Кубантай Эрназаров: Терезе

  • 22.04.2022
  • 2829

АҢГЕМЕ

Шаардан чыккан портер унаасы жол тыгындан чыгар замат шаар сыртында зуулдап барат. Айдоочуну коштогон Салкын улам бет маңдайдан жолуккан маршурттук каттамдарга кадалып карайт. Бул чоң жол менен айылдан анын жумушуна чейинки каттамдарды издеп келатты. Күйөөсү жүктү жүктөшкөн соң, автоунаасы менен эбак кеткен. Салкын айдоочуга жол көрсөтүп келатты.

- Ушул жерден эми оң жакка, – Салкын айдоочуга карады.

- Арт жакты карап койчу, карындаш, – айдоочу ага кайрылды, – Машина жокпу?

- Жок, айдай бериңиз.

Шаардагы көп кабаттуу үйдөгү батиринен айылдагы кайнагасынын үйүнө көчүп келатышкан кербези. Россияда соода менен алектенген кайнагасы али келер түрү жок. Айылдагы үй кайнагасы үй-бүлөсүн Россияга көчүрүп кеткенден бери эки-үч жылдан бери бош, ватсаптан сүйлөшкөн сайын үйдү караганча айылда жашасаңар да болмок деп кыңырылып калар эле. Акыры жаш жубайлар бул сунушту ылайык көрүштү. Айыл шаарга жакын, бир эмес эки маршруттук каттам шаарга тынымсыз каттайт. Анүстүнө шаар ичинде ырбаган ковид деген балакет да буларды утурумдук айыл жерине кубалады.

- Андан ары кайда? – бурулган көчөнү этектеп калганда айдоочу дагы сурады.

- Мм… – Салкын ойлонуп калды, – Тээ бурулуштагы көк дарбазалуу үйдөн үч-төрт үй арыда болсо керек эле. А, туура! Тигине күйөөмдүн унаасы токтоп турат, – жол боюнда токтогон автоунааны көргөндө сүйүнүп кетти. Демек жолду адашпай туура таап келишти.

Келин болуп келгени Салкын бул айылдагы кайнагасынын үйүнө болгону үч-төрт жолу келген. Акыркы жолу кайнагасы үй-бүлөсүн алып кетип жатканда, эки-уч жыл мурда бир ирет келгенин эстеди. Ошого алдыдан көзүн албай, мээсин: «Баарынан да коңшулар түзүк адамдар болгой эле» – деген ой жеп келатты. Алыскы ашынадан, жакынкы кошуна, коңшунун жакшы-жаманы да көп мааниге ээ. Шаарда жүрүп, коңшунун жаманын да, жакшысын да куп көрдү.

Жүктүү унаа дарбазага жакындаганда, күйөөсү эшиктен башын кылтыйтып бир карап, анан чоң дарбазаны ачып кирди. Унаа үйдүн короосуна кирип токтоду.

- Келиңиздер, – деди күйөөсү унаадан түшкөн айдоочуга кол берип.

- Асыл, идиш-аякты алып, өзүнчө кой, – деди Салкын күйөөсүнө үйгө киргени эшиктин ачкычын чөнтөгүнөн сууруп жатып, – Сынып калып жүрбөсүн.

Эшикти ачып кире беришке баш бакты. Көп жылдан бери адам жашабаганга үй ичи көк жыттанат. Эшиктен кирген күңүрт жарыкта төркү бөлмөгө карай бет алды. Эшикти ачар замат маңдайдагы чоң терезе, анын жанындагы чоң уктоочу диван көзгө урунду. Үй ичи тымтырс, шырп эткен дабыш угулат. Терезе туштан кирдеген кунарсыз үй көрүнүп турат. Эң жакынкы кошуна ушул үй болгон чыгар. Чаңы аарчылбаган терезеден эшик алды кир, кунарсыз кошуна үйдү мелтиреп тиктеп туруп калды.

- Буларды кайда коёлу? – сырттан жонуна түйүнчөк артынган күйөөсү карп-курп кирип келди.

- Бурчка кой да, сына тургандарын көрүнө алып койчу.

- Жарайт, – деди күйөөсү. – Терезеден эмнени тиктеп? Ал жактан биздин кошунанын эшик алды көрүнөт.

- Билдим. Деги кандай адамдар булар? Жакшы эле адамдарбы?

- Биздей эле. Күйөөсү менден бир-эки жаш улуу го дейм, – Асыл түйүнчөктү аңтарганча сүйлөп жатты.

Салкынга булардын таржымакалын билгенинче айтып берди. Бир аздан соң айдоочу сырттан тарактай басып кирип келди да, эшиктен баш багып Асылга карап:

- Ой, батыраак кыймылда, иним. Тиги муздаткычты алып киргенге кол кабыш кылайын да, мен кетейин, тууган.

- О, кокуй десе, туура айтасыз, – Асыл сыртка жүткүндү, – Мен азыр...

Асыл менен айдоочу муздаткычты ичкери көтөрүп жөнөштү. Салкын алы жетишинче эшик алдына туш келди ташталган буюмдары ичкери ташып жатты. Тепши, жууркан-төшөк, идиш-аяк, карапага өстүрүлгөн гүлдөр… Кембагалды көчкөндө көр болуп эң керектүү делген буюм-тайымдарды алып келген күндө да ушунча жүк.

Гүлдөрдү бир бурчка коё салып, сыртка чыкса, эшик алдында бейтааныш эрди-катын күйөөсү менен ал-акыбал сурашып жатышканын көрдү.

- Саламатсызбы? – деди жубайы Салкынды көрөр замат.

- Саламатчылык, келиниздер, – Салкын алик алды.

- Бул жак ким, жубайыңыз болот да, ээ? – чоочун эркек Салкындын күйөөсүнө кайрылды.

- Ооба, ырас айтасыз.

- Кош келиңиздер, – эркек Салкынга жайдары кайрылып, кол сунду, – Менин атым – Бакыт. Силерге жакын коңшу болом буюрса. Силер ким болосуңар?

- Салкын.

- Таанышканыбыз үчүн кубанычтамын, Салкын. Бул жак менин келинчегим. Таанышып алыныздар, – Бакыт аялын тааныштырды.

- Сейил, – деди кошуна болор аял сүйкүм жылмайып. – Кош келипсиздер жаңы кошуналар.

- Салкын менин атым. Ыракмат.

Коңшулар экен. Болгондо да жакын. Төркү бөлмөдөгү чоң терезеден көрүнгөн үйдө ушулар жашайт тура. Автоунаа келип токтогон кезде жубайлар чарба иши менен алек болуп олтурушса керек, экөө тең үстү-башы чаң, көрүнүштөрү жүдөө. Саамга баарлашып туруп калышты. Бир аздан соң кошуна үй тараптан баланын ыңаалап ыйлаган үнү угулду. Үстү-башы чаң жүдөө келин чуркаган бойдон кетти. Салкын менен күйөөсү көчүп келишкенин эми гана эстегендей дагы ташынып кирди.

- Келиңиз, мага бериңиз муну, – Салкын көтөрүп жөнөгөн тумбаны коңшусу колдон талашты.

- Ой, жок, убара болбоңуз, өзүм эле.

- Эчтеке эмес, бул сизге оордук кылат, – коңшусу тумбаны Салкындын колунан алды, – Оорун бизге таштап, жеңилдерин ташыңыз.

Коңшусу басып кетүүдөн тартындыбы же жүрөгүндө бир аз ыманы бар адамбы, айтор колуна киргенин алып ичкери ташышып кирди. Үчөөлөп заматта ташып бүтүштү. Бөлмө ичинде буюмдар туш келди жерде жайнайт. Салкын диванга олтура кетти. Үч-төрт күн бою асман түнөрүп, аздан себелеп жаан жаап, аба-ырайы суук. Салкын эми гана башы бир аз оорутуп, чыйрыгып турганын сезди. Олтурган жеринен тургусу келбей шалдайды.

- Кой, мен кетейин анда, – залда күйөөсү менен бирдемелерди тактап жаткан коңшусу жөнөп калды. Күйөөсүнүн телефон номерин сурап жаткан. – Бир күн өрлүктөп келебиз буюрса, кошуна.

- Чай ичип кетиңиз, – муну угар замат Салкын ичкериден баш бакты.

- Ой, жок, кошуна, ыракмат. Бүгүн бир жаңсыл жайгашып алгыла. Буюрса, далай даам сызабыз бул үйдөн.

Салкын чоң терезенин түбүнө басып барып, чаң баскан киргилт терезе аркылуу булардын эшик алдын дагы карап калды. Көрөр замат ичи эңшерилип, жүрөгү сыздап, чыйрыгып турган жаны андан бетер муздады. Кошунанын эшик алды кир, жуулбаган. Ал тургай эшик алдына өстүрүлгөн гүлдөр да чамбыл-ала кир, сууктан бүшүркөп, өзүнүн кир кебетесине уялып тургандай. Баягы үстү-башы чаң жүдөө келин ашмалтайы чыгып сырткы суукка карабастан, үйдүн маңдайын актап жатат. Кылган иши да копол: дубалдын акталган жерлери карала-торала тартып, келиндин өзүндөй жүдөө көрүнөт. Келин мындан алдын кир жуугандай, эшик алдына тартылган зымга чоло жери жок жуулган кийим-кечектер илинген. Кирди да эптеп-септеп кол учунда чайкай салган го. Жуулганына карабастан жайылган кийимдер киргилт бойдон.

Салкындын жүрөгү эми чындап сыгылды. Коңшу келиндин үй тутунганын көрүп, көңүлү жаңы кошунадан заматта муздады. Ал тургай коңшусу Бакыттын азыркы элпек, сылык-сыпаа мамилеси, оорун колдон ала калган адамгерчилиги да муздаган көңүлүн жибите албады. Эми булар менен сыпайы гана мамиледе болууну чечти.

Мунун да өз себеби бар: шаардагы көп кабаттуу үйдө дегеле тыкан, пакиза коңшуга жалчыбады куруп кеткир. Экинчи кабаттагы коңшусу чакага салынган таштандысын такай подъездге таштап салат. Анысы койгон жеринде сасып, ирип-чирип жумалап турат. Эшигин такылдатса, ачса да мейли. Үчүнчү кабаттагы эшик тушундагы шалтурук орус коңшусу өзү ашмалтайы чыгып араң жүрөт да, бир машке ит, ага кошуп мышык багып алганын айт. Ошондон улам болсо керек, подъездден дайыма каңырсып жагымсыз жыт урат. Мунун айынан аларды тазалыкка чакырып түшүндүрдү, далай урушту. Болбоду. Акыры тажап, алар менен азыр кайдыгер. Бет маңдай жолукканда гана ооз учунда салам бербесе. Анткен менен коңшу дегендин орду билинбей койбойт тура. Алыскы туугандан, жакынкы кошуна деген ырас. Салкын да коңшулар менен баарлашып сырдашкысы келет. Бирок кантип?!

Жумушунда да ушул көрүнүш. Тазалыгы жок бир-эки кесиптешине эрте менен жолукпасам, ошолорду көрүп маанайым эрте менен түшпөсө деп корунуп турат. Эшик кайтарган чалды тиктебестен, салам бербестен өтүп кетишке аргасыз. Качан болсун мурдун чукулап гезит тиктеп олтурганы олтурган. Бир жолу кечке маал өтүп баратып караса, мурдун утур сөөмөй менен чукулап тазалаганча, үстөлдө нан менен чай ичип олтуруптур. Эшиктен чыгар замат окшуп жиберген. Катуу жийиркеничтен үч-төрт күндөй тамагы ооруп, майдын жытына көңүлү айланып жүрдү.

Бирок бирөөгө катуу жийиркенип да, катуу сын тагып да болбойт окшойт ко. Ошодон көп өтпөй мурдунун ичи өзүнөн өзү кычышып, чыдабай кеткенде Салкын да мурдун сөөмөй менен чукулап калса болобу. Иий, шерменде! Кошо иштегендерден, жолдошунан уялганын айт ошондо. Кийин мурду бир-эки ай тызылдап жан чыдатпай кычыштырып жүрүп, акыры кудай жалгап кычышканы өзүнөн өзү жок болду.

Кеч кирди. Салкын бир аз ысытмалап, төшөктө оронуп диванда жаткан. Күйөөсү бөлмө ичинде колдон келишинче буюм-тайымдарды керектүү жерге жайгаштыруу менен алек. Эшик тыкылдады.

- Азыр, – дей салып күйөөсү эшикке жүткүндү.

Салкын ооруган башын акырын буруп, эшик тарапты тиктеп калды. Ачылган эшиктен коңшусу Бакыттын карааны көрүндү. Колуна чоң табакта бирдеме көтөрүп кирип келди. Дале баягы үстүндөгү чаң кийимчен, көңүлү шайдоот.

- Кутман кеч, коңшулар! – деди кирип келери менен адатынча бажаңдап, – Силерди жеп алсын деп бүгүн кечкиге атайын бешмармак жасадык. Келинчегим бечара силерди көрүп, чай ичип жатып алышка эч көңүлү түтпөдү.

Бөлмө ичин жагымдуу тамак жыты өрдөй түштү. Үстү булоологон чоң табакты Бакыт бурчтагы сандыктын үстүнө коё салып чыгып жөнөдү.

- Ой, убара болбосоңор деле болмок, – күйөөсү буга кантип ыраазычылык билдиришин белбей ордуна чый-пыйы чыкты. – Ыракмат, кошуна, ыракмат чоң.

- Эчтеке эмес, тамагынар татттуу болсун, – дей салып, кандай кирсе, ошондой лып этип чыгып кетти.

Бир аздан соң сырткы дарбазанын ачылып-жабылган үнү угулду. Күйөөсү буга маңдай  жарыла сүйүндү, сылык-сыпаа, жоош-момун кошуналарга ичи элжиреп жатты. Анүстүнө бүгүн эрте менен шаардагы үйүнөн тамактанып чыккан бойдон оозуна түзүк наар ала элек. Курсагы өзөрүп турган. Чоң табактагы беш бармакты алып келип үстөлгө койду. Беш бармактын үстүнө теңме-тең эт майда тууралып себилген. Тим эле ресторандын тамагындай болуп бурчуна эки баш ачуу калемпир кошулуп, майда чөйчөктөр кыпкызыл соус менен. Келинчеги меймандос, дасторкондуу аял көрүнөт курган. Болбосо буларды шашпай эки-үч күндөн кийин деле үйгө чакырармын демек да. Күйөөсү электр чайнекти күйгүзө салып, эртеден бери курсагы ачканга бешбармакты лапылдатып жеп кирди. Өзөгүнө тамак киргени бир аз өзүнө келип, эми гана диванда тескери карап жаткан келинчеги эсине түштү.

- Ой, турбайсыңбы, тамактан жеп ал. Бечара кошуна атайын бизге бир чоң табак оокат жасап келиптир.

- Жей бер өзүң.

- Эмнеге?

- Табитим тартпай турат, – деди карды өзөрүп турса да.

- Мейли, карап көр. Болбосо тур да, ысык чай менен жеп алсаң боло. Тамак барган жерге дарт жолобойт. Мүмкүн оңолуп кетесиң.

Күйөөсү муну аялы бир аз ысытмалап тургандан деп ойлоду. Салкын кошуналардын жүдөгөн кейпин көрүп көгөрдү. Эсине шаардагы шалтурук кошуналары, алар менен урушкан учуру түштү. Бир аз туруп чыдабай:

- Жакпады мага ушул кошуна, – деди төшөктөн баш көтөрбөй.

- Эмнеге? – күйөөсү чайнаганын токтотуп, ага алдыртан таң калып карады.

- Тазалыгы жок, шалтурук адамдар көрүнөт экөө тең, – ичиндеги ызасы сыртына кантип чыгып кеткенин байкабады. – Жүдөмүш аялы муну колун жууп жасадыбы, жуубай жасадыбы, бир кудай билет.

- Об-боо, кокуй, оой! – күйөөсү отурган жерде айласы чындап кеткен адамдай шалдайды. – Бирөөгө сын такканды коюп, өзүңдү эптеп алчы. Мен билгенден, сен өзүң деле баскан-турганы өтө тыкан адамга кирбейсиң.

- Мен шалтурук болсом, таптаза, тыкан бирөөнү таап ал, – муну укканда Салкындын башы лукулдап чыкты. – Уктуңбу?! Эмне жүрөсүң, мен жүдөмүш болсом!

- Ай, болдучу, токтот! – күйөөсү кашыкты жерге чапты. – Бирөөгө сын айттырып эле койсо сени.

Бир аздан соң күйөөсү терең үшкүрүнүп, ордунан туруп жөнөдү. Жамынчу төшөктөн алды да, жарыкты өчүрүп, бурчка барып, кийимчен жата кетти. Ары-бери ойдолоп жатып, анан акырын коңурук тартып уйкуга кетти.

Салкындын чындап жаны кашайды. Биринчи кезекте күйөөсүнө, кошуна келинге өчөштү. Ушул жүдөмүш кошуна келинди өз жубайынан жогору койгон күйөөсүнө ыйлагысы келди. Ушундай жүдөмүш аялга туш болсоң, көрөт элем сени! Таарынды. Андан бетер катуу өчөштү. Таң аткыча өлсөм да бөлмөнү иреттеп, анан жатам деп кекенди. Тепшини тарактатып терезенин түбүнө койду да, чайниктеги ысык суудан, чакадан муздак суу куюп, жылымык суу даярдады. Чоң терезени жышып жууп кирди. Терезенин бир көзүн ачып, сыртынан бери шашпай жышып жууду. Ачылма терезени жууганга келгенде, шалдайып алы түгөндү. Башы дагы лукулдап ооруп, булкунганга дарманы калбады. Анан отурган жеринде шалдайды. Ачылма терезе жуулбастан, киргилт тартып, бозоргон бойдон калды. Муну жууганга алы келгидей эмес. Жуулган терезе гана өңүнө чыгып, жаркырай түштү.

Эми күйөөсүнө кекенгенге да дарманы жок. Эмне болсо ошол болсун деп, чайникти кайнатып, бир чыны ысык суу ууртап, артынан баш оорунун дарысынан бирди ичип, оронуп төшөккө жата кетти.

Түн ортосуна дейре кыжаалаттан ойдолоп уйку бетин көрбөгөн Салкын эртеси түшкө жуук көзүн ачты. Сулк уктаптыр. Ойгонду да, көзүн ачыштан коркуп жата берди. Ооруган башын эстеди, суук бөлмөнү элестетип жаткан жеринде чыйрыга түштү. Мунун баары кечээги кошуналарын дагы бир сыйра эске салып өттү. Бир аз эсин жыйган соң бир нерсеге көзү жетти: денеси көл-шал тердеп, кургап калыптыр. Башы ооруганы билинбейт. Бөлмө ичи  негедир уядай жылый түшүптүр.

Көзүн ачар замат түндө жуулган терезеден шоолдоп кирип турган таптаза жарыктан көзү уялды. Арыдан бери кийине салып, терезеге жетип барды. Баары башкача, баары керемет! Төрт-беш күндөн бери түнөргөн асман чайыттай ачылып, асманда күн куйкалайт.

Назарын айласыз кошунасынын үйү тарапка бурду. Дагы күтүүсүз керемет! Кошунасынын эшик алдын көрүп, уйкулуу көздөрү умачтай ачылып, көзүн колу менен ушалап кайра карады. Эшик алды өзүнчө эле ажайып гүлзар! Эшик алдында эгилген гүлдөр күн нуруна кулпуруп, ызылдап гүлдөн гүлгө конгон бал аарылар бүгүнкү күндүн жылуулугун айтып тургансыйт. Кечээги акталган дубал бети тим эле күн нуруна жаркырап, таптаза жуулган кирлер кожойкенин пакизалыгынан кабар берет. Үйдүн капталына курулган тыпыйган тыкан мончонун моорусунан түтүн бурулдайт. Бир аздан соң мончодон таптаза чолок шымчан, үстүнө аппак футболка кийген Бакыт чачын чоң сүлгү менен аарчына чыгып келди. Кечээги жүдөө Бакыт жок.

Ага улай үйдүн оң капталынан Бакыттын жубайы көрүндү. Ал да мончого түшүп чыккан шекил. Жуулган чачына чоң сүлгүнү орой салып, гүлдөрдүн чөбүн отоп, жака-белин оңдоп-түздөө менен алек. Эшик алды таптаза шыпырылып, буюм-тайымдар баары өз ордунда. Муну көргөндө, Салкындын эсине үйдүн ичин да, сыртын да жууп тазалап, мизилдетип таптаза үй тутунган ыраматылык апасы эсине түштү.

Бирок кандайча?! Кечээ эле булар үстү-башы чаң, жүдөө көрүнбөдү беле? Эшик алды кечээ терезеден караганда, ашмалтайы чыгып апырык-сапырык болчу.

- О, кудай, ай! – бир нерсе оюна кылт түшкөндө, Салкын сүйүнүчтөн кыйкырып жиберди.

Таптым, таптым! Кечээ муну жуулбаган кир терезеден караган да! Тапкычтыгын далилдеш үчүн Салкын сыртты түндө жуулбай калып кеткен ачылма терезеден карап көрдү. Чындап эле киргилт терезеден караганда эшик алды кир, көзгө толумсуз, карала-торала, апырык-сапырык көрүнөт тура. Буга дагы бир ирет ынанышка жуулган терезе аркылуу, жуулбаган ачылма терезе аркылуу көчө тарапты, андан арыда жаткан эгин талаасын, чокуда кары кетпеген тоолорду, асманды, чакчайып тийген күндү алмак-салмак тиктеди. Чындап эле чоң айырма. Ал тургай кир терезеден эч кемтиги жок жаркыраган күн да күңүрт тартып ылайланып көрүнөт экен. Демек кептин баары терезеде тура. Болгондо да жан-дүйнөнүн терезесинде... Аң-сезимдин, жүрөктүн терезесинде.

Мына ушундай Чындыктын даамын билгенде гана өзүн жакшы сезип, табити ачылып, курсагы ачканын сезди. Кирдеген көңүлү чындап тазарды. Үстөлгө жетип келди да, түндө кошунасы алып келген калган тамакты алды, электр плиткасына ары-бериден ысыта салып, үстөл четине олтуруп, бешбармакты лапылдатып жеп кирди. Курсагы өзөрүп калган экен. Ошого карабай кирдеген көңүлүнөн улам табити эчтекеге тартпай жаткан.  

Кошуналарын тиктегенден көзү тоёр эмес эч. Терезе тушка келди да, таптаза кийинип, майда-чүйдө иш менен алек болуп жүргөн кошунасы Бакытты, үйдүн ичи-сыртын таптаза тутунуп, өзүн карап, сулууланып тыкан кийинген анын келинчегине суктанып, көңүлдөгүдөй кошунага туш болгонуна койнуна батпай сүйүнүп, ичкериден аларга суктанып карады. Мунун баары таптаза жуулган терезеден алаканга салгандай тегиз көрүнүп турганда, эшик кыйч ачылып, сырттан күйөөсү кирип келди. Акырын келип, Салкынды белинен кучактады. Күйөөсүнө болгон түнкү ыза-таарынычтардан кыпындай эчтеке калбаптыр. Артынан келип кучактаса, буга андан бетер ичи элжирейт десең. Экөө кучакташкан бойдон үн-сөзсүз жуулган терезе аркылуу тамаша сүйлөп, бири-бирине жайдары күлүп, эшик алдында иш кылып жүргөн кошуналарды карашты.

Бир аздан соң булардын терезеден карап турушканын байкай калган кошунасы Бакыт, адатынча жылуу ал-акыбал сурашып, ардемени  бажаңдап тамашалай сүйлөп экөөнү моорунан түтүнү алиге чейин бурулдап, суусу кайнап турган мончосуна чакырды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз