Коомдун чириген ичек-чабагын сууруган короновирус

Адам баласы жымжырттык менен бетме-бет туруп, өзү менен өзү сүйлөшкөнгө, өзүнүн буга чейинки мындан кийинки иш-аракетине, кадамдарына баа бергенге, анализдегенге, акыл-парасаттуу чечим чыгарганга болуп көрбөгөндөй жагдай түзүлдү. “Үйдөн чыкпа” деген сөз, түрмөгө камалган адамдын укугун чектегендей эле болду.

Ага карабастан, үйдүн терезесинен ааламдын алкагына жакшылап көз таштап отуруп, өзү менен коомдун, өзү менен адамдын, өзү менен ааламдын, өзү менен табияттын, кыскасы, акылмандар өмүрү өткөнчө баш катырып келген “Адам канткенде адам боюнча калат?” деген накыл кептин баш-аягы, этек-жеңи, эски-жаңысы, бүгүнкү-эртеңкиси болбой турганына ынанды....

Эгемендүүлүк бизге оңой келгени менен мамлекет болуп түптөлгөнгө оор, татаал, оош-кыйыштуу, “төңкөрүштөн башы чыкпаган” жакшысынан жаманы көп болду. Жерди менчикке бергенде, дыйкандын сүйүнө турган абалы жок эле. Техникалык шаймандары, агротехникалык билими, жерди иштетүүдөгү тажрыйбасы чектелүү болчу. Чөл жериндеги, айрыкча Араван, Кара-Суу, Кадамжай, Ноокен, Чүй, Ысык-Ата сыяктуу райондордо, түз аймактарда атадан-балага калган жер иштетүүнүн ыкмалары болбосо, дээрлик көпчүлүк аймактарда мурдагы колхоздогудай мамиле, көз караш сакталып калган.

Отуз жыл ичиндеги жердин абалы баарыбызга дайын. Чет өлкөлүк уюмдар, фирмалар дыйкандарды окутуп-үйрөтүп да көрүштү. Алар алып келген ыкмалардын жакшы жагы болгону менен көп маселеси (алардын) киндик кан тамган жердин шартына, климатына, өөрчүү этаптарына, эң башкысы, каражатка жараша болору тастайып көрүнүп калды. Ошентип, азыркыга чейин айдоо, сугат жерлерди, жер үлүшүн иштеткендердин жыргап кеткендери аз.

Дыйканчылыктан киреше табыш оор деп, тоолуу аймактардын, чөлдүн, шаардын жаштары жылдан-жылга миграция катмарын калыңдатып отурат. Азыркы кырдаал ундун кошуна Казакстандан сатып алынышы, көзүбүздү чоңураак ачууга мажбурлады. Бизде буудай өстүрөр талааларыбыз жок эмес, эгер биз өзүбүздү өзүбүз ун менен камсыз кыла албасак, мамлекет болуунун зарылчылыгы барбы? Карантин башталар алдында эл унду талап-тоногонун көрүп, ыйманың учат, эл вирустан эмес, ачка калуудан коркот, чочулайт, ишенбейт. Бул эң жөнөкөй факт.

А биз агрардык өлкө болгондон кийин биринчи иретте жер иштетүүнүн бардык илимий-техникалык, илимий-агрономиялык маданиятын көтөрүүнүн зарылдыгын мезгил көзгө сайып көрсөттү. Себеби, өкмөт да, жергиликтүү бийлик органдары да ушул кезге чейин жерге, жердин мазмунуна, ролуна маани берген эмес, кол учунан, ооз жүзүндө, курулай, жасалма, жел сандуу статистикалык маалыматты бетке кармап келген.

Жерди азыктандыруу, которуштуруп айдоо, кыртышын жакшыртуу, илимий агротехникалык негизде мамиле жасоо деген азырынча түшкө да кире элек. “Эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө артык” деген психологиядан арыла албай калдык. Бийлик төбөлдөрүн кен чыккан, алтын, алмаз, күмүш аралаш жерлер эмес, түшүмсүз, кысыр калган, иштетилбей жаткан, кыртышына кол тийбеген без бет талаалар, адырлар кызыктырыш керек эле...

Бизде жеңил өнөр жай менен курулуш тармагы болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу кыйынга деле турбай калды. Бишкек, Ош жана башка шаарларда турак үйлөрдү куруу боюнча бизнесмендер арасында “капиталисттик мелдеш” уюштурулгандай туюлат... Демек, менчик ээлеринде, ишкерлерде акча бар. Алардын калоосуна да чек коюлбайбы? Алардын баары эле шаарда өскөндөр эмес... акча кайдан чыкканын мурду дароо сезген немелер жарышып, атаандашып, шаардын жылчыгын калтырбай (эртең ушундан чоң көйгөйлөр жаралат) үй куруп жатышат.

Мамлекет, өкмөт, өлкө тагдырын калчап тургандар эмнеге аларды бир максатка, бир идеяга бириктирип, баш коштура албайт? Бардык нерсенин чеги, ченеми бар, үйгө муктаждык чечилип жатат дегенибиз менен батирлерди сатып алгандардын көпчүлүгү баягы эле пулдуулар, акчасын көбөйтүүнүн амалында жандалбастап, алып сатып, сатылбаса ижарага берип, култуюп жүрүшөт. Ишкер-бизнесмендер айылды-кыштактарды көтөрүүгө, алардын инфраструктурасын курууга капиталын жумшаса болбойбу? Болбосо, кантип миграциянын токтотобуз?...

Изденген, билген кишиге айылда чоң капитал жатат. Башталышында оор болгону менен келечегинде биз улуттун пайдубалын бекемдеп, урагыс кылып таштай турган түбөлүктүү оокатты, түркүктү тургузабыз. Жеңил өнөр жайын болушунча айыл жеринде уюштуруп түзүү, айыл чарбасынан өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн баасын (өзүбүздүн эле эмес, кошуна мамлекеттердин, дүйнөлүк рынокту) базардагы өтүмдүү-өтүмсүздүгүн такай көзөмөлдөгөн сервиздерди түзүү, кайсы мезгилде жашылча-жемиштерди канча көлөмдө эгүү-отургузуу сыяктуу ишенимдүү мониторинг, кайра иштетүүчү чакан ишканалардын өзүнчө бир тармагын түзүп, айылды өнүктүрүүгө баш отубуз менен киришпесек, элди айылдан жылдырбай иш менен камсыздаганда гана миграцияны аз-маз ооздуктайбыз.

Эң коркунучтуусу айылда мектеп, бала бакча, маданият үйү, мончонун ордуна мечиттердин көбөйүп баратышы. Насилинде ислам динине эч ким каршы да эмес, эч ким аны кодулап, жектеп, элден алыстаткандар да жок. Ушул кезге чейин исламга баш-оту менен кыршы чыккан адамды жолуктура элекмин. Ошого карабастан, эмнеге башы көрүнгөн ишкер, депутат, спортсмен же меценант мечит курууну артыкчылык катары карайт? Эгер биз динибизди саясатка аралаштырып, динибиз аркылуу саясий упай топтосок (буерде кандай гана жеке кызыкчылыктар бар дейсиз, оозуңуздан келме түшөт), ошондон аброюбузду арттырып, кадыр-барк тапкыбыз келсе, ислам дининин ибадаттарында айтылгандар менен соодагерчилик кылган болбойбузбу?..

Бизден эмнеге дүйнөлүк масштабдагы физик, химик, математик, музыкант, сүрөтчү, архитектор, ойлоп табуучулар чыкпайт? Баланы бешиктен тартып, мектепте, жогорку окуу жайында бүт илимдердин башаты менен тааныштырып, өзүнө өзөгүн-маңызын чактырып, илим-билимдин бири-бирине болгон ички табигый байланыштары менен тааныштырып, сергек, сезимтал, билимдүү кылып өстүрбөсөк, молдолор-ажыкелер каалаганындай эле динге башын байлап таштасак, келечекте биз ким болуп калабыз?!

Билим берүү тармагын өзгөртүү, реформалоо керек деп какшанганыбыз менен кыймылдаган жан жок. Өлкөнү санариптештирүү деп өнүккөн мамлекеттерге суктанганыбыз жакшы, бирок онлайн билим берүүнүн акыбети, натыйжасы кандай болор экен? Дегеле компьютерден билим алгандардын акылы-эси өнүгүп кеткени кыйынырак ко... Шаарда свет бар, интернет үзгүлтүксүз иштейт, окутса боло тургандай.... бирок, баягы эле айылдагы мектеп, интернет класстары кандай, ар бир айылдыктын үйүндө интернет барбы же “кайда барса, Мамайдын гөрү” кебетесиндеги айылдагы үйдө отуруп окуган онлайн сабактары кантти экен? Отчёт үчүн министрликтин аброю, абалдан чыгуунун ылажысы үчүн жасалып жатса, оңгон экенбиз....

Жылдан жылга мектептеги окутуунун артына кетип жатканын азыркы жогорку окуу жайында билим алып жаткандардын деңгээлинен байкалат. Кээде сабатсыздыктын чегинен чыгып кеткенин көрүп, жакаңды кармайсың... Эгемендүүлүккө эришкенден берки жылдардагы билим берүү абалын ар бирибиз сезип, көрүп турабыз, бирок унчукпайбыз... Унчукпай жүрүп, көр оокаттын, жеке мамиленин, тааныш-билиштик, тууганчылыктын, уруучулдуктун, жердешчиликтин көйгөйү, “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген жеркөздүктүн, күнкарамайлыктын, кулчулуктун кесепети баарын басып кетип, азыр Жогорку Кеңештин трибунасынан, мэриядан, акимчиликтен, айыл өкмөтүнөн, мекеме-ишканалардын башчыларынан, жада калса бийлик төбөлдөрүнүн жардамчы-кеңешчилерине чейин билимсиздердин чоң армиясы түптөлүп, бийлик атасынан энчиленип калгансып, кенебей отурушат.

Биздин айыл-кыштактарда баш-аягы билинбеген, көкүрөк-көөдөн козгобогон, көрмөксөн-билмексенге салган тоготпостук психология, айылга боло берет деп жыдып-бүткөн Эштектин (Шайлообек) кайдыгерлиги, энөөлүгүнөн оозундагысын алдым-жуттумдарга алдырып жиберип, азганак митаайымдардын күнү майрамга айланганына карап отурган, чал-кемпирлердин айылын түзгөн, дүйнө-байлыгынан көзүн май баскан (ушинтип отурса бир-эки айылды дүңүнөн сатып алууга кудурети жеткен байлар чыкты), бир ууч көпкөн топтор чыкты, үй күчүгүнө айланган күнкор катмар чыкты, “чоңойсом депутат болом” деп, күлтүйгөн бетинен бит тайгаланып жыгыла турган “эл өкүлдөрүнө” суктанган жаш балдар чыкты.

“Депутат болом, чоң болом” дегендердин баары ушул күнгө чейин айылдыктардын таза, ишенчээк, алпейим, момун мүнөзүнөн куп пайдаланып келишти, пайдаланып да жатышат. Азыр билимдүү, карапайым кишини жүргөн бир бечара караган, колунда бар, акчасы көптү тарп айланган куштардай сагалаган, акча баарын чечет, акчалуунун сөзү сөз, айтканы эп болуп калды. Турмуштун ысык-суугун көрө элек, боору ката элек жаш балдар ошолорду пир тутуп, уурдап-согуп каракчылык менен жан баккан баатыр деген түшүнүккө байланып калды.

Спортту эрктин, намыстын, күрөштүн элчиси катары эмес, кара күчтүн, алдым-жутумдуктун, уурданып барып “көз тазалоонун”, какшатып туруп “унчукпас кылуунун” куралына айландырды. Багалеги ката элек балдар смартфондон көргөн, социалдык желелерде жайнаган “төшөк”, “кумар”, “сойкулук” маселеси сыяктуу порнография менен эротиканы бешиктен бели чыкпай көрүп, эч нерсеге бети чымырабай өстү.

Адам үрөйүн учурган баш кесмей, киши өлтүрүү, мыкаачылык, ташбоордук, жанкечтиликти даңазалаган жексур кино-фильмдерге таңданып, жашы жете электердин арасындагы ар түрдүү кылмыштар азайып кеттиби? Айыл азыркы күндө материалдык жагынан эмес, руханий-моралдык жагынан аксап, карайлап турган кези... Жер тырмалап, оңбосуна көзү жеткен бей-бечалар үлүш жерлерин бай-бачаларга сатып, көр оокаттын айынан айылынан безип кетти. Эмне себептен айылдан жаштар окууну бүтөрү менен Россияны, Казакстанды карай агылып жатат деген суроонун өзү бар, жообу жок.

Айылды “желкемдин чуңкуру көрсүн” деген каргышка калтыргыдай эмне жамандык көрдүк эле? Союз учурунда курулган суу түтүктөрү, маданият, спорт сарайы, мончо, дүкөн, кыскасы, социалдык объектилердин чалдыбары чыккан, оңдолсо оңдолуп калганы бар, калгандары аман эле бойдон турушат. Кечээги короновирус апааты чыкканда, Россиянын ар кай жерине чилдей тараган кыргыз айылынан көзү өтүп, аэропортто түнөп, учактар учпай, туулган тууруна жете албай, эки көзү төрт болгону жалганбы? Кыргыздын канына кыргыздан башка ким күйөт? Демек, мамлекет болуш бир башка, улут болуш бир башка экен деген оор суроого капилет кептелгенибиз жалганбы?!

Ризван Исмаилова, жазуучу, журналист

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз