О`Шакир: Окурмандарга таарыныч кат

  • 31.01.2023
  • 2361

“РухЭш” сайтынын ишин кайра жандантканыма көбү сүйүнгөнүн айтып; телефон чалганы бар, кат куржунума жазганы бар, фейсбукта пикир жазгандары канча... Капыл-тапыл алдыман чыгып калганы да “адабият ишине кайра киришкениңе кубанычтамын” дегенин укканда барбы, ичимен кан өтөт десең. Көөдөнгө толгон ызама муунуп, эмне деп жооп айтсам экен дейм. Унчукпайм. Каңырыгым түтөйт. Күлүп-жайнамыш этем...

“Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, мен дагы жыргаганымдан жылт коюп, ортодо башка ишке кирип кеткенимди кимиси түшүнсүн. Элдикиндей менде да тирлик бар, катын-бала бар. Аларды кийинтип-ичинте албасам, эр бүлө болгонум кайсы. Демейде башкага кежирлигимди карматсам да, турмуш кыстаганда акча чыгар жер жумушка чакырса, аний дейт белем...

Убактылуу мөөнөткө “РухЭшке” күч үрөгөндү токтото турууга аргасыз болдум. Жарым жыл ашуун убакыттан кийин кайра кайттым. Кайтканым курусун... баягы эле ташкөчүк иш да меники. Сайттын почтасына ар кандай авторлордон чыгармалар келет. Тирмейип отуруп, арасынан колго илингенин жарыялайм. Анан эле окурмандар журту алкыш айтып, авторлор ыракматын жаадырып жатып калышат. Көңүлүмдү ошентип жубатышат экен баары.

А реалдуу турмушка келсек, оңой менен китеп сатып албаган кыргызда онлайн адабиятты колдоо түшүнүгү калыптана электей. Онлайн адабият деле оңбогондой чыгымды талап кылат. Чөнтөгү жука киши мага окшоп онлайн адабиятты оюндагысындай, куру кыялындагыдай деңгээлге жеткирсе кана – сегиз жылдан бери адабий подкасттарды, аудио, видео чыгармаларды кошо жайылтпайт белем! Таланттуу авторлордун жылдызы балбылдап жанар ажайып иштер планга ашат эле го!

Андай куру кыял, андай куру дүрмөт ойлорум ишке ашуу үчүн туруктуу окурмандардын жарымы эле “РухЭшке” абонент катары айына болбосо да жарым жылда бир акча которуп турса кана?! Маселен, гезит-журналды почта аркылуу катталып, туруктуу алып тургандай кеп бул деле.

“РухЭш” сайтынын ишмердиги туруктуу улансын үчүн окурмандар журтунан колдоо керек. Агер чындап эле оңбогон О`Шакир адабий ишмердигин кайра улантып баштаганына кубанганыңар ыраспы, анда биздин Мбанк-0700532585, ЭЛСОМ 0558080860 жана Оптима банктагы 4169585341612561 эсебибизге мүмкүнчүлүгүңөргө жараша тыйын которуп турсаңар, биз деле “тойдум байдын кызына” дебестен, ташкөчүгүбүздү көтөрбөй, ишибизди сапаттуу жүргүзөр мүмкүнчүлүгүбүз болот эле, урматтуу окурман! 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз