Зулумдуктун күчөшүнө алып барар авторитаризм

Генерал Исмаил Исаковдун орус-украин согушу, анын Кыргызстанга мүмкүн болуучу таасири, дегеле акыркы кездердеги согуштардын себеби, мааниси жөнүндө Зулпукар Сапанов менен маеги…

– Исмаил Исакович, Россия өз билемдик менен Украинага кол салганын айыптагандарга каршы тараптар “АКШнын Югославия, Ирак, Сирия, Ливия жана Ооганстанды талкалаганын эмнеге көрүшпөйт, айтышпайт” деп жатышат. Кан төгүп, элди кырып, мамлекеттерди талкалаган жагынан эки державанын бири-биринен айрымасы жокпу?

– Согуш болгон жерде кан төгүлүп, айыл, кыштак жана шаарлар эле эмес, мамлекет дагы талкаланат, бул жагынан согуштун табияты бирдей эле. Эки державанын кан төгүп, элди кырып, мамлекеттерди талкалагандарынын айрымасын билүү үчүн, өзүбүздө болуп өткөн окуялардын мисалында карап, андан кийин салыштырып көрсөк, мүмкүн түшүнүктүү болор. “Кыргыз эли эмне үчүн 2010-жылы 7-апрелде бийликте болгону беш жыл, он беш күн отурган президент К.Бакиевди кууп чыкты?” деп суроону коёлук. Мен ойлойм, басымдуу көпчүлүгү, “анын куулуп чыгылышынын себеби, К.Бакиев өлкөдө үй-бүлөлүк авторитардык бийлик түздү, мамлекетти башкарууга баласын, инилерин аралаштырды, ал сот адилеттигин камсыз кылгандын ордуна сотторго көрсөтмө бердирип, күнөөсү жок саясатчыларды каматтырды, кээ бир саясатчыларды жана эркин журналистерди жок кылдырды, жок кылбаганын сабаттырып өлкөдөн качып кетүүгө мажбурлады, адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеди, электроэнергиянын баасы боюнча айткан сөзүнө турбады” дешет. Туурабы?

Эми, Ирак боюнча, Ирактын президенти Саддам Хусейин К.Бакиевдей өз өлкөсүн, 5 жыл 15 күн эмес, 24 жыл башкарып, К.Бакиевден өткөн авторитардык эмес, тоталитардык режимди түзүп, адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин болуп көрбөгөндөй чектеп, жүз миңдеген жарандарын сот чечими жок өзү каалагандай жазалаттырып, жок кылган. Күрт улутуна болгон зомбулугун айтып болбойт. Эларалык укуктук нормага каршы келсе дагы, өзбилемдике барып, Иранга 1980-жылдан 1988-жылга чейин согуш ачып, согуштун кесепетинен эки тараптан биригип 400 миңге жакын жарандар жок болгон. Согуш учурунда Иран тарапты колдоп чыккан өз жарандарына каршы химиялык куралды колдонуп, анын кесепетинен бир нече миңге жакыны өлүп, 20 миңдейи жабыр тарткан. Элине жана каршылаштарына болгон өзбилемдикти, зомбулукту жана зулумдукту токтотуу боюнча БУУнун Генералдык ассамблеясы ондон ашык резолюцияларды кабыл алып, санкциялары киргизилген. Ошого карабастан, “келишимде белгиленген нормадан ашыкча нефти чыгарганың үчүн, 2 млрд 400 млн доллар компенсация төлөйсүң, миллиондогон доллар карыздарды кечиресиң” деген болбогон куру доомат коюп, “жок андай эмес” деген Кувейтти 1990-жылдын 2-августунда күч менен басып алып, 8-августа аннексиялап (күч менен кошуп), өзүнүн 19-провинциясына айлантып алган.

– Маселенин түйүнү ушул жерде экен да...

– Дүйнөлүк коомчулук анын зомбулугун токтотуу максатында кошумча санкцияларды киргизип, 29-ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Иракка каршы баардык иш чараларды жасоо боюнча резолюцияны кабыл алат. Анын алкагында Кувейтти бошотуу жана Ирактын Куралдуу күчтөрүн талкалоо максаты менен АКШ башында турган эл аралык коалиция түзүлүп, 1991-жылы 17-январдан баштап “Бурья в пустыне” операциясынын алкагында учактар менен бомбалап, 24-февралда жердеги операцияны башташып, төрт күн ичинде Ирактын Куралдуу күчтөрүн талкалашып, Кувейтти бошотушат. Согуштан пайдаланып, Ирактын 18 провинциясынан 15 провинциясынын оппозициялык күчтөрү Саддамга каршы чыгышканда, ал согуштан жеңилгендиги боюнча кол койгон. Анан согуштан бошогон өзүнүн гвардиясы менен көтөрүлүшкө чыккандарды басып, эки жүз миңге жакын жарандарын жок кылат, 2 миллионго жакын күрд өлкөсүнөн качып чыгууга мажбур болот. Ошентип, Ирак санкциялардын жана согуштун кесепетинен экономикалык оор абалга дуушар болгонуна карабай өзүнүн мойнуна алган милдеттенмелерин жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 16-резолюциясын, анын ичинде массалык кыргын салуу куралдарын (ОМП) жок кылууну аткарбай, өлкө ичинде куугунтукту жана репрессияны күчөтүүнү улантат.

2003-жылы 20-мартта АКШ менен Улуу Британия башында турган көп улуттуу коалиция кошумча резолюция кабыл албастан туруп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1991-жылдын 3-апрелиндеги №687 жана 2002-жылдын 8-ноябрындагы №1441 резолюцияларынын негизинде Саддам Хусейндин режимин жана массалык кыргын салуу куралдарын жок кылуу максатта Иракка кол салышып, 9-апрелде Куралдуу күчтөрүнүн каршылыгын токтоттурушат. Ал эми Саддам Хуссейинди 12-декабрда колго түшүрүшүп, 2006-жылы 30-декабрда Ирактын Жогорку Сотунун өкүмү менен дарга асылат.

– Ливия боюнча да айта кетсеңиз?

– 1969-жылы М.Каддафи капитан чининде өзүндөй жаш офицерлер менен мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликке келери менен чет өлкөлүк компаниялардын баардыгын улутташтырып, жеке менчикке тыюу салып, жеке сатуучулардын ордуна коомдук кооперативдик магазиндерди түзүп, инфраструктураларын оңдоп, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын бекер кылганы менен өзүнүн 42 жыл башкаруусунда Саддам Хусейндин 24 жылдык бийлигинен ашып, Саддамдан өткөн өзбилемдигине барганын элестетип көрсөк болот. Ал өлкөсүндө монархиялык бийлик системасынын ордуна, Социалистик Элдик Ливиялык Арабдардын Жамахириясын (“Джамахирия”- көпчүлүктүн же массанын мамлекети) түзөт. 1979-жылы элдик бийликтин “стратегиялык маселелерин гана чечебиз” дешип, М.Каддафи жана анын танапташтары кызматтарын таштап кетишет да М.Каддафи, Ливиянын революциясынын лидери деген титул алып, анын пикирлештери 1977-жылы түзүлгөн революциялык кеңеште мүчө катары, эч кандай жоопкерчилиги жок мамлекеттик бийлик бутактарынын үстүнөн өлкөнү каалагандай башкаруу мүмкүнчүлүгүн алат.

Анын чыгарган директивасын баардык мамлекеттик бийлик бутактары аткарууга милдетүү болот. Ошентип, М.Каддафи чексиз бийлиги менен башкача ойлогондорду тергөөсү, соту жок кырдырып, адам укуктарын жана эркиндиктерин такыр сактабай, репрессияны болуп көрбөгөндөй күчөтөт. Анын текеберчилиги же кесирлиги өз элин тажатса, чет элдиктерди “таң калтырчу” (чет элге расмий визитке чыкканда өзү менен кошо төөлөрүн жана чатырын учак менен ала барып, жатаканаларга жатпай, чатырына жатып, эрте менен төөлөрүн саадырып, сүтүн ичкени). Ошону менен бирге өлкөдө коррупция гүлдөп, нефтиден жылына 32 млрд доллар таап турса дагы, айлык акы, пенсия, пособия төмөн болуп, 6 млн калкынын жашоо турмушу кедей өлкөлөрдүн элдеринин турмушу менен барабар болуп, жумушсуздук 30 пайызга чейин жетет. Ал борбордук Африкадагы Чад Республикасынын ички иштерине кийлигишип, жарандык согушта бир тарапты колдоо максатта өз аскерлерин киргизип, 1978-жылдан 1987-жылга чейин Чадда согушту күчөтүп, 10 миңге жакын жарандын өлүмүнө себепкер болот. Эл аралык экстремистик жана террористик уюмдарды каржылап, чет өлкөдөгү каршылаштарын өлтүрттүрөт. М.Каддафинин буйругу менен 1986-жылы 2-апрелде Грециянын аба мейкининде учкан АКШ учагынын ичинде жардыруу болуп, АКШнын 4 жараны курман болот. 5-апрелде батыш Берлинде La Blle деген кафеде, дискотекадагы жардыруудан эки америкалык жоокер жана Турция жараны курман болуп, 200дөй жаран жабыр тартат. 1988-жылы Шотландиянын аба мейкиндигинде учуп бараткан Американын “Боинг-747” учагы, 1989-жылы Нигериянын аба мейкиндигинде Франциянын учагы жарылып, биринчисинде 270, экинчисинде 170 пассажир курман болот. Ушундай жана мындан башка толгон токой фактылардын негизинде эл аралык коом санкцияларды киргизип, батышта М.Каддафини “терроризмдин булагы” дешсе, кийин “биринчи номурдагы террорист” деп сыпатташкан. “Биринчи номурдагы террористи” жоготуу максатында 1986-жылы анын резиденциясына АКШ учактары бомба таштап, жүздөн ашуун Ливия жарандары жана М.Каддафинин бир жаштагы бакма кызы каза болуп, өзү аман калат. 1999-жылы Шотландия жана 2004-жылы Грециянын аба мейкиндиктеринен жарылган учактарды жардырганын М.Каддафи моюнга алып, төлөмдөрүн жана чыгымдарын төлөп берүү убадасынан жана СССР баштап берген, ядролук, биологиялык куралдарды чыгаруу боюнча иштеп жаткан программасынан расмий баш тартканын жарыя кылганда гана, эларалык коом мурунку киргизишкен санкцияларын алган менен мамилелери мурункудай деңгээлде калат.

2010-жылкы биздеги апрель революциясы кийин, 2011-жылкы февралдагы Египет жана Тунист революциялары (“араб жазы”), М.Каддафинин режиминен тажаган элдерин, массалык түрдө каршылыктарга чыгууга түрткү берип, Ливиянын эли ачык каршылыкка чыгат, аларды токтотуш үчүн аскер учактарынан бомба таштап, армиясы менен баса баштайт. Ошого карабастан, оппозиция өлкөнүн чыгыш тарабын көзөмөлгө алышат. 2011-жылы март айында БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиянын учактары каршы чыккан элди бомбалабоо үчүн Ливиянын аба мейкиндигин жабууга санкция берет. Андан бир нече күн өтпөй коалиция Франция, Англия, АКШ жана башка өлкөлөр М.Каддафиге каршы согуш башташса, 27-июнда БУУнун Гаагадагы эл аралык кылмыш соту жарандарды массалык түрдө өлтүртткөнү үчүн айыптап, М.Каддафини камоого ордер беришет. 23-августа көтөрүлүшкө чыккандар борбору Триполи шаарын, ал эми 20-октябрда Сирт шаарын алышат. Сирт шаарынан качып чыккан колоннага коалициянын учактары бамба таштаганда, М.Каддафи жарадар болуп, көтөрүшчөлөрдүн колуна түшөт. Көтөрүшчүлөр, өз өлкөсүн 42 жыл башкарган М.Каддафини кыйнап өлтүрүшөт да, төрт күнгө чейин сөөгүн эл келип көрүш үчүн атайын даярдалган муздаткычта кармап турушат.

– Югославия мамлекетинин талкалануусуна да токтоло кетсеңиз?

– Андагы согуштун себеби Косовонун Югославиядан эгемендүүлүктү алуу аракеттеринен башталат. (Косоводо албан улутундагы мусулмандар тыгыз жашашат). 1998-жылы Косовону бошотуу армиясы (Армия освобождения Косово) эгемендүүлүк үчүн курал менен күрөшүүнү жарыя кылат. Ага жол бербөө максатта Югославия тарабынан Косовонун бир нече айылдарына чабуул жасашып, Косовонун армиясынын лидерлеринин бири Адам Яшарини жана жүзгө жакын жарандарды анын ичинен жыйырмадан ашуун аялдар менен балдарды жок кылышат. Европадагы бул окуя дүйнөлүк коомдун көңүлүн өзүнө буруп, эл аралык этникалык тилектештик менен күрөшүүгө түрткү берет. Белграддын Косового каршы аскердик чабуулдарын токтотуу боюнча НАТОнун дипломаттык жол менен чечүү аракеттери жыйынтык бербегендиктен, 1998-жылы 23-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши эки тарапты аскердик кагылышууну токтотуу боюнча №1199 резолюциясын кабыл алат. Андан да майнап чыкпагандан кийин 13-октябрда НАТОнун кеңеши Белграддын аскердик аракеттерин токтотуп, тынчтыкка мажбурлоо максатта аскердик операцияны баштоого буйрук берет. АКШ баш болгон НАТО күчтөрү аскердик операцияга миңден ашуун бомбалоочу учактарды катыштырып, үч күн бомбалагандан кийин Белград куралдуу кагылышты токтотуп, тынчтыкка барууга макул болот. Косово болсо эгемендүүлүк алганга жетишет. Бүгүн ошол өлкөлөр, Евросоюздун жана ошол эле НАТОнун мүчөлөрү катары демократиянын баалуулуктарынын негизинде АКШны биз айткандай “талкалады” дебей кайрадан, алар менен тыгыз байланышта өнүгүп жаткандарына күбөбүз.

Ал эми С.Милошевич 2001-жылдын 1-апрелинде БУУнун Гаага шаарында жайгашкан эларалык трибуналына соттоо үчүн камалып, 2006-жылдын 11-мартында эл аралык соттун түрмөсүндө каза болот. Косово согушунун кесепетинен массалык этникалык кыргындан сырткары, косоволук албандардын маданий мурастары болгон 500 жылдык тырыхы бар Осмон дөөлөтү убагынан берки Косовонун ислам коомчулугунун архивдик документтери жана 600 мечит болсо анын 225 толугу менен жок кылынып талкаланган.

– Державалардын кол салуусунан кийин Ооганстан согуштан башы чыкпай калды го?

– Ооганстанга биринчи СССР 1978-жылдын 31-декабрында кирип, 1989-жылы 15-февралында 15 миңден ашык аскерин жоготуп, 53 миңден ашыгы жарадар болуп, Советтер Союзу санкциялардын кесепеттинен экономикалык оор акывалда калып, тышкы жана ички саясий абал күчөп, мамлекеттин пайдубалы “кыймылдай” баштаганда аскерлерин алып чыгууга мажбур болгон. АКШ баш болгон коалицияга кирген мамлекеттердин Ооганстанга кирүүсүнүн алдындагы болуп өткөн окуялар, эл аралык чечимдер, максаттар жана кесепеттери өзүнчө бир чоң маселе болгондуктан, кийин кененирек токтолсок туура болот. Сирия да дал ушундай. Ошондуктан, эки тарапты бирдей кароо, бирдей баа берүү да туура эмес болуп калат. Ар биринин өзүнүн себептери, жагдайлары жана негиздери бар.

– Россия Крымды (аннесекиялап) тартып алганы менен, өзү басып алган аймактарды бербей жатканын кантип түшүнсөк болот? Бул логикага сыйбаган өкүмзордук эмеспи? Бир мисалды айтсак, Кенисберг, Куриль аралдары. Япондор аны чечүү үчүн кол салбай, дипломатияны пайдаланып келе жатышат. Булар деле Крымга ошондой ыкманы колдонсо болбойт беле?

– Туура айтасың, жеке менин оюмча, өкүмзордук. Эмне себептен дебейсиңби? Себеби, СССР тараганда Белоруссиянын Беловежская пущасында 1991-жылы 8-декабрда, Беларусь, Россия жана Украина өлкөлөрүнүн жетекчилери, СССРдин жоюлушу жана Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, кийин Алма-Ата протоколунун негизинде, Прибалтика республикаларынан башка мурунку Союздун карамагындагы республикалар анын ичинде биз дагы, КМШга кошулганбыз. Ошол келишимдин жана протоколдун негизинде Алма-Ата, Минск жана Москва декларациялары кабыл алынып, Союз тараган учурдагы аймактардын чек араларын таануу жана аны бузбоо, аларды сактоого кепилдик алуу боюнча кол коюлуп, кийин өлкөлөрдүн парламенттери аркылуу ратификациядан өтүп, эл аралык мыйзам катары бекитилген. Андан башка ошол декларациялардын алкагында эки тараптуу, ал эми Украина боюнча кээ бир Европа өлкөлөрдүн кепилдиги менен көп тараптуу келишимдер кабыл алынып, алар дагы өздөрүнүн парламенттери аркылуу ратифицияланып, бетондой болуп бекитилген эле. Эми өздөрү баштап, баарыбызды ошол жолго түртүп, эл аралык келишимдер аркылуу алган милдеттенмелерин бузгандыгына биз кандай баа беришибиз керек? Эң жаманы прецедент түзгөнү болуп жатат, күчүң болсо, келишимдерди, алган милдеттенмелериңди буза берсең болот, ал үчүн жооп бербейсиң дегендей. Биздин тажик коңшуларыбыз менен маал-маал болуп жаткан “чырыбыздын” түбү дагы ушундайлардын кесепетинен болуп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Өз милдеттенмелерин так аткарбай, келишимдерди бузгандыгын шериктеш өлкө катары, келишимдерди бирге кабыл алган өлкө катары биз айтпасак ким айтат. Ошол келишимдердин негизинде Луганский, Донецкий жана Крым Украинаныкы.

Ошондуктан, мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдүн баардыгы кайтарып берүүсүн айтып, талаптарын дагы коюп жатышат. Авторитардык өлкөлөрдөн айрымаланып өнүккөн жана демократиялык институттар толук кандуу иштеген өлкөлөрдө өздөрүнүн иш-аракеттерин укуктук норманын негизинде адилетүүлүк менен алып барганга аракет кылышат, себеби алар өздөрүнүн шайлоочуларынын ишениминен чыгып калуудан коркушат, ошону менен бирге эркин массалык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн тартынышат жана сестенишет. Бул алардын жашоодогу эң негизги принциби, алардын системасынын артыкчылыгы. Ошондуктан, өнүккөн, мыйзамдары үстөмдүк кылган Япондор Куриль аралдары боюнча мыйзам талаасынан чыкпай, дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып жүрүшөт. Ойлоп көрсөң, зомбулук жолу менен согуш ачып, жүздөгөн-миңдеген жарандары курман болуп калса, элинин бийлик жетекчилерине мамилелери кандай болот?

Эртеси эле миңдеген жарандары көчөгө митингге чыгып, алардын кызматтан кетүүсүн жана жоопко тартылышын талап кыла башташмак. Элдин ою менен эсептешпей, жарандардын өлүмүнө алып барган жетекчи эле эмес, ошол жетекчинин партиясы да ошол бойдон жок болуп, кийин шайлоо аркылуу бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Алар үчүн эң чоң коркунуч ошол. Ал эми авторитардык өлкөлөрдө андай эмес да! Элдин ою менен эсептешпейт, каршы пикир айткандарды куугунтуктайт, камайт же жок кылат. Жетекчинин ою ой, айтканы айткан, аны азыр баарыбыз өз көзүбүз менен көрүп жатпайбызбы. Ошондуктан, биздин эл, өзгөчө жаштар жогорудагылардан сабак алып, жок дегенде жашоо турмуштарынын келечектерин ойлоп, ошондой коом түзгөнгө аракет кылыш керек. Авторитардык бийлик адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектейт, эркин ой жүгүртүп, руханий дүнүйөсүнүн өнүгүшүнө жол бербейт, басат. Андай бийлик кадрлардын атаандаштыгын эле эмес, баардык чөйрөдөгү атаандаштыкты жокко чыгарат, аларды көз карандылыкка жана кошоматчылыкка түртөт. Авторитардык бийликтин түбү, коррупциянын гүлдөшүнө жана зулумдуктун күчөшүнө алып барат. Анын аягы Ирак, Ливия, Сирия жана Түндүк Кореянын элинин тагдырына жеткирет.

– Акыркы күндөрү бактериялык, химиялык куралдар боюнча сөздөр көп айтыла баштады, орустар “Украинадан ишкана таптык” дешсе, америкалыктар “Россия химиялык чабуул жасаш үчүн атайын ушак таратууда” деген дооматтарды келтиришүүдө. Канаттуулар аркылуу таратылышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Булардын тирешинен бул өңдүү кесепеттүү шойком ишке ашса, жер бетиндеги адамзатты апаат каптабайбы?

– Өзү бул сөздөр, качан айтыла баштады? Бул сөздөр Россиянын пландаган “спецоперациясы” ишке ашпай, чабуулга өткөн аскердик күчтөрдүн мизи кайтарыла баштаганда лаборатория бардыгын жана далилдүү документтерин таап алганын айтып чыгышпадыбы. Украина андай маалыматты “орустардын катардагы жалганы” деп сыпаттаса, америкалыктар сен айткандай, “Россия химиялык чабуул жасаш үчүн атайын ушак таратууда” деп кайрадан орустардын өзүн айыптап чыкты. Бактериялык (биологиялык) жана химиялык куралдар, массалык кыргын салуу куралдарга кирет (орусча айтканда “оружия массового поражения” ОМП). Аларды иштеп чыгууга, жыйноого жана сактоого тыюу салуу боюнча эл аралык конвенциялар бар. Бактериологиялык (биологиялык) курал боюнча 1975-жылы 18 мамлекет, ал эми химиялык курал боюнча 1997-жылы 190 мамлекет катышып, милдеттенме алышкан. Экөөндө тең Россия менен Украина бар. Химиялык куралдын эң көбү Россияда болгон, 40 миң тонна. Конвенцияга кол койгондон кийин Россия 2017-жылы толугу менен жок кылганы боюнча маалымат берген менен ошол тармакта иштеген, өздөрүнүн кээ бир кызматчылары химиялык куралдын жаңы түрү иштелип жатканы боюнча дүйнөлүк коомго жар салган факты болгон. 2018-жылкы С.Скрипаль кызы менен 2020-жылы А.Навальныйдын ууланышын жана Сириядагы колдонууну, Россия өзү четке какса да батыш аларга байланыштырып жүрөт. Тилекке каршы, кечээ Украина тарап ДНРдин аскер башчылыгынын пресс-катчысы Е.Басуриндин Россиянын 1-каналынан Мариуполь шаарынын коргоочуларын “Азовсталь” заводунан “ыштап чугаруу” үчүн химиялык куралды аскерлерге колдонуу боюнча айтканын көрсөтүшүп, Россиянын аскерлери 11-апрелде учкучсуз учактар аркылуу химиялык курал колдонгонунан алдын ала үч жарандын жабыркаганын жарыялашты. Ал эми Украинанын өзү жөнүндө айтсак, алардын тыюу салуу конвенцияларына катышууга кол койгонунан башка, өлкөсүндөгү демократиялык институттардын толук кандуу иштешин, эркин массалык маалымат каражаттарын жана Евросоюз менен НАТОго мүчө болуу үчүн умтулганын эске алсак, мен ойлойм, андай куралдар Украинада болушу мүмкүн эмес. Өзү химиялык куралдын колдонулушу, эл аралык чоң кылмыш болуп калат. (Конвенцияны бузгандыгы, эларалык коомду алдагандыгы, аны колдонуп көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келгендиги жана экологияга зыян келтиргени ж.б.) Азыркы заманда массалык кыргын салуу куралдарын колдонуу биринче иретте колдонгон өлкөлөрдүн өзүнө жана аны колдонууга буйрук берген жана андай кылмыштуу буйрукту аткаргандар үчүн өтө опурталдуу жана коркунучтуу. Андай өлкө дүйнөлүк коомчулук тарабынан кечирилбейт.

– Украинадан бөлүнгөн Луганск жана Донецк, Грузиядан бөлүнгөн Абхазия жана түштүк Осетия референдум өткөрүп, Россияга кошулганы турушканын жарыялашууда. Булардын кадамын кандай түшүнсөк болот? Корко баштадыбы?

– Эгерде ушундай сөздөр, согушу жок тынчтык учурда айтылса, анда элдердин каалоосу болсо керек деген ойдо калмакбыз. Согуш күчөп, Россиянын пландалган “спецоперациясы” максатка жетпей, дүйнөлүк коомдун басымдуу көпчүлүгү согушту айыптап, АКШ менен Евросоюз, Россияга болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизип, Украинага экономикалык, финансалык жардам берип, Куралдуу Күчтөрүн заманбап аскер куралдары менен жабдып жаткан учурда айтылганын бир жагынан корккондуктан айтып жатат десек болот. Экинчи жагынан, кандайдыр бир топтордун же күчтөрдүн “көрсөтмөсүнүн” негизинде айтылып жатат десек да болот.

Абхазия менен Түштүк Осетия 2008-жылкы Россия менен Грузиянын кагылышынан кийин бөлүнгөн, алардын жетекчилери орустардын койгон адамдары. Ага кошумча, Абхазиянын жарандарынын басымдуу көпчүлүгү Россия жарандыгын алышкан. Луганск, Донецк болсо бүгүн орустардын колунда, анын жетекчилерин Украинада кылмышкер жана чыккынчы катары баалашат. Тигилер деле Грузин тараптан ошондой акыбалда болсо керек. Ошондуктан, 31-мартта Түштүк Осетиянын Президенти А.Бибилов “эгерде референдум менен Россия курамына кирип калсак, анда Түндүк Осетия менен биригишибиз мүмкүн” деп бекеринен айткан жок. Кандай болбосун, азыр бардыгы согуштун жыйынтыгына көз каранды. Согуш бүткөндө алар эле эмес, баарыбыз чоң өзгөрүүлөргө дуушар болобуз. Ага чейин айтылган сөздөр сөз бойдон кала берет, чечкиндүү кыймылдар да болбойт деген ойдомун.

– Санкциялардын кесепетинен экономикалык блокадада калган Россия канчага чейин туруштук бере алат? Же ушул жагдайда далай жылдарга чейин жашай береби? Каатчылыка кабылган эл толкуп кетсе, төңкөрүш, тополоңдор болуп кетпейби?

– Албетте, экономикалык санкция бүгүнкү глобалдашкан заманда сөзсүз таасирин тийгизет. Тийгизгенде да катуу тийгизет. Терең деталдаштырбай эле үстүртөн карап көрсөк, биринчи жагынан санкциялар Россиянын баардык багыттагы тармактарына тийген кесепети өтө оор болору шексиз (айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо, финансы, энергетика ж.б.). Экинчи жагынан согушка кеткен каражаттардын кескин көбөйүшү, эсепке кирбеген чыгымдарынын кошулушу (курман болгондорго төлөнүүчү каражаттар, жарадар болгондорго кеткен дары-дармек чыгымдары, аларга төлөнөр социалдык пособиялар, пенсиялар ж.б.). Үчүнчү жагынан Россиянын изоляцияда калышы (жетекчилеринен баштап, спортсмендери жана маданият тармактагы адамдары, эл аралык турнирлерге, концерттерге, чогулуштарга катыша алышпагандыгы, ар кандай эл аралык уюмдардан четтелип жатканы ж.б.). Дагы бир Россиянын экономикасын артка тарта турган өтө оор жагдай бул Украинага келтирилген зыяндардын ордун эртедир-кечтир толтуруп берүүсү. Ушулардын баардыгы биригип Россиянын экономикасын артка тартып, элинин турмушу начарлашына жана жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келет. Аны менен бирге “мээлердин” жана жогорку технологиялык адистердин өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетиши күчөйт жана Россиянын эл аралык коомдогу салмагы менен авторитети төмөндөйт. Эң коркунучтуусу, союз ыдырыгандай ыдырап кетүү жагдайы пайда болот. Ошолорго карабастан Россиянын жаратылыш байлыгын, элинин “русские долго запрягают, но быстро едут” деген мүнөзүн эске алсак, Россия экономикалык блокадага туруштук берет, түндүк Кореянын жана Ирандын эли санкциялардын алдында жашагандай эле, Россиянын эли кыйынчылыктарга чыдап жашай берет. Толкуп, тополоңго барышпайт деген ойдомун.

Зулпукаар САПАНОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз