Франц Кафка: Өкүм

  • 02.03.2024
  • 3724

АҢГЕМЕ

Жаздын бир жаркыраган сонун таңында жаш бизнесмен Георг Бендеманн бири-биринен бийиктиги жана түстөрү менен гана айырмаланган жапыз, кыска көп үйлөрдүн биринин биринчи кабатында жээкке караган өз кеңсесинде отурган. Ал жаңы эле чет жерде жүргөн балалык чагы бирге өткөн эски досуна кат жазып бүтүп, шашпай мөөрүн басты. Үстөлүнө өбөктөй олтуруп терезеден дарыяны, көпүрөнү, берки өйүздөгү акырындап өңү өчүп кубара баштаган жашыл дөбөлөрдү карады.

Бул досунун өз мекениндеги иштерине көңүлү толбой, бир нече жыл мурун расмий түрдө Орусияга качып кеткенин ойлоду. Азыр ал Петербургда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан, иши башында абдан жакшы жүрүп, бирок кийинчерек солгундай баштаганын досу барган сайын өз мекенине чанда каттаган сайын айтып, нааразы болуп жүрчү. Ошентип ал туулуп өскөн үйүнөн алыс жактарда эч натыйжасыз иштеп жаткан. Анын чет элдиктердин манеринде койгон сакалы астындагы ага бала кезинен белгилүү жүзүндөгү пайда болгон саргайуу барган сайын күчөнгөн оорусунан кабар бергенсийт. Анын айтымында, ал жердештери менен тыгыз мамиледе болбоптур, ошол эле учурда анын жергиликтүү коом менен байланышы начар болуп, акыры ал өзүн жалгызчылыкта жашоого дуушар кылган экен.

Өз жолунан адашкан, канчалык бооруң ооруса да, эч кандай жардамыңды бере албаган адамга эмне деп жазууга болот? Балким, ага үйгө кайтып, бул жерде жашоосун улантып, эч кандай тоскоолдуксуз эски достор менен байланыштарын жаңыртып, калган иштеринде достордун жардамына таян деп кеңеш бергени туура болуп жүрбөсүн. Бирок дал ушул кеңеш, анын ушул убакка чейинки бардык аракеттери текке кеткенин билдирип, акыры баарына кол шилтеп, үйгө кайтып келиши менен, ал түбөлүккө айланасындагылардын иши оңунан чыкпаган кемпайга карата жасалган мамилесине туш болорун; анын достору гана жашоону жакшы түшүнөрүн жана ал бойго жетсе да акылы кирелек бала, үйлөрүнөн алыс чыкпай эле ийгиликке жеткен досторунун айткандары менен жашашы керек деген жыйынтыкка алып келмек. Анан аны мынчалык азапка салганың туура болоруна өзүң ишенесиңби?

Кыязы, аны мекенине кайтууга көндүрүү таптакыр мүмкүн болбочудай көрүнөт, ал мекенине карата жылуу сезимди сезбей калганын өзү деле айтпады беле. Ал эч нерсеге карабай чет жерде калат, буга окшогон насааттар ага терс таасир берип, досторунан азыркыдан да алысташына алып келет.

Эгерде бул кеңешти кабыл алып мекенине кайтып, анан атайын жасалган арамдыктан эмес, албетте, кокустуктан, бул жердеги жашоодон запкы жеп калса, анда ал досторунун арасынан да, аларсыз да өз ордун таба албайт, мына ошондо ал өз абалынан уялып, чындап мекенсиз да, досторсуз да калмак. Андай болгон соң, анын кандай күнгө туш болсо да чет жерде калганы жакшыдыр. Ушундай шарттарда анын бул жерде өз ишин оңдоп кетерине ким кепилдик берет?

Демек, кат алышууну уланткым келсе, ага эң алыскы тааныштарга да эч тартынбастан айтып бергендей реалдуу жаңылыктарды сүрөттөө мүмкүн эмес болчу. Досум Орусиядагы туруксуз саясий кырдаал майда ишкерге аз убакытка да ишин кароосуз калтырууга жол бербейт деген бүдөмүк шылтоосу менен үч жылдан бери келе элек, ошол эле убакта жүз миңдеген орустар дүйнө жүзү боюнча ээн-эркин саякаттап жүрүшөт. Ушул үч жыл ичинде Георгдун өз жашоосунда да көп нерселер өзгөрдү. Эки жылдай мурун апасы каза болуп, Георг карыган атасы менен биргелешип үй-бүлө иштерин жүргүзө баштаганын албетте, досу билген жана өз катында бир аз кургак сөздөр менен көңүл айткан, анын бул салкын мамилеси бир гана нерсе менен түшүндүрүлөт, чет жерде болуу ага мындай жоготуунун ачуулугун сезе билүүгө мүмкүндүк берген эмес. Ошол убактан тартып Георг, чындыгында, бардык башка иштери сыяктуу эле, соода иштерине да абдан чечкиндүүлүк менен кирише баштаган.

Мүмкүн апасынын көзү тирүү кезинде, маселе чечүүдө өз ою менен гана эсептешүүнү каалаган атасы Георгдун аракеттерин катуу чектеп келгендир; балким, анын өлүмү менен ал бир аз чөгө түшкөндүр, бирок ал иштерде өзүнүн гана бийлигин тааныгандыктан эле ишке катышуусун улантып келет. Атасынын иши баштагысындай жигердүү болбосо да, кыязы, бактылуу кокустук негизги ролду ойногондой; анткени, бул эки жыл ичинде Бендеманндардын иштери күтүлбөгөн жерден мурда болбогондой гүлдөп, кызматкерлердин санын эки эсеге көбөйтүүгө туура келди, товар жүгүртүү беш эсеге өстү, мындан аркы өсүштө да шек жок эле.

Досунун бул өзгөрүүлөр жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок болчу. Буга чейин акыркы жолу көңүл айткан катында ал Георгду Орусияга көчүп келүүгө көндүрүүгө аракет кылып, анын ишмердүүлүгү үчүн Петербург Георгго кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин кеңири баяндагандай болгон. Георгдун бизнеси жакында эле ага алып келген пайданын фонунда бул сумма анча деле чоң эмес болчу. Георг өзүнүн коммерциялык ийгиликтерин досуна айтууну такыр каалаган эмес. Анын үстүнө, эгерде ал муну мурдатан унчукпай жүрүп эми айтса, бул абдан эле кызыктай көрүнмөк.

Ошондуктан Георг өз катында жекшембидеги ой жүгүртүүлөрүндөгү кокусунан эсине келген анча маанилүү эмес окуяларды сүрөттөө менен чектелди. Анын каалаганы бир гана нерсе: бул –  көптөн бери чет элде жүргөн досунун кыялында калыптанып, ага кандайдыр бир бейпилдик берчү, туулуп өскөн шаары тууралуу түшүнүгүн жок кылбоо.

Георг өз досуна эч кандай өзгөчөлүгү жок эркектин, ошондой эле өзгөчөлөнбөгөн кызга үйлөнүүгө сөз бекитүү жөрөлгөсү тууралуу мурдараак, ар кайсы убактарда жазылган каттарында сүрөттөп берген, Георгдун бул окуяга анын кызыгуусун жаратууга эч бир ниети жок болсо да, баары бир досу бул окуяга кызыгып калган. Георг өзүнүн бир ай мурун бай үй-бүлөдөн чыккан фрюлейн Фрида Бранденфельд менен үйлөнүүгө бел байлаганына караганда, башка нерселер жөнүндө жазууга көбүрөк даяр болчу. Ал өз колуктусу менен бул досу жана алардын кат аркылуу болгон кызыктай мамилеси жөнүндө көп сүйлөшчү.

– Демек, ал биздин үйлөнүү үлпөтүбүзгө келбейт турбайбы,— дечү колкутусу, – а менин бардык досторуң менен жолугушууга толук укугум бар.

– Мен анын тынчын алгым келбейт, — деп жооп берчү Георг. – Мени туура түшүн, ал сөзсүз келмек, мен ага толук ишенем, бирок ал өзүнүн бул турмушта жолу болбогон бактысыз адам экенин ойлоп, балким мага көз артмак, өзүнүн абалынан уялмак, өзүнө нааразы болмок. Анан нааразычылыгын жеңе албай жалгыз кайтмак. А жалгыздык эмне экенин түшүнөсүңбү?

– Ал биздин үйлөнүү үлпөтүбүз болгонун башкалардан билип алсачы?

– Мен муну, албетте, токтото албайм дечи, бирок анын жашоо образын эске алганда, бул күмөндүү.

– Георг, эгерде сенин досторуң ушундай болсо, такыр эле үйлөнбөй койгонуң дурус.

– Бул жерде, албетте, экөөбүз тең күнөөлүүбүз, бирок азыр мен муну өзгөртүү үчүн эч нерсе кылгым келбейт.

Ал өпкүлөй баштаганда колуктусу аптыга дем алып: "Бирок баары бир, бул менин көңүлүмдү оорутуп жатат" деп үлгүргөндө, ал досуна бардык нерсени жашырбай жазуудан эч кандай зыян жок деп чечти. «Мен кандай болсом, ошондой кабыл алсын деди ал өзүнчө. Ага жагынып жакшы болом деп өзүмдү кайра тарбияламак белем."

Ал эми жекшемби күнү эртең менен жазылган ошол узун катында ал досуна үйлөнүүгө сөз бекиткени тууралуу төмөнкү сөздөр менен билдирген: «Мен эң жакшы кабарды аягына сактадым. Мен фройляйн Фридой Бранденфельд аттуу бай үй-бүлөдөн чыккан кыз менен үйлөнүүгө убада бекиттим, бул үй-бүлө биздин аймакка сен кеткенден кийин көчүп келген, ошондуктан сен аны тааныбайсың.

Колуктум тууралуу кенен жазууга дагы көптөгөн убактар болот, бүгүн мен толугу менен бактылуу экендигимди сага кабарлап кубандыргым келет, биздин мамилебизде бир гана нерсе өзгөрдү, мындан ары сен катардагы достун ордуна бактылуу дос таптың. Мындан тышкары, жакында өзү сага кат жазууга даяр колуктумдан сага чын жүрөктөн салам жолдойм, мындан ары бойдок үчүн бир топ мааниге ээ болгон дагы бир чынчыл дос табасың.

Көптөгөн жагдайлар сени бизге келүүңө тоскоол болуп жатканын билем, ошондой болсо да менин үйлөнүү тоюм бардык тоскоолдуктарды четке кагууга себеп боло албайбы? Бирок кандай болсо да, мени ойлобой, өз шартыңа жараша иш кыл”.

Георг олтурган ордунда бир саамга кыймылдабай, башын терезеге буруп, колуна катты кармаган боюнча катып калды. Көчөдөн өтүп бараткан таанышынын учурашуусуна биринер-билинбес жылмайып жооп берди.

Акыры катты чөнтөгүнө салып, бөлмөдөн чыкты. Тар коридор аркылуу атасынын бир нече айдан бери баш бага элек бөлмөсүнө жөнөдү. Чынында, мунун кереги жок болчу, анткени ал атасын күнүгө кеңседен көрүп, тавернада чогуу тамактанышчу, кечинде ар кимиси өз табитине жараша иш тандаса да, адатта, ар кимиси өзүнүн гезити менен жалпы конок бөлмөсүндө жолугушуп турушар эле.

Бул тартипти бузган бир гана нерсе: Георгдун досторуна же жакындан баштап анын сүйлөшкөн кызына барган учурлары болчу.

Георг атасынын бөлмөсү ушундай күнөстүү күнү да караңгы экенине таң калды. Тар короону курчаган бийик дубалдардын баары көлөкө түшүргөнүн кара! Атасы каза болгон энесинен калган ар кандай эстелик буюмдар менен кооздолгон бурчта терезенин жанында гезит окуп, ачып-жумуп алсыраган көздөрүн жөндөөгө аракет кылып олтурган экен. Үстөл четиндеги эртең мененки тамак дээрлик кол тийбегендей.  

– Аа, Георг, сенсиңби? – ордунан турган атасы аны көздөй утурлай басты. Ал басып келатканда узун халатынын этеги желбиреп ачыла түштү. “Атам дагы эле тың”, – деп ойлоду Георг ичинен.

– Бөлмөңүз аябай караңгы турбайбы, – деди ал үн чыгарып.

– Чынында эле бул жер караңгы, – деди атасы.

– Сиз терезени жабык кармайсызбы?

– Ооба, жабык турганын жактырам.

– Сырта абдан жылуу, — деди Георг алгачкы оюн уланткансып, акырын барып отургучка отурду.

Атасы эртең мененки тамак салынган идиш-аяктарды чогултуп, сандыктын үстүнө жылдырды.

– Мен сизге айтып коёюн дегем, – деп улантты Георг абышканын кыймылын ээрчий карап, – жаңы эле Петербургга үйлөнө турганым тууралуу кабарладым.

Чөнтөгүндөгү катты чети көрүнгүдөй сууруп чыгып, кайра салды.

Эмне үчүн Санкт-Петербургга? — деди атасы.

– Ал жерде досум жашайт, – деп жооп берип жатып Георг атасынын көз карашын байкоого аракет кылды. “Кеңседе ал такыр башка, — деп ойлоду Георг, — бул жердегидей өзүн ээн-эркин алып жүрбөйт”.

– Баса, ал жакта досуң бар эмеспи, – деди атасы.

– Билесизби ата, башында мен ага үйлөнүү тууралуу унчукпай эле койсом деп ойлогом. Бирден-бир себеп – аны капа кылбайын дегем. Анын татаал адам экенин билесиз. Ошондуктан мындай чечкем: ал бул тууралуу башкалардан угушу мүмкүн, бирок анын жашоо образын эске алганда, бул күмөндүү нерсе. Албетте, мен буга тоскоол боло албайм, бирок ал бул окуя жөнүндө менден билбеши керек.

– Демек, эми бул маселе боюнча көз карашыңды өзгөрткөн экенсиң да? – деди атасы, гезитти терезеге, көз айнегин гезиттин үстүнө коюп, алаканы менен жаап койду.

– Ооба, азыр оюмду өзгөрттүм. Ал жакын досум болгон соң, менин бактылуу үйлөнүүм ага да кубаныч тартуулаш керек деп ойлодум. Ошон үчүн дароо ага бул тууралуу жаздым. Бирок катты жиберүүдөн мурун мен сизге кеңешким келди.

– Георг, – деди атасы, тиштери түшкөн оозун чоң ачып, – мени уксаң! Сен мага бул маселе боюнча кеңеш сурап келипсиң. Мунуңа чоң рахмат. Бирок бул эч нерсе эмес, баарынан жаманы, сен мага чындыкты толук айтпай жашырганың. Мен азыр буга эч кандай тиешеси жок нерселерди козгогум келбейт. Сүйүктүү апабыз каза болгондон бери ар кандай жаман иштер болууда. Менин оюмча, буга кайтар убакыт келет, биз ойлогондон да тез. Дүкөндө болуп жаткан көп иштерден мен кабарсыз калып жатам, менден жашырып жатышат деп ойлобойм, жашырышат деп ишенгим да келбейт. Ансыз да дарманым кетип, эстутумум алсырап барат, болуп жаткандын баарын билип турууга чамам аз. Биринчиден, бул табигый көрүнүш, экинчиден, апабыздын өлүмү сага караганда мага катуу тийди. Бирок азыр кеп бул кат жөнүндө болуп жаткандыктан, сенден суранам, Георг, мени алдаба. Бул бир тыйынга арзыбаган майда-чүйдө нерсе, мени алдаба. Айтчы, чын эле Петербургда досуң барбы?

Оңтойсуздана түшкөн Георг ордунан ыргып турду.

– Менин досторум жөнүндө сөздү мындай таштайлы. Мен атамды миң доско да алмаштырбайм. Менин оюмду билесизби? Сиз өзүңүзгө жетиштүү кам көрбөйсүз. Бирок убакыт өзүнө тиешелүү үлүшүн алып жатат. Сизди мага дүкөндө эч ким алмаштыра албайт, аны өзүңүз жакшы билесиз, бирок дүкөн сиздин ден-соолугуңузга зыян келтире баштаса, эртең аны толугу менен жабам. Мындай болбойт. Биз сиздин жашооңузду такыр башка жол менен уюштурушубуз керек. Конок бөлмөдө сонун жарык болуп турганда сиз бул жерде караңгыда отурасыз. Сиз туура тамактануунун ордуна эртең мененки тамакты ооз тийбей карап жатасыз. Сизге абдан таза аба керек болуп турганда, сиз бул жерде терезелерди жаап алгансыз. Жок, ата! Мен дарыгерди чакырам, мындан ары анын көрсөтмөлөрүн аткарабыз. Бөлмөлөрдү алмаштырабыз, сиз жарык бөлмөгө көчөсүз, а мен бул жакка көчөм. Сиз эч кандай өзгөрүүнү сезбейсиз, биз сиздин бардык буюмдарыңызды көчүрүп беребиз. Бирок мунун баарын убакыттын өтүшү менен жасайбыз, а азырынча бир аз жатып эс алыңыз, сизге тынчтык керек. Жүрүңүз, кийимиңизди алмаштырууга жардам берейин, бул колумдан келет, көрөсүз. А эгер сиз азыр эле жарык бөлмөдө жаткыңыз келсе, менин керебетиме жатыңыз. Мына ушундай кылсак эң жакшы болот.

Георг атасына дээрлик жанаша турган. Атасы ак чач болгон башын эңкейтип аны угуп отурду.

– Георг, – деди атасы ордунан кыймылдабай. – Георг дароо атасынын жанына чөгөлөй калып, анын чарчаңкы жүзүнөн чоң ачылган көздөр өзүн сынай карап турганын көрдү. – Петербургда эч кандай досуң жок. Сен дайыма кимдир-бирөөлөрдү тамашалаганды жакшы көрөсүң, ошол адатыңды мага да көрсөткүң бар. Ал жактан кайдагы досту таптың? Мен буга такыр ишенбейм.

– Ата, жакшылап, эстесеңиз, – деди Георг аны отургучтан көтөрүп, ордунан араң турган атасынын халатын чечип жатып.

– Досумдун бизге келбегенине үч жылга чукулдап калды. Эсимде, сиз аны жактырчу эмессиз. Анын менин бөлмөмдө отурганын жок дегенде эки жолу сизден жашыргам. Сиз аны жактырбаганыңыздын себебин жакшы түшүнөм, досумдун өзүнүн адамга жакпаган кызыктай мүнөздөрү бар. Бирок бир жолу силер абдан жагымдуу маек кургансыңар. Аны угуп, баш ийкеп, суроо берип жатканыңда аябай кубангам. Ойлоп көрсөңүз, сөзсүз эстейсиз. Ошол кезде ал орус төңкөрүшү тууралуу укмуштуудай окуяларды айтып берген. Ал, мисалы, Киевде иш менен жүргөндө, башаламандык учурунда бир дин кызматкери алаканына кандуу крест оюп алып, балкондон элге кайрылганын айткан. Сиз өзүңүз бул окуяны кайталап айтканды жакшы көрчүсүз.

Сүйлөшүү учурунда Георг атасын креслого отургузуп, анын ички шымынын үстүнө кийген шалбарын жана байпактарын чечкенге үлгүрдү. Кирдеп калган ич кийимди көргөндө, ал атасына начар кам көргөнү үчүн өзүн жемеледи. Атасынын ич кийимин алмаштырып туруу анын милдеттеринин бири экени талашсыз. Ал эми колуктусу экөөнүн ортосунда атасынын келечеги тууралуу түз сүйлөшүү боло элек. Алардын айтылбаган макулдугу боюнча атасы мурдагы батиринде жалгыз калат деп болжолдогон. Эми ал атасын сөзсүз болочок үй-бүлөсүнө алууну чечти. Байкаса, атасын жаңы жерде багууга үлгүрбөй калышы да мүмкүн деген сезим жылт этип пайда болуп жок болду.

Атасын көтөрүп барып төшөккө жаткырды. Ал керебетке жакындап, атасы саатынын чынжырчасы менен ойноп жатканын байкап чочуп кетти. Атасын дароо жаткыра албады, ал чынжырды коё бербей ушунчалык катуу кармап алган экен.

Бирок төшөккө жатаары менен ал тынчып калды. Ал жуурканды өйдө тартып жамынды да, Георгду тиктеди.

– Сиз аны эстейсиз, туурабы? — деп сурады Георг ага башын ийкеп.

– Ачылып калган жокмунбу? – деди атасы, буттары жакшы жабылганын көрө албай жаткандай.

– Мына, эми жакшы болду, – деди Георг жууркандын этегин кымтылап.

– Ачылып калган жокмунбу?– кайрадан бир башкача кызыгуу менен сурады атасы.

– Кабатыр болбоңуз, ачылган жоксуз.

– Жок! – деп капыстан үнүн катуу чыгарган атасы жуурканды ушунчалык күч менен алып ыргытканда, ал көкөлөп учуп барып кайрадан керебеттин үстүнө түштү, ал бир колу менен керебеттин кырына жөлөнүп өйдө тура калды.

– Билем, сен мени биротоло жаап салгың келет, бирок мен али тирүүмүн! Бул менин акыркы күчүм болсо дагы – сага ошол эле жетиштүү. Мен сенин досуңду жакшы билем, ошондой уул менин көңүлүмө толмок. Ошондуктан сен ушунча жылдан бери аны алдап, мага көрсөтпөй жашырып келдиң. А эмне үчүн башкаларды эмес! Менин жүрөгүм ал үчүн ооруган жок деп ойлойсуңбу? Ошон үчүн сен өзүңдүн кеңсеңде: “Менин тынчымды албагыла, кожоюн бош эмес” деп бекинип жатасың, анткени Орусияга өзүңдүн жалганга толгон катыңды эч тоскоолдуксуз жазышың керек!

Бирок бактыга жараша, атасы уулунун эмне ойлогонун көрүп турат, сен атаңа өз уулунун оюн кантип окушту үйрөтө албайсың. Атаңды астыңа басып алдым деп ойлойсуң, майлуу көчүгүң менен басып да алдың, анан ал ордунан козголо албай калганда, менин сүйүктүү уулум үйлөнүүнү чечкен имиш!

Георг атасын карап коркуп кетти. Атасы капыстан эстеген петербургдук досунун элеси Георгдун көз алдына мурда болуп көрбөгөндөй тартылды. Ал анын алыскы Орусияда адашып калганын көрдү. Аны бош, тонолгон дүкөндүн эшигинен көрдү. Ал жерде ал сынган текчелердин, жыртылган буюмдардын, жыртылган арматуралардын арасында турат. Ал эмнеге мынчалык алыска кетти экен!

– Жок, сен мени кара! – деп кыйкырды атасы, Георг дээрлик автоматтык түрдө керебетке чуркап баратып айтылган сөздүн маанисин кармап калууга аракет кылды, бирок жарым жолдо токтоду.

– Ал шуркуя этегин ачып алгандыктан, – деди атасы, – ошол жаман чебич сандарын көргөзүп этегин моминтип жалжайтып түрүп алган үчүн, – ал ушул жерде муну сүрөттөп берүүгө аракет кылып, көйнөгүн ушунчалык бийик көтөргөндүктөн, анын жамбашындагы  согуштан калган тырык көрүнө түштү, – ал этегин моминтип, моминтип, көтөрүп, түрүп алган үчүн, сен аны карай чуркап, ага жүгүрүп, боюңду таштап, анын кучагынан ырахат алам деп жүрүп, энеңдин арбагын кордодуң, досуңа чыккынчылык кылдың, атаңды тургус кылып төшөккө жаткырдың. А ал дагы эле туйлап жатат, байкабай жатасыңбы? Эми ал эч нерсеге таянбай эле туруп, буттарын серпип абаны тепкилеп кирди.

Ал өзүнүн кыраакылыгына маашырланып, жүзүнөн нур төгүлүп турду.

Георг атасынан мүмкүн болушунча алысыраак бурчка жылды. Ал буга чейин эле атасынын кандайдыр бир айланма жол менен — балким, артынан, балким, жогору жактан кол салуусунан коркуп, кылдат байкоо салууну чечкен. Эми ал унутуп калган бул чечимин дагы бир жолу эстеп, ийненин көзүнөн кыска жипти сууруп салгандай дароо кайра унутту.

– Бирок сен досуңа чыккынчылык жасай алган жоксуң! – деп кыйкырды атасы сөөмөй кезеп. – Анткени, бул жерде аны коргоп калар мен бармын! 

— Маскарапоз! – Георг атасынын сөзүнө туруштук бере алган жок, бирок ал эмне кылып алганын дароо түшүнгөндө үрөйү учуп, дароо өзүн кармады. Тилекке каршы, өтө кеч болуп калган, ал тилин тиштеп, көздөрү чекесине чыгып чекчейе түштү, ал тургай ооруганына чыдабай бүрүшүп отура калды.

– Ооба, албетте, бул сага күлкү! Маскарапоз! Жакшы сөз! Карыган жесил ата үчүн дагы кандай сооротуу керек эле? Айтчы, көз ирмемдик суроомо жооп алгыча менин кадимки сүйүктүү уулум боло турчу. Кол алдындагы ишенимсиз адамдар куугунтуктап, карылыгы сөөктөрүнө чейин жеткен адамга ушул караңгы бөлмөдө маскарапоз болгондон башка дагы эмне калды? Ал эми уулум жеңиш менен дүйнө жүзүн кыдырып, мен даярдаган келишимдерге кол коюп, кубанганынан айланып келип, атасынын алдында кол жеткис бийиктен карап, өзүн чындап эле татыктуу адамдай сезет. Мен сени жаман көргүм келет деп ойлойсуңбу? Кантсе да сени мен жараткам!

Ал теңселе түштү. “Азыр ал жыгылат” деп ойлоду Георг. «Жыгылып, кулап кетсе экен!» деген ой мээсин аралап өттү. Атасы ылдый өбөктөй калды, бирок жыгылган жок. Георг ал күткөндөй ага жакындабай койгондо, кайра түзөлүп тура калды.

– Турган жериңден жылба, мага сенин жардамыңдын керегиң жок! Сен өзүң каалаган үчүн мага жакындабай, ордумда калууга күчүм бар деп ойлойсуңбу? Жаңыласың! Азырынча алым бар. Эгер мен жалгыз болсом, балким, сага багынып бермекмин, бирок апаңдын арбагы мага күч-кубат берет, мен сенин досуң менен макулдашып алгам, сенин бардык кардарларың менин чөнтөгүмдө!

«Демек, ал түнкү көйнөчөн болсо да чөнтөктөрү бар экен да», — деп ойлоду Георг ичинен, жана ага атасын ушул бир сөз менен айланасындагыларга жаман көрсөтүп салууга болчудай сезилди. Бул тууралуу ал бир саамга ойлонду да, дароо баарын унутту.

– Колуктуңду алып келип көзүмө көргөзөм деп ойлобо! Мен бир заматта аны сага экинчи жолобогондой кылам, көзүңдү ачып караганга убакыт таппай каласың!

Георг ишенбегендей тыржыйды. Атасы тамашалап жаткан жокмун дегенсип бурчта турган Георгду карап башын чайкады.

– Сен бүгүн досуңа үйлөнүү тууралуу кат жазып кеңеш сурап келгениңде кандай гана күлкүмдү келтирдиң! Ал баарын билет, акмак, ал баарын билет! Мен ага эчак жазгам, анткени сен менин колумдан калем-кагазымды алганды унутуп калгансың. Ошон үчүн ал ушунча жылдан бери келбеди, ал баарын сенден жүз эсе жакшы билет, сенин бырыш-тырыш каттарыңды ал окубай эле челекке ыргытат, а меникин кайра-кайра окуп колунан түшүрбөйт!

Ал өз сөзүнө маашырланып, колун өйдө көтөрүп булгалап койду.

– Ал баарын сенден миң эсе жакшы билет!

– Он миң эсе дебейсизби! – деди Георг шылдыңдагансып, бирок оозунан чыга электе эле ал сөздөр өлүмгө дуушар болгондой олуттуулук менен угулду.

– Мага бул суроо менен келериңди көп жылдар күттүм! Мени тынчсыздандырган башка нерсе бар деп ойлойсуңбу? Балким, мени гезит окугандан башканы билбейт деп ойлоп жүрбө? Мына сага! – Георгго гезиттин бир барагын ыргытып жиберди, ал учуп барып төшөктүн үстүнө түштү. Георгго такыр белгисиз аталыштагы эски гезит экен.

– Сен маселе бышып жетилгенче көпкө ойлондуң! Апаң, бул жарык күндү күтпөй мүрзөгө барып жатып алды, досуң өзүнүн Орусиясында акырындап өлүп баратат, үч жыл мурун эле анын өңү саргая баштаган, менин кандай абалда экенимди болсо көрүп турасың. Буга сенин көзүң жетет!

– Демек, сиз менин артымдан аңдып жүргөн экенсиз да! — кыйкырып жиберди Георг.

Атасы жакындап келип ага боор ооругандай унчукту:

– Бул, сөздү балким, буга чейин айтсаң туура болмок. Эми мунун таптакыр кереги жок.

Эми ал үнүн бекем чыгарып, өктөм сүйлөдү:

– Демек, эми сен өзүңдөн башка да бирөө аракеттенип жүргөнүн түшүндүң, ушул убакка чейин баарын өзүм гана билем деп жүрчүсүң. Негизи сен бейкүнөө бала элең, бирок түпкүлүгүңдө сен накта шайтандын өзүсүң! Ошондуктан угуп тур: мен сени сууга чөгүп өлүүгө өкүм кыламын!

Георг аны бөлмөдөн бир нерсе кубалай баштаганын сезди. Арт жагында атасынын керебетке жыгылган дабышы дагы эле анын кулагынан кеткен жок. Тепкичтин жантайыңкы баскычтарында ит куугандай чуркап түшүп баратып, үйдү жыйнап тазалаганы жаңы эле келе жаткан кызматчы кызды жөөлөп жыгып кетти.

– Мырзам! — деп кыйкырып жиберген кызматчы кыз, бетин жаап калган алжапкычын оңдоп тура калганда, ал эчак көздөн кайым болгон. Ал дарбазадан секирип чыгып, жолдун аркы өйүзүндөгү дарыяны карай бара жатты.

Алсырап бараткан колдору менен ачка адам нанды мыкчый кармагансып эч кыйналбай аттап өтүп, тосмонун темирин кыса кармап турду, анткени ал жаш кезинде ата-энесинин чоң сыймыгы, жакшы гимнаст болчу. Тосмонун чабак темирлеринин арасынан анын кулаган үнүн оңой эле басып кете турган автобусту көрүп: «Урматтуу ата-энем, мен силерди дайыма жакшы көрчүмүн» деп шыбырады да, эки колун бошотту.

Ошол учурда көпүрөдөн авто-унаалардын чексиз агымы өтүп бара жатты.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз