Айдай Бекбоева: Сегиз бут

  • 20.03.2023
  • 1289

(Өспүрүмдөр үчүн аңгеме)

- Сегиз буттуу болгуңар келеби же үч жүрөктүү?

- Албетте, жок, албетте жок!

- Мурун жок, жадагалса кулак да жок,

- Жөн гана бакыракай чоң көздөр!

- Ха-ха-ха! Ха-ха-ха! – Сегиз бут ырдап бүтүп, шляпасын чечип, каткырып, жүгүнүп койду.

Бул адаттан тыш жаныбарды ырдап жатканда оозу же мурду кайда экенин, чынында көрө албайсың. Жанындагылар кээде тамашаласа капарына да албайт. Аны түшүнүү кыйын...

Негизи өзү кызык эле жандык. Ооба, ооба!

Биринчиден, акылдуу. Анын кулагы жок болгонуна карабастан, ал эң сонун угат. Айланасында эмнелер болуп жатканынан биринчилерден болуп кабардар. Экинчиден, тез өзгөрмө касиети бар. Өзү жашаган чөлдү бүтүндөй тааныйт. А түгүл кээде карап турсаң коркунучтуу!

А бул тез татым жайы – аныкы. Ал абдан таза, чынында кир жашоону каалабайт. Тез татым жайын ар дайым күчтүү суу агымы менен жууп, тазалап турат. Эмнегедир ал көп жумушту аткаргандыктанбы же башка себеби барбы, билбейм, өзү эс алуучу жайда өзү ашпозчу, кардар тейлөөчү, ырчы. Ырдагандан чарчабайт:

– Эх! Сегиз буттуу болгуңар келеби же мага окшош үч жүрөктүү?

– Албетте, жок, албетте жок!

– Мурун жок, жадагалса кулак да жок.

– Жөн гана бакыракай чоң көздөр!

– Ха-ха-ха! ха-ха-ха!

Тез татым жайын түнкүсүн ачат. Деңиз түбүнө өз колу менен таштан кынаптап курган. Анын кардарлары: жалкоо ташбака, үтүрөйгөн кирпи, ооз ачпас тултук көк балык, унчукпас медуза жана башкалар.

Битир краб, омар сыяктуу каршылаштарынан кутулуу үчүн ар башка ыкманы колдонот. Аларга көшөгө тартып койгон.

Баардыгы эле жакшы, эгер бир нерсени эске албаганда. Ал адамдарды көргүсү келчү. Адамдар менен беттешкенде алардын мээримин байкаган.

Бир жолу деңиз бушайман болгондо, ал жээктеги кумга тыгылып калган. Ал жерде чыга албай тумчугуп жатса, адамдар келип бошотуп, кайрадан деңизге коё беришкен. Ошондон бери ал адамдар жөнүндө ойлонот. Эгер бирөө-жарым анын тез татымына келсе, ал сөзсүз коноктомок.

– Эй, сегиз бут! Сен эмне эле ойлонуп калгансың? – деди үтүрөйгөн кирпи.

– Мен, мен, мен, – деди да сүйлөгүсү келбей тетири бурулду.

– Сен эмне, соосуңбу?

– Негизи... Айтчы, кирпи, сен адамдарды көрдүң беле?

– Жок! Көргөн эмесмин. Көргүм да келбейт!

– Эмнеге?

– Билбейм, адамдар бизди жеп коюшабы? Билбейм, билбейм, корком!..

– Анда билип ал, адамдар менен биз бирдей эле жашайбыз, болгону алар кургакта, а биз – суу түбүндө. Керек болсо кээде бири-бирибизге жардамга да муктажбыз.

– Эх! Силер билбейсиңер! Алар калдыктарды туш келди ыргытат экен.

– Ха-ха-ха! Ой койгулачы жомогуңарды! – деди Краб карс-карс күлүп.

– Мен аларды жээкке чыкканда көргөм, баягында мага бутума зым оролуп калганда, – деди таш бака.

– Айтчы анда, алар кандай?  

– Мен чынында алардан корктум, бирок алар бутумдагы зымды алып таштады да, мени кайрадан деңизге коё беришкен.

– Мен ойлой берем да, эгер алар сууда жашап, биз кургакта жашасак эмне болмок?

– Койчу, ошондой да болмок беле?

Аңгыча «булк-булк-булк» эткен үн угулду. Баары таң кала аны карашты. Бөтөлкө экен. Оозу жабык, жашыл бөтөлкө. Ичинде оролгон кичине кагаз жүрөт.

– Ой, бул эмне? Каяктан түштү? Качкыла! Жарылат! – деп кыйкырды көк тултук балык.

– Айтпадым беле, бул адамдардын кылганы. Алар калдыктарды туш келди ыргытат дедим беле, – деди үтүрөйгөн кирпи.

– Койгулачы, былжырак кебиңерди, баарын эле адамдардан көрө бербей. Келгиле, андан көрө ичин ачып көрөлү, – деди краб чечкиндүү. – Кана, мага бергилечи, – краб өзүнүн карылуу колу менен ача салды.

– Ой шумдук! Бул эмне? Эми кантип окуйбуз? Ким окуйт? – дешти кайрадан чурулдашып.

Ташбака көз айнегин кийип:

– Келе бергиле, мен окуйун, – деди.

Баары жабыла карап калышты. Катта мындай деп жазылган экен:

“Мен туулуп-өскөн шаарымды жакшы көрөм, адамдар ары-бери чуркап, мени көрбөй өтүп, шашып жүрүшөт... Ушунчалык кыйкыргым келет: Эл-журт! Токтогула! Кайдыгер карабагыла! Айланабызды карагыла, уккула! Жер дем алат. ... Жаратылыштын жашын узартуу үчүн ар бир адам табияттын досу болууга тийиш... Мен силерге ишенем!..” Залкар.

Баары катып калышты. Ошол жымжырттыкта: “Алыс эмес жерде, деңиз жээгинде кичинекей кыз самын көбүктөрүн үйлөп, атасы менен сүйлөшүп жатты. «Ата! Ата! Карачы! Самын көбүгү биздин жерге окшош экен!”.

Эрксизден баары угуп жатышты. Атасы жылмайып жооп берди:

– Ооба, кызым, туура айтасың, кудум эле кичинекей жер шарындай. Бул самын көбүгү сыяктуу биздин жер да абдан кылдат мамилеге муктаж. Албетте, жер бул шардай жарылып кетпейт, бирок адамдар өздөрүнүн бейгапар, ойлонбогон аракеттери менен жерге чоң зыян келтирип жатпайбы. Токой, суу биздин планетанын өпкөсү. Биздин ойлонулбаган иш-аракеттерибиз жердин дем алуусун кыйындатат.

– Ата, – деди кыз. Жер анда таптакыр өлүп калабы?

– Жок! Жок! Жок! Адамдар мындайга жол бербейт... Түшүнсөң, адамда ушундай күч бар. Эң негизгиси, биз баарыбыз жерди сүйөбүз. Бирөөнүн тоосу, бирөөнүн деңизи бар, ал эми сен экөөбүздүн былтыркы тиккен теректерибиз бар!

... Самындын көбүгү учуп асманга көтөрүлдү. Ушунчалык сулуу, ушунчалык сонун! Кооз!

– Эх! Силер Сегиз буттуу болгуңар келеби же үч жүрөктүү?

– Албетте жок, албетте жок, албетте жок!

– Мурун жок, жадагалса кулак да жок.

– Жөн гана бакыракай чоң көздөр!

– Ха-ха-ха! Ха-ха-ха! – айттым беле, адамдар акылдуу, алар жол бербейт! Демек бизге коркунуч жок!

Сегиз бут дагы деле баягы ырын кайталай, атасы мене кызды карап жатты...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз