Капкараңгы, көз ооруйт, же Быйты агамдын көр турмуш жөнүндө айтканы

  • 16.03.2023
  • 1329

ЭТЮД

Досум берген көркөм альбомдогу Умберто Боччонинин “Көчө үйгө кирет” аттуу сүрөтүнүн репродукциясын эсим ооп тиктеп отурсам, аялым бөлмөгө кирип келип:

– Эй, эмне отурасың үйдө, сыртты кыйратып койгонсуп,бар базарга барып соода кылып кел! Үйдө жашылчалар калбай калыптыр. Жөнө! – деди.

Бир нерсе деп жооп кайтарсам өткөндөгү “Борхестин богун жейсиңби” дегендей дагы балээсине калып тил укпайын деп тилимди тишиме, капчыкты чөнтөгүмө катып сыртка шаштым. 

Экинчи кабаттан биринчиге түшүп келатканда атам курактуу Быйты деген молдоке аталган кошунам алдыман чыгып салам айтып:

– Ай Асан, кайда, үрккөн тооктой болуп? – деди.

Кыжырга тийгенден эч жадабаган жарыктык кишиге:

– Кайда болмок эле, базарга да! – деп борк эте салып сапарымды улап бара жатсам,

– Коё турсаң, чунак бала, кечээ мечитке барсам, Абыт ажы “эки кулагыңарды бекем кыса жапсаңар тозоктун жалындаган отунун үнүн угасыңар, ал үн бул дүйнө жалган экендигинен жана андагы жашообуз о дүйнөгө даярдануу үчүн берилгендигин эске салат” деди. Ошондуктан биз көртурмуш, көроокат менен эле алектенбешибиз керек экен. Андан көрө намазыңды маал-маалы менен окуп, дуба кылып турууң зарыл экен.

Жөнөкөйлүк уурулуктан да жаман демекчи, тар ойлуу немеге эмне деп жооп кайтарарымды билбей:

– Быйты ага, алдагы жөө насаатыңды менин куру кайнаган башыма куйбай, барып тээ өйдө жактагы тажаал келиниңдин уусу толо башына куйчу! Андан көрө, албай чыгыптырмын, ширеңкең болсо берчи, чылым күйгүзүп алайын, же алдагы айтылган кулагыңдагы отуңа күйгүзөйүмбү? – дедим

– Оңбогон атаңдын оозун урайын, жарыбагыр! – деген сөзүмө таарынган кошунам, тилденген бойдон эшигин тарс жаап батирине кирип кетти.

Быйты агамдан кутулганыма сүйүнүп көчөгө чыктым...

Түйшөлткөн Боччонинин түшүнүксүз сүрөтүн бир элестеп, аялымдын заарын чачкан келбетин бир элестеп, кемшик жаак Быйты агамын жалындап оттонгон кулагын бир элестеп Ош базарын көздөй жырык тротуардын улам бир чуңкуруна жетишсем аттап, жетишпесем түшүп чыгып баратам. Анан бир маалда “атаңдын көрү Боччони, Быйты агам жанагы кемсинтип айткан көртурмушту көркүнө чыгарган тура!” – деп бир сыйра кудуңдап койдум.  

Улук УРАКУН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз