Бери караң: Адабий конкурста көз кысты, бармак басты мамиле болбойт!

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурстун максаты – улуттук адабиятыбыздын сапаттык өсүшүнө жаңы өңүттөн мамиле жасоо экендигин акын-жазуучулар журтуна атайы сөз кылуу керек болуп туру. Болбосо күндөн күнгө аталган конкурстун жыйынтыгын чыгаруу мөөнөтү жакындаган сайын жеке тааныштык, кадыр-көңүл салуу менен мага кат жазган, телефон чалган калемгерлер арбыды!!!

Айланайын, жолуң болгур, кыргыз урпагы! Мансапкорлукка жутунган, сыйлык-наамга көзүң каткан оорудан качан айыгасың?! Адабият астанасын жаңыдан аттаганың деле, адабият төрүнө эбак өтүп өз ордуңду тапканың деле, жеңишке жетүү үчүн баарын-баарын айлакерликке салып да айланып өткүң бар! Бириң кыйыткан тамаша түрүндө; бириң түздөн-түз эле аке-жакелеп байгелүү орунга үмүт арткан адатыңды карматканыңдан улам: өз принцибимди жалпы калемгерлер үчүн да эскерте кетүүнү эп көрдүм.

«РухЭш» сайты «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» конкурсун – саларга кушубуз, кыларга ишибиз жогунан улам баштаганыбыз жок. Конкурстун аталышы эле туюнтуп тургандай, сайтыбыздын алдында түзүлгөн «Казына» адабий эксперттер тобу, «Нуска» котормочулар тобунан турган сынчы, адабиятчы, котормочу, жазуучу-акындардан куралган тилектеш, санаалаштардын максаты – улуттук адабиятыбыздын чыгармачылык сапатын өстүрүү багытында иш жүргүзүү.

«РухЭш» сайты негизделген төрт жылдан бери бир нече конкурстарды уюштуруп, авторлор арасында чыгармачылык атаандаштыкка шарт түзүү аракетиндебиз. Буга чейинки ар бир конкурстун жеңүүчүлөрү кимдер экендигин аныктоо – уюштуруучулардан көзкаранды эмес экендигин ар дайым эскертип келебиз! Кайсы номурда жарыяланган чыгарма жеңүүчү деп аныкталат, – аны калыстар курамына тандалган адабиятчылар гана чечет.

Ал эми конкурсту уюштурган тарап – «РухЭш» сайты эч качан калыстар курамынын чечимине аралашкан эмес жана мындан ары да аралашпайт! Жободо эскертилгендей, конкурс жыйынтыгы чыккан күнгө чейин калыстар курамындагыларга да конкурсанттардын аты-жөнү айтылбайт.

Андыктан, сөз соңунда байгелүү орунган көз кызарткан жазмакерлерге эскертерим: жеке мамилени ортого салып, мага телефон чалган же кат жазган өтүнүчүңөрдү токтоткула! Агер мындан ары да көнүмүш адетиңерди токтото албасаңар, анда аты-жөнүңөрдү атпай-журтка ачык жарыялоодон башка аргам калбайт...

Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Сыдыков

    Конкурс жарыялап калемгерлерге кам көргөн уул-кыздарга ыракмат! Жакшы ишиңер жерде калбасын. Калпып,чыпкалап чыгарган эмгектеринердин пайдасын эл көрсүн. Жараткандан жакшылыктарды тилеп,ишиңерди ак адал улантууга орды суранам! Баштаган ишиңер токтобосун!

Комментарий калтырыңыз