О`Шакир: Зулушевдин ажого жасаган «медвежья услугасы»

«Медвежья услуга» – орус элинин фразеологиялык мазмундагы сөзү. Андыктан, кыргызчалап тантыбайлы. Кептин ток этер жерин жомоктон баштайлы: айбанаттардын падышасы арстандын жону кычышат. Чычканга тырматат, коёнго тырматат, түлкүгө тырматат. Эч бирине ыраазы болбойт. Катыратып тырмап бере алышпайт тигилер. Ошондо четте карап турган аюунун колу кычышат да, арстандын кычышкан жонун тырмап бермек болот.

Бирок аюу деген аюу да; антип жакшылык кылганы курусун, барсайган бармактары арстандын жон терисин сыйрып түшөт. Тырмагынын уусу арстанды айгайга салат. Анын сыңары «медвежья услугасы» менен ЖоКе депутаты Курманкул Зулушев дегени чыкты. Шекилинде Сооронбай Жээнбековго жакшылык кылгысы бар го. Бирок анын 1-апрелдеги «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору Президентке да, атпай-журтка да жакшылык алып келбестигин сергек акылы болсо туймак. Туйбаганы үчүн кыйгыл кепке кырмычык болор демилге болуп калды анысы...

К.Зулушевдин референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлары менен сергек акылдуулар сетиркеп туру. Анын себеби, 2005–2010-жылдардагы мамлекеттик төңкөрүш менен аяктаган А.Акаев менен К.Бакиевдин жеке басар бийлигинен сабак алган жокпузбу?! Алардын мисалынан жетиштүү сабак албаган болсок, алыска барбайлы, коңшу өлкөлөрдөгү хандык бийликтен кетпеген чалдар менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Россия президентин карайлычы!

Атасынан калган энчидей; тактыларын эч кимге бергилери жок. Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжандагы президенттик башкаруунун формасы жетишсиз мисалбы?! Жеке басар бийлик ээси болуп отурган адамды тактан ажыратууга бир гана ажал себеп боло албаса, алардын такка кадалган көчүгүн эч бир саясый оппозиция, эч бир элдин муң-азыры да козгой албайт экен...

Байыркы Иран шахтары Кей-Кубад, Кей-Кавус, Кей-Хосро сыяктуу өмүрү өткөнчө тактан көчүгүн көтөрбөс, түбөлүк президенттикти көздөгөн Гейдар Алиев, Сапармурат Ниязов, Ислам Каримовду тактан ажыратууга ажал гана арачы боло алды го.

Аныгында, президенттик башкаруу формасы адамды бийлик кумарына дөөгүрсүтүп азгырар жол экенин Н.Назарбаев, В.Путин, Э.Рахмон, Г.Бердымухамедов мисалынан көрүп аткан жокпузбу?!

Андыктан мындай «медвежья услуга» жаш муундагы К.Зулушевдей саясатчыларга эч качан абырой алып келер демилге эмес. Муну биз жетип турган кошоматчылык же ички-тышкы чоң күчтөрдүн гана таасири деп түшүнсөк болот. Болбосо, Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн инаугурациясында да, андан кийинки бир нече жолку расмий кайрылууларында да элге парламенттик башкарууну колдой турганын дамамат баса белгилеп келгени кайсы?..

Мүмкүн азыр эле С.Жээнбековду мурунку качкын президенттердин кара текеси сүзүп, өз принцибинен айнып калбаса, президенттик жеке басар бийликтин арты менен Кыргызстан эзели өнүгүү жолуна түшпөйт. Кайра эле баягы эски жолуна кайтып, эски арабанын каамыты мойнуна илинет.  

Дегеле Кыргызстандын парламенттик демократия жолун түптөө аракети биз менен коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий бийликтери менен Москва бийлигинин куйкасын куюштурган курс экенин унутпоого тийишпиз. Кыргызстандын демократиялык дөөлөттөрдү калыптандыруу аракети жана үлгүсү алар үчүн эң опурталдуу. Себеби элди кыңк эттирбей башкарып көнгөн президенттик бийлик формасынан ажыроо – алар үчүн чоң трагедия. Алардын азырынча демократиялык климатка терилери жука, нерви бошоң. Элден сын угууга даяр эмес.

Элдик бийлик гана авторитардык бийликтин тизгинин кагууга жарамдуу экени коңшу элдерге жайылбасын үчүн да соңку кезде тышкы күчтөрдүн тымызын аракети менен Кыргызстандагы демократиялык институттарды талкалоо жараяны күчөөдө. Маселен эки ай мурда эле парламент залында бейөкмөт уюмдар менен жарандык активисттердин ишмердигин көзөмөлдөө демилгеси бекеринен козголбоду. Болгондо да УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевдин Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарыл”, – деп түйшөлсө, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов дегени да бийлик өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин, жарандык коомдордун активдүүлүгүн көзөмөлдөө керектиги тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыкканы бар.

Демек, бейөкмөт уюмдар менен жарандык активисттерди тизгиндөө, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору эмнени каңкуулап турат? Артка кайтуунубу?!

Биз үчүн парламенттик башкаруу жолунан кайтуу – жогоруда биз сөз кылган коңшу өлкөлөр: Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын гана кейпин кийүү.

Албетте, жону кычышкан арстан аюунун уу тырмагына жонун тосуп бергендеги жосунду жомокто эле калсын деп туралы азырынча...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз