Аваз Жокей: Таңкы окуя

  • 23.04.2022
  • 2315

АҢГЕМЕ

Таң атпай сейил бакты аралап, таза абадан кере-кере жутуп, шашпай жүгүрүп келаттым. Демейде мага окшоп баскандар, жүгүргөндөр арбын болор эле. Бирок бүгүн эрте чыгып алсам керек, менден башка жан жок. Калың өскөн дарактарды аралап жалгыз аяк жол менен бирде жай басып, кээде желип-жортуп коём. Улам токтоп, таза абадан жутам, теребелге көз жүгүртөм, чымчыктардын сайраганын тыңшайм. Азыр да токтой калып, адатымча кулак салып турсам, капысынан бирөөнүн кыйкырган үнү угулду! Кудай сакта!..  Кулак түрдүм,  ооба, кыйкырык кайталанды.  

- Жардамга-аа!.. Жардамга-аа!..

Кыздын үнүнө окшош. Мүмкүн жыгылып, бутун кокустатып алдыбы?.. Андайлар боло берет. Жүгүрүп баратып чалынгандар арбын. Мен үн чыккан тарапты тактайын деп эки-жагымды карап, кунт коё тыңшадым.

- Жардам бергиле-ээ!.. Аа-аа!.. Коё бергиле!..

Калың өскөн бадалдарды аралап чакан аянтчага чыктым. Эки жигит бир кызды жулмалап, күчкө салып көтөрүп кетүүгө аракет кылышууда. Кыз да алышып, оңой менен моюн бербей каршылык көрсөтүп жаткандай. Жигиттер капысынан пайда болгон мени элейип карап калышты. Бирок кызды коё бербей колунан кармап турушат...

Мен үнүмдү болушунча жоон чыгарууга аракет кылдым:

- Эй, акмактар, бул эмне кылганыңар!? Коё бергиле! Ал кыз эмне жамандык кылды силерге?

Өзүм болсо эки-жагымды карайм. Дагы бирин-экин киши болсо ашык болбойт эле.  Бирок эч ким көрүнбөйт.

- Сиз өз жолуңуз менен кете бериңиз, бизге жолтоо болбоңуз!. - деди тигилердин бирөөсү.

- Биз милийсаданбыз,- деди экинчиси күбөлүк сыяктуу кызарган китепчесин чала-була көрсөтүп.

-А форма кийимиңер кана?

- Биздики ушундай. Кылмышкерди издегенде жарандык кийимчен жүрөбүз.

- Байке, мен кылмышкер эмесмин,- кыз мага жалдырай карады.

- Аны далилдеш оңой эле. Азыр биз бу кызды тинтебиз. Сиз күбө болосуз.

Сол жактагы “милийса” кыздын чөнтөктөрүн аңтарып кирди. Заматта спорт күрмөсүнүн сол чөнтөгүнөн кичинекей пакетти бат эле таап чыкты.  

- Мына, мына көрдүңүзбү? - мактанып мага булгалады.

Анысын жанындагы шеригине берди. Ал пакетти ачып жыттап көрүп:

- Точно, - деди да чөнтөгүнө салып койду.

- Эмне "точно"?..

- Эмне болмок эле? Албетте, баңгизат!

- Кана, мага берсеңиз, мен да жыттап көрөйүн.

‐ Жок, болбойт. Бул деген биз үчүн “вещдок”, далилзат...

- “Вещдок” насыбайга окшош го?

- Сизди да тергөөгө, анан сотко чакырабыз, ошондо жыттап көрөсүз. Баса, сиздин фамиляңыз ким?

- Бул меники эмес! Булар чөнтөгүмө салып койду...- кыйкырды кыз.

- Аны сотто айтасың. Баса, адвокатың болсо даярдай бер,- деди оң жактагы “милийса” кызга карап мылжыйып.

- Айткандай, менин тааныш адвокатым бар, ооба, прокурорум да бар. Азыр аларды чакырам,- дедим да уюлканы алып номурларды тере баштадым.

Тигил экөө бирин бири карап калышты.

- Аа... аларды күткөнгө биздин убактыбыз жок...

- Шашпагыла... Жакын эле үйү... офиси. Алло, Алло? Сиз ким?.. Прокурор... эжесизби? Аа,  жакшы болбодубу. Бул мен... Ии мен... Ооба... Дал өзү. Сиз адвокат экөөңөр тезинен келе калгыла... Болгула. Сейил бакка. Ооба. Ошол жерге. Адвокат билет. Биз чогуу далай басканбыз. Менин байпагымды жыттатып “тап!” деп айтсаңыз заматта табат. Ой, тамаша!.. Тез келгиле. А то булар кызды... кызматчы жигиттер экен, шашып атышат жумушуна...

“Милийсалар” эки жакты карап кыйпычыктай башташты.

- Шашпагыла... Таанышып алсаңар силерге да кийин кереги тийет...

Кудай жалгап Адвокат менен прокурор ошол замат жетип келишти. Сыйкы алар да сейилдеп чыккан окшойт. Прокурор өзү мени айттырбай түшүнөт.

- Өз маалында келдиңер! – дедим аларга. Анан мен тиги “милийсаларга” килтейген, ак аюуга окшогон чоң Адвокатты көрсөтүп, - Жигиттер таанышып алгыла, аты Адвокат, алабай тукумунан. Бул айым менин прокурорум, аты Акмаржан Жандосовна, Көлдүн аккууларынан.

Мен аялымды тамаша-чыны аралаш “менин прокурорум” деп коём.

Адвокат кулактарын тикчийтип тигилерди кунт коё унчукпай карап турду. Жигиттер кызды коё берип, акырын артка кетенчиктеп жылып жөнөштү. 

- Кыймылдабагыла! – деп кыйкырдым. - Былкылдабай тургула, ордуңардан жылсаңар эле Адвокатты коё берем,- дедим үнүмдү өктөм чыгарып.

Ал аңгыча Адвокат да тигилерди карап оозун араандай ачып, айлананы жаңырта “арс-арс!” деп  эки-үч үргөндө тигилер коркконунан баштарын калкалап көмкөрөсүнөн жата калышты.

- Кыймылдабай жаткыла! Мына, көрдүңөрбү, Адвокатты Прокурор экөөлөп араң кармап турабыз,- дедим да аялыма кошулуп иттин чылбырынан мен да бекем кармадым.

Аңгыча, кайдан-жайдан экенин билбейм, ой тобо-оо (!), көктөн түшкөнсүп эки чыныгы милийса пайда болду. Чынын айтсам, ырас болду (!) дедим ичимден сүйүнүп. Болбосо андан ары эмне кыларымды билбей тургам. Тигил жерде жаткан жалган “милийсаларды” өткөрүп берип, болгон окуяны кыскача түшүндүрдүм. Кыздын аты-жөнүн, телефон номурун жазып алышты. Менин да дайын-дарегимди сурамжылашты. Анан тигил жалган “кесиптештердин” колдорун кишендеп, жетелеп алып кетишти.

Кыз болсо дале эсине келелбай Адвокатты алайып карап турду.

- Иттен коркпоңуз. Койдон жоош... А тиги акмактар эч жериңизди ооруткан жокпу?

- Билбейм... коркконумданбы, анча билинген жок. Бирок эртең көгала болсо керек... Рахмат сизге. Сактап калдыңыз. Тигилер атайын мени алакачууга даярданып келишкен окшойт... Дагы бир ирет сизге ыраазымын.

Мен сулуу кыздын сунган колун аяр кармадым. Ал аялыма карап:

- Сизге да жана Адвокатка да рахмат. Убагында келдиңиздер,- кыз Акмаржандын да колун кысты.

- Бул ким? – баятан бери унчукпай турган аялым узап бараткан кызды карап үн катты.

- Тааныбайм...- дедим эңкейип иттин башынан сылап.

- Я де?.. Чын элеби?

Прокурордун мага тигиле карап турганын сезип турдум.

- Үйгө барганда түшүндүрүп берейин... Жүрү кеттик,- дедим Адвокатка.

- Албетте, түшүндүрөсүң! Абдан түшүндүрөсүң. Түшүнүктү үч нускада жазасың...

Мен болуптур дегендей башымды ийкедим. Адвокат экөөбүз астыга бастык. Прокурор болсо бизди алдына салып айдагансып, конвойго окшоп артта  келатты.

21.04.22. Бишкек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз