Индира Куралбекова: Апаатка такаат өзүбүздөн

Апам ыраматылык 15 бала төрөгөн. Бир күнү экөөбүз кечинде сүйлөшүп жатып (мени менен аябай сырдашчу) айтат. 1958-жылы дейт. Атаң экөөбүз жаңы эле үйлөнгөнбүз. Атаң байкуштун үйү эмес, жата турган алачыгы да жок экен. Анан эптеп ар жерде баш калкалап жүрүп, көрбөгөн күнүбүз калбай, акыры колхоздон жер алдык. Ошол жылдар өтө оор болду, жегенге нан жок, тамакка кошконго жада калса туз жок. Кезерип ачкабыз. Анан жер алгандан кийин эптеп баш калкалар жай тургузалы деп, атаң экөөбүз топурак казып келип, самандан кошуп ылай жаткырдык. Экөөбүзгө караан болор эч ким жок, атаң сокмо урат, мен ылай ташыйм.

Акин апчең боюмда бар (тун кызы, ал эжем азыр алтымышка чыкты). Анан бир күнү адаттагыдай үйдү салып жатканбыз. Ичим чоңоюп, төрөткө жакындап калгам. Иче турган мискейде кичине жарма менен жүгөрүдөн бышырылган, тузу жок нандан башка эч нерсе жок. Боюмда бар, курсагым ачат, айлам кетип бактын түбүндө ачка ыйлап олтурсам, Койчуман акем кыйкырып эшегин минип келип калды. (Кайнагаларынын баардыгын Койчуман акем, Комбайнчы акем, Тракторист акем деп көзү өткөнчө тергеди.) Турайын десем каруум жок, атаң байкуш кара жанын карч уруп, сокмо урат. Анан акем мааратып бир ки-ипкичинекей улакты көтөрүп келди, анысы беш килограммдай эле чыгат. Анан адатынча кыйкырып:

- Ии батыр, иш илгери, - деди.

Атаң экөө учурашып болгон соң, менин жаныма келип:

- Ырыс айланайын, менин бир айлык акыма ушуну берди. Күндө нары-бери өтүп, кыйналып атканыңды көрүп жаным кейийт. Ушуну союп, кичине болсо да шорпо-шилең кылып, ысык ууртап, ичегиңди майла, балам. Жакында көз да жарасың, кичине кубат болсун, - деди.

Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Анан акем мени бооруна кысып кучактап:

- Кагылайын, бул күндөр да өтөт. Турмуш кимдерди гана кагылтып, согултуп кыйнабаган. Тагдырдын тайгак кечүү тар жолунда кимдердин гана башынан кыйынчылык өтпөгөн. Сабырдын түбү сары алтын, жетээрсиң бир күн муратка деген балам, кой ыйлаба, – деп капкатуу болуп бырыш басып калган колдору менен жүзүмдү аарчыды.

Ошентип кечинде баягы улактын эти бышып, атаң экөөбүз тапчанда камыр чайпап, өзөк жалгадык. Кичинекей кара казан кайнап жатты. Шорпонун жыты чыккан сайын чыдамым кетет. Бар байлыгыбыз ошол кара казан болгондой, экөөбүз тең андан көзүбүздү албайбыз. Улам кара чайнектеги суудан куюп ууртап койом. Эки тыртайган кичинекей жилигин, төрөгөндө шорпо кылып ичебиз деп, арчанын чокусуна катып, байлап койдук. Курсагыбызга бир нерсе бара түшкөндөй болду. Анан би-ир кезде атаң үлбүлдөгөн чырактын жарыгына жакындап мени карап:

- Ырыс, буйруса ушул жапырайган жаман там ордолуу шаар болот. Мына бу какыраган жер жапжашыл бакка айланып, балдарыбыз, кийин неберелерибиз чуркап ойношот. Экөөбүз көп балалуу болуп, бактылуу өмүр сүрөбүз, - деп мени кучактаган. - Андан бери эчен жылдар өттү. Силерди чоңойткончо далай көз жаш төгүлүп, далай жашоонун кыйынчылыгы жанга батты го. Мына анан мынтип, атаң экөөбүздүн тилегибизди кудайым берип, баарыңар ушул үйдө төрөлүп чоңойдуңар. Кара курсак кайда болсо тоёт. Кайрымдуу болгула. Зымпыйып сабырдуу жүргүлө. Жетпеген турмуш акыр бир күн жетер. Ынтымагыңар бекем болсун, - деген апам уктап кетти.

Түн, жымжырт, терезеден айдын жарыгы жүзүмдү жапжарык кылып көрсөткөндөй. А мен ойго батып, ошол күндөр көз алдыма тизмектелип, апамдын кайратына таң берип жатып, бир кезде мен дагы таттуу уйкуга кетипмин.

Тигил улак берген кайын агасына апам көзү өткөнчө куран окуду. Ошондо акем байкуш улак берип, жаныбызды аман алып калды эле деп. Ал кишинин пейилинин кеңдигин айтсаңыз. Байкуш киши болгон жалгыз улагын апамдарга жетелеп келген тура.

Ошол достор, түнкү саат эки болду. Мен апамды эстеп, ушул постту ыйлап атып жаздым. Айтайын дегеним: бул күндөр да өтөт. Сабырдуу бололу. Атам менен апам 15 бала, 58 небере, 19 чөбөрөлүү болушту. Буйруса, сиздер дагы ушундай сонун күндөрдү көрөсүздөр, бакытка балкыйсыздар.

Асманыбыз ачык болуп, жергебизде наристенин күлкүсү жаңырып турсун!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз