“Эсимде” – адеп-аклак ориентациясы (уландысы)

  • 04.12.2022
  • 2772

2-макала

Башы мында>>>>

Искусство, адабияттын башкы озуйпасы – көркөм арсеналдардын тили аркылуу адамзаттын эс-акылына жем таштоо. Ушуга келгенде Актан Арым Кубаттын кайсы көркөм тасмасын албайлы, ал сөзсүз метафора, символ, аллегория аркылуу өзүнүн чебер сүрөткер экенин көрсөтүп келаткан чыныгы рухий жаратман. Чыгармачылык диапазону, горизонталы чексиз сүрөткер.

Ар бир киносунда колдонулган символдор, метафоралар кино тасманы драматургиялык чыңалууга жеткире алган өзгөчөлүккө ээ. Көпчүлүк сүрөткерлер искусство же адабиятта көркөм арсеналдарды бутафория деңгээлинен ашыра албаган учурлар толтура кездешет. А Актан Арым Кубаттын көркөм арсеналдары жөндөн-жөн тандалбайт, ар бир символ, ар бир метафора өз милдетин актап, жандуу кыймылга өтөт.

Маселен, бул жолку жаңы киносунун жүрүшүндөгү бизге көндүм болуп калган балит жашоонун эң башкы символу – таштандылар аркылуу туюнтулат. Ал таштандыларды сөзсүз эле күнүмдүк тириликте колдонуудан чыккан буюмдар деп түшүнгөн болбойт. Таштандылар бул жерде көп кабаттуу түшүнүктөргө ишарат берген метафора: айыл жана шаар жеринде бут баскан жердин баарында таштанды жайнаган көрүнүштөн улам элибиз урбанизация доорун али күнчө басып өтө элек караңгылыгын, маданиятсыздыгын, рухий кризисин, деградациясын таасын чагылдырган. Кылымдардан бери ата-бабалардан мураска калып келген мекенибизге, табиятыбызга аяр мамиле кылганды унуткан кенебестигибизди кыйытат.

Көркөм тасманын эң башындагы көзгө комсоо көрүнгөн бак-дарактардын тарбайган тамырлары баарыбыздын абийирибизди ачкан көрүнүш эмей эмине?! Бейиштей мекенибизди бапестей албагандан улам, жаратылышыбыз көркүнөн ажырап, тамырына суу жетпей, соолуп бараткандагысы эмей эмине?..

Азыр коомдо кимдер толтура? Моралисттер. Какылдап-какшап, элге үйрөткөнгө маш. Өзүбүз кылбайбыз, а башкаларга үйрөтөбүз, үгүт жүргүзөбүз, а таасири кана? Токулган мыйзамдар, жазылган адабияттар, ак үй, көк үйдөгү саясатчылардан тартып, мечиттеги таксырлар такылдаган диний аяттар, илимий лекция, доктриналардын баары, баары – керексиз таштанды эмей эмине?! Коомубуз том-том китеп, мыйзам, доктриналардын таштандысына көмүлүп калган эбак. Элге багыт берер, таза, жарык жолго ээрчитер рухий көсөм да, саясый кеменгерибиз да жоктой...

А фильмдин башкы каарманы үн-сөз катпай, кароосуз калган мекенибизди таштандыдан арылтып жүргөн акылман дервиш экенине жүрөк сыйрылат. Көрсө, кызыл тилибиз эле сайрап, колубуздан иш келбеген ар бирибиз эсибизден, эс-акылыбыздан, абийирибизден эбак ажырап калган заманда “Эсимде” аталышындагы көркөм тасмада даанышмандыктын туу чокусундагы дервиштин образы тандалыптыр. Сценарий авторлору Далмира Тилепбергенова менен Актан Арым Кубат үн-сөзсүз дервиш аркылуу ар-намысыбызды, абийирибизди силкип ойготор кезектеги көркөм шедевр, көркөм туюнтманы жаратканына таазим… 

Кино тасмадагы Зарлык кургур буту үзүлгөнчө терип-жыйнап жүргөн таштандылар – коомдогу рухий өксүктөрүбүздү таасын сүрөттөп, өзүбүздү өзүбүз күзгүдөн көрүп, уяла турган балит жашоо. Коомдогу ыплас көрүнүштөрдөн арылбаган жагдайга кантип келип калдык? Албетте, баарыбыздын эле тилибиз сайрап, колубуздан иш келбестигинен. Муну фильм соңуна жакындаганда сезебиз. Бирок ага чейинки аттап кете албас эпизодго көңүл бурсак: күтүүсүз жагдай менен Кубаттын үйүнөн өрт чыгат. Колуктусу экөө далбастап, коңшу-колоңдордун түнкү дүрбөлөңүн көрүп ал анан. Айыл-апанын эли жапатырмак өрттү өчүрүүгө жетишип калышат. Көркөм тасманын боёгуна дагы бир символ кошулат; ал – кызыл жалын өрт. Өрт албетте, оң жана терс маанини туюнткан символ экени белгилүү.

Оң маанайдан алсак: коргонуу, тазалануу, өзгөрүү, кайра жаралуунун символу. А терс маанайдан алсак: согуш, алаамат, коркунуч, азгырык жана чоң сыноонун белгиси.

Чын-чынында азыркы биз түптөгөн коом деле ушул эки чоң өзгөрүүнүн алдында тургандай; же жакшы жагына, же жаман жагына. Ылайым эле согуш алааматына кабылбай, көркөм тасмадагы оор сыноодон өтүп кеткендеги жолду тапсак экен.

Ырасында, көркөм тасмадагы өрт – тазалануу, өзгөрүү, кайра жаралуунун символу. Ошол кырсыктуу түндүн эртеси эле Зарлыкка болгон мамилелер өзгөрөт. Кубат менен колуктусунун ортосунда кер-мур айтышка чекит коюлгансыйт. Кубаттын колуктусу: “Эки баланы, үч баланы караймбы – айырмасы кайсы?” дегенинен эле Зарлыкты мындан арыга баладай периште санап, кайнатасын ашка жүк, башка жүк көрбөй турган маанайы чагылдырылат.

Өрт кырсыгынан аман-эсен калышканы үчүн Кубаттын үйүндө түлөө берилгендеги көрүнүш фильмдин финалдык бөлүгү үчүн укмуштай табылга, укмуштай көркөм концепция. Зарлыкты мурда киши катары көрбөгөн айыл-апанын эли чогулган учурда төрдөн бирөөсү Зарлык өзү кайда жүргөнүн сурайт. “Атам өз иштери менен жүрөт” – дейт уулу. “Зарлык келгенден бери тегерек-четибиз таза болуп жыргап калбадыкпы”... – деген меймандын бир ооз кеби эле биз буга чейин чечмелөөгө аракет кылган сөздүн бутасына таамай тийет. Көркөм концепция үчүн тандалган даанышман дервиштин коомдогу ролу ушул жерден баарыбызды айдан ачык түшүнүккө чакырат. Коомго экологиялык да, руханий да тазалык алып келер даанышман дервиш ушул эпизоддо да төрдө отурган меймандардын арасынан көрүнбөй, башка кино кадр аркылуу рухий сезимибизге дүрбөлөң салганычы: андан башкалардын баары дасторкон четинде.

Урматтуу окурманым, дал ушул жерден жайылган дасторконду аттап өтүп кетпей, дал ушул жерден дасторкон көрүнүшүнө басым жасагым бар. Дасторкон аркылуу сценарий авторлору эмне айткысы келгенин билбейм, бирок жеке мен дасторкон көрүнүшүн өзүмчө өң-түс берип чечмелегим бар.

Дасторкон – бул биздин коомдун өнүгүп-өспөй келаткан коду. Дүйнө элдери менен атаандаштыкка жарабай, эң көттө калган калкыбыздын шору – дасторкон четинен чыкпаганыбыз. Болор-болбос окуя үчүн элден бата тилеп, чачылып-чабылып той берген, “бата менен көгөрөбүз, өсөбүз” деген түркөйлүк теория ар бир кыргыздын акыл аңында катылып жаткан шорубуз. Өлүм-житимди да, кырсыкты да шаан-шөкөткө айлантып дасторкон жайуу, элден бата тилөөнү каада-салт көргөндөр толтура!

“Бата менен эл көгөрүп” кетер болсо кана?! Муну ойлонгон бир да кыргызды өмүрүмдө учурата элекмин. Элге Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык бергендин баары аш-той өткөрүп жыргап кеткенибиз кана? Дүйнөнүн эң алдыңкы кайсы калкы бата менен өнүгүп-өсүп кетти экен? Өнүгүүнүн бирден-бир жолу – илим-билимге жетүү, жаратмандык, мээнеткечтик экенин качан туябыз? Качан болсо дасторкон четинде үймөлөктөшүп, дасторкон четинде имиш-имиш кеп, ушак, божомол-дөдөмөл кеп оозубуздан чубурган элибиз бул көрүнүштү таштандыдай керектен чыгарар заманга качан жетер экенбиз?!

Дасторкон көрүнүшүнө мынчалык терс маанайда түшүнүк бергеним, албетте, жалпы кыргызга жакпай турганын билем. Көптөрү сөгөт. Тилдейт. Бул, турган иш. Бирок ошентсе да күнүмдүк турмушубузга карайлычы: саясый топтогу депутат, министрлерибиз деле кайсы бир майда кырсык үчүн ак үйдүн тегерегинде мал мууздап, түлөө кылганы коомдогу абийирдүү азчылыктын күлкүсүн жараткан. Айтор, Актан Арым Кубаттын “Эсимде” аттуу көркөм тасмасындагы дасторкон көрүнүшү мага коомдогу көрүнүштөрдүн анык күзгүсү катары колдонулгандай таасир калтырды. Сценарийдин логикасы да ошону туюнтту мага. Себеби, түлөөгө чогулган дасторкон четиндегилер бака-шака болуп отурган маалда сырттан жыла басып Умсунай (Таалайкан Абазова) кирип келгени фильмдеги психологиялык чыңалууну ушунчалык күчөтүп, ушунчалык күтүүсүздүк менен баарын селейтет. Ал башка бирөөгө турмуш куруп кеткенден улам, анын босогодон аттап келип каларын эч кимиси күткөн эмес. Баары үн катпай отуруп калганда Умсунай кургур эзелтен бери жалпы кыргыздын сүймөнчүктүү ырына айланган Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” өзөк сызылтып ырдап баштайт…

Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки, ай эсимде.
Ааа-иий, оо-о иий эсимде...

Бул учурда Зарлык гана көркөм тасманын эң башында көрсөтүлгөн арбайган-тарбайган дарак тамырларын алдын ала зыяндан коруп, дарактардын ар бирин актап, баары апапакай көрүнүшкө айланып калган болот. Дал ушул көркөм кадр көзгө илингенде – коомго экологиялык да, руханий да тазалык алып келер даанышман дервиштин ролу көөдөнүбүздөн вулкандай атылар сезимди ойготот. Ушул жерден түлөө-батага чогулгандар менен Зарлыктын коомдогу ордун салыштырып көрөлүчү: дасторконду тегеректеп отургандардын ролу маанилүү бекен же сыртта жаратмандык иш менен алектенип, бизди курчаган жаратылышка кам көрүп жүргөн Зарлыкпы?..

Анан да көркөм тасманын эң керемет табылгасы – Зарлык чыгарманын башынан аягына чейин үн катпаганы. А дасторкон четинде бак-бак, уу-дуу сүйлөшүп отургандарчы, алар айлана-чөйрөнү булгагандар. Алар адамдын көңүл кирин да тазартууга жөндөмсүз, рухий жакырчылыкта жашаган, кур кекиртектин кулпенделери. Дасторкон менен иши жок Зарлык гана сыртта өзүнүн тынымсыз жаратмандык иши менен алек.

Мына, аттиң, көрсө, азыркы биздин ирип-чириген, таштандыга толгон, ыплас жашоого жуурулушуп көнгөн коомубузга Зарлыктай рухий-хирург керек окшобойбу. Ал хирург үн-сөзү жок эле баарыбыздын өзөк дартыбызды чебер хирургдан бетер кесип ыргытар жөндөмгө ээ экен. Андай жөндөмгө ээ болуш үчүн кызыл тилиңди сайратпай, сөздөн ишке өтөр кез келгенин туюнсак кана, арман! Даанышман дервиш сыяктуу Зарлыктын образы жеке менин жандүйнөмдө рухий-хирург болуп уюп калды.

О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз