Кубатбек Жусубалиев: Эки киши келишсе – тоталитаризм, келишпесе – тирешүү

  • 06.02.2023
  • 1687

ХХIV кылымдан бери күн кечирип, өмүр сүрүп келаткан Кыргыз эли үч түшүнүктү мыйзам тутуп, сактап келишкен.

  1. Кан кечирбейт.
  2. Арбак тирүү.
  3. Кишинин башы атталбайт.

Ушул мыйзамды аткарган кыргыз КИШИ болуп эсептелген, калгандары ошол кыргыздын окуу-куралдары.

Адам баласы өмүр жолунда оңдосо болчу катаны кетирет же оңдосо болбой турган катаны. Кыргыз канды кечирбейт, ал эми калган катаны оңдосо же оңдотсо болот.

Мамлекет – адам баласынын коопсуз, эркин, баш көтөрүп жашоосу үчүн атайын уюштурулат.

Мамлекет – криминалдык структурадан эмес, мамлекеттик структурадан турушу шарт.

ЭЛ ҮЧҮН

Бир киши – авторитаризм.

Эки киши келишсе – тоталитаризм, келишпесе – тирешүү.

Үч киши – мамлекет.

Төрт киши – башаламандык.

Учурда эл менен мамлекет ортосунда ишенбөөчүлүк, ажырым бар. Ушул бойдон жүрүп олтурса, эли жок МАМЛЕКЕТ өлүмгө учурайт, мамлекети жок эл – башсыз калат. Эки тарап тең орду толгус оор жоготууга учурайт.

К.Жусубалиевдин айткандарын жазып алган шакирти Шайыр ТОЙЧУЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз