөгөн жаш айланып турсун... Ырчылык дареметим ашып-ташып турат дейсиңби, анда тынбай жааган ак жаандын арты кара нөшөргө айлангандай, аалам, кең дүйнө бетин ыр топонго каптаткан алп Эстебестей обдула төккөн колуңан келеби? Уккандар жакасын кармаган, чалкыган жайык талаадай, кечмеси терең дайрадай, жакындасаң жымылдап турган айлампасы оп тартып кетер Тууганбайдай төгө аласыңбы?.. Булар ким да, мен ким? Бирок буйруса, атымды да бир кездерде барып угуп каларсыңар», – деген эле кайран жигит.

Ошондо Чубактын кийин чын эле атактуу ырчы болуп кетерин, ырлары теледен, радиодон күн-түн дебей жаңырып турарын ойлогон да эмеспиз. Бирок аттиң, баралына келип турган, өнөргө, элге кызмат кылар гүлгүн курагында чым жазданып, кара жер астына кетерин кайдан билдик да, кайдан туйдук... 

Ал таланты, адамкерчилиги, жупунулугу менен баарыбыздын ичибизди жылытты, баарыбыздын досубуз болуп калды. Эсибизде ошол жылмайган элеси калды, жолугабыз деп коюп жолуга албадык, бир дасторкондо чогуу отуруп жаштыгыбызды эстей албадык. Буйрубаган экен... Андан бери арадан зыпылдап учкан куштай далай жылдар сызылып, суулар акты, ошондо жаңы төрөлгөн ымыркай балдар килейген чоң кишилер болушту, бирок көз алдыма дагы эле ошондогу отуруш, айылдын айлуу салкын түнү, Чубактын ыры, жылмайган элеси тартыла берет...

Шыпшырылдаң шыр экен оо-оо-ой,
Жылкычынын ыры экен оо-оо-ой...

1992

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз