Коронавирус кетет, көңүлдөгү кара «кирусту» кантебиз?!

Каримов Жоошбай, агартуучу

Жамандыкты амандык жеңет

Дүйнө элин каран түн каптап, кара вирус деген тилсиз жоо басып кирип, күндөн күнгө арааны ачылып баратат. Ал улутка да, динге да, кызмат ордуңа да, турмуш шартыңа да, океандын ары же бери жагына да карабастан өз үстөмдүгү менен сайран курууда. Бирок бул оорудан арылуунун жолун илимден мурда турмуш көрсөттү. Көрсө абалдан чыгуунун бирден бир жолу өз өмүрүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, коомчулуктун алдында жоопкерчиликти, тартипке баш ийүүнү, тазалыкты жогору коюу. Мамлекет тарабынан киргизилген өзгөчө абалдын шарттарына моюн сунуп, түшүнүү менен аткаруу. Кандай болбосун үйдө олтуруу. Маанайды чөктүрбөө. Ошондо илдет сөзсүз жеңилет.

Жылда бул күндөрү «Жыл башы», «Нооруз», «Көчө майрамдарын», көрктөндүрүү боюнча жалпы элдик ашарларды өткөрүүчү элек. Душман кылычын кезеп, жерибизди басып алганда да, Улуу согуш жылдарында да бала окутуу токтогон эмес. Караңызчы, ак мектебибиз жетимсиреп жабылуу, мектеп турса, мугалим менен бала болсо, «окутууга болбойт» дегени эмнеси. Ошого каңырыгым түтөп, башка түшкөнгө таң берип, ушул ойлорду айтып жатам.

Эл башына кыйын күн түшкөндө ак халатындай ак ниеттүү медицина кызматкерлери окко көкүрөгүн тосушуп, өмүрүн тобокелге салып, кан майданга чыгышты. Адамга жакшылык кылууну туу туткан бардык ак ниеттүү адамдар медиктерге колубузду көкүрөгүбүзгө коюп, башыбызды ийип таазим кылабыз! Сиздердин шыпаа жолундагы ар бир кыймылыңыздар кунсуз. Бирок педагог катары мени башка көйгөйлөр түйшөлтөт. Медик дарыласа адамдын айыкканы көзгө даана көрүнөт. Антисептик, самын менен таза жууса вирус өлөт. Ошентип олтуруп эртедир-кечтир оору жоголот, жеңебиз. Убал-соопту ойлобогон, адал-арамдын баркына барбаган, кайдыгер, көралбас, байлык-бийликке чиренген текебер менменсинүү, «чилик», «чылык» деген вирустардан канткенде, качан арылабыз. Кара вирустун бар экенин текшерип билсе болот, көңүлдөгү кара «кирусту» кантсе билинет. «Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде» деп элдик педагогикабызда миң жылдап айыктыра албай келет.

Мугалимдер Гиппократтын антын ичпесек да адамдын жан дүйнөсүнүн дарыгери экенибизди билебиз. Жан дүйнөсү таза, руху бийик, ой дуйнөсү тунук адамды жаратуучу саяпкер экенибиз дилибизде турат. Дарыгер адамдын ден соолугуна жоопкер болсо, мугалим адамдын тагдырын, демек тарыхтын жүгүн өзүнө алып жатпайбы. Ушундай бийик ой-максаттын аркасынан мугалим ыйык адам деп аталууга толук акысы бар деп ойлоймун.

Бул кыйынчылыктар, түйшүктөр, чыгашалар бизге келген турмуш сыноосу деп түшүнөлү. Мындай жоготуулардын орду урматташуу, сыйлашуу сыяктуу адамдагы адамдыктын калыптанышы менен толукталса, жоопкерчилик, тартиптүүлүк, илим-билим баалуулугун сезүү менен компенсацияланса. Өмүрүн тойдо өткөргөн, ысырапкор, бекерпоз кыргызчылык ооздукталса. Ата, апа, бала үй-бүлөдө көбүрөк чогуу болушса адеп-ахлак, нарк-насил өз ордун табарына ынанабыз. Өмүрдү, убакытты барктоо, баалоого үйрөнөбүз. Бийик ой, алдыңкы мүдөө-максаттарды көрө билген, аракетчил адам, муун калыптанат.

Сабырдуу, каниеттүү болуңуздар. Бул күндөр да артта калар. Жамандыкты амандык жеңип келген. Позитивдүү ой-максаттар менен жаркын келечекке карай жан дүйнөбүздү, дил дүйнөбүздү даярдайлы. Президентибиз баш болгон жетекчиликтин күйүп-бышып айтып жаткан аракети, Билим берүү министрлигинин жан талашып жасап жаткандары, шартка жараша билим берүүнүн альтернативдүү жолдорун, санариптик заманбап технологияларды даярдап, сунуштап жатканы жакшылыкка карай үмүт отун тутандырат.

Мен карыя мугалим – тарыхчы, социалдык педагог катары апрель айындагы айлык маянамдын бир күндүгүн коронавирус менен күрөшүүгө жумшалуучу жалпы фондго чегерүүнү туура таптым. «Көп түкүрсө, көл болот». Жалпы Кыргызстан боюнча кесиптештерим менин демилгемди туура түшүнүшөт жана колдошот деген ойдомун. 

Каримов Жоошбай – КРнын Билим берүүсүнүн, Муниципалдык кызматынын жана профсоюз кыймылынын отличниги. М.Баетов атындагы орто мектеби, Лейлек району.     

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз