
ЗАПИСКИ по КЫРГЫЗСКИ
Же телевизор, же Интернет, же кабар айтчу кишим жок, суук кабар мага 2020-жылы 28-февралда жетти.Мен үчүн чын-төгүнү белгисиз кабар. Адатымча “Азаттыктын” соцбаракчасына кирсем... Ала-Тоодо сербеңдеп, жалгыз караан не максатта тентип жүргөнүн АСМАН көрбөсө... Өлүп албайм, жашай берем. Жеткен кабардын калпы-чынын билейин десем, жанды кашайтып өлкөдө карантин. Нары-бери урунуп бүтүп, “записки” жазгым келди.
Баракчалардын башаты – жапондордо. Эрнис агай жапондордон алыптыр, мен агайдан алдым. Кантип жазчу, анысын билбей деле калдым, өз стилиме салып көрдүм.
* * *
Бир сөз: ИШЕН!
Ме сага, поэзия! Автор өзү айткандай, алкаш эме-ес, алкеш. Аракты кезинде суудай жутту, чиркин дүйнө. А заманы чалкеш. Ушу чалкеш заманында да: - ИШЕН, - дейт. Ким ишенет, кимге ишенет, болбосо эмнеге ишенет? Же ишенчү бирөө-жарым барбы?
Аа-у-уу, кыргыздар! Желкелеп олтуруп ушул сапты бу кыргызга өзүбүз жаздырдык. Эми өзүбүз ишенелиби же кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издейлиби?
* * *
Интернеттин заманында кыйратып Интернетти билбейт экем. Кат-сабатсыз экемин. Эми мени окутчу кишим жок, өз сабатымды өзүм жойбосом, абамдын КАБАРЫ таратылчудай эмес.
Же миң жылдыктын дагы бир кабарчысы эл арасынан табылар бекен? Ай-таа-а-аң, бир нерсе деш кыйын го, азыркы заманда.
* * *
Весь планета – АКМАН!
Кердегейге, Кердегей планетасына каяша айтат деген... не деген шумдук бу! Куда-ай-ээй, бир нерсе дештен, үн каткандан коркосуң киши. Ким кимге каяша айтат!
Бу “жинди” айтты, койду. Мен күн кечирген, сен өмүр сүргөн планета – Кердегейби же Акманбы? Ыя, Кыргыз? Талашка биротоло чекит коюп, планетага сен гана ысым ыйгарбасаң, менин абам менен абамдын өзүнүн “жиндиси”... билбейм, не болушат экөө?
* * *
“Жашаганды жашоодон үйрөн!”
Ким жашоодон нени үйрөндү? Рамис рамка талкалаганды үйрөнүптүр. Поэзия рамкасын быт-чытын чыгарды. Кубат абам кыргыздын “эле” менен “немесин” үйрөнүптүр. Бу кишиге үйрөнгөн сөздөрүнүн кандай пайдасы тийгенин билбейм.
Мен үйрөндүм, Кашыгы жок чай ичкенди дейт бир кыргыз. Досу Улан жок өткөргөн өмүрү – калп күлгөндү үйрөтүптүр, дагы бир кыргызга.
Өзүм Жогорку Кеңешке Кайрылуу жазганды, керек болсо катасыз жазганды, анан жазган Кайрылуумду жоктогонду үйрөндүм. Үйрөнбөй коёюн десем... айла жок, ыйласам да үйрөндүм. Пайдасы ушу, мамлекеттин иш кагазы менен тааныштым.
Дагы ким, нени үйрөндү жашоодон?
* * *
“Атасын саткан саясат, ашата сөксөң жарашат”.
Кызык. Сөктү. Каймакка куймак куйгандай жарашты да калды дейли. Анан, болдубу?..
Ана ошо саясатка атасын сатканга ыңгайды ким түзүп берип атыптыр, ыя?!.
Бу кыргызды чокуга чапчу киши жок. Менин абам чапса куп жарашмак, бирок чаппайт да, жанды кашайтып. Ушул жазган ыры үчүн унчукпай туруп төбөдөн нары чыбык менен чапчу бир кыргыз чыгабы калың элден? Көк чыбыкты өзүм таап бермекмин.
* * *
Иса айтыптыр: МЕН БААРЫМЫН!
Сократ: Эч нерсе билбегенимди гана билем.
Гёте: Токточу, көз ирмем! Сен ажайыпсың.
Төгөрөктүн төрт бурчуна чабарман чаптырып Кубат өз сөзүн өзү айттырды: КЕЛГИЛЕ!
А.Бекназаровдун сөзү: МЕН, КЫРГЫЗМЫН!
Б.Шердики: МЕН ТИРҮҮМҮН, ТҮБӨЛҮККӨ ТИРҮҮМҮН!
Дагы ким не дейт. Давай, тизме улайбыз. Аа-уу-у, биздин муун, барбызбы?
* * *
КЕЛГИЛЕ!
Жөнөкөй гана кыргыздын кадимки эле сөзү. Табышмактата бергенде эмне, туурабы? Бирок...
Барскоон айткандай, бу сөзүн неге айтты, нени көздөдү? Бу сөздүн кандай каймана мааниси болушу мүмкүн? Эмне, Кердегейге барсак Кирилл абамдын тамгаларын үйрөтөбү? Болбосо картөшкө кууруп береби? Абам бизчелеп эт жебейт.
Бу киши бир сөзүнө миң тузак коёт. Антпесе Кубат болбой калбайбы.
* * *
“Ааламдын жалгыз гана КЫРГЫЗЫ бар”
Ошол жалгыздын, жалгыз мекени – Ала-Тоосу, медер туткан эрмеги – комуз, жылчыгынан жылан тиктеген дүйнөгө моюн сунбаган көк жалдыгы, анан шамалдай эркин ырлары бар.
“Айтчы досум, аалам мынча кичине”. Ааламдык алкакка сыйбаган ырлары.
* * *
“Сен падыша, падышасың, эй КЫРГЫЗ,
А тоолоруң, Теңир берген алтын так!”
Көк мелжиген тоолордун кыл чокусундагы кыргыз – дүйнө ээси, аалам кожоюну! Мына сага, кыргыз каганаты, кыргыз хандыгы!
А бирок Көкө Теңир ыроологон улуу тоолордун койнунда, түбөлүк уйкуга кеткен шейиттердин кунун сурай алсаң гана сен падыша, сен алтын доор! Болбосо алкештин «чалкеш» доорун сөгүп бүтпөй, “кожо көрсүнгө” ыйынып жүрө бермей, тапичке жыртып.
* * *
Кечирээк угуп калдым, презентацияга барып, китеп дооламак экемин.
– Жаңы саамалыктан экөөбүз тең калып кетиптирбиз. Чакырткан экен, бүткөндөн кийин айтып атышпайбы, жанды кашайтып, - дейт.
Сүйүнчү! Чимирилген дөңгөлөк, каз катар тизилген имарат, тасмадай тартылган көчө, асманда самсыган булут, тикирейген чөп, тынчы жок шамал! Дүйнөлүк классика – кыргыз тилинде! Кыргызда экинчи ДЕМ ачылды!
* * *
Кайрылуума жооп келиптир. Ичим чыкпады, мындан жакшысын деле күтпөгөм. Кадимки мен түшүнбөс шаблон сөздөр. Купкургак. Дагы рахмат, илгери башы менен башмалдак аткан атка минерлер, ошо шаблонду да жөнөтүп койгонго чамасы жетчү эмес. Бир жолу жооп келген, Жогорку Кеңештен, бир гана жолу.
Бу да болсо жакшы саамалык, өсүш. Акырындап биз жетекчибизге кайрылганды үйрөнсөк, а жетекчибиз бизге жооп жазганды үйрөнөт. Жашаган кандай жакшы. Үйрөнгөн андан бешбетер.
* * *
Түшүндүрүп көрдү. Жеткире албады. Токтотту, өзүн өзү. “Белка в колесе”. Ойлогондон ушуну ойлоду. Чын эле турмуштук муктаждык керек турбайбы. Жин ургандай космостук ылдамдык. Кайда шашат? Зымырайт да, зырылдайт. “Токточу, көз ирмем”! Бир гана көз ирмем.
Жок. Инерция менен кете бермей.
* * *
Кыргызстан – светтик өлкө!
Баш Мыйзамга жазылышы же жазылбашы күмөн туудуруп аткандыгы, көчө селсаяктарынын демин ичине каттырган мүнөт эле.
Паранжынын адам жийиркенткен тарыхын билчүмүн. Кубат абам айткандай, бет алдымда миллиондогон эмес, миллиарддаган армия турган. Али сөөгү ката элек мени чүмбөттөн арачалады. Кыргыз, кулдук өмүрдү эмес, өзүнүн эркиндигин өзү тандады.
Эркиндигиң өз башыңа кут кылсын, КЫРГЫЗ! Өз башыңдын эркиндиги үчүн жан аябай күрөшкөнгө даяр тур, КЫРГЫЗ! Сенин түп атаң араб эмес, КЫРГЫЗ экендигин бил, КЫРГЫЗ!
* * *
«Чек билбеген сүйүүңө, Сүйүүм капас болдубу?” Черт возьми! Редакцияладым. Оң-тетири айландырып көрдүм. Ыр деген мындай жазылбайт, капас болбойт.
Анда не болот?.. “Сүйүүм азат болобу?” Мына, туурасы ушундай. Ойлонгулачы, сүйүү – капаспы? Адам сүйүүсү адам баласына капас болсо, качтык анда, кыргыздар. Эркиндикке, чексиздикке не жетсин.
* * *
Бир алкеш арак иччү, элине кызмат кылып.
– Кызмат акысына боор талкалансачы? – десем,
– Боор кара жерге кирсин, мен да элиме кызмат кылышым – милдетим, – дечү. Аскердик кызматты көз тийбесин дегидей эле өтөдү. Элине кызматын сиңирип, аракты жакшы эле шимирген.
Манастан Чубак кем бекен?
Мен да элимдин патриоту, өлкөмдүн жараны катары кызмат өтөп, китебимди кучактап, тетири карап жатып алдым. Бириң өлүп, бириң кал. Качанкыга чейин өз көмөчүмө гана өзүм күл тартып, жыйындын кабарын таратат элем? Элге да кызмат кылыш керек.
Элиме кызматты мыктылап кылайын десем, балээ басып курсак кужулдайт. Ошентип кызматтык мөөнөт, бар болгону бир жарым күнгө созулду. Кызматты да кыла алганы кылбаса...
* * *
Эрте мененки саат тогуз жарым. Жумушунда олтуруптур. “Арча майрамдын” үстүнөн чыкканымды уруксат сурап, кирип алгандан кийин түшүндүм. Море волнует – раз, море волнует – два.
Артка жол калбады. Россия учу кыйырсыз кенен болгону менен, арт жагыбыз Москва!
“Куросава” коркутту: - Сен да элге кошулайын, киши болоюн, - дейсиңби?
– Ким эле киши болгусу келбейт, - деп көздү жалдыратып коюп олтурам мен байкуш. Иши кылса адреске жетсем экен деп ичтен тиленип.
– Киного бардыңбы? – дейт.
– Жок, - дейм.
– Эмне кылып жүрөсүң кино көрбөй, ме билет, барып көргүн, - дейт. Билетти шып илип, жолго түштүм.
* * *
Шеф Акманга кетиптир. Пендечилик кылыптыр эле, чоң апабыз. Сүйүү катымды колтукка кысып, чаап алса дагы деп шымаланып жеңди түрүнүп баргам, согуш жарыяламакка.
Күндөрдүн бир күнүндө мени деле супсулуу кылып филармонияга илип алышат. Чынбы?
Кабарды угуп...
– Чоң апам экөөбүз таза жарышкан экенбиз, - дедим.
* * *
Ушу кыргыздын рекламасы укмуш. Мынчалык реклама болбосо окумак эмесмин. Китептин ичинен үпсөйгөн-сапсайган таранчы учуп чыкса болобу! Чрык-Чырк!
– Ой, таранчы, таранчы, күзгүгө каранчы, апсайып сапсайбай, жасанып алсаңчы.
- Кана балдар, бул ырды кимиңер улайсыңар?
* * *
– Өлүм да керек, өлүм адамды ачып чыгат, - десе...
– Мунубуз таза алжыган экен, - дептирмин. Өлүмдү өнөр көрүп атса, ким эле жактырсын. Миң күндүк бейишиң, бир күндүк тирүүлүккө жетеби.
Көрсө, чын айтыптыр. Катар-катар акындардын өлүмү... Айтылган сөздүн маанисин ичтайым ачыла түшкөндө түшүндүм.
Жашоодо жоготуу болбосо, тирүүлүктүн маанисин түшүнбөй калмакпыз. Ушунака.
* * *
Жылына айланыптыр. Бардым. Боз топурак үйүлүп турат, жөн гана топурак. Ичинде сөөк коюлбагандай. Кызыктай боло түштүм. Кызыктай болуп. Бу кыргызыбыз кайда кеткен?
Эл аралап кетип калган го. Эл арасынан издебесек, ордунда жок. Силерге калп, мага чын.
* * *
Сценарий жазмак болуп, жетише албаптыр. Ажал деген ажал. Өлгөндүн өз шору.
Бирөө өлбөй, экинчиси күн көрбөйт. Мен “проба” кылып көрсөмбү? Жазсам... эмне болбойбу? Кимге жазам, анан кантип жазам? Мына, күн тартибиндеги маселе.
Садык агайга жазып берсем, Темике чалкасынан түшөт, Темир агайга жазсам, Сакебиз ооп калат. Не кылсам? Бир айласын издеп, таппаса болбойт. Кимисин бери тартып, кимисин нары түртүп койсо болот? Негизи сценарий жазып тарыхта калсам, неси жаман. Чынбы?
Кайгы жокто кайгы болду, кайнененин өлгөнү.
* * *
Конкуренция жүрөгүн түшүрө койгон го, Кубат акесинин бар экендигине шүгүр кылды. Кубат акеси болбосо кыргызды патриархат эмес, матриархат башкарып калмак экен. Ушуну түшүндү.
Ойлоп көр, кыргыз Ата Мекен деген терминдин ордуна Эне Мекен деген жаңы терминди лексиконунда колдонуп олтурса... болмок беле?
Филология илимине жаңы терминди киргизгенден көрө, жакшысы, жарылып албайбы.
* * *
Эки кыргыз окшошпуз. Бу кыргыз саясаттын (Жогорку Кеңеш) значогун тагынган – маданият. А мен... эки ортодо түртүлүп жүрөм. Саясатка барсам, маданиятына шилтейт, маданияты саясатына түртөт. Кимисине бала болушту өзүм билбейм.
Же саясаттын кишиси эмес, же маданияттын кишиси эмес, эки ортодо калган жаман экен.
* * *
Айкырды. Эң эле жаман сапаты, эч кимге жок дей албайт экен. Баарына макул. Коку-ууй, эч ким укпасын, кемчилигибиз ушу экен эми.
Жакамды уучтадым. Дагы жакшы, эркек болуп калганы. Ойлоп көр, аял болуп калса... абийирибиз төгүлүп... неберебиздин аталарын таппай... куурамак экенбиз. Элестеткенден коркосуң, киши.
Шүгүрчүлүк келтирдим.
* * *
Оро-пара аралашып калдым, Бишкектеги митингге. Чек ара маселеси боюнча экен. Тажик тарап Баткенге кол салышканбы, айтор, ызы-чуу. Жаштар сапырылат, курал берилсе Баткенге бармак болуп. Өкмөт аке... кайра-кайра мүмкүнчүлүк сурап. Эсен болсун.
Эки кыргызга абамдын кабарын айтканга үлгүрүп калдым, шашылышта.
Бир болсо коомдо, Курултайга ички муктаждык жаралып атыр. Болбосо жер жерлердеги ошончо маселени чечиш... Маселени чечсе болот, бирок анысы коомго туура келсе, антпесе...
* * *
Рамисчесинен адыраңдап-шадыраңдап чоң көчөлөрдө басып жүрсөм, жол жээгиндеги тактайча мага көз ымдап, жолумду тороп турат, акциясына чакырып.
– Купи два кофе, и третий тоже купи, - дейт.
– Ыспасиба, - деп “низкий поклон” кылып чөнтөгүмдү аңтарып көрсөтүп койдум.
Кийинки сапар акцияга сөзсүз катышам. Карап тургула.
* * *
Өзүн өзү бүтүндөй ааламга жар салып, кимдигин көрсөткүсү, тааныткысы келди. Рекламалай турганы жок. Билгени, кимдигин көрүп турганы да пиар кылбайт. Анысын жакшы билет.
Баарына таарынды. Баары бир өзү гана “Новель” сыйлыгына татыктуу экендигин баса белгилеп койду. Карап турушсун. Новель сыйлыгынын лауреаты болгондо, ал да кимдигин көрсөтөт.
Көздөгөн бийиктиги – Новель сыйлыгы. Ай чапчыган амбициясы өзүнө жагат.
* * *
Муздак шамал. Ичикий! Үшүп чыкты, өзүнчө жыйрылып.Чарчаптыр.
Чарчоонун жагымдуу илеби жанын жыргатып, айланасы жөн эле мемирейт. Көшүлүп. Айылдын “Жокондасындай” жуушап жатат. Дүйнө бир башкача тынчыды, көз тийбесин.
“Ушу кызда не бар болду экен?” Ойлонгондон зерикти.
Бүгүн күнгө дем алыш. Асманга жазып койду. Эч кимдин маселесин чечпейт. Ойлонбойт дагы. Дем алыш дем алыштай болгону жакшы.
* * *
“Ким айдады, ким септи, байчечекей төрөлдү.”
Жо-оок, ак булуттар төрөлдү. Чын эле, асманда ак булуттар. Тим эле жайнайт. Дыйкан баба уучтап булут сепкендей. Алары асман бетин бербей өскөндөй. Көз албай карап эле жаткың келет. Асман бетиндеги сүрөт галереясы.
Көз чөйчөккө толтуруп алдым, булуттардын ар кандай сүрөттөлүшүн.
* * *
Айылга кетиптир. Айылга кетип калыптыр. Бир айдан соң деле айылдан шаарга кайрылып келбептир. Шаардык кыз айылдык кыз болгусу келип, шаардагы аптаптан айыл тарапка качып кеткен го.
Чыгарылган анализ туурабы же?.. Өзүм деле билбейм.
* * *
“Запискилердин” буга чейин тарыхта кандай жазылганын билгим келди. Көр сезим, сокур түшүнүк менен баракча жазганды уланта бергенде да болбойт эле. Китептин автору филармониядагы эскерүү кечесинде жаңырды. Демек, бу китеп бар.
Кантип китепке жетсе болот эми? Мына сага маселе.
Маселени оңунан чечүү жолдорун тапканга ким жардамдаша алат? Кыргыз адабиятынын фанаттары барбы? Адабиятыбызга жаңыча түс бермекпиз.
* * *
Келгенин угуп, жетип барсам, кетиптир. Кетип калыптыр. Келди-кеттисин угуш буйруган экен. Чын-төгүнүн териштирген деле жокмун. Кайдыгерликтин сазына батып бүттү жан дүйнөм. Болсо ана, болбосо мына. Жеке мен үчүн ысык суугу калбады. Бар болгону, тарыхта “сүйлөөк баш” (говорящая голова) катары калгым келбегендиктен, баштаган ишимди аягына чыгарсамбы дейм.
Же күлөрүмдү билбейм, же ыйлаарымды билбейм, кемпайлыгыма. Каала-каалаба, коомго кемчонтойлор да керек. Ошончо акылмандар топтогон акылын кимге үйрөтмөк эле, акмактар болбосо, чынбы?
Шайыр ТОЙЧУЕВА