Тамырынан ажыраган элдин келечеги болбойт

  • 26.07.2022
  • 2068

Эгемендик – бул кыргызга берген Кудайдын эң чоң белеги. Аны асырап алуу ар бир жарандын милдети. Ооба, биз азыр өткөөл мезгилди баштан кечирип жаткан кезибиз. Опурталдуу кездер болду. Төңкөрүш учурларында “Кыргызстанды экиге бөлүп алыш керек” деген ниети бузуктардын демилгесин да уктук. Бирок Жараткан жалгап, Кудай колдоп, мамлекетибизди сактап калдык.

Албетте, коркунучтардан толугу менен арыла элекпиз. Ушул жерде “Өлкө эгемендигине сырткы күчтөрдүн кайсы таасири коркунучтуу” деген маселеге келгенде, так азыркы маалда океандын ары жагындагы Американын, Батыштын, Россиянын же Кытайдын таасири эмес, диний идеологиялардын кулачынын жайышы – мамлекеттүүлүктү талкалай турган башкы фактор экенин айтып коюшубуз абзел. Анткени буга чейинки тарыхта Жаратканды менчиктеп алган улуттар кырчылдашып согушуп отурбай, миссионердик жолдор аркылуу эле Кудайдын аты менен өз идеясын аң-сезимге сиңирип, сан миң адамдарды тамырынан жана мамлекетинен ажыраткан. Бизде дагы азыр так ошол коркунуч босогобузду тооруп турат.

Сөзүбүз куру болбош үчүн далил катары айрым учурларды айта кетпесек болбос. Маселен, ата наркын туу туткан айтылуу Чыңгызхан дүйнөнүн үчтөн бирин басып, улуу дөөлөт курганын билебиз. Анын көзү өткөндөн кийин балдары жана урпактары ата салтынан алыстап, диндердин идеологиясына сугарылган маалда мамлекеттери биринин артынан экинчиси урап, кумга сиңген суудай жок болду. Байыркы Трояны карасак дагы, гректер басып келгенде дин кызматкери “бүркүт менен жылаандын” окуясын айтып согушка салып, падышалыктын тиреги болгон Гектор өлгөн. Кийин жыгачтан жасалган атты да ошол дин кызматкери шаардын ичине киргиздиртип, Торяны биротоло талкалаткан.  

Жакында Мамырбек Еркалиев деген баурдашыбыз диний идеологиянын айынан ондогон элдер тамырынан ажыраганын, улут катарынан жоюлуп кеткендигин жазды. “Эң байыркы цивилизация бешиги болгон ирандык фарсылар араб эмес эле, исламга киргени арабга айланды. Ирак жана египеттиктер араб эмес, эзелки Шумерлердин, ассириялыктардын, вавилондуктардын урпактары болгон, алар да арабга айланды. Сириялыктар да арабга айланып кетти. Түркия Мустафа Кемаль Ататүрктүн аркасында араб болуудан кутулган эле, бирок так азыр акырындык менен арабдашууда. Тунис араб эмес, байыркы Карфаген, атактуу колбашчы Ганнибалдын урпактары болгон, азыр алар да арабга айланып калды. Алжирликтер, ливиялыктар, мароккандыктар араб эмес Туарег, болбосо Берберлердин тукуму болгон, азыр арабга айланып чыга келди. Ливан араб эмес, тарыхтагы эң мыкты деңизчи болгон финикиялыктардын урпактары, алар да араб болуп ассимиляцияга учурады. Босниялыктар араб эмес болчу, исламды кабылдаган сербдер дагы арабга айланды. Пакистандыктар, оогандыктар араб эмес эле, бирок алар да азыр арабга айланууда” деп, көзгө сая көрсөтүп берди.

Биз да эртең ушулар өңдүү кыргыздын наркынан, тилинен, маданиятынан ажырасак, мамлекеттүүлүк тыйынга арзыбашы мүмкүн. Себеби, улутту улут кылган – тили, каада-салты, маданияты. Андан ажырагандан кийин сен эч ким эмессиң! Улуу философ Нельсон Мандела да: “Тилиңди, маданиятыңды жоготсоң, чек араңды ачып сал, анткени бул эми сенин мамлекетиң эмес” деген. Муну эстен чыгарбашыбыз керек.

Демек, биз азыр төңкөрүш жасоону, президентти алмаштырууну максат кылбай, түпкүрдөгү тамырыбызды таап, наркыбыздын өзөгүн бекемдеп, мамлекеттүүлүктү сактап калуунун аракетин көрүшүбүз керек. Кудайдын кулагы сүйүнсүн десек болот, жакында Президент “нарк боюнча” мыйзамга кол койду. Бирок аны иштеп чыгуу баягы эле бөтөн идеяга “мээси ууланган” пенделердин колуна тийип, чампаланып жатканы айтылууда. Негизи, бул жерде кылым карыткан кыргыз баалуулугун сактап калуу маселеси жатат. Азыркы ааламдашуу доорунда, айрыкча кыргызды аң-сезимден ажыраткан диний идеологиянын арааны жүрүп турган маалда, бул ишке өтө астейдил мамиле кылуу, кыргыздын намысынан кылча тайбаган азаматтарды ишке тартуу зарыл. Эң башкысы, кыргыздын наркын терең казып, тамырын таап, байыркы өзөккө бекем байлоо демилгесин тез арада баштоо керек. Анткени, биздин наркыбыз менен салтыбыз талаадан табылган эмес, башаты Кыдыр менен Умайда турат. Ал – биздин түптүү идеология. “Сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт” дейт кыргызда, андыктан, мамлекеттүлүктү сактап калуучу нарктын чекесин чыгарган соң, анын чет-бучкагын да айта кеткенибиз оң.

Жогорудагы фактылар айтып тургандай, элди жана мамлекетти курал-жарак, күчтүү аскер же кубаттуу экономика сактап кала албастыгы тарыхта тастыкталган. Демек, мамлекетти сактап калууда элдин башын бириктирген идеология керек. Баарыбыз көрүп-билгендей, көптөгөн элдер азыр идеология багытында туңгуюкка кептелди. Биз дагы өз жолубуздан адашып, тигини бир, муну бир ээрчип, чыйырды таппай, кайсалап отурабыз. Кайда бара жатканыбыз белгисиз. Алакандай калкыбыз түрдүү түшүнүктөргө жиктелип, сырттан келген агымдарга азгырылып, саат сайын бөлүнүп-жарылууда. Кыскасы, өтө эле оор абалда турганыбыз эч кимге жашыруун эмес, кемчиликти моюнга алышыбыз керек.

Ушул тапта келечекти ойлогон ар бир мекенчил кандаштарыбыздын жүрөгүн “абалдан кантип чыгабыз, элибизди эмне кылып бириктиребиз, мамлекетибизди кантип сактап калабыз” деген түпөйүл суроо өйүтүп, башын катырып жаткан кези. Албетте, ар бир иштин жолу бар, аны издөө оор. Бирок башты жерге салбастан аракет кылсак, биздей уңгусу бар элге биримдик менен ынтымакты камсыз кылган идеология эртеби-кечпи сөзсүз табыларына шек жок. Ооба, эч кимден жашырууга мүмкүн болбой калды, эли-жерибизди ынтымакка ширеп, биримдикке орой турган баалуулукту 30 жылдан бери издедик, тилекке каршы, учугун кармай албадык. Мамлекеттин башына келген жетекчилер түрдүү агымдарга элдин аң-сезимин талкалатып, анан эптеп эле бийликке жетип, байлык топтой турган идеологияны орнотуп коюшту. Барыбыз билип-туюп тургандай, муну менен жакшылыкка барбайбыз, түбөлүгүбүз түз болбойт. Демек, буларды карап алакан жайып отурбастан, өз жолубузду издеп, өзөккө кайтууга аракет кылалы.

Нарк өзөк менен бекемделбесе, сырттан келген идеологиялар тебелеп кетет. Демек, биз эң алды тамырыбызды, өзөгүбүздү табышыбыз керек. Ал санжырада жатат. Сөз чындыгы бузулбашы үчүн аалам жаралышы менен дүйнө түзүлүшүндөгү эң зарыл маселенин чындыгын чубап, санжыра сабындагы унутта калган өзгөчөлүктү белгилей кетелик. Тээ байыркы ата-бабаларыбыз кызыл топурактан жасалган Адам менен Ободон тараган пенделерди адамзаты, ал эми Жараткандын жалгыз өзүнөн бүчүр алып, КЫДЫР менен УМАЙдан өнүп-өскөндөрдү кишизаты деп келген, экөөсүнүн асман менен жердей айырмасы бар. Кесе айтканда, дүйнө жүзүндөгү канаты калдайган калк менен уңгусу узарып келген улуу журттун өзөгү жалгыз дарактын уругунан эмес, эки данектин тамырынан башат алган. Бул факты аалам менен дүйнөнүн, тарых менен санжыранын, акыл менен турмуштун жүздөгөн жылдар бою камырдай ийленип, зубаладай жуурулушуп, токочтой бышкан нукура чындыгына төп келет. Бул илимде дагы далилденген:

"(Э.Шюре:) «Течение семитическое и течение арийское – вот два потока, которые принесли нам все наши идеи, все предания и религии, все искусства, науки и философии. [1. 53.]

Адам – на древнееврейском – «из красной глины». В Библии написано из праха земного Господь Бог создал Адама, прародителя евреев. [2.]

Арии – земляне или потомки Богов, живущие на земле, последователи Ведической культуры. [2.]

Баарына белгилүү болгондой, Адам менен Ободон тарагандардын санжырасы еврейлер менен арабдардын ыйык китептеринде ийне-жибине чейин иликтенип, такталып жазылган, аны өзгөрткөнгө эч кимдин акысы да жок. Дегенибиз, ал санжырада биздин ата-жотобуздун аты турмак, жыты да жок. Баса, кишизаты менен адамзатынын таралыш тамыры эки жээкте, эки башка өзөктө жаткандыгын араб жана еврейдин санжырасы да тастыктап бералат. Алардын ыйык китебинде Адам менен Обонун балдарынан башка, алардан таптакыр бөлөк, чыныгы Кудайдын урпактары бар экени так белгиленген:

Инжил: “Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар төрөлгөндө, чыныгы Кудайдын уулдары ал кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты. Анан тандагандарын аялдыкка алышты...

Чыныгы Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындап, алардан балдар төрөлгөндүктөн, ошол кезде, андан кийин да жерде нефилимдер (алп адамдар) жашаган. Алар байыркы убактагы күчтүү, атагы чыккан кишилер болушкан”. (Башталыш 6:1-4), [3. 16.]

Көзүбүзгө даана көрүнүп тургандай, Адам менен Ободон тараган калктын кыздарынын сулуулугуна азгырылып, чыныгы Кудайдын уулдары (Кыдыр менен Умайдын уулдары) аялдыкка алыптыр да, алардан атагы чыккан алп кишилер туулуптур. Бул фактыдан биз Кыдыр менен Умайдын урпактарын, өзүбүздүн ата-жотобузду көрүп турабыз. Тактап айтканда, бул фактыдан биздин алп Манас баштаган баатыр бабаларыбыз жөнүндө жазылганын ачык эле байкасак болот. Мындан сырткары, Кыдыр ондогон кишини топон суудан сактап калган кезде Жараткан өз жакшылыгын ыроолоп, түбөлүк өмүр менен бирге Кудайдын касиетин тартуулаганы Шумер клинопистеринде жазылган:

Один из самых известных шумерских мифов, впоследствии переработанных евреями, - миф о всемирном потопе. В месопотамской версии боги решают наслать потоп, чтобы уничтожить человечество… Так Зиусудра спасся сам и спас свою семью, нескольких ремесленников, нескольких животных и драгоценные металлы. Всё остальное было уничтожено. Через некоторое время Зиусудра выпустил голубя из ковчега, чтобы проверить, есть ли поблизости земля. В конце концов, воды спали. В награду за спасение людей и животных Зиусудра обрёл вечную жизнь. [4.26.]

“СИСИТР (или Ксизутру), указывая ему подготовить корабль и спасаться вместе с несколькими избранными. [5.476.]

Эске сала кетсек, айрым тилдерде “К” тыбышынан кийин келген “Ы” тыбышы айтылбайт. Араб менен перс элдеринде “Ы” тыбышы таптакыр жок. Мисалы, орустар Кыдыр дей албай, “Хизр” дейт. Аңгличандар Кыргыз дей албай, “Күргүз” дейт. Арабдар Кыдыр дей албай, “Кадр” дейт. Мына ушунун айынан Кыдыр атабыздын ысымы чоң өзгөрүүгө учураган. Грек тарыхчылары Кыдыр дегенди Сидир, Сиситр, Ксиситр, Ксисудр, Зиусудр ж.б. кылып жазышкан. Берки эле тарыхты карасак, Кыдыр ысымын Хыдыр, Хызыр, Хысыр, Хизир, Хазир, Хозар, Хузор, Хазар, Хизр, Хозр, Гайир, Кызыр, Кадыр, Кадир, Кодир, Кидыр, Кидар, Кодар, Кейдар ж.б. кылып өзгөртүшкөн.

Арийне, Кыдырдын башка да ысымдарын акыл мурастарыбыздан кездештирип жүрөбүз. Мисалы, Манас бабабыздын баянында Кожою Кыдыр, Кожо, Шаймерден, Кызыр, Кызыр чал, Ак Эшен, Жылаңач Кызыр чал, Жаш Айдар, Кызыр алейки салам, Олуя чал, Ак сакалчан дубана, Календер, Жыңайлак Кызыр Олуя, Дубана, Дербиш, Куюн көтөн Кайып чал, Бабай ага, Көрөшөн Ата, Жапар, Нияз, Пирим, Эгем, Барбардигер ж.б.у. өңдүү ондогон ысымдары айтылат. Айтор, узак тарыхта кишинин энчилүү аттары менен жер топонимдери кырдаал-шартка жараша өзгөрөт. Ал баарына маалым. Анынсыңары тарых барактарында Кыдырдын ысымы бөтөн тилдерге ылайык жазылып калган. Ооба, кээ бирөө мындан шектенип, Шумердеги топон суудан сактаган кишинин ысымы Кыдыр ысымына кокустуктан улам уйкашып калганын айтышы ыктымал. Ошону менен бирге энчилүү атты уйкаштыруу менен тарыхый нерсени далилдөө чындыкка жатпастыгын билдириши мүмкүн. Асыресе, андай пенделерди эсине келтире турган эң чоң факты бар. Айтсак, Шумер жазмасындагы кишинин атын танып кеткен күндө да, затын эч кайда ката албайбыз. Себеби, элди топон суудан куткарган кишиге Жараткан тарабынан түбөлүк өмүр берилгени Шумер клинописинде так белгиленип турат. Демек, биз билген чындыкты тайсалдабай карасак, дүйнө жүзүндө Кыдырга гана түбөлүк өмүр энчиленген. Бул жалпы пендезатына маалым. Сөзүбүз куру болбош үчүн тарыхта жазылган фактылардан тарталы.

“Хызр (Хизр, Хидр) – согласно суфийским представлениям, бессмертный святой, являющийся некоторым адептам суфизма и наставляющий их как Тайный Учитель”. [6. 379.]

Хизр появляется странникам и подвижникам чаще всего в образе старика, подвергал их испытанию и выводил на прямой путь”. [7. 59.]

Албетте, дүйнөдөгү элдер Кыдыр атабыздын ысымын өзгөртүп айтканы менен анын ак сакалдуу образын жоготпой, Санта-Клаус, Дед Мороз деп Жаңы жыл жана Нооруз майрамдарында жакшылык күтүп келе жатышат. Биз да аларды ээрчип Аяз ата деп түзмө-түз которуп алдык. Негизи, мындан ары биз Кыдыр ата деп эле айтып, майрамдарда жакшылык тилесек болот. Айтор, булактын көзүндөгү нарктын туу чокусун тааный турган учур келди. Башыбызга шири кийгизип, кул кылган элдердин далилсиз жомогуна азгырылып, өзөгүбүздү башкага байлай бербей, акыл-эстин туу чокусундагы Кыдырды тарых аркылуу тастыктап, улуу наркты ордуна койгонго мезгил жетти. Кыргыздын рухий байлыгы болгон Манас баяны дагы:

“Башкы атасы баары хан,
Башынан Кыдыр даарыган.
Түпкү атасы баары хан,
Түбүнөн Кыдыр даарыган” деген саптар менен башталып, Манас атабыз туу болгон баатырлардын баарын баштан-аяк Кыдыр колдоп жүргөнү кашкайган факты. Ата-жотобуз да Кыдырдын касиетин оозунан түшүрбөй, “Жетинин бири Кыдыр”, “Бак карап, Кыдыр даарысын”, “Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун” деп айтып келди. Мындан эч кимибиз танып да, чанып да кете албайбыз. Кыргыз санжырасы да Кырк-Кыдыр, Кырк-Кызыр, анан барып Кыргыз болгон уламыштан башталат. Кыскасы, биздин уюткубуз – Кыдыр.

Биз сүйлөгөн тил, кийим, нарк-насил, ырым-жырым, каада-салт, оюн-зоок, ж.б.у. сындуу ондогон баалуу мурастар Кыдыр менен Умайдан калган. Алгачкы Көчмөндөр оюндарындагы Соломон, Македонский сындуу мүчүлүштүктөрү А.Максүтовго айтып, азыркы демилгени айткандан кийин Кыдыр атабызга бата бердирип, Умай энебизге аластаткан. Демек, биз башатыбызды таап, түпкүрдө жаткан өз атабыз менен энебизди таанып, наркыбызга кайтканда гана элдин башын бириктирип, мамлектибизди көздүн карегиндей сактап кала алабыз. Болбосо казак баурдашыбыз какшап айткандай, ирандыктар, ирактыктар, египеттиктер, тунистиктер, алжирликтер, ливиялыктар, мароккандыктар, ливандыктар, пакистандыктар, оогандыктар ж.б. сыяктуу атыбыз гана калбаса, эртеңки күнү затыбыз жок болот. Демек, кеч боло электе ойлонуп, улуу маданиятка эгедер элибизди жана аска тиреген мамлекетибизди сактап калалы, айланайын кандаштар!!!

Колдонулган адабияттар:

1. Н.Г.Аюпов, Тенгрианство как открытое мировоззрение, Алматы, 2012 г.

2. http://energodar.net/slovar.php

3. “Ыйык Китеп”, Brooklyn, New York, U.S.A., 2013-ж.

4. Апокриф, Магические пантеоны: Божества западных эзотерических традиций, Пер. с англ. О.Перфильева, М., 2002 г.

5. Е.П.Блаватская, Теософский словарь, Эксмо, М., 2003 г.

6. Джалаладдин Руми, Дорога превращений, М., 2007 г.

7. В.Бартольд, Ислам, Петербург, 1918 г.

Зулпукаар САПАНОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз