Жамалбек Ырсалиев: Тынчтык

  • 15.06.2022
  • 2047

АҢГЕМЕ

Мен узун, Тынчтык кыска. Бир сом менен элүү тыйындай болуп дайым ээрчишип жүрөбүз. Көзү көк болгондуктан, Көкөман деп койчубуз. Аябай өжөр болчу. Эркелигинен мектепти “катыра” окуду. Өмүрүндө эки жолу беш алды. Эки бешти тең мен алып бердим. Биринчисин кол эмгектен Жумаев Сыдык агай жаздын күнү чымчыктарга уя жасап келгиле дегенде, тактайдан кесип убараланып уя жасап, оозун тегерек кылып кесээрде жалкоом кармап ыргытып салсам, жанымда чеңкейип мурдунун суусун куюлтуп карап отурган.

- Мага берчи уяңды, - деп жалдырап сурайт.

- Ала бер! - дедим.

Эртеси уянын оозун тегерек кылып тешип көтөрүп барыптыр.

- Класста жалгыз Тынчтык жасап келиптир, - деп Сыдык агай аябай мактап, чо-оң беш коюп берди.

Күндөлүгүндөгү экилерди уялтып жалгыз беш бажырайып жатып калды. Кийинки жылы кыргыз тили сабагынан мен доскага чыктым. Жумалиева Клара деген эжей эле, “Чоң жолдун боюнда...” деп жазып баштасам эле:

- Ырсалиев "Ч" дегенди оңдоп жаз, - деди.

Басма түрүндө чойройтуп эркелетип жазып жүргөн жаным чоң тамга "Ч" кандай жазыларын билбей куйругун узартып, кайра кыскартып... кызарып-татарып туруп калдым.

- Ким жазат?! - деп эжей классты карады эле, 30 окуучу тең кол көтөрдү.

- Эжей! Эжей! Эжей!.. - энесине жамыраган козулардай чуулдап жиберишти.

- Бексултанов! - деди эле, Тынчтык чыгып "Чны" гана жазып берип, анда бир олчойгон “5” алды.  

Кыргыз адабиятынан Эл баатыры Сманбаев Аман агай сабак берчү. Агай кирип:

- Тапшырма кандай эле? - деди.

- Алыкул Осмонов! - дедик бир ооздон.

- Ким чыгат?!

- Агайлап кол көтөргөндөрдүн арасында Бексултановдун колун көрүп, Аман агай көз айнегинин төбөсүнөн карап сүйүнүп кетти.

- О-оо, Бексултано-ов... - кадимки боксёрду рингге чакырган алып баруучудай созолонуп чакырды. Тынчтыкбек Алыкул Осмоновду окуп келиптир, доскага чыгып: "Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган" деген жерден:

- Стоп! Сен мага Аалы Токомбаевди айтып бер! - деди...

- Агай, Алыкулду айтайынчы?

- Жок! Анда Жоомарт Бөкөнбаевди айт.

- Мен Алыкулду окуп келгем...

Кыштын күнү эле, агай какшыктай баштады.

- Мен дарбуз жейм... мен коон жейм... Ай-ай-ай... шалпаң кулак таяке, отур, - деп “2” койду.

Ошентип Тынчтыкбек Ормотоевич эч ооз ачпастан, мен себепчи болгон эки "5" менен мектепти аяктады. Бирок эки артыкчылыгы бар эле. Биринчиси, алюминий зымдан машинаны өкүртө жасачу, экинчиси, аттын кулагы менен тең ойночу. Ал эми жылкы баласын аялы Айжаркындай эле сүйсө керек... Жаңы үйлөнүп, улуу баласы Нуралы төрөлгөндө шаарга келди. Келинчегинен сүт чыкпай “Бона” деген жасалма сүт менен баласын багып жатканын айтып келди. Ошол бойдон баласын Бона деп эркелетип калып, азыр да Бона бойдон... Ошол кургак сүткө акча табыш керек деп курулушка иштеп калды.

Калп айтпайт, анан бир мүнөз. Аскер деген классташыбыз экөөнү жолдон милиция документин текшерип кармап алыптыр. Аскер шаар көргөндүк кылып “жакын эле айылданбыз, кайра эле кетебиз” десе, “жок эй, биз стройкада иштейбиз, мына, ишенбесеңер пакетте жаман кийимдерибиз бар” дептир Тыке... “Акчаңар барбы” десе, “жолго деген эле 60 сом акчабыз бар” деп 40 сомун берип, ээрчишип кетишиптир.

Ырыс деген ыраматылык классташыбыз 11-кичи райондон 9-кабаттан 1 бөлмө квартира ижарага алып жашап жүргөн. Баарыбыз чогулуп конокко бардык. Өткөн-кеткенден сүйлөшүп чер жазып отурдук. Кеч жаттык. Айылда эрте туруп көнүп алган Тыкем таң атпай балконго чыкса, “молоко, молоко” деп сүт саткан аял кыйкырып атыптыр. Аны каңырыш угуп алыптыр, баарыбызды ойготту: “Балдар, бир аял Ала-Тоо, Ала-Тоо деп кыйкырып жатат, бизге окшогон тоолук окшойт” деп таңкы маанайды көтөргөнү эсимде.

Сманбаев Аман агай айтар эле: “Ким жакшы окуса, шаарга барып чоң кызматта иштейт. Жаман окуганыңар айылда калып чоң өтүктү кийип, шалп-шалп этип, кой кайтарып каласыңар”, - деп. Агай деле союз жоюлуп, айыл турмушу иштеген кишиге шаардан да жакшы болорун же малдын мындай баа болорун билбесе керек. Азыр ошол айылда калган Тынчтык баарыбыздан бай турат. Шаардан барып калганда тобубуз менен коноктойт. Тыкем шаарга келсе, сыртыбыздан сыр билгизбей “Бөрү арыгын билгизбей, жүнүн үрпөйтөт” дегендей, ыйлай-сыктай тосуп калабыз.

Урматтуу Тынчтыкбек Ормотоевич, сенин тандаган жолуң туура. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деп айтылгандай, биз телтеңдеп шаарда жүргөнүбүз менен акыры айылдын боз топурагына кайтып барабыз. Сендей дили таза адамдар гана турмуштун мектебин татыктуу окушат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз