Амира Доктурбек: Биз качан өзүбүз каалагандай жашайбыз?!

  • 05.08.2022
  • 2435

Үй-бүлөдөгү балдардын эркиндиги

Апам мага:

– ... Ушундай конкурс болуп жатат, сен жаз, жакшы жазасың, – дегенде, апама мындай тамашаладым:

– Эркиндик деп туруп, өзүңүз мени мажбурлап жатасыз го.

Апам:

– Чоң энемдей сүйлөйсүң да, мейли жазбасаң кой, – деди.

*   *   *

Мен, менин бөбөктөрүм, мен сыяктуу жаштар эркин үй-бүлөдө тарбияланбай эле. Көз каранды өлкөдө жашап жатып, кантип биздин үй-бүлөдө эркиндик бар деп айтамын? Үйдө ата-энебиз өз оюбузду чектебегени менен, сөзсүз тыюулары болот. Мен кичинекейимде эркинирээк болчумун. Жашым жогорулаган сайын чектөөлөр, тыюулар көбөйдү. Мисалы, атам “кыска шортик кийбе, көчөгө шым кийип чык” десе, апам “чачыңды жазба, тыкан байла же түй, колуң бош болсо идиш жуу, үйдүн улуусу сенсиң, бөбөктөрүң сага карап түздөнөт” деп бардык жоопкерчиликти мага жүктөй баштады. Ушул сөздөн кийин бөбөктөрүм тартип бузса да мен күнөөлүү боломунбу деп ойлой баштадым.

Эркиндик деген эмне?

Каалаган убакта ойноп, каалагандай жүрүүбү? Өзүмдүн гана оюмду туура деп эсептөөбү?

Менин оюмча, эркиндик каалаган нерсени кылуу эмес. Биз кичинекейибизде ата-энелерибиз биз каалагандын баарын кылышат, туура эмес нерсе кылсак деле күлүп, кучактап өбүшөт. Буга мисал, менин кичинекей бөбөгүм Байтур 1 жашында апам шымын чечип олтургузуп койсо, килемге чычып коюп, ага таңданып колу менен чычканын мыкчып, оозуна салайын деп жатканда апам көрүп калып, аябай күлүп, сүйүнүп сүрөткө тартып алыптыр. Негизи апамдын бул аракетин мен туура эмес көрдүм. Байтур ал сүрөтүн чоңойгондо көрүп, абдан уялган.

Ата-энелер кээде балдарын ашыкча сүйүп, алардын туура эмес жагына да кол чабышса, анда балдарын туура эмес тарбиялашат. Балдарынын эркин ойлонгон адам болушун каалаган ата-энелер адилеттүү, ар тараптуу ойлоно алышы керек.

Ата-энелеринин ою менен болгон балдар эркинби?

Ата-энелерибиз кандай гана иш болбосун бизге ишениши керек. Мен быйыл биринчи жолу газга бөбөктөрүмө картошко кууруп бердим. Бул үчүн апамдан араң уруксат алдык. “Бир жериңди күйгүзүп аласың, бираз чоңой анан тамак жасаганды үйрөтөм, азыр сен окушуң гана керек” деп толтура шылтоолорду айтып жатып макул болду. Бул мага ишенбөөсү эле. Апам мени эч нерсе кыла албайт деп ойлойт. Бул жоопкерчиликтүү иш. Өзүң ойлогон ишти жоопкерчилигиңди сезип, мыкты жасасаң, мына ошол эркиндик болот. Картошко кууруп көрүп мен өзүмдү аз да болсо өстүрдүм.

Эркин балдарды тарбиялоо боюнча сунуш айткым келет.

1. Ата-энебиз ар бир кылган ишибизге көңүл буруп, мактап турушса;

2. Туура эмес иш кылып койсок, дароо урушпастан себебин сурашса;

3. Бала дебей, оюбузду угуп, сыйлашса;

4. Ата-энебиздин оюна каршы болгонубузда, биздин оюбузду да өз ойлорундай баалуу экенин сезишсе;

5. Үй-бүлөдөгү эрежелерди экөө гана чечип койбой, бизди дагы угушса, эркин ойлонгон адам болобуз.

Үй-бүлөнү айтпай эле коёлу, биздин өлкөдө балдар эркин эмес. Эртеден кечке соода менен алектенип үй-бүлөсүн багууга жардам берген балдардын эркиндиги кайда? Болбосо алар да ойногусу келсе керек.

Өзүнөн кичинекей бөбөктөрү бар болсо, эртеден кечке ошол бөбөктөрүн караган багуучу баланын эркиндиги кана?!

Мектепте жакшы окуганы үчүн окуучунун ою менен эсептешпей, ар кандай сынактарга жазып койгон мугалимин уят кылбайын деп катышкан окуучунун эркиндиги кайда?

Балдар үйүндө терезени телмире тиктеп ата-энесин күткөн балдардын эркиндигичи? (Муну апам ушундай жашоодо жашаган балдар дагы бар деп балдар үйүнө бизди чогуу алып барганда көргөнмүн).

Качан гана өлкөдө эркиндик орносо, үй-бүлөдө да эркиндик болот. Көз каранды мамлекетте өсүп жатсак да, эркин ойлонгон адам болуп чоңоёлу!

Амира Доктурбек, 4- класс. 9 жаш

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз