Нуриза Өмүрбаева: Ата журтум, асманыңда ок учту

  • 27.09.2022
  • 1951

МЕКЕНГЕ

Журт кыйырын коргой албас коркоктор,
калкына хан, элге эге болушту.
Апа аскан казан кулап очоктон,
Ата журтум, асманыңда ок учту.

Сени тынбай мээнет чалып, ой чалып,
Койнуң кооптуу, өңүң жүдөө, комсоорок...
...Жылда жылан жылып келип, кол салып,
кушсуз, кутсуз, уяларың томсорот.

Бейпилдигиң, бейпил күнүң, бүлүнүп...
Өрүкзарым өрткө, күлгө айландың.
Өмүр чиркин күлгүнүндө күбүлүп,
ок мээленген бута болду кайран күн.

Эр жигиттер өлүм сүрүн билбеген,
коргоп турду наристенин куурчагын.
...Сөзү бөлөк, иши бөлөк бий-бектер,
Сөздө гана Эр Манастын урпагы!

Өздөн чыккан душман болду хандарың,
өрт ичинен нан издеткен калкына.
Өмүр өңүн тааный элек балдардын,
көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.

...Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,
кайран элим канат, калкан күтө элек.
Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,
жаратың көп... Кайсыл бири бүтөлөт?.

Мекен ыйы ай ааламда үңүлдөп,
Кулагына жетпей койду Теңирдин.
Адам уулу Мекенинин кулу - дейт.
А биз сени кулга айланттык кечиргин!

Ай көрүнбөй, асманыңда ый түнөп,
арман ырын ырдап турдук эчен күн.
Арсыз, арзан, жарыктары үлбүрөйт,
жылдыздары кайда кетти Мекендин?

...Ата журтум, өмүрүмдүн соңунда,
сага барып бүтөт бардык жолдорум.
Кечир мени, багыты жок жолуңда
жарык дагы, жылдыз дагы болбодум.

Кечир бизди, багыты жок жолуңа
жарык дагы, жылдыз дагы болбодук.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз