Немис эл жомогу: Жалгыз шильдбюргер[1] Шильд[2] шаарынын намысын кантип сактаганы

  • 07.04.2020
  • 3595

Байталына минип, өз жонуна чоң кап унду бөлүп арткан (ушундай кылса байталына жеңил болот деп ойлогон) шильдбюргер тегирменден келатса так эле Шильд шаарынын чегине өскөн дарактан күкүктүн чакырганы угулат. Байкаса ал коңшу шаарды карап күкүктөп атат.

Ал жактан да жанталаша чакырган күкүктүн үнү чыгып, ал улам күчөп бараткан экен. Кыраакы шильдбюргер эки шаардын күкүктөрү айтышып жатканын, Шильд күкүгү жеңилип баратканын биле калып, унун ыргытып, өзү байталдан секирип түшүп, даракка чуркап чыгат да, бир тууган Шильд күкүгүн колдоо максатында күкүктөп кирет. Туура эле кылган экен, бир аздан кийин эле Шильд күкүгүнүн үнү бүтүп, мелдештен четтей берет.

Ал ансайын шильдбюргер акең күчөй күкүктөп, айыгышкан кармаштын натыйжасында коңшу шаардын күкүгүн утуп чыгат. Ушинтип Шильд шаарынын намысын колдон чыгарбаган шильдбюргердин санаасы тынчып, дарактан түшүп келсе байталы жок, бир гана сөөктөр чачылып жатат. Көрсө, күрөш катуу жүрүп жатканда коңшу шаардын карышкыры келип байталын жара тартып жеп кетиптир.

Ушинтип туулган шаарынын намысы үчүн зыян тарткан шильдбюргер унун жонго артып, жөө-жалаңдап түз эле шаар башчысына келип, Шильд шаарынын намысы үчүн күрөшүп жеңгенин, бирок душман карышкыры өч алып байталын жеп кеткенин төкпөй-чачпай айтып берет. Жөнөкөй жарандар Шильд шаарынын намысын жан аябай коргоп жатса шаар башчысы жөн калабы, ал шаар кеңеши менен акылдашып, шильдбюргердин байталынын ордун тургузуп берет.

Өсө турган шаардын тургундары менен бийлиги дал ушундай болушу керек. Билип алгыла.

Орус тилинен которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ


[1] Немис жомокторундагы апенди сыяктуу каарман.

[2] Шильдбюргелер шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз