Конкурска: Бирѳѳнүн ак тѳшѳгүнѳ кирбе! (№84)

АӉГЕМЕ

Мен ѳмүрүмдүн соӊуна чейин бир аялды гана сүйүп ѳтүүнү каалачу элем. Ошондуктан мага азыр ашыкча жүктүн кереги жок болчу. Бирок, ошол «кереги жокту» айтып турган күндѳ да, негедир жүрѳктѳгү кыпындай бир сезимди бапестеп баккым келди. Керемет күч-кубатка толгон, жагымдуу жылуулуктан баш тарталбадым.

Тынч кѳлдүн бетинде жаткан Айды терметип жибергендей, бул сезим бир апта мурун пайда болду. Анда мен кошунанын үйүнѳ баш багып кире калгандан башталды…

Ал күнү Амандын темтеӊдеп баскан жолу менен мен да кошо артынан короого карап бастым. Күн үйдүн чатырынын артында калып, короо көлөкө тартып турду. Үйдүн чыгышына кайрылганыбызда, бир аяк жолду этектеп жемиш дарактары тигилгенин жана узун орундук коюлганын көрдүм. Биз жаӊы эле өткөн көлөкөлүү короо жана мына ушул жемиш дарактуу жайдын таза, тыкандыгынан «бу Аман чын эле ушул үйдө кожоюнбу?» деп ойлойсуӊ. Анткенимдин себеби бар. Көйнөгүнүн төшү жагжайып ачылып, сакал-муруту эпсиз үксүйгөн Амандын оозунан арактын жыты «бурр» этти да, «Бул жерге көчүк бас» - деди. Мен анын оозунан чыккан жытка жийиркенгендей түр менен ал көрсөткөн орундукка отура кеттим.

Ушул көчөгө, ушул турган Амандын жанындагы үйгө коӊшу болуп көчүп келгениме бир апта боло элек. Ошондон бери күн кур калбай Амандын ичип жүргѳнүн көрүп жүрѳм. Тынбай ичкенден, – кебетеси кудум эле каракчы! Анан эми ушундай кошунага кантип куунак болосуӊ?

Мындан улам, бул үй-бүлөнүн короо-жайы, оокат-ашы, күнүмдүк тиричилиги кандай экенин боолгоп койсо болот эле. Бирок, мен ойлогон ойлор ушул короо-жайынын тазалыгынан да кандайдыр бир керемет менен короодон баш багып, «Атасы, үйгө киргиле, чай даяр!» - деген аял кишинин жагымдуу үнүнөн соӊ таптакыр жуулуп кетти. Жагымдуу үн чыккан тарапка башымды көтөрө салганымда, бакырайган көздөрү менен токтоо карап турган сулуу келинге көздөрүм чалдыкты. Мен нес болуп токтоп калдым, Амандын орундуктан өйдө туруп, мени далыга таптап, “үйгө кир” деген ишаратынан кийин гана өйдө болуп баратып, аргасыз: «Жашоо өзү кызыктай, дайым бир жаманга бир жакшыны кошот!» деп ойлондум.

Жеке өзүмдүн айыптуу учурларымды кошпогондо, өз бүлөмдө жашоо баштагыдай эмес. Жаман жоруктардан алыс болгонум менен үйдө ансыз деле тынчтык жок. Эрегишкен жашоону өткөрүп жатабыз. Амандын жубайы кандай жагымдуу, кандай сыпайы дегеним ушундан. Кишини көзү менен тигиле карабай ийменип, акырын гана ак жуумал колун: «Чай ичкиле», - деп сунат. Мен анын ак жуумал жүзүнө жана бакыракай көздөрүнө суктана карадым. Бирок, жѳн эле карадым, кѳѳнүмѳ арам ой келген жок.

Келин ууртунан жылмайып, сүттүү чайды оӊ колу менен сунуп, сол колу менен чыканагын кармап ийилди. Ал дасторкондун тиги четинде, туура карама-каршы маӊдайымда отурду жана караган сайын ичимде кандайдыр жагымдуу чыӊалган сезим пайда боло баштады.

Кудай сактасын, бул жѳн гана ѳтүп кете турган, кѳз ирмемчелик сезим болсун дейли. Мындайдын башталышы жакшы, а аягы азапка салары белгилүү да...  

Азырынча бул үй-бүлөнүн сырын тереӊдеп билбесем да, экөөнү жанаштыра бирдей карап отуруп, майышып турган жаман өтүк менен жаркыраган зер буюмдун бир катарда турганындай, же болбосо Аманды какыраган ай-талаадан тарп издеген жоруга, ал эми жанындагы жубайын көлдө сүзгөн Ак Кууга теӊедим.

- Чайдан ич! Беркиге кандайсыӊ? - деди эле, келин суук түрүн чыгарып, экөөнүн көздөрү тиктеше кетти.

Аман андан ары «берки» жөнүндө сөз кылган жок. Демек, бул аялдын деле мүнөзү бар экен да… Ананчы, тирүү жан да, анын үстүнө келбети жаш кѳрүнгѳнү менен анчалык деле жаш эмес, отуз бештен өтсө өттү, андан кем эмес экенин көздөрү айтып турбайбы.

Ушул тапта эшикти кагып белги бербестен эле, сол капталдагы кошунанын аялы Зуура баш бакты да, Амандын жанына келип токтоп, бир нерсени сурайын дегенсип барып, анын ырайы кеткен кебетесинен улам, нары үйгө жыла баскан келинди көзү менен издеди:

- Жамал, бери чыксаӊ, сүйлөшөлү! – деп биз отурган тарапты сүзө карап: «Бул эркектериӊ эмнени билсин?» - деди өзүнөн өзү күбүрөнүп.

Кабагы чүрүшкөн, мурду коӊкойгон бул аялды жаӊы конуштун эли бүтүн тааныйт экен. Үйдүн да, көчөнүн да кызматын ѳзү билип, ким менен катнаш түзүп, ким менен мамиле курбаш керектигин өзү чечип, өзү бүтүрөт дешкен. «Жашоодо мына ушундай да заӊкылдаган зайыптар болот, эркеги анын артынан жетеленип алгандары канча» дедим ичимен. Кызыгы, Зуура менен Жамалды салыштырып болбос эле. Анан да өзүмдүн жубайымды… Үчөөнү үч башка караш керек… Талаа бетиндеги жайнаган гүлдөр деле бирдей болбойт да, бири тикенектүү болсо, бири үлбүрөп назик, а дагы бирөөлөрү Ай нурунан төгүлгөндөй ажайып кооз болуп ачылат эмеспи.

- Аттиӊ! - дедим ичимен, - Аялдарды кыз кезинде кантип баамдай аласыӊ? Биз – эркектер өмүр бою алардын сырын чечалбай азаптанат окшойбуз…

*     *     *

Көөдөй түндө көчөнүн бир тарабына карагайдагы чырактар жарыгын алсыз чачып турду. Биздин үйдөн алыс эмес жерде, бүткөн көчөнүн аягына жетпей, эски аялдаманын жанында авто-унаамда бейкапар отургам. Кокусунан авто-унаа ичиндеги күзгүдөн жеӊил басыгы менен кадимкидей жасана кийинген Жамалдын карааны көрүндү. Ак жоолукчан жана кызыл плащын жарашыктуу кийип, белиндеги курун бошураак, эптүү байлаган.

Жүрөгүм «болк» дей түштү. Көчөбүз түшкү жамгырдан кийин салкын желге сергип турат: мындан улам, кечки сейилге же көк дүкөнгө чыкса керек деген ойго келдим. Анан дагы, бул жерден батыраак өтүп кетишин күтүп, өзүмдү кереги жок ойлордон алыс кармоого кириштим. Ичимде кандайдыр бир жылуу күч-кубат кайрадан туйлап кирди. Кудай сактай кѳр! Кѳкүрѳктѳгү белгисиз сезимдин азыр мага кереги жок эле. Мезгилден артта калган, анан дагы адамды болбогон түйшүккѳ сала турган сезимдин кимге кереги бар дейсиӊ?!

Ал жаныман өтүп баратып, мени кѳзүнүн кыйыгы менен карап, анан түз эле эски аялдамага барып туруп калды. «Бу – жаӊы келген кошуна го, же башкабы?»- дегенсип, кылчайып дагы бир жолу карады. Мен жерге түшүп, жанына барышым керек беле же жокпу? Анын караӊгы түнү каякка жөнөгөнүн сурагым келсе да, эрким жетпеди. Аӊгыча Жамалдын башы жерге кирип кетчүдөй шылкыйды да, эки алаканын бетине жаап, эки ийнин бүлкүлдөтүп жиберди. Балким анын көздөрү жанатан жашылданып келаткандыр, мен аны байкабай калышым мүмкүн болчу. Ал эми азыр болсо, башын армандуу жерге ийип, көз жашын аянбай төгүп жатканын даана байкадым. «Кой, эми барбасам болбойт!» - бул жолу чечкиндүүлүк менен ордуман козголдум. Бирок, менин сөзүмдү дароо сол тараптагы имерилиштен чыга калган сары таксинин дүрүлдөгөн үнү жутуп кетти.

Жамал бетиндеги аккан жашты жоолугунун учу менен сүртүп, кадимки жеӊил кыймылы менен таксиге отуруп кете берди. Мага тиешеси жок, мендик эмес асыл затты чын дилимен аяп кеттим. «Мындай келинчекти эмнеге кордойт. Бул эмнеге ыйлады? Караӊгы түнү каякка жөнөдү?» - деген суроолор биринин артынан бири чубады. Акыры барып, арактан башы чыкпаган, иреӊи суук Аманды жек көрүп, алар турган үйдү кылчайып карадым: «Колдо бар алтындын баркы жок!»

Арадан бир топ күн узап кетти. Биздин үйдѳгү урап бараткан тынчтыкты таяп коёр киши жок. Анын ордуна ачылган жараканы чоӊойтуп баратабыз.

Болор-болбоско жубайым эки колун эки жакка жаӊсап, шилекейин чачыратып, бирде мурдун чүйрүп, бирде көзүн алайтып, бирде бетин чымчып, тилин тултуйткан көрүнүшүн, кино тасма көргөндөй «былк» этпей мемиреп карап отурдум да, акырын бут киймимди кийип, эшикке жыла бастым. Авто-унаага отурганда Амандардын үйүн карап, Жамалдын «жарк» этип көчөгө чыга калышын күттүм. «А балким өз жубайыман таппаган жылуулукту Жамалдан күтүп жүрбөйүн?» - деген кызыктай ойду ойлоп, кайра мыйыгыман жылмайып, «Каапыр ай де!» - дедим өзүмө-өзүм маашырланып. Аӊгыча баягы кечтеги сары такси биздин көчөгө бурулуп келип, түз эле Амандын үйүнүн тушуна токтоду. Алдын ала сүйлөшүп койгондой, таксинин токтогонуна улай дарбазадан Жамал «жарк» этти, кудум булут арасынан жашынып чыга калган күндѳй!

Алгач көргөн күндөн да, бүгүн өзгөчө сулуу болуп калгансыйт, таксинин айдоочусуна жылмайып, башын ийип учурашканын көрүп, ичим «тыз» дей түштү. Анан барып арткы орундукка отурду да, сары такси артына кайрылып, келген тарабына жүрө берди.

Бүлөнүн ынтымагы менен бактысы эркектерге караганда аялдардан көбүрөк көз каранды деп эсептеген жаным, бул ирет жаӊылып калгансыйм. Аял сулуу, ийкемдүү, жароокер болсо эле, биз эркектер жаш баладай гана жайдары жашап калсак керек дечү элем. Же андай эмеспи? Айтор, күндөн күнгө бул бир сыры бар үй-бүлөнүн кылык-жоругу табышмактанып баратат.

Амандын ичип кеткенинде бир мандем бардай!

*     *     *

… Өзүмдү бактысыздардын катарына кошуп, дубалдагы саатты ойлуу тиктеп жаттым. Үйдөгү жылуулуктун ыпым жоктугунан, чыйрыгып баратам. Мен эӊсеген жылуулук каным менен жүгүрүп отуруп жүрөгүмдү элжиретип кетсе кана…

Кубанычым койнума батпай, сыртыман жайнап төгүлгөн, капарсыз үйлөнгөн жылдары, бажаларым катар күлүп: «Балдыздын эжелеринен кутулалбай жатсак, сен кайдан адашып? Эми белиӊди бекем бууп, турмуштун жазмышына көн. Булардын тажаалдыгы бизди көргө чейин жетелеп барат» - дешкен ырсыйышып, колундагы чөйчөктөрүн толтуруп жатып. Алар муну жаӊы кошулган бажасына гана айта алышмак. А башкаларга сенин алсыз экениӊдин билишин каалабайсыӊ да.

Дубалдагы саат кечки алтыга барып «чык» этип токтоду. Адатымча кечки кызматымды аркалоого белсенип, өйдө боло бердим. Дал ошондо Амандардын короосунан кыйкырык үндөр, кимдир-бирөөлөрдүн урушу чыкты. Анан барып аял кишинин ыйлаган үнү угулду.

– Тынччылыкпы? – деп атып тура кала жаздап, ортоӊку бөлмөдө жүргөн жубайым шекшинип калбаш үчүн, демимди ичиме каттым. Кудум менин ички сезимим баарына көрүнүп тургансып, күнөөлүү кишидей жер карап ортоӊку бөлмөдөн өтүп кеттим.

Бир-эки мүнөттүн ичинде алардын үйүнө жетип бардым. Буттарым чалыштап, мас кишидей темтеӊдеп барып эшикти «шарт» ачып эле кирип барганымды өзүм да кийин байкап, уятыман кызарып кеттим. Кыязы экөө жаӊы эле урушун токтотуп, демдерин басып отуруп калышкан өӊдүү. Үйдөгү жанагы жагымсыз маанай кадимкидей азыркыга чейин сезилип турду. Аман ордунан козголбостон, көзүнүн төбөсү менен сүзө карап:

- Кел, отур… кошуна, - деп үзүл-кесил күӊкүлдөп койду.

Жамал ыйлагандан кызарып калган көздөрүн өйдө көтөрө албай:

- Чай коёун, - деди адатынча жагымдуу, назик үнү менен.

А мен эмнеге келгенимди айтпай-этпей же отур деген жерине отуруп калалбай, ара жолдо кызыктай болуп туруп калдым. Эмнеге жетип келгенимди да билбейм? «Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат» – деген ушул эмеспи. А Жамал кабактары бырышса бырышканы, ыйласа ыйлаганын билгизбеген керемет жан турбайбы, ал баягыдай эле көзгө сүйкүмдүү, ажарлуу көрүндү. «Эгер дагы бир жолу капа кылып, ыйлата турган болсо, мен эми токтоно албайм» - дедим ичимен.

Аӊгыча, үн-сөзү жок тултуюп калган Аман колуна чайнекти көтөрүп, плитага койгону бараткан Жамалга көзү менен ызалуу карап:

- Мага сенин дагы, күмөндүү туулган кызыӊдын да кереги жок! - деди кыйкырып.

Жүрөгүмдүн башын ийне менен бышып алгандай эле «тыз» дей түштү.

А Жамалдын жүзү кубарып кетти. Ал көӊүлдүн бир тереӊинде армандуу тагдыр чөгүп жаткан, ошол тагдыр унутта калып, бирок, бүгүн кайрадан чыга келгендей, өӊү бир башкача бузулуп кетти. Анан барып көз ирмемчелик убакыт экөө тиктеше калды да, үнсүз жооп кылгансып, Жамал башын армандуу жай чайкап, көзүнөн аккан жашты сүртпөстөн шарт бурулуп, сыртка, көлөкөлүү короо тарап менен дарбазадан ары өтүп кетти.

 «Мени аябай эле кой, мени ушул абалга сен жеткирдиӊ!» - деди Аман артынан кыжаалат үнүн чыгарып.

Ошону менен дендароо кишидей алардын короосунан чыкканча шаштым. «Эмне болгон буларга? Биз билбеген эмне деген балээ бар бул үйдө?»

*     *     *

Болбогон сүйүү үчүн мынчалык ойлонбошум керек болчу. Мейли, ал жүрѳктү жагымдуу салмак менен каптай берсин, бирок азапка салбаш керек эле. Анын дагы, менин дагы үй-бүлѳм бар. Анан да ѳз аялымдын мендеги сүйүүдѳ үлүшү болушу керек, башканы кѳрүп калып, мээӊ айныганча бурулуп кетүүнүн кажети жок. Ченеми менен, акырын гана сыртынан сүйүп жүрѳ берсем кана…

Бир күнү уктап жатып, жаныма Жамалдын келгенин туйдум. Кадимкисиндей жеӊил басып келди. Мен башымды кѳтѳрдүм. Ал баягы күнү кетип калган бойдон кайра кайтып келген эмес болчу. Күнү күн, түнү түн дебей күтѳ бердим. Кошуна тарапты ары ѳтсѳм да, бери ѳтсѳм да кылчайып мойнум үзүлгѳнчѳ карап ѳтѳм. Кусага батып баратканымды сезгенимде, аргасыз ѳзүмдү жектедим. А бирок азыр бүткѳн боюм чымырап барып жазылып кетти. Сүйүндүм. Сүйүнүчүмѳн жыргап күлүп да алдым.

- Эчак укташ керек болчу, - күлүмсүрѳдү Жамал. - Эмне ойгоо жатасыз?

- Кантип уктамак элем, мен сени күттүм! – аянбай туруп ичтеги сезимимди чачыратып, кѳздѳрүмдү жайнатып айттым.

- Жакшы уктаӊыз... – ууртунан жылмайды ал.

- Жакшы уктоого мүмкүн болбой барат... – мен ушул сѳздѳн кийин Жамалдын кѳѳнүн оорутпай туруп: - Урушпаӊызчы, менде күнѳѳ жок, мендеги суратпай келип алган сезимде күнѳѳ! - дедим.

- Ыя, де? - Ал бул сѳздү айтары менен уялып кетти да, кайра ийилген кирпиктери серпилип, бакырайган кѳздѳрү жымыӊдады. Ал муну менен мага болгон сезимдерин жеткизди окшойт деп ойлодум.

- Сиз дагы уктай албай жатасызбы?

Ал шайыр жеңилдиги менен башын ийкеди. Кѳӊүлү бузулбай турган сѳздѳрдѳн улашым керек эле. Бирок мен ушул тапта негедир жаткан ордуман ѳйдѳ туралбадым. Ѳйдѳ жактан Жамал менден кѳзүн албай карап турат. Ал башындагы жоолугун чечип, чачтарын колу менен жазып, бир аз көтөрүлүп ийилген кара көкүлүн сулуулап тарады. Терезедеги Ай нуруна чагылышкан жүзү ого бетер кулпура түштү. Мен ичимен магдырап, ырахатка батып баратам. Анан да сѳѳктѳрүмдүн алдында, кѳкүрѳгүмдѳ муштумдай эттин жагымдуу түрсүлдѳгүнѳн  комуздун кылдарынан чыккандай мукамдуу күү чыгат... Ага кошулуп, сырттагы табияттын дал ѳзү да салкын желге оронуп, бир башка кереметке кубулуп турду.

Аӊгыча, терезеде турган сааттын коӊгуроосу таӊ атканын айтып, чырылдап жиберди. Кѳзүмдү ачаарым менен, кѳӊүлүм ооруп чыкты. Кѳрсѳ, бул түшүм экен! Кызыгы, кудум ѳӊүмдѳгүдѳй болгонун айт. Жанымда жубайым кѳзүн ачпай, оӊ колун ѳйдѳ созуп, терезедеги сааттын үнүн ѳчүрүп койду. Мен анын уйку-соо арасында аргасыз ѳйдѳ болуп баратканын карап, бир чети аяп кеттим. Мунун деле жакшы жактары кѳп. Уруш ар бир үй-бүлѳдѳ бар да. Тажаалдыгына жараша тыӊдыгын айтпа. Эмгекке жаш кезинен бышкан жана бирѳѳгѳ оӊой менен баш ийип бербейт, чыныгы кызматтын айымы. Бирок, канчалык тыӊ, үйдѳгү бардык оокаттарды бачым, эптүү кылса да, ажаандыгы баарын жууп кетет. А Жамалчы? Кандай гана сыпаа, кандай гана жагымдуу айым! Кудум Ай нурунан тѳгүлгѳндѳй ажайып сулуу! Мен аны сүйүп калганымды аргасыз мойнума алышым керек. Бирок, даярданып күтпѳгѳн, жѳн гана бейкапар жүргѳн адамга суратпай кирип келген сүйүүнүн ѳзүнѳн эмес – ошого туруштук бералбай бараткан ѳзүмдѳн күнѳѳнү издешим керек. Бирѳѳнүн ак никелүү аялына кѳз артуудан мурун, ѳз үй-бүлѳмдүн махабатын тургузууну ойлонушум керек. Билгенге, меники – жийиркеничтүү сүйүү.

Кѳчѳдѳгү маӊдайкы кошунанын эшик алдына узун отургуч коюлган. Күндүз бир маал анда ушул кѳчѳнүн аялдары кырка тизилип отуруп алып сүйлѳшүп калышат. Алардын кээсинин күйѳѳлѳрү үйүндѳ болсо, кээсиники жумушта, а кай бириники бир жыл, эки жылдап Россияга кетишкен. Эшик үп, ага карабай отурушат, сүйлѳшүшүп. Кѳчѳгѳ шагылды акча чогултуп тѳгүш керекпи же Өкмѳттү күтүү керекпи? - талашып атышат. Андан ары Россиядагылардын качан келерин сурашты. Рубль кѳтѳрүлгѳнүн, эми бир аз кѳбүрѳк акча келерин айтышты. Бир саат аралыгында, базардагы баалардын кымбаттап баратканын, жаӊы чыккан эмеректерди, кѳчѳгѳ кыдырып арзан идиш сатып келгендерди жиликтеп, сындап чыгышты. Анан сѳздѳн сѳз уланып, күйѳѳлѳрүнѳ жетип, акыры ушунун тегерегиндеги түнкү кептерге чейин барышты. Бир маалда бирѳѳсү Жамалдын кетип калып келбей жатканын, Амандын тамак ичпей, арактан ѳлүп калышы мүмкүн экенин айтты.

- Уятсыз! Бирѳѳгѳ жабыша калып, ушуну кѳрдү! - деди баягы мурду коӊкойгон Зуура.

Мен кѳчѳдѳ авто-унаамдын айнектерине суу чачып, сүртүп жаткам. Аларды карабастан, турган ордумда селейип калдым.

- Бая, Аман Россияга кеткендеби?..

- Дал ошондо… Курттап баратса да, эмне болуптур?

- Иий, бетим! - бири колу менен кызыл бетин тултуйта чымчып туруп калды.

А мен ылдый боло берип, авто-унаама жѳлѳнѳ кеттим. Аялдар андан ары: «Тфу, ѳз башы менен кетсин!» - деп колдорун шилтеп үйлѳрүнѳ тарап жатышты. Орундукта эки аял калды. Бири Зуура. Ал андан ары сѳзүн улап кирди.

- Аман мурда кандай сонун адам эле! Азыр антип элестетүү да кыйын. Анын азабы ушунчалык жанга батканынан, мурдагы Амандан эч нерсе калбады. Эки жыл Россиялап келем деп, минтип аялынын булганган тѳшѳгүнѳ жатам деп ойлобосо керек. Ал баарын сезип, туюп турса да, катуу урушпады, кол кѳтѳрүп, сабаган жок. Бирок, ичип кетти...

- Балдары эмне болду. Алар азыр каякта?

- Эки күн мурун кайын журту баласы менен кызын алып кетти. Баласы ѳзүнүкү, тиги кызы күмѳндүү болуп калды…

Мен Зууранын бул сѳздѳрүнѳ ишенгим келбей, авто-унаама шарт отуруп айдап жѳнѳдүм. Бул кѳчѳнүн аягына чейин айдап барып, баягы кечтеги Жамал келген эски аялдамага токтодум. Рулду кармаган колдорум карышып, кѳздѳрүмѳн жаш томолонуп кетти. Мурдатан кусалыкка ооруп турган жүрѳгүм, эми ачууга уулана баштады. Кайра туруп: «Мага эмне, ѳз күйѳѳсү азаптансын, мага кандай тиешеси бар» - деген ойду күчтѳп чыгардым. Бирок, ал ой жасалма, күч менен келгендиктен, артынан ызалуу ойлор салмак басып кетти: «Ээх, Жамал, Жамал… Эмнеге, эмне үчүн? Кѳрсѳ ушундай беле?!»

*     *     *

Амандын кѳлѳккѳ тарткан короосуна баш бакканымда, анын жемиштүү дарактардын түбүндѳ кир жууп отурганын кѳрдүм. Бүгүнкү кебетесинен баарын байкадым: анын азап жегени ушунчалык жан ачыштыргандыктан, азаптана берип ѳӊдѳн азып, арыктап кеткенин сездим. Зууранын «Сонун адам болчу» дегени кулагыма жаӊырды. Ал кайра баштан жашоону баштаган кишидей эки жеӊин түрүп алып, кийимдерин эптүү жууп жатыптыр. Кечээки арактын тарап кетиши кыйын болуп турганын билгизип, кызарган кѳздѳрү кирбийип калган. Мени кѳрүп, эреркеп кеткенсип, кѳзүнѳн жашын сүрттү.

- Мага оор болду,- ызалуу күлүмсүрѳдү. - Эгерде турмуш мага сокку берсе, мындай жагынан эмес, башка жагынан берсе эмне. Мен башка азаптарды кенебей кѳтѳрүп кетет элем. Бирок, бул азапты кѳтѳрүүгѳ мүмкүн эмес!

Мен ага жакын бардым.

- Укканым чынбы? Эгер чын болсо, мындайды адам көтөрөбү, ыя? -  мен ачуу үн менен кыйкыргандай айттым, бирок үнүм ѳзүмѳ араӊ угулду. Тим эле тамагым буулуп калгандай.

- Эӊ жаманы, чын болуп калды... - ал ушунчалык чоочун, мусаапыр үнү менен айтты.

- Болуп калды дегениӊиз кандай? Же жѳн гана шекшинүүбү?

Мен уккандарым чын болбосо экен деп аракеттендим.  «Жок дегенде аялдардын атайын чыгарган ушагы болуп калса экен» - дедим ичимен.

- Тш-ш! Акырын сүйлѳшѳлү, бул жакта Зуура бар, - колу менен жаӊсап кѳрсѳтүп, оӊ капталдагы коӊшусун айтып, - алгач, ушак чыкты. Ага деле ишенбейт элем. Россияда жүрүп ортодо бир келип кеткем. Ошондогу эсеп менен кызымдын тѳрѳлгѳн айы дал келбей калды. Кѳздѳрү дагы башка…

- Ой-оой, сиз эмнени айтып атасыз? Баланын кечигип же эрте тѳрѳлүп калышын билбейт белеӊиз. Жакшынакай наристеден кара кѳѳ издегениӊиз кандай? Кой, мунуӊуз жалган болуп калды. Ишенбейм, - деп артка карай бурулганымда, Аман билегимен тартып:

 - Бир сураныч бар! Шекшиген кишини тааныйм. Сен билмексен болуп, андан чындыгын сурап бер. Эгер чын болсо, анда жашоом бүттү. А эгер калп болсо, мен Жамалымдан кечирим сурап алып келем. Анда биздин жашоо кайрадан жанданат. Сураныч, билип берчи! - деп жалбарып жиберди.

Жүрѳгүм таштай салмактанып, баш айланып баратат. «Ѳз азабыӊ ѳзүӊѳ эле жетмек, мени кошо илип алганыӊ кандай? Менин жагымдуу сезимдерим кайда кетти?» - дедим ичимен.

- Уфф! - мен оор үшкүрдүм, - Айтыӊыз эми, ал каякта жашайт?

*     *     *

Жамалдын ак никесине кол салган сукчулдун үйүнѳ эртеси барууну эп кѳрүп, ал күнү үйдѳ болдум. Күндүз кандай иш менен алек болбоюн, санаам тынч эмес. Ичимдеги күйүп жаткан от жүзүмѳ чейин кызарып билинип турду. Түнү узак убакытка чейин уйку да келген жок. Терезеден Амандын үйүн үӊүлүп карап, буларды ойлондум: «Ортодогу ишенимди кирдетпей, булгабай таза сактап калуу – бул жашоонун эӊ башкы маӊызы! А башкасы келет-кетет».

Түн бир оокумда, уйку-соо арасында жатканымда бутунун учу менен жеӊил басып келаткан дабышты уктум. Бирок, кѳзүм толук ачылбай, үӊүрѳйүп баратат. Аӊгыча жазылган кара чачын ийнине сала кайрып Жамал мени дал тѳбѳмѳн карады. Керебеттин башына келип.

- Баары сиз ойлогондой эмес, - күлүмсүрѳдү Жамал, - баарына эле ишене бересизби?

- Кантип ишенбейсиӊ? Эх, Жамал... Жамал...  - мен ага ооруп аткан кишидей араӊ айттым.

- Анан эмне?.. Эми мени соттойсуӊарбы?.. – шыбырап койду ал да мени туурап, үнүн араӊ чыгарып.

- Билбейм. Эч нерсе айталбайм, - мен кѳӊүлүм ооруп турганын билгизгим келди.

Жамал терезедеги ѳзүнүн чагылышкан ѳӊүн карап, колундагы жоолугун салынып кирди. Анын гүлдүү халатынын үстүнкү топчусу тагылбай, ич кѳйнѳгүнүн учу кѳрүнүп, андан ылдый белинин ичкелиги халатынан даана билинди. Ошондо Аман айткан сукчул менен Жамалдын бир тѳшѳккѳ кулаганын элестетип кеттим да, тура калып кыйкырып, урушкум келди. Бирок, менин буту-колум байланып калгандай кыймылдаган жок.

- Жашоо татаал, жашоо азап, жашоо кызык, ээй… жашоо татаал... - ал муӊдуу обон созуп, ырдап турду. Анан халатынын этегин кармап, үйдүн ортосунан тегеренип бийледи. Анын аппак буттары терезеден жерге түшкѳн Ай нурунан даана кѳрүндү. Кээде халатын тизесине чейин кѳтѳрүп бийлесе, кээде санына чейин алып барып кайра дароо ылдый таштап жиберип, бир колун ѳйдѳ кѳтѳрүп, экинчи колун кимдир-бирѳѳнүн ийнине же колуна койгонсуп, жеӊил ийип кыймылдатып жатты.

«Кандай гана керемет жан, ак жуумал жүзү менен, бакырайган кара кѳздѳрү менен! Жаман ойго түк кыйгыӊ келбейт» - дедим ичимен.

- Биз узак-узак, бирге болмокпуз. Анан мен дагы бир уул, дагы бир кыз тѳрѳп бермекмин. Корообуз гүл бакча болмок... - ал бийин токтотпостон, жеӊил ийилип аккуунун кыймылындай эки колун артка кайрып, кайра ѳйдѳ турду. Анан эки колун кѳккѳ созуп, бир бутун кѳтѳрүп, экинчи бутунун учу менен турган ордунда акырын айланып жерге отуруп калды. Ошондо байкадым, анын кѳздѳрүнѳн жаш салаалап агып жатканын.

- Менин каалоом эмес болчу. Алсыз жаным жем болуп берди. Каршылык кылууга кандай күчүм жетпеген болсо, кийин баарын ачыгын айтканга да ошончолук күчүм жеткен жок. Ичимен жалын менен ѳрт болуп күйдүм. Баары кыйрады, баары кетти… Бир аяганым, Амандын мындан кийинки жашоосу…

Бул жолку түшүм кызыктай бүттү. Аягы эмне болгону белгисиз... Таӊ эрте ойгонуп алып, түндѳгү түштүн аягын таппай кыйналдым. Эсте жок десеӊ. Сыртта, Амандын короосунан кимдир-бирѳѳ сыздап ыйлап жатты. «Шордуу Аман! Эми эмне кылабыз? Тунук сүйүүгѳ кѳлчүк баскан буту менен из салып кеткендин сазайын окутууга эрким жетеби?!

Мен Амандын мас болуп калып ыйлап жатса керек деген ойдо элем, сырттан жубайым кирип келип, чок баскандай секирип жиберип айтты.

- Байкуш, кошунабыз, Байкуш Жамал! - деди ал кѳзүнѳ жаш алып. - Түндѳ асынып алган экен. Аманга азыр угузушту!

Убакыт бир саам токтоп калды. Сааттын жебеси да сокпой, айлана бир орунда катып калды. Мендеги жылуу сезимдин ордуна күч-кубатты кетирген таштай салмак басты. Кѳзүмѳн кылгырган жашты сүртүп, аялыма кийимдерди салыштырууну, бул үйдѳн башка батирге тезинен кѳчүп кетишибиз керектигин айтып, сыртка чыкканга шаштым. Анын кѳзүнѳ урунбай, эшикти жапкандан кийин, ичимди кармап ылдый боло берип, оозгу үйдѳ, терезеден жаӊыдан күндүн нуру чыгып келаткан үйдѳ шолоктоп, боздоп жибердим. «Оо арсыз, оо уятсыз, Жамалдын ак никесине кол салган сукчулдан сенин да айырмаӊ жок. Сен дагы бир күнү ошону кылмаксыӊ!» - деген үн кулагыма жаӊырып жатты.

А мен элдин баарына кайрылып жаткансып: «Суранам, бирѳѳнүн ак тѳшѳгүнѳ кирбегилечи, бирѳѳнүн махабатын кир бутуӊар менен басып кетпегилечи!» - деп кайталап жаттым...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз