Павел Пелин: Кусалык

  • 20.03.2023
  • 1209

Сүрөт artkvartal.ru булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Ал эч нерсени сезбестен канча бир убакыт караңгылыкты көз ирмебей карап жатты. Каалгасын сагынып куса болду. Бирок керебеттен туруп каалгасын карай баратып, керебетин сагынып куса боло баштады. Жүзүн каалга жакка буруп кайрадан жатаар замат аны дубалга болгон укмуштай оор кусалык кучагына алды. Дубалды карай оодарылар замат дубалга оодарыла электеги көз ирмемин сагынды. Дароо артка оодарылса, бекер убара болуптур, баягы көз ирмем дайын-оту менен жок. Сыйпалап таппады жыласты!

Ушундан өткөн азап болорбу. Ал буркурап ыйлап ийди. Ошолордун баарын унутуп салыш үчүн ал жуурканга чүмкөнүп алды. А бирок жууркандын астынан жууркандын өзү көрүнбөй калгандыктан, анын ичине мурдун кымтыгандан бери көрө элек жуурканын сагынды. Мурду тууралуу эскерүү анын жандүйнөсүн ушундай бир кусалыктын кучагына салып берди дейсиң, күзгүдөн мурдун көрүш үчүн керебеттен атып туруп ваннага карай тызылдады.

Орто жолдо эч шек-шыбаасыз, керебетти да, дубалды да, жуурканды да, мурдун да сагынып куса болбой беймарал уктап жата турган тарыхый өтмүшүнө болгон жин ургандай кусалык анын эки аягын тушап салгансыды.

Ошондо ал жылаңайлак бойдон өзүнүн өтмүшүн карай атырылып, эчки саап отурган эркекке чалынып токтоду. Эки миң жылдан кийин кезигишкен ал экөө бакыт-таалайга балкып, кучакташып өбүшүп калышты. Тилекке каршы, бир ирекет эле өбүшүп калышты. Анткени аларды кылычын жаркылдатып рим легионери качырып келаткан. Римге кул болгусу келбеген Төлөбете колун тескери силкип салды да, дароо үйүн карай баса берди. Бирок акыркы көз ирмемде эзелки ата-бабасынын арбагын сагынып куса болбош үчүн өзү менен кошо эчкини жымыра чыкканга үлгүрдү.

Акыры ал тынч алды. Бирок анысы ашып кетсе алты секунд созулду өңдөнөт: анткени эчки деле, ботом, тирүү жандык эмеспи, байыркы ээсин сагынып мекиренип калбаспы. Аны сооротуп-жубатыш үчүн койнуна алып жата кетти. Анын бышкырынганын укпаш үчүн тумшугуна байпагын кийгизип салды. Кусалыкка чыдай албай эчки эми куйругун тыбырчалата баштады эле, ал анын куйругун керебеттин бутуна байлап таштады. Бирок эчкинин байыркы ээсине болгон сагыныч-кусасы ушунчалык күчтүү болгондуктан, анысы керебетке жугуп калып, керебет үйдү үч көтөрө чуркай берип, чуркай берип, бир маалда батыш жактагы дубалды теше сүзүп чыга качты. Ал эми тешик болсо тешиле элек кезинде тешик эмес, батыш дубал болгонун эстеп, Батышты сагынып куса боло баштады да, эмиграцияга чыгып кетти.

Ал эми эчкиге болгон сагынычтан айрылып калбаш үчүн ал өзү менен кошо бутуна байланган эчкинин куйругун эчки менен кошо ала кетти. Төлөбете жалгыз калды. Бирок сагыныч-кусалыксыз жашоо ал үчүн жашоо эмес эле. Ошондуктан ал көздөрүн жумду да, түн караңгысында кусалыкка болгон кусалыктан улам өлүп калды.

Кыясы, маңдайына ушу жазылса керек.

Орусчадан которгон Капар ТОКТОШОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз