Мурундан алыс көрбөсө, Муфтияттан не опаа?

  • 27.08.2022
  • 3464

Элмурат Кочкор уулунун китебин тыйуу үчүн Муфтиятты арачы туткан Мамкомиссия

Элмурат Кочкор уулунун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын катына байланыштуу 29-июлда жасаган видеокайрылуусунан бери бир ай өттү. Мен билгенден ар кандай жарандын арызын, кайрылуусун өкмөттүк мекемелер 15 жумуш күнүнүн ичинде карап чыгып, ырасмий жообун, түшүндүрмөсүн берүүсү шарт. Маселе жарандын конституциялык укугун жана сөз эркиндигин чектөөгө түздөн түз байланышкандыктан, өткөн 30 күндө Дин комиссиясы эч кандай билдирүү жасалбагандыктан, бул боюнча өз пикиримди билдирүүнү жарандык милдетим деп  билем. Эмесе сөз ирети менен болсун.

Үстүбүздөгү жылы Элмурат Кочкор уулунун “Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” аттуу китеби жарык көргөн. Китеп  теолог-докторанттын ислам дини, анын ибадаттары, касиеттүү Курандын аяттары, диний жөрөлгөлөр, ыйман ж.б.у.с. маселерге карата жазылган жана мурда жарыяланган макалаларын камтыйт.

Автор тырмак алды китеби тууралуу кортунду алуу максатында Дин иштери боюнча мамкомиссияга  кайрылат. Ал эми  Мамкомиссия кайда кайрылат дебейсизби?  Өзүнүн кол алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунабы? Илимий мекемелердин эксперттеринеби? ОшМУнун теология факультетинеби? Жок! Орозбек Молдалиев, Индра Асланова, Канатбек Мурзахалилов сыяктуу өлкөдө белгилүү диний эксперттергеби? Албетте, жок! Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылат!

“Таппасаң сыйпап кал!” Эгерде жыйнак Курандын литердик же сөзмө-сөз маанисин жана диний ибадаттарды конфессионалдык көз караштан комментариялоо, чечмелөө болсо,  Тойгонбай Абдыкаров башындагы Мамкомиссия чоңдорунун экспертиза үчүн диний уюмга кайрылганын түшүнүү мүмкүн эле.

Элмурат Кочкор уулунун публицистикалык жанрда жазылган диний-философиялык ой толгоолорун, логикалык ой жүгүртүүлөрүн чагылдырган жана колдон келишинче бүгүнкү илимий түшүнүктөргө таянып жазылган эмгектерине калыс баа берүүнү кааласа,  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Муфтиятка кайрылат беле?!

“Сотто каздын иши каралганда, сот арачылардын арасында түлкү болбош керек” (A fox should not be on the jury at a goose’s trial.). Англис диниятчысы, тарыхчы, жазуучу Томас Фуллердин (Thomas Fuller, 16541734) жогорудагы накыл кебин Мамкомиссия жетекчилиги билбегени менен 1) публицистикалык китепке эксперттер берген баа калыс, илимий жактан негиздүү болуш керектигин жакшы билери шексиз.

Эгерде сот арачылары арасында өз кызыкчылыгына ылайыктуу өкүмгө кызыкдар адамдар болсо, өкүм калыс болоруна ким кепил өтө алат! Каз түлкүнүн сотто чын жана калыс сүйлөрүнө ишенеби? Англиялык диниятчынын накыл кебинин мааниси ушундай.

2) Т.Абдыкаров мырзанын өзү жетектеген мекеменин өкмөттөн бекитилген Жобосун жакшы билери да калетсиз деп ойлойм. Ал Жободо сиздер диний адабият деп аныктаган “Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” сыяктуу китептердин мазмуну боюнча корутунду чыгаруу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылуу керек деп көрсөтүлбөгөн. Ошондой эле сиз жетектеген мекеме жарандардын кайрылуусу боюнча алар жазган китепке эксперттик корутунду чыгарат деп Жободо айтылбаган.

Кайсы бир китеп же макала боюнча Муфтият берген түшүндүрмө эксперттик корутунду, китепти же изилдөөнү тыйууга юридикалык негиз болуп бере алабы? Андай чечим чыгаруу үчүн бери дегенде эксперттердин же эксперттик топтун бүтүмү керек ко.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Мамкомиссия өз укугунун чегинде дин таануу экспертизасын дайындабай, экспертизадан өткөрбөй туруп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын катына жана береги мыйзамдын 22-беренесине таянып, Элмурат Кочкор уулунун китебин басып чыгууга жана таркатууга каршы экенин эскерткен. 

Көрсө, Муфтият “Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” китебинин 32, 102, 109, 110, 114, 300-беттеринде Ханафий масхабына жана Матрудий акыйдасына туура келбеген маалыматтарды бар деп тааптыр.

Ошол барактарды окуп, китепти басууга жана жайылтууга негиз болчудай эч нерсе таппадым. Атап айтканда, Элмурат Кочкор уулунун китебинин Дин боюнча мамкомиссиянын катында көрсөтүлгөн барактарда “конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган” сүйлөмдөрдү жолуктура албадым.

Мына ошол себептүү Т.Абдыкаров мырза жетектеген өкмөттүк мекеме Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн милдетин: “мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, поликонфессиялык коомдун дөөлөттөрүн, принциптерин жайылтууну камсыз” кылбады деп айтууга негиз берет.

Себеби, Э.Кочкор уулунун китеби чыгуусуна жана аны таркатууга каршы чыгып, Конституция кепилдик берген укуктарына: эркин ой жүгүртүү, өз пикирине ээ болуу, өз пикиринин эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндигине шек келтирүүдө. Ал кадамын Муфтияттын катына жамынып жасап, диний уюмду мамлекеттик мекеменин ишине кийлигиштирүүдө. Бул, менин түшүнүгүмдө, Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга өбөлгө түзүү.

Элмурат Кочкор уулу бир ай мурда ютюбда жарыяланган видеокайрылуусунда өз позициясын эл алдында түшүндүрүп,  коргоого даяр экенин айтып, ошон үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жетекчилигин теле-эрөөлго чакырган. Бул чакыруу, арийне Мусулмандар диний башкармалыгына да тийиштүү эле. Муфтият чындык алар тарабында экенин билсе, бир айдан бери Э.Кочкор уулунун чакырыгына жооп бериш керек болчу.  Демек, Мамкомиссия менен Муфтият үн чыгарбай турганга караганда, алар ормон опуза менен популярдуу теологдун жүрөгүнүн үшүн алып, чыккан ийнине киргизип коёбуз  деген үмүттө болушкан деп ойлогонго түртөт.

Элмурат Кочкор уулу өз макаларында жана видеоблогдорунда Куранды, диний ибадаттарды аткаруу, курмандык чалуу, намаз окуу, ажыга баруу, ишеним  сыяктуу жана башка темаларды Абдышүкүр Нарматов, Өзбек ажы Чотонов, Садыбакас Доолов сыяктуу ортодокс дааватчы молдолор жана муфтият сыяктуу орто кылымдык догмадан эмес, бүгүнкү турмуштун өзгөчөлүктөрү, элибиздин менталитети, үрп-адаттарын эске алуу менен чечмелеп тафсирлөөнү жактайт. Ошон үчүн докторант-теологдун заманбап көз караштан жазылган эмгегин Мусулмандар диний башкармалыгына берүүнүн өзү натуура, жаңылыштык болгон.

Бул жаңылыштыкты оңдоо үчүн Дин боюнча мамлекеттик комиссия Элмурат Кочкор уулунун “Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” жыйнагына эксперттердин бүтүмүн алып, анын негизинде өз позициясын жарыялашы абзел.

Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз