Майрамбек Өмүрбаев: Элди ойлогон бир жигиттин арманы

  • 23.01.2023
  • 1326

Менде деле тегиз эмес телегей,
Менде деле өп-чап жашоо ченемей.
Чар тарабы табышмакка айланган,
Чоң дүйнөдө бир күкүммүн кенедей.

Таарынган бар... мен таарынып аларга,
Душман досум, досум душман арада!
Белден ылдый түшүп кеткен жашоодо,
Беш бармакпыз аралашкан чарада.

Билбесек да билебиз деп теминип,
Бир Кудайды көзгө илбей элирип.
Баягы эле кыргызбайлар жашайбыз,
Баягыдай кыргыздар жок кемидик.

Мактагандар тез досуңа айланып,
Чындык айтсаң эки колуң байланып.
Көрүп туруп көр болгондун айынан,
Мыкты чыкма далай эрди жайладык.

Топтоп акыл, бүт баарысын ойлосом,
Ичке батпай турат айтып койбосом.
Уктап жаткан элди: "ТУР!" – деш болот ко,
Калп уктамыш элди кантип ойготом.
Кылымдарга калып кеткен каралбай,
Кебелбеген элим кантип ойготом.

АТАҢ БАР

(Сырдашуу)

Бүт бакытты Аалымыма жашырган,
Бар байлыгым жан балама катылган.
Кудайымдын керемети чексиз э,
"Бала" деген сөзгө баарын батырган.

Оо, Жараткан, уулум эркин ойносун,
Балалыктын бал күнүнө тойбосун.
... Сеникиндей ата менде болбоду,
Меникиндей тагдыр сенде болбосун.

Айтсам уккун акыл-насаат кеңешим,
Атаң барда бүт баарысын жеңесиң.
Балапаным, билсең азыр мендеги,
Бар байлыгым – апаң экөөң элесиң.

Эстүү болгун, ыймандуу бол карагым,
Сага айтчу жалгыз ушул талабым.
Эркин өсүп, эркин айтып оюңду,
Элиңдин бир керегине жарагын.

ЭЛИҢДИН ТИРЕГИ БОЛ

Бурганактап замананын ызгаары,
Бул жашоодо эмнегедир суз баары.
Бороондордон алып чыккан элиңди,
Болгун балам мекениңдин шумкары...

Азыр мага дем бересиң чородой,
Азык болгун кылымдарга коробой.
Таажы кийип Манас атаң сыяктуу,
Таберигим, журттун уулу бологой.

Бүт дүйнөмсүң, өмүрүмө тетесиң,
Бүтүн бойдон толуп турган кесесиң.
Мен ишенем келечекте буюрса,
Мен жетпеген бийиктерге жетесиң.

Байрагым бол желбиреген желегим,
Бар үмүтүм, балам менин медерим.
Улутунган, убай тарткан элиңди,
Улуу кыргыз дөөлөтүнө теңегин.

ТАШКА ЧАБЫЛГАН КЫЛЫЧ

(Жоктоо ыры)

Жүрөктөн күлбөгөнүмдү,
Жалганды сүйлөгөнүмдү,
Самоордой ичтен кайнап,
Сыртымдан күйбөгөнүмдү,
Сездиңби, апа?..

Барыңда баалабаганымды,
Барымды аябаганымды.
Татыктуу уулуң болуп,
Тирүүңдө сыйлабаганымды,
Кечиргин, апа?

Өрөпкүп ыйлаганымды,
Өлүмгө кыйбаганымды,
Өмүрүм өзүң турсаң,
Өзгөнү сыйлаганымды.
Кечиргин, апа?

Ызадан муунганымды,
Дүйнөдөн куулганымды.
Катамды эми билип,
Кайрадан туулбадымбы...

Тагдырга таарынбадымбы...
Турмушка таарылбадымбы...
Атом мен бомбасындай,
Апаке, жарылбадымбы...
Күн айлар өткөн сайын, апаке...
Мен сени сагынбадымбы...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз