Рюноскэ Акутагава: Таруу  кайнап жатканда

  • 14.01.2024
  • 4082

АҢГЕМЕ

Студент Лу түш көрүп жатты. Түшүндө ал өлүп баратыптыр. Көзүнө кара парда жабылып, «Эсил кайран чоң ата, эми кайдан көрөлү. Эсил кайран таята, эми кайдан көрөлү», - дешип боздоп ыйлаган балдары, неберелеринин үнү да улам ыраакта калып, басаңдап өчүп баратты. Буттары оор ташты байлап койгонсуп, улам ылдый созулуп жатты.

Ошол маалда Лу эки жагын каранып, көздөрүн бакырайта ачып ойгонуп кетти.

Анын баш жагында баятан бери карыядар-даос Лю олтурган. Ал кайнатып жаткан таруу тамак али даяр боло элек окшойт.  Лу төшөктөн башын көтөрүп, көздөрүн ушалай кере эстеп жиберди. Хандань жеринде күз мезгили эле, ошого күн нуру дарактардын жылаңач баштарына тийип турса да, ага карабай аба ырайы салкын болуп турган.

- Ойгондуңбу? – деп сурады Лю карыядар мурутун тиштеп, күлкүсүн сыртка чыгарбай тыйып.

- Ооба.

- Түш көрдүң окшойт ко?

- Түш көрдүм.

- Эмне түш көрдүң?

- Ой, бир узак түш көрдүм десеңиз. Алгач мен Цинхэ жергесиндеги Цуя мырзанын айдай сулуу, эстүү кызына үйлөнүпмүн. Кийинки жылы экзамен тапшырып, андан ийгиликтүү өтүп кетип Вейнань аймагына козголоңчуларга каршы күрөшүү башкармалыгына аткаминер болуп дайындалам. Андан аркысы – өзүнчө эле бир узак тарых: анан мамлекеттик кызматтагы адамдардын ишин тескөөчү инспектор кызматына көтөрүлүп, андан ары кан сарайда катчы кызматына секирип, анан "ташым өйдө кулап, итим чөп жеп» олтуруп императордун буйругун даярдоо боюнча жооптуу кызматкер милдетин аркалап, эң акырында кыйналбай-этпей эле кеңешчи кызматына чейин жетипмин. Бирок кийин тагдыр менден жүзүн үйрүп, курулай жалаанын курмандыгы болуп, аз жерден атылып кете жаздап, анан Хуаньчжоуга сүргүнгө айдалып кетипмин. Сүргүндө беш-алты жыл жүргөндөн кийин, менин күнөөм жок экени сотто далилденип, акталган соң, кайра борборго келипмин. Бул жакка келгенимде кан сарайда канцелярия башчысы кызматында иштеп,  Янь аймагына ээлик кылыпмын. Ал кезде мага карылыктын доору келип, беш баланы эрезеге жеткирип, бир нече ондогон небере көрүпмүн.

- Анан?

- Анан сексендин кырын ашып калганымда өлүптүрмүн.

Карыядар Лю салтанаттуу түрдө сакалын сылап:

- Сен түшүңдө жашоонун ачуусу менен таттуусун, ысыгы менен ызгаар суугун, кайгысы менен кубанычын көрүптүрсүң, балам. Мунуң жакшы нерсе. Бу адамдын көр турмушу менен сенин түшүңдүн айырмасы деле жок, чын-чынына келгенде. Андай болгон соң сен эми жашоонун азгырма кызыктарына анча деле байланып, жетеленбей каларсың. Бул жашоонун жыргалы менен кууралын таразалай келгенде өмүр менен өлүмдүн деле айырмасы жоголот. Туура айтамбы балам, же катасы барбы аз-маз?

Студент Лу муну дээлигип-дүүлүгүп жатып укту. Качан Лю карыядар сөзүн бүтүп, суроосун узатканда студент Лу жалындаган жаштык-курчтугу менен буга макул эместей  башын чайкап, өткүр көздөрүн жайнатып мындай деди:

- Мейли, жашоо – бул узак түш болсун. Мындан мендеги жашоого болгон кызыгуум андан бетер артат. Убагы келгенде түшүм кандай аягына чыкса, жашоо да ошентип аяктары бышык. Бирок ошол саат келгенге чейин: «Мен чыныгы, армансыз жашоо кечирдим. Менин жашоодо бир да арманым болбоду» - дегидей болуп жашашым керек! Же бул айтканым туура эмеспи?

Карыядар чекесин тырыштырып, кабагы түнөрө түшүп, буга үндөгөн жок.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

ТУУЛГАНЫ ДА,  ӨЛҮМҮ  ДА СЫРДУУ, УЛУУ ЖАЗУУЧУ

Рюноскэ Акутагава  Токио шаарында 1892-жылы 1-мартта, жапондордун жыл сүрүү календары боюнча «ажыдаар» жылынын, «ажыдаар» айында, «ажыдаар» саатында таң каларлык дал келүүлөр менен төрөлгөн. Ошого ымыркайга Рюноскэ («Ажыдаар», иероглиф боюнча Рю -  龍) деген ысым коюшат. Анысы аз келгенсип, ымыркай төрөлгөндө атасы 40 жашта, апасы 30 жашта болгон. Бул жапондордун ырым-жырымы боюнча адам жашындагы  шойкомдуу, шүйкүмү жаман сандар болуп эсептелинген. Ошого ата-энеси ырымдап, баласын «таштап салды» ырым-жырымын кылып, ымыркайды балалуу боло албай жүргөн бир тууган тагасы Митиаки Акутагавага берип салышат. Акутагава деп апасынын фамилиясына өтүп калганы да ошондон.

Рюноскэ он айлык кезинде апасы психикалык жактан ооруп, ооруканада дарыланып жаткан жеринде өз жанын өзү кыйат. Тага журту илим-билимге, адабиятка жакын жана ар кандай улуттук каада-салтын катуу карманган адамдар болгондуктан, бул Рюноскэ акылы тетик зирек, көптү билген бала болуп чоңоюшуна зор таасирин тийгизген.

1913-жылы Токио Университетинин филология факультетинин англис тили бөлүмүнө кабыл алынып, достору менен бирге «Синситиё» («Жаңы агым») адабий журналын чыгарып турган. Ошол журналга 1914-жылы анын «Чал» деген алгачкы аңгемеси жарык көргөн. Андан ары «Расёмон дарбазасы» (1915), «Мурун» (1916), «Тозоктун кыйноолору» (1918) аттуу чыгармалары  жарык көрүп, чыгармачылык жолу ийгиликтүү башталган.

Окууну аяктаган соң, аскер-деңиз училищасына англис тили мугалими болуп ишке орношот. Андан ары жазуучу жазган эссе, новелла, аңгемелер биринин артынан бири жарык көрүп, ал окурмандардын терең катмарына тез арада сиңип, жаш курагында эле белгилүү жазуучуга айланып чыга келген. Адам психологиясын терең изилдеп, адам жан дүйнөсүнүн тээ түпкүрүндө жаткан нерселерди кылдат баяндап бергендиктен, анын чыгармалары бүткүл элдердин, бардык мезгилдин чыгармасы катары башкалардан айырмаланып турат.

1921-жылы атайын кабарчы катары Кытайга жөнөтүлөт. Ал жактан төрт айдан кийин арып-чарчап, уйкусуздук дарттына чалдыгып, психикалык жактан да ооруп кайтат.

Өмүрүнүн акыркы жылы өзү тууралуу жазган «Тиштүү дөңгөлөктөр» чыгармасында жазуучу көзүнө бирдемелер көрүнүп жатканы, б.а., бир эле нерсе улам-улам ар кайсы жерден көрүнө бергени, оң көзүнө чимирилип айланган чоң тиштүү дөңгөлөктүн көрүнүшү адат болуп калганы, улам эле ар кайсы бурчтан пайда боло калып, кайра жоголуп кетип жаткан келемиш, өзүн-өзү өлтүрүү, мүрзөгө жакын жайгашкан психикалык оорукана тууралуу жазган. Уйкусуздук дарты менен катуу жабыркап жүргөнүн да баяндап кеткен.

Өмүрүнүн акыркы айларында жазган «Шүмшүктүн жашоосу» жана «Эски досума кат» чыгармаларында, ал тургай, өзүн-өзү өлтүрүү, өлүм тууралуу  ойлорго кенен токтолгон. 1927-жылы 24-июль күнү таңда анын өз үйүндө жансыз денеси табылган. Жанында үстөл үстүнөн веронал дарысы (уйку дары) жаткан. Жазуучу уйку дарыны ашыкча өлчөмдө көп ичип алгандан каза болгон деген жыйынтыкка келишкен.

Ага чейин жазуучунун иш үстөлүндө 2-3 күн бою баш көтөрбөй иштеп жатканын, 23-июлдан 24-июлга караган түнү таң атканга дейре анын бөлмөсүнүн жарыгы күйүп турганын  көргөндөр болгон. Таң азанда анын өлүп жатканын көрүшөт. Жазуучунун тааныштары жана достору ал уйку дарыны атайын ашыкча өлчөмдө ичип, өз жанын кыйды деп айтып чыгышкан. Мунун себеби: Рюноскэ акыркы күндөрү жашоодон тажаганын, өзүн-өзү өлтүргүсү келип жүргөнүн бат-баттан айтып калган дешет. Жакын адамдары Рюноскэ эс тартканда апасы психикалык ооруканада өз жанын кыйып өлгөнүн уккканда, бул жаш Рюноскэнин психологиясына оор таасир этип, ошондон бери кандайдыр бир жүрөгүн сыккан кыжаалат ой менен жашап келгенин айтышат.

Бул жөнүндө өзү тууралуу бир чыгармасында: «Акылынан айныган аялдын баласында мындай нерселер боло берет!» - деп кыйыр түрдө жазып кеткени бар. Жазуучу өзү да мүнөзү эч кимге окшобогон, өзүнө гана таандык темпераменттеги, бир мүнөз адам болгон. Анан өлөрүнө саналуу айлар калганда өзүнө куюп койгондой окшош, бейтааныш адам ар кайсы бурчтан көрүнө калып, кайра жоголуп кеткени тууралуу айтканын да уккандар болгон. Сырдуу  даталарда, ата-энесинин шойкомдуу (30 жана 40 жаш) жашында төрөлүп, ырым-жырым менен «таштанды» балага айланып, тагасы асырап алып чоңойгон жазуучунун өлүмү да ошентип так себеби аныкталбай, белгисиз сыр бойдон калган.

Жетишкендиктери:

1935-жылы жазуучунун жакын досу жана кесиптеши, жазуучу Кикути Кан адабият жаатында Рюноскэ Акутагава сыйлыгын уюштурган. Сыйлык бүгүнкү күнгө дейре жылына бир жолу таланттуу, жаш калемгерлерге тапшырылат;

2015-жылы 25-сентябрда Меркурий планетасындагы кратерлердин бирине Акутагава (Akutagawa) деп жазуучунун ысымы берилген; 

2016-жылы негизги каарманы Рюноскэ Акутагава болгон «Тентиген иттердин улуусу» аттуу аниме-сериал тартылган;

Башка тилдерге которулган чыгармаларынын саны боюнча бүгүнкү күнгө дейре жапон жазуучуларынын алдыңкы сабында турат. Анын чыгармалары дүйнөнүн дээрлик бардык тилдерине которулган;

«Мандариндер», «Эргежээлдин экмети», «Чытырманда», «Жөргөмүштүн желеси», «Расёмон дарбазасы», «Жалгыздыктын тозогу», «Караңгыдагы маек», «Жигиттер менен ажал» ж.б.у.с. бир нече чыгармасы кыргыз тилинде жарык көргөн.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз