Түгөлбай Казаков: Уйга салынган жоолуктун окуясы

  • 21.03.2023
  • 2907

АҢГЕМЕ

Айыл дуу дей түштү:

– Уктуңбу ай, түндө тиги Сакейдин уюнун эки кулагын түбүнөн кесип кетиптир.

– Апе-ей ботом, ким кесиптир?

– Билишпейт. Болду-болбоду муну тээтиги Нарындын түрмөсүнөн качып чыккан Зарлык деген эме жасады!

– Ал эмне, кулакка талгак бекен?

– Ооба, ал кулаксыз туралбайт дейт.

– Сөөдүрөбөчү! Нарындан уйдун кулагы табылбай, ушу Сакейдикине келиптирби? Андан көрө уйду айт, уйду. Ал байкуш эмне болуптур?

– Ал эмне болмок эле. Кулагына чыдабай музоосун тебелеп салыптыр. Эртең менен башына чоң карала жоолук салып бадага айдап ийишиптир. Ага уйлар жолобой, иттер үркүп атыптыр дейт. Андан да айылдын тапандарыныкы өттү. Бири: «Сакей жаңы катын алыптыр го» – десе, экинчиси: «Антпей эле эски катыны издеп келиптир» – деп кагыныбатышат.

Эл керели-кечке кеп кылып, бирок акылдарына сыйдыралбай коюшту. Кечинде уйлар бададан кайтканда көчөнүн эки тарабында жарданып туруп, чет өлкөнүн коногундай тосуп алышты.

Кимдир бирөө башын муздак сууга салып, чайкап-чайкап, кабагын катуу түйүп туруп ойлонгон окшойт, эртеси кулак кесер «табылды». Шек-шуанын баары Сакейдин күйөө баласы Төлөшкө бурулду.

Ал аялы менен ажырашып бүтөйүн деп калганда «колго түштү». Ал укканда эле ай-асманга секирди. Ажылдап келген аялдарды каптап сала берди:

– Эй, кем акылдар! Мен анын кызынан кутулалбай жатып уюнун кулагын эмне кылам, ыя?! «Башка иттигим бар, бирок эримдин койнуна сийбейм» – дептир го бир катын. Менин деле иттигим көп, бирок уйлардын кулагында чатагым жок!

– Жапжаш музоону эмне тепкилеп жатып өлтүрүп салдың? Ал сага эмне кылды?

– Ту-уй, ата! Өй! Тепкилегидей кайнатамдын музоосу менин катыным беле?!

– Ай, ким билет?! Сенден башка эч ким менен чатагы жок болсо, анан кимден көрмөк элек?

– Мени күйгүзбөгүлө! Өңүм кара, өзүм акмын!

– Эми ушу жакшыбы, ую жоолук салынып жүрөт?

– Жоолук жакпай жатса, барып элечек кийгизип келгиле. Кышында түлкү тумак алып бергиле! Мага эмне асыласыңар?

– Сен жамансың! Акем өлгөндө өкүрбөй келгенсиң!

– Өй, өкүрүктөн өксүбөй калгыр! Ошондо жанагы уйдун жоолугунан да калың жоолук менен мойнумду ороп, үнүм чыкпай жүргөнүн көргөн жок белең!

– Уйдун жоолугуна асылба! Аны сен салган жоксуң. Үнүң ошо бойдон чыкпай калса болмок экен!

– Өх-х! Өспүрана күнаанын баары келген тура. Силер менен айтышкыча эки метр жип алып туруп асынып калган оңой!

– Асын! Сени качан асынат деп турабыз.

– Ошо, о дүйнөдөн келген үңкүр-маңкирлерге окшоп турасыңар.

– Аны күнүгө үңкүр-маңкирлер менен жүргөн сен билбесең, биз билбейт экенбиз. Айылдын аягы демиш болуп агам Акыбайга бата кылбаган ушу сенден кайсы жакшылык дейсиң?!

– Ой, аныңарды уксам өлөйүн! Жөн эле күйгүзө бересиңерби?

– Эмне, башкалардыкы өлүп, биздики кайра туруп келет бекен, ыя?!

«Согуш» көпкө созулду. Айылдагылар бири-бирине айтып берип жүрүп, бул айтыштын сөздөрү жат болуп да калган. Кийин уксак, бул уйдун түпкү төркүнү – кошуна айыл, ээси – баягы жайлоодогу Караланын «кунун» кубалап жүргөн уйчу экен. Ал уйду колхоздон эптеп чыгарып алып, биздин айылга сатып ийиптир. Ал колдон колго өтөт. Анан райондон менчик уйлардын кулагын текшерип келатат, колхоздуку табылса оңдурбайт экен деген кабарды угуп, баягы эргул сураштырып отуруп таап, кесип кеткен тура. Аны уккан Дүлөй ооз: «Караланын куну төлөндү! Кайым-кайым!» – деп жүргөн. Анан эле: «Бу кесенээк турбайбы. Ошондо өзү эле кесип алса керек, байкабай. А мага мине үрдү дейм да, суволуч?!» – деп туталанып калыптыр.

Ал ортодо аялдар байкуш Төлөштү жеп кете жаздашты. Кийин ал муунуп өлдү деп уктук.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз