Карантин жөнүндө казал

Каптап апаат дүйнөнү,
калктын баары дүрбөдү.
Камалып үйдө нечендер,
кабак-кашын түйгөнү.
Каатчылыктан корккону
кап-кап унду үйгөнү...
Камаарабас, камы жок
кала берди күйгөнү...
Карантинде кантти экен,
камоодо кыргыз үйдөгү?
Коронавирус ушундай
кокуй экен, күлбөгүн.
Коюн-колтук алышып
кошунага кирбегин.
Кокус тааныш-билишиң
колун берсе, тийбегин.
Корооңо да киргизбе,
коңшуга ошол – күйгөнүң.
Бейбаш, тентек эл элең,
бет кабы жок жүрбөгүн!
Улутка келди бул сыноо,
убалын ойло мүлдөнүн!
Ээнбаштана бербестен,
эрежеге үйрөнүң.
Өзүмчүл чыкса мындайда:
өздү да, жатты тилдегин.
Өмүрлөр канча жалманды,
өлүм – бул кооптуу, сүрдөгүн!
Жапа жабыр кезеңде,
жамандыкты үйбөгүн.
Жат эми кыргыз, жамбаштап,
жаздык ко, жылуу сүйгөнүң!
Жамы журтту ойлонсоң:
жакшылыгың – үйдөгүң...

О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз