Мемуар: Балалыгымдын жыты

  • 29.03.2023
  • 1448

Сүрөттө: А.А.Черемушкина Кыргыз телерадиосунун студиясында.

КОТОРМОЧУДАН НУСКОО

Урматтуу окурмандар, төмөндө сунуш кылынган “Балалыктан кат“ эскертмеси жердешибиз Черемушкина Александра Андреевнанын калеминен жарлаган. Эскертме Ысык-Көл боюндагы Семёновка кыштагынын эли Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда баштан өткөргөн оорчулуктар, кан майданда жарадар болгон майыптардын турмушу, тууган жеринен көчүрмө кылынган чечендердин тагдыры менен тааныштырат.

Александра Андреевна Кыргыз тележурналистикасындагы белгилүү инсан. 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын биринчи жарымында КТРКда чогуу эмгектендик. Качан көрбө кезектеги телеочерктин каармандарын жана мазмунун ойлоп, анын үстүнөн кам жеп жүргөн болот. Ордолуу Бишкекте эмес, өлкө кыдырып түрдүү кесиптеги адамдардын эмгеги жана түйшүгү жөнүндө айтып бергенди жакшы көрчү.

Жайлоодогу койчулар, Кызыл-Кыя менен Кажы-Сайдын кенчилери, Токтогул ГЭСинин энергетиктери, айтор, карапайым жарандардын өмүрү – журналисттин телеочерктеринин өзөгүн түзчү. Эгер кайсы бир маселе боюнча студияда адистер же кызмат адамдары менен маек курса, теманы кылдат изилдеп, суроолорун кайра-кайра тактап отурганына эчен ирет күбө болгом. “Мен өткөргөн баарлашуулардын катышуучуларынын жана телеочерктеримдин каармандарынын көпчүлүгү дале эсимде, кээде аларды ойлоп жатып таң атырамын”, – дейт карыя журналист.

Александра Андреевна Москвадагы Ломоносов атындагы университетти бүткөндөн кийин Владивостокто, Чукоткада эмгектенет. “Журналист түрдүү кесиптин машакатын билүү керек” деген девизди карманган Александра телестудияны убактынча калтырып, Тынч океандагы деңиз чаянын (краб) жана балыкты кайра-кайра иштетүүчү калкыма заводдордо да иштейт. Кесипкөйлүк жана турмуштук зор тажрыйба топтогон соң, киндик каны тамган Кыргызстанга келип, ардактуу эс алууга чыкканча Кыргыз телерадиосунда эмгектенет.

Эмгегинен баар тапкан журналист өлкөнүн президенти тарабынан ыйгарылчу “Алтын калем” сыйлыгынын биринчи лауреаты, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Дасыккан журналист ардактуу эс алууга чыккандан кийин чыгармачылыктан алыстабады. ПРООН-ЮНЕСКОнун ТВ группасы, Америка университети (бүгүн Борбор Азия Америка универститети, Санкт-Петербургдагы телефильмдерди тартуучу “Үмүт” (“Надежда”) студиясы менен кызматташты. Сексендин кырын эбак ашкан Александра Андреевна бүгүн Москвада жашайт, бирок жүрөгү черемушкиндердин жети муунун өмүрү тыкыс байланган Кыргызстанда!

Баса, байбиченин дагы бир айтып түгөткүс сыймыгы – жээн-небереси. Ал да тайенеси окуган университти бүтүп, докторлук илимий даражасын (Phd) АКШда жактап, Флоренция шаарындагы Европа университетинде бир топ жыл сабак берди, азыр Германиядагы университеттердин биринде эмгектенет, профессор.

Балалыктан кат

ПРОЛОГ

Мен Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндөгү орустардын Семёновка деген чакан кыштагында туулуп, ошо жерде эрезеге жеттим. (Википедиянын маалыматы: Ысык-Көл ойдуңу Тянь-Шань кырка тоосунун түндүгүнөн орун алып, түндүгүндө Күнгөй Ала-Тоо, түштүк тарабында Тескей Ала-Тоо менен курчалган. Ойдуңдун ортосунда Ысык-Көл жайкалат... Дан өндүрүү жана мал чарбалчылыгы өнүккөн чөлкөм).

Менин бабаларым – Ортолук Орусиянын карылуу дыйкандары – крепостной режим жоюлгандан кийин дүйнөнүн кыйырына жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жөнөшөт. Чоң энем, чоң атам, тайенем, тайатам Түркстанда төрөлүшүп, Ысык-Көлгө ата-энелери менен наристе кезинде келишет. Менин бир тууган айылым ХХ кылымдын башталышында түптөлгөн. Мен төрөлгөн чакта кыштагыбызда эки жээгинде бийик теректер тизилген алты көчө болгон. Көчө бойлогон тамдардын көчө жагында арык казылган. Бул көчөлөрдү түндүктөн (тоо тараптан) түштүктү (Ысык-Көлдү) көздөй кеткен эки өзөн кесип өткөн. Жай чилдеде да сөөк какшаткан туптунук суудан өзөндүн таштак таманы көрүнүп турчу.

Кыштакта эки колхоз, эки устакана, бир тегирмен, башталгыч мектеби менен чиркөөсү, ал эми ар бир кожолукта көмөкчү чарбасы, чоң тамарка жери жана багы болгон. Не радио, не электр кубаты келе элек. Биз, майда балдар төрөлгөнү автомашина дегенди көрө элекпиз...

Мен сүйүктүү Анна чоң энемдин этегин кармап чоңойдум. Атам 1939-жылы аскерге чакырылып, согуштун алгачкы күндөрү дайынсыз жоголду, бирок биз Жеңиш күнүнө чейин Вера менен чогуу жашадык. Биз дегеним чоң энем, Егор чоң атам жана анын кенже уулу – Алёша агам. Коңшу көчөдө Мария тайнем менен Антон таятам он баласы менен жашачу (Тайенем согуш жылдары “Баатыр Эне” ордени менен сыйланды). Мен тайенемдердикине барганды жакшы көрчүмүн, алар мага он биринчи баласындай мамиле кылышчу (биринчи жана узакка чейин жалгыз небереси болсом анан кантишет).

Биринчи кат

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК...

Согуштун алгачкы жылы жадымда жок, себеби төрткө да толо элек кезим. Таң калычтуусу, 45-жылдын май айында биринчи классты бүткөнүм менен – Жеңиш Күнү түк эсимде калбаптыр. Менин эң биринчи эскермем уландарды согушка узатуу менен байланышкан. Биздин кыштактын ортосунан автожол өтчү (кечкисин жаштар кыштактын борборуна айланган ушул көчөдө сейилдешчү). Уландарды узатып, ортолук көчөгө кыштактын эли тегиз чыкты окшойт. Көпчүлүгүнүн кучагында гүлү бар, алар ырды тынбай созолонтуп кыштактын этегине чейин барышты, андан соң арабага отуруп, пристанга1 жөнөштү, аерден аскерге бараткан уландар менен биротоло коштошмой. Болочок жоокерлердин биринчи узак сапары (көпчүлүгү үчүн акыркы сапар) Ысык-Көл аркылуу болууда. Алар баржа2 менен Рыбачьеге3 чейин барышып, анан темир жол аркылуу борбор калаабыз Фрунзеге4, андан ары чиркешкен вагондордо Москвага багыт алышат.

Дагы эсимде калганы – эвакуация болуп келгендер (эвакуация деген сөздү айталбай көпкө кыйналдык). Биздин кыштакка келбети бизге окшобогон адамдары алып келишти – баары жакшы кийинген, арасында тармал чачтуулары көп (тармал чач – кыштагыбыздагы элдин көксөөсү), алар үйлөрдүн мейманканасына жайгаштырылды... Бардык үйлөр бир үлгүдө салынган: чоң орус меши бар эки бөлмө, биринчи бөлүмүнүн асты жер, босогодон сол жаккы бурчта чоң үстөл; эки капшыттагы колдо жасалган жапыс, кенен жыгач секичеде жана төрдөгү темир керебетте үй ээлери жана бала-чакалары укташат. Жыгач керебеттин үстүндөгү шыпта желбешик үчүн илгич бар. Астына тактай төшөлгөн экинчи бөлмө ажайып кооз. Төркү текчеден көркөм иконалар орун алган. Алардын астына кооз саймалуу аппак кендир чачык төшөлгөн. Жыгач керебеттин жапкычы түрдүү саймалар менен, а чекеси гүл салып торлонгон. Жастык каптардын бети да түркүн түстүү жиптер менен саймаланган. Полго колдо согулган кеңдиги жарым кулачтай узун таарчалар салынган.

Келгиндердин мейманканага жайгаштырылганына жаным кашайганын айтпа! Улуулар уктаган бул бөлмөдө ойногонго уруксат берилчү эмес, менин курагымдагылар жана менден эки-үч жаш өйдөлөр жайы-кышы мештин үстүндө уктаар элек.

Биздин үйгө адегенде Алиса Васильевна деген улгайган мугалим эже киргизилип, кийин согуш жарадары – дядя5 Павел келип кошулду. Тайенемдердин үйүнө эч ким бөлүнбөдү, ансыз да анын балдары күнкараманын данындай көп болчу. Дагы бир тууганыбыздын үйүнө бир чоң бүлөнү киргизишти (Алардын тамы биздикинен чоң жана беш баласы бар эле, а эң кичүүсү Зина менен өмүр бою достошуп жүрдүк). Жаңы келгендердин биз теңдүү, бирок төтөнчө сулуу балдары менен жакындашканга канча аракет кылбайбы, эмнегедир бизге кошулуп ойногонду каалашпады...

Көп өтпөй келгиндер бизге кийим-кече, чай демдечү чайнектерди (ал кезде чай демдечү чайнек чанда бирөө – жарымда гана болбосо) сунуштап, ордуна май, сүт, ун, жумурткага сурашчу. Апам мага кооз көйнөк алмаштырып берди. Ал көйнөгүмдү кийип түшкөн сүрөтүм бүгүнгө чейин сакталуу.

Бир күнү Зинанын квартиранттары (дагы бир тил сындырчу сөз) пряник бышырышты. Биз “пряник” десек, “Пряник эмес, печенье!” деп түшүндүрүштү. Печенье! Кандай ширин сөз, жытын айтпа! Биз мындай жыттуу токочту көрбөгөнбүз. Кеңилжээрди кытыгылап, шилекей агызчу таттуу жытын мүлдө кыштак эли сезсе керек...

Зина менен канча үмүттөнбөйлү, айланчыктап канча шыйпаңдабайлы, күкүмдөй да печенье беришкен жок. Буурчак, күн караманын даны, алма-өрүктүн кагы, айтор, эмнебиз болсо, алардын балдары менен бөлүшчүбүз. Эх! Ушундан кийин бул адамдардан көңүлүм калды, алардын балдары менен ойногонду такыр каалбай калдым. Такыр. Эч качан.

Экинчи кат

Үчүнчү эсимде калган нерсе, кара кагаз менен байланышкан. Кайсы бир күнү Сельсоветтен6 чабарман келди, кийин ал көп келди. Ошол замат чагылган тийгендей эл чуулдап, өкүрүк чыгып, адамдардын ыйлаган үнү кыштакты каптап кирет. Кара кагаз келген үйгө коңшулары, бардык көчөлөрдүн адамдары агылып, чогулган эл узакка чейин тыным албай ыйлашат... Коркунучтуу ый, ал коркунучту кандай сүрөттөгөндү да билбейм. Кишини жайга бергенден да, өлүктөн да коркунучтуу...

Менин эсимде... Биз, жаш балдар, чоңдор менен чогуу күнүнө Кудайга тооп кылабыз. Өзгөчө, кечкисин короого караңгы түшкөндө бүт дитибизден жаратканга жалбарабыз, колубуздагы крест менен терезени да, эшикти да, өзүбүздү да чокундурабыз. Окулчу дубаларды жана Рождество майрамында ырдалчу диний өлөңдөрдү көп билчүбүз, бирок алардын мазмунун кыпындай да түшүнчү эмеспиз.

Бизге жомокту мектепке барган ага-эжелеребиз айтып берет, бул жомоктордун эң коркунучтуусун угуп жатканда түк коркпойбуз, бирок карагат жана дан куурайдын арасын байырлаган албарстылар менен домовой деген балээден өлгүдөй коркобуз. Кишиге бойго жеткен кыздардай кубулуп көрүнгөн албарстылар тууралуу жана сыйкырчылар жөнүндө кыштакта улуу-кичүүнүн баары айтып жүргөнүнө карабай, кудай аларды бизге бет келтире элек. Бул экөөсүнөн да жаман коркконум – өлгөн кишинин жасаты. Өлүктү көргөндө ичим муз салгандай муздайт. Анна чоң энем мени өлгөн жерге калтырбай жетелеп алат, сөөктүн жанына барганда мага шыбырайт:

– Сен өлүккө колуңду тийгизсең эле, башка коркпой каласың.

– Ой, эмки жолу тийгизейин, макулбу? – дейм денем муздап.

Кара кагаз келген үйдө өлүк жок, бирок ый-муң, көз жаш, созолонгон кошок созолонгондон өткөн азап барбы... коркконду да унутасың...

Үчүнчү кат

Ооба, биздин балалык күндөрүбүздө майрам күндөрү да болду. Жылына келчү диний он эки майрамда элдин баары чиркөөгө барат. Чиркөөдө өзүңдү сыйкырдуу жайда жүргөндөй сезесиң, бүлбүлдөгөн шамдардын жарыгында тынбай шыгыр ырдаган элдин үнү тулку боюңду көк асманга каакымдын желесиндей калкытып учурат. Чиркөөдө ырдалган ырлар селкилер күн сайын кечкисин көчөдө же улуулар үстөл тегеректей отуруп ырдаган өлөңдөрдөн такыр башкача жаңырат, бөлөкчө созолонот. Дайыма биздин кыштакта кубулжутуп ырдашат жана адамдар көп ырларды билишет.

Чиркөөдө бир жаманы – чөкө тизелеп көпкө туруу зарыл. Чоң энем экөөбүз майрам күндөрү жана конокко көбүнчө Саламатиндердин үйүнө барабыз. Тайакемдин тогуз баласы тең келбетүү болгондуктан, аларга сымбат жагынан эвакуацияга келгендердин балдары тең келе албайт. Андрей тайакем жана Нюра тайежем узак ооруп жүрүп, көп өтпөй биринин артынан экинчиси акка моюн сунушту. Улуу уулдары Андрей, артынан кичүүлөрү Иван согушка чакырылды, майдалары каздын балдарындай ээрчишип кала беришти.

Саламатиндердин бүлөсүндө “баарыбыздын орток кайгыбыз” – майып Маруся бар; чоң энемдин айтымында, ал наристе чагында терезенин текчесенинен кулап, белин мертинтип алган. Жакын арада оорукана жок, айылдык эмчи-домчулар дарылай албайт, ошентип байкуш төрт аяктап жылып калат.

Марусяга окуганды жана жазганды мектепте окуган бир туугандары үйрөттү. Табиятынан колу чебер экен, кыздарга куурчак жасап, аларды тоту куштай жарашыктуу кийиндирип, баарыбыздын көзүбүздү күйгүздү. Балдар куурчактарга куруп берген үйдү айтпа! Маруся үйдө кыздардын улуусу болгондуктан сиңдилерине тамак-аш бышыргандан башка көйнөк-көчөктөрүн тигип, жыртыгын бүтөп, аларга баш-көз. Чарбанын жүгүн эркек балдардын улуусу Петя көтөрдү. Согуш бүтөргө чукул кан майданда жараат алган Иван менен Николай келди. Иван ай айланбай өлдү, Николай аракеч болуп кетти. Кайраттуу Маруся оболу облусь борборуна барып, согуш майыптарынын артелинде иштеди. Кийин борборго кетип, фабрикада тикмеч болуп жүрүп, өкмөттөн кол менен башкарылчу жеңил машине жана батир алып, Саламатиндердин бала-бакырасы үчүн балапандарын канат астына калкалаган мекиянга айланды. Өкүнүчтүүсү, өмүрү ченелүү экен, 50 жашында о дүйнө кайтты.

Башкалары тырмалаңдап тытынып иштешти, окушту, бирок эч кимиси бактылуу болбоду. Ооба, биздин кыштактагы бир да бактылуу үй-бүлө эсимде калбаптыр. Кээде катындар колхоздун арабасына кары-чобурду кошуп алып, коңшу кыштактагы базарга барышат. Эгер алар чоң энем экөөбүздү алышса, чоң энемдин аерде жашаган сиңдисине жеткенче өпкөбүз көөп, канатыбыз болсо учуп кетчүдөй теминип отурчубуз. Бирок биз кайда барбайлы, кимге жолукпайлы, баарынын сүйлөшкөнү – согуш.

– Эртең менен турасың, кечинде жатасың, ойлогонуң жалгыз согуш. Окуган дубаң да куткарбайт, – деп чоң энем кобуранчу.

Базарга баруу мен үчүн азаптын азабы эле: жол жээгиндеги ичке, шамал үйлөсө сынып кетчүдөй аянычтуу көчөттөргө боорум ооруп, баратканда беш чакырым, келатканда беш чакырым бою ар бир көчөткө: “Менин көчөтүм! Менин көчөтүм!” деп шыбыраганга үлгүрчүмүн. Аягында аябай чарчайм.

Бизди эң күттүргөн майрам – жылына бир жолу колхозубузга Фрунзеден чыныгы артисттер келип, эгин талаасында концерт берген күн. Артисттер келерин мурда билгендер балдарын кырманга эртелеп ээрчите келишет. Артисттерден кийин биздин катындар менен кыздар жапырт бийлешип, частушка7 айтышканда, артисттер алакандары кызарганча кол чабышат. Анан артистер менен биздикилер атактуу “Катюшаны” шыгыр ырдашат:

“Расцветали яблони и груши, поплыли туманы над рекой…”

Ошондо балким тоолор жаңырып, ”Катюшаны” кайталашса керек.

Төртүнчү кат

Кайда барба, кадам сайын «Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!» деген ураан - чакырыктар! Семёновкада иштин майын чыгарышчу жана күн кылайгандан көз байланганча чейин кара жанды карч уруп эмгектенишчү. Балдарды да тырмактайынан ишке үйрөтүшкөн. Менин биринчи сабагым бөлмөлөрдүн жертаманына ылай төшөө болгон. Топуракты, уйдун көңүн, бир аз кумду жана сууну суюк кылып чалып, ийлип алып ылайды чүпүрөк менен үйдүн жертаманына шыбап чыгасың. Мен адегенде ылайды тизелеп жайып жүрүп, ийилип жайганды бара-бара үйрөндүм.

Чоң энем көйнөгүмдүн этегин тутамдап белиме байлап берди (кыздар этеги тиземи жапкан көйнөктөрүн демейде жумасына бир жолу мончого түшкөн күнү алмаштырышчу, апам көйнөгүмдү андан эрте алмаштыртат эле; майрамда көйнөккө чөнтөгү бар алжапкыч кошулат, ыштан деген жок; кыздарга түрсүк мектептин ачылышын утурлай тигилет). Жертаманга ылайды узакта шыбап бүткөндө энем тепшини алып келип, бети-башыма, колдорума кружкадан суу куюп берет, бутумду, көчүгүмдү ным чүпүрөк менен аарчыйт. Ал күнү биздин үйгө баш баккандардын баары мени макташат.

Акырындап көп иш жасаганды үйрөндүм, бирок мен жакшы көргөн, кежигемди куруштурган иштер да бар болчу. Чоң энем менен тоокторго жем бергенди, чыйпылдаган жаш балапандардын оозуна оозумдан суу тамызып сугарганды, тоокканадагы уялардан жумуртка жыйнаганды, чоң энем уй сааганда сопоюп жанында отурганды жакшы көрчүмүн. Акырындап өзүм да уй сааганды үйрөнүп алдым (Кийинчерээк мектептин пионерлер дружинасынын8 башчысы кезимде, мартабамдын белгиси катары кофтамдын, курткамдын сол жеңине үч кызыл шоола тигип алууга туура келди; жайында жумушта жүргөн апамдын ордуна чак түштө кыштактын сыртына жаңы тууган сыйырды сааганы барганымда балдар мени көргөндө адегенде ышкырып, а кийин тамашалап, аскерлерче честь9 берчү болушту. Апам жумушта болгондуктан, түштө сыйырды мен саачумун.)

Ун элегенди кыйналып жүрүп араң үйрөндүм, бирок камырдан ар түрдүү фигураларды жасаган кандай ыракат! Мен маашырланып жасаган фигураларды чоң энем көмөч казанга салып бышырар эле.

Жашымда торопойлорго тамак бергенди жинимдей жек көргөм, каздардан өлө коркком; токумачылыкты, жип ийрүүчү чарыкта жана токуу станогунда иштегенди өзгөчө өнөр деп баалачумун.

Секелек жана өсүпүрүм чагымда токумучалыкка тиешеси бар бардык иштердин технологиясын үйрөндүм; мага жана өзүм курактуу балдар-кыздар үчүн эң татаалы, убакытты көп талап кылганы (эки жылга жуук) – зыгыр менен кара куурайдын буласынан кулач-кулач кылып кездеме согуу болду. Биз, жаш балдар, иш кезеги боз кендирди агартканга жеткенде жан алыбыз калбай сүйүнчүбүз. Апалар, чоң энелер адегенде өзөн боюндагы таштарга жайылган суу боз кендир канттай агарганча жумуру калтек менен тынбай түрсүлдөтүп чапкылашат, анан сууга кылдат чайкап, кургатуу үчүн көк жашаңга жайышат. Кезмалга жарактуу кендирди иттер, мышыктар, чымчыктар булгап кетпес үчүн бизди кайтартып коюшат. Кароолчулук кылганга катар сайда жайнаган сан жеткис түркүн түстүү таштардын арасынан чоңдугу сакадайларын тандап, чакмак таш ойнойбуз; сай бойлой өскөн гүлдөрдөн гүлтаажы жасап, сууга агызабыз. Кимдин гүлтаажысы Көлгө агып жетсе, анын каалаган тилеги аткарылат, бирок кайсы гүлтаажы Көлгө жеткенин ким текшерет, – Көлгө чейин 9 чакырым.

Бирок кыздар үчүн темир уста менен көрүк басып, барскан чапканканга, ат токуганга же арабага чегергенге уруксат жок болчу.

Бешинчи кат

Жердин бизден алыскы кыйырында согуш жүрүп жатты, а сельсоветтин чабармандары күнүнө ар бир кожолукка Совинформ-бюронун сводкаларын үзбөй жеткирет. Сводка10 деген сөздү мектепке барганда үйрөнүп, маанилүү сөз экенин шыр эле сездим. Согуштун жаңырыгы күн сайын бизге жетип: алгач кан майданга эркектерди узаттык, анан эвакуациялангандар келди, артынан кара кагаздар келчү болду, кийин жарадарлар келе баштады. Арасында анда-санда бир туугандай жакын өзүбүздүкүлөр болбосо, көбүнесе такыр чоочундар – Советтер Союзунун чар тарабынан. Аларды кучагыбызды жайып, гүл тапшырып, жупуну болсо да дасторкон жайып тособуз. Сельсовет жарадарларды үй-бүлөлөргө бөлөт, биз да ушундай квартирант алгыбыз келди! (Жарадарларды Семёновкага дарылоо үчүн алып келишти, алар айыккан соң кан майданга кайра кетишти, бирок айырымдары душман жеңилгенден кийин кайрылып келишти – бул ирет биздин кыздарыбызга).

Бир күнү биздин кыштактык эки мунжуну алып келишти – эстегенден да коркосуң. Бечараларды “обрубушки” деп аташты. Көпчүлүк таштай катып, үн-сөз чыгарбай, ыйлап-сыктабай, сүйүнбөй, ар бирин дайындалган үйлөрүнө колмо кол көтөрүп киришти. Анан алар жашаган эки үйгө ар ким тапкан азыгын ташычу болду, бирок босогого жакындаган сайын эмнегедир баштары жер тартып ылдыйлап, бойлору кичирейип, бечаралардын жанында колу-бутун кайда жашырганды билбей ийменчиктеп кыйналышчу...

Жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө облус борбору Пржевальск шаарына барсам, шаардын ортолугундагы мунжулар дайыма отурган жерге атайын барчумун. Кимдир бирөөдө колу же кол ордуна солдойгон каруу болсо, башкасынын буттары тизеден ылдый же жоон сандан жок, ал эми колу-буту жокторду өсүпүрүм балдар коштоп жүрөт. Эптүүлөрү өздөрү жасаган жөнөкөй заттарды сатышат, экинчилери ордендердин планка – калакчасын сатыкка коюшкан, үчүнчүлөрү карта ойноону сунуш кылышат. Алардын катарындагы колу-буту жок мунжулардын алдында дайыма ичи асман караган кепка11 жатат, боору ачыган адамдар бир тыйындан таштаса да, кечке чейин нанга жетчү акча чогулат. Мен дайыма жаныма майда тыйындарды камдап алчумун, береги катардан өтүп баратканда, өзүмө өзүм Зоя Космодемьянская сыяктуу эр жүрөк, эрки күчтүү болом деп, мостойгон калыбымда ар бири мунжуга сары чака калтырам. Көп жылдардан кийин Валаам аралына барганда бизге жеңиш алып келгендердин тагдырын билип, көпкө шолоктоп ыйлайм...)

Алтынчы кат

Бир күнү капылеттен эле менин кичинекей дүйнөм ээнсиреген жалгыздыкты сезди. Фронтко12 Антон таятам, тун уулу Василий кетти, көп узабай артынан экинчи баласы Иван да чакырылды. Бул бүлөдө жалгыз эркектана Фёдор калды, ал коңшу кыштакка каттап 7-класста окуйт, себеби биздин мектепте башталгыч гана класстар бар. Эми үйдөгү эркектер аткарчу бардык жумуш Фёдордун жана үч жарым кыздын мойнунда жүктөлдү. Жарым дегеним – эки кожолукка тең бөлүнүп кызмат кылган мен. Таятамдын эки улуу кызы күйөөгө чыккандыктан өзүнчө түтүн булатышат. Экөөнү (бири – менин апам) эл арасында солдатка13 дешет. Кичүү эки тайежем бизден 100 чакырым алыстагы шаарда мугалимдик окууда. Үйдө менден улуу Тоня, менден эки жаш кичүү Фаина (тайеже имиш) жана жашы баарыбыздан чоң Паша бар. Тайенем колхозго жумушка кеткенде, Паша бизди тигини кылгыла, муну бүткөргүлө деп башкарып, ныпым тындырбайт.

Биздин үйдө сүйүктүү Анна чоң энем экөөбүздөн башка эч ким жок (көп өтпөй мен аны апа дечү болдум, ал мага улуу көрүнчү, болбосо мен көрүнгөндө чоң энем 39 эле жашта экен), бирок туугандарыбыз менен кирген-чыккандардын аягы үзүлбөйт. Мени тууган, ууздай жаш, супсулуу апамды жумалап көрбөйм: эртеден кечке колхоз жумушунда, кээ күндөрү кечкисин Кызыл үйгө башбагып калат. Анын үч класс билими бар, сабаттуу деп ага ишенишет. Кызыл үйдө бир нече китеп, эски гезиттер, шашки, шахмат бар. Апам шахматты куурчак ойногондой жакшы көрөт.

Апамды анда-санда жол курууга жөнөтүшөт. (Ысык-Көлдү тасмадай айланган жападан жалгыз автожолдун тоо этегиндеги, ой-дөңдөрдөгү, өзөн суулар өткөн бөлүктөрүн дайыма, атгүлүл согуш учурунда оңдоп-түзөп, кеңейтип турушчу. Андай жерлерге чукулдаганда мен курактуу балдар коркконубуздан арабадан шаша түшүп, жөө басчубуз.

Өмүр бою көк жөтөлдөн айрылбаган Егор таятам эмгек майданына алынды, анын артынан Алёша таякем согушка чакырылган соң мени моюнуна мингизип, аба жара каткырып же бакырып-кыйкырып, тайлактай желген эч ким калбады. Апамды бара-бара көпчүлүк тейде Вера деп атачу болдум, ал эми согуштан кийин экөөбүз тең киндик каныбыз тамган Семёновкадан биротоло кетебиз, анан кыштакка каникул мезгилинде гана келчү болом жана Вераны “апа” деп айтканга кайра үйрөнө албай көпкө кыйналдым...

Жетинчи кат

Чоң энелер, ооба, чоң энелер эми бизге генерал болуп калышты. Дагы бир күтүүсүз окуя: кыштакка көзгө жат кийимчен, мурдакы эвакуацияга келгендер сыяктуу сымбаттуу, бирок тили чоочун адамдарды кайра алып келишти. Чечендер! Алардын кайсы элден экенин биз тез эстеп калдык. Аларды кайда, кимдикине батырат?

Бир үй-бүлө биздин кампага жайгаштырылды. Чоң энем “тиякта аз да болсо азык-оокат деген бар, баарын жеп салышат, балакет баскырлар...” деп сүйлөнүп жатты. Алар эч нерсеге тийишпеди, колдорунан келишинче үй тирилигибизге көмөктөшкөнгө аракеттеништи, атүгүл балдары бизге күмүш кашык көрсөтүштү, мурда мындай сөздү уккан да эмеспиз. Анысынын өңү кирчимек тартып турат! Арыктагы сууга кум же күл менен жуубайбы?

Алтын жөнүндө эчен ирет эшиткенбиз, бирок эч көрө элекпиз. Ырас, Анна чоң энем нике тоюнда салынган шакегин колунан түшүрбөй тагынып жүрөт, бирок шакегим биздин самоор сыяктуу алтын эмес деп өзү айткан.

Биз чечендерге көнбөй жатып, Семёновкада өңдөрү азган, кийими тозгон адамдар пайда болду; биздин үйгө өзүн тётя14 Поля деген аял жана эки баласы: Васька жана Толик келишти. Балдар кейпине караганда менден бир кыйла улуу. Үчөө тең менин Анна чоң энемдин алдына чөгөй калышып: “Ради Христа! Ради Христа!”15 деп жалбарып жатышты

Чоң энем аларга мончодо жашоого уруксат берди. Мончонун мешинде морусу жок болгондуктан, от жакканда түтүн канааны каптап, толгондо каалгасынан сыртка чыкчу, бирок мончонун астына (горница16) такта төшөлгөн жана киши жаткандай текче-секилери бар.

Бир күнү чечендерди башка жакка көчүрүштү, ошондон кийин биздин үйгө мага каптагандай окшош, бирок чачтары кара тармал кыз келчү болду. Ал кыштакты кыдырып чыкканда, демейде өзүн куру кол кайтарбаган үйлөрдүн алдына барып: “Мама, базара остался! Мама базара остался!”17 – деп ыйлактаган үн менен кыңылдап киргендиктен, көпчүлүк аны Базара деп атап калышты. Мен аны жакшы көрчүмүн жана аячумун, жашым уулу болсо, үйгө кийирип алмакмын. Анын келерин утурлап, бир жегендей болсо да азык камдайм, а чоң энем көңүлүнөн чыкканын берет; мен камдаганымды аны короодон узатып жатып беремин, үстүндөгү бизде жок кийимин дайыма сылап-түзөгөнгө аракет кылчумун...

50-жылдардын аягында биздин Семёновкага сымбаттуу, жара-шыктуу кийинген Базара келиптир. Өзүн бизге көрсөтүп, бир кезде ага жок дегенде бир мертебе мээрим төккөн адамдарга ыраазылыгын билдиргиси келгендей. Биздин короого кирип, карылыкка алдырган Анна чоң энемден мен жөнүндө сураптыр. Мен ал мезгилде Кыргызстандан миң чакырым алыста элем, менин дарегимди берип, экөөбүздү байланыштырып койгон эч кимдин оюна келбептир. Болбосо почта байланышы согуш жылдары да иштеп турбады беле!)

Сегизинчи кат

Бизди, кенжелерди ачкачылыктан сакташты, бирок кайырчылар көбөйдү, атүгүл кайыр сураган чалдар да келе баштады. Биздин көчөдө жашаган боз улан ачуу данекке ашыкча тоюп алып, башы жар сайды. Анын жайын түшүндүрөйүн. Ар бир короодо өскөн өрүктөрдүн арасында данеги даамдуусу да, данеги ачуусу да болот, бирок алардын данеги ачуусу көп эле.

Бир күнү коңшубуздун кызы Клаша курбулары менен түн жамына колхоздун кампасына уурулукка киришсе, кароол аларды кармап алып, кызыл камчыга алып сабаган экен, Клашага баарынан көп тийгенби, турбай жатып калды. Уурулук да кыштакты кара таандай каптады. Колуна тийгендин баарын уурдашты. Кайсы бир түнү биздин тооккананын тамарка жагындагы дубалын сындырып, дээрлик бардык тоокторду алып кетишти. Биз жер сабап отуруп калдык...

Демейде кечке жуук чоң энем мени кыздар менен (балдар өз алдынча ойношчу) ойногонго жиберет, колума карматкан токочтун чекесинен кыздарга бирден тиштетип, калганын тызылдаган бойдон Клашага алып барып берем. Байкуштун өмүрү кыска экен, бачым кетти. Ошондо чоң энем экөөбүз чарчаганча өксүп ыйладык.

Мария чоң энемдин үй-бүлөсү “өлбө, жаным, өлбө” деп эптеп жан багып жатты: ак нанды көрбөгөнүбүз качан, нан ченеп берилет – бир кесимден. Бизден улуу Паша өз үлүшүн үн-сөзсүз Тоня, Фаина жана мени менен, тайенем опол тоодой көргөн жардамчысы – Хведе (Федя) менен бөлүшөт. Уюбуз саандан чыккандан кийин аш катыкка зар болуп аябай жүдөдөк. Ошондо коңшулаш Кожояр кыштагында жашаган кыргыз абышка чобурун кыбыратып, жумасыны эки жолу бир чекушка18 сүт алып келип турду бизге. Чоң энем ага Аксакал деп кайрылчу, кантип сыйланды билбей, дайыма чай сунуш этет. Арийне, чайды кыргыздар тейде пиялага куюп берет. (Жогорку класста окуп жүргөндө бир мертебе каникулга барсам, үйүбүзгө кырчындай жаш кыргыз жигит келди. Чоң энем чоң майрамдагы сыяктуу үстөлгө дасторкон жайып, конокту кантип сыйлам деп бир топ убараланды. Көрсө, береги жигит баягы чекушка менен бизге сүт ташыган чалдын баласы экен. Чалдын көзү өткөндөн кийин баласы анда-санда чоң энемди сурап кирип калчу. Ал биздин үйдүн сыйлуу коногу эле!)

Тогузунчу кат

Анна чоң энем чарчадым деп көп даттанат, мен чарчоо эмне экенин түшүнөм, бирок бир күнү күтүүсүздөн байкадым: элдин баары чарчаганын... Кичүүлөр да, чоңдор да, там-жайларыбыз да, алтурсун көчөлөр менен бак-дарактар да. Иттер, чымчыктар азайып, ырдаган адамдардын үнү суюлуп, чиркөөгө да адамдар сейрек барып калыптыр.

Бирок биз жетилип, айлана-чөйрөгө болгон кызыгуубуз өсүп баратты. Күндүн күркүрөгөнү, чагылган, булуттар тууралуу суроолорубузга чоң энелердин берген жооптору бизди канааттандырбай, Жер бетиндеги бардык тирүү жандар эмнеден пайда болду, кайдан жаралды, биздин ичибизде эмне бар, Ааламдын чети кайда деген суроолордун жандырмагын тапкыбыз келди. Чоң энем жүрө-жүрө менин суроолорума кол шилтеп, көчөгө барып ойноп кел дечү болду. Кээде “Көп билсең, тез картаясың” деп, жанымды кашайтат. Картайып өлгөндү ойлосом, жүрөгүм опкоолжуп, өкүрүп ийчүүдөй корком; чоң энем менен өмүр бою ажырашпай жүрө берсем деп тилейм; өзүмдү түбөлүк жашачудай ойлойм.

Балапандай кезибизден мектепке баргыбыз келет эле. Окуганды, жазганды билбейбиз, адегенде жыйырмага чейин санаганды үйрөндүк, анан кыркка, кийин жүзгө чейин санай баштадык. Кыздар менен мектепте окуганды көп ойночу болдук, дептерди там арка жерлерден тапкан эң чоң жана жумшак жалбырактардан жасайбыз, калемди кайдан алабыз деп баш оорутпайбыз, айланада чыбыктан көп нерсе жок.

Ал кезде биздин кыштакта дүкөн жок кез, бирок “сатып алуу”, “сатуу” деген сөздөр бармактайыбыздан кулагыбызга сиңген. Бизге алдагы сөздөрдү чакан жабык арабага чоңдугу коделектей эшек чегип алган кытай киши үйрөттү. Ал кыштакка жыл сайын жайында келет, көчө менен кыбырап жылып, тамагы жарылганча: “Боёк, тангор! Боёк, тангор!” деп дембе-дем кыйкырат.

Акча жок, бирок ал түркүн түстүү боёкторун эмнеге алмаштырганын билишчү. Боёк болбосо, кийим тигүү мүмкүн эмес! Анткени секелек кыздарга, бийкечтеге, апалар менен энелерге жарашыктуу кездемелердин түсү балдар менен эркектерге ылайыктуу кездеменин түсүнөн айырмаланып туруу керек. Эркектер дегеним беш-алты чал, алар да ыштансыз жашай алышпай калышкан.

Кыштакта тангордун ордуна бергендей азык же зат таппагандар да болор эле, бирок менин чоң энем дайыма тангор алмаштырып алчу. Тангор – узундугу сөөмөйдөй, формасы калем саптай жумуру, өңү аппак, назик, таттуу оокат! Аны не сөз менен сыпаттоо, не калем менен сүрөтүн тартуу мүмкүн эмес. (Экинчи, балким үчүнчү класста окуп жүрүп, биринчи жолу “кум шекер” деген сөздү эшиткенимде, көз алдыма көлдөгү, өзөндөгү майда кумдун элеси тартылган; а биринчи жолу алаканыма кум шекер салып беришкенде, анын өңү тангордой ак экенин билдим. Жалап көрүп, тангор да кум шекерден жасалган экен деп ойлогом.)

Жекшемби күндөрү күн батарга аркан бою калганда чоң энем менен дарбазанын сыртына чыгып, көчө карап отурганды жакшы көрчүмүн. Ал жерде базар да ойнойм, акча ордуна теректердин бариктерин колдоном, бариктер дөңгөчтөн өскөн ар бир бутакта жайнайт; дөңгөчтүн үстүнө бардык товарымды: жаш буурчактын саадактарын жана жаш сабиздерди жайып коём. Ошондо мен үчүн эстен чыккыс бир күн болду. Колхоз башкармасы, согуштун катышуучусу бутун такылдатып келип калды. Анын бир бутунун ордуна таманына тегерек темир така кагылган жумуру жыгач байлангандыктан, элдин баары аны Стуконожка дешет. Ал биздин жаныбызга токтоп саламдашты жана чоң энем менен жакында болчу Жеңиш жөнүндө сүйлөштү. Андан кийин мага кайрылды:

– Сенин товарыңдын баасы канчадан?

– Бул товар эмес, – деп тартынбай шакылдадым мен. – Бул жаш буурчак жана биринчи сабиз. Баары бир сомдон.

– Ошондойбу? Кана, мага эң чоң сабизди тандап берчи.

Чоңун алып колуна сундум, ал гимнастёркасынын төш чөнтөгүнө колун салып, нак акча – бир сом алып чыкты!

Чоң энем кокуйлап жиберди:

– Болбойт! Петр Василич, бала да али, карабайсызбы, акчанын ордуна теректин бариги толтура бар.

– Жок, жок, дүкөн, товар жана сатуучусу да чын болгондон кийин акча да чын болуш керек. Эсен болуңуздар!

Башкарма сабизди бир тиштеп алып, басып кетти. Чоң энем дагы бир топко чейин жумуртка баскан тооктой какылдап жатты, а мен өзүмдү ошол күнү эң бактылуу сездим, акчаны алаканыма жумган бойдон уктам калдым.

Онунчу кат

Жай аяктады, мени мектепке даярдап жатышты, чоң энем Вера менен чогуу мага көйнөк тандашты, бир колу жөндүү абышка тиккен сандалды кайдан жайдан таап келишти. Вера эбак эле жаңы боз кендирден сыя челек жана тамак-аш салчу бир чоң, бир кичине чөнтөгү бар, эки туткалуу баштык тигип койгон эле. Баштык алмашып кетпес үчүн бир капталына данектей кулпунай торлоп койду. Кайдан экенин билбейм, дептер жана калем да табылды. Дагы көптөн кийин сыя челекке жеттим.

Чоң энем: “Азыртан башыңды ар нерсе менен толтурбай, дагы бир жыл мени менен отурбайт белең”, – деп күңкүлдөп жүрдү.

Ал күн да келди. Эртелеп чоң энемдин артынан эле турдум, ал чогулганга жардамдашып, дарбазага чейин узатты. Мектепке барчу жолду билчүмүн, мектеп чиркөөдөн алаканга салгандай көрүнүп турчу. Кечикпейин деп эрте бардым. Мектепке барсам, кароолдон башка бир жан жок. Мени көргөндө таң калып: “Чья такая отличница?” деп сурап, башка балдар келгенче, босогодо отурууну буйруду. Ушунчалык толкунданган экенмин, мектептеги биринчи күн эсимде элес-булас гана калыптыр. Жаш, сулуу эжекени күтүп жатсам, улгайган аял келди. Анын аты жана тек аты татаал экенине карабай, ошол замат Агафья Платоновна деп эстеп алдым. Биринчи мугалимимди узак жылдар эстеп жүрдүм: ал аябагандай жароокер, атүгүл чоң энем менен тайенемден да жароокер эле.

Биринчи сабакта мугалим биз жеңебиз деп кулагыбызга куйган соң, өзү баарыбызга карматкан таякчалар менен кошконду жана алганды үйрөндүк. Танаписте көпчүлүк кыздар эжекенин үстөлүнө ал үчүн алып келген тамактарын көтөрүп жүгүрүп барышты. Балдардын арасынан кимдир-бирөөнүн: “Кошоматчылар!” деп ызырынган үнү угуп, Агафья Платоновнага берейин деген алмамды бере албай айбыктым.

Колхоз башкармасы чоң энем менен Жеңиш жөнүндө сүйлөшөт, мектептеги биринчи сабак Жеңиш жөнүндө болду, бардык балдар Жеңиш жөнүндө ойношот. Биздин Тоня мени жана Фаинаны жолдун аркы бетинде жашаган чаар Фросянын үйүнө ээрчитип барып, чогулган кыздарга кошпой четке отургузуп, тынч отургула деп буйруду. Анан муштумун кулагына такап: “Москва! Москва!” деп кыйкырып кирди.

Сүрөттө: Түп мектебинин өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин катышуучусу Александра украиндердин “Гопак” бийинен кийин.

Тоня артист болууну каалагандыктан чоң энемдин эски жоолугун желкесине жаап алып, Фаина экөөбүзгө согуш жылдарынын кооз ырларын ырдап бергенди жакшы көрчү. Элдин баары жатка билчү ал ырларды.

– Соловьи, соловьи, не тревожьте солдат, пусть солдаты немного поспят…

– На позицию девушка провожала бойца, тёмной ночью простилися на ступеньках крыльца…

– Вьётся в тёплой печурке огонь, на поленьях смола, как слеза…

– И лежит у меня на плече незнакомая ваша рука…

– Синенький скромный платочек…

– Узнай, родная мать, узнай, жена – подруга, узнай далёкий дом и вся моя семья…

– Артиллеристы, Сталин дал приказ!

Тоня ошентип Москвага кыйкырып болуп, бизге буйрук берет:

“Бардыгыңар чогулгула! Элди жыйнагыла! Жеңиш! Жеңиш!”

Баары Тоняны жабалактап тегеректеп алышты, биз Фаина экөөбүз тамагыбыз айрылганча кыйкырабыз: “Жеңиш! Жеңииишш!” Бирок Жеңиш күнүнө чейин дагы көпкө чыдашыбыз керек болот.

ЭПИЛОГ

Фронтовиктердин айрым бирөөлөрү гана Семёновкага кайтып келишти, алардан көп жашагандар болбоду. Баарынан кийин согушта туткунга түшкөн эки адам келди. Алардын бири акылдуу, ачуусу чукул Д.В. жаңыча жашаганга умтулуп, өзүнө мурда кыштакта жок там салды, айланасына гиластин көчөттөрүн, гүлдүн түрлөрүн көп тикти. Карыялар, жаш балдар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт, бирок кыжыры тез кайнайт. Сыягы, ич дүйнөсүндө жүрүп жаткан согуш жанына тынчтык бербеди окшойт, балдары бир аз чоңойгонун күтпөстөн өзүн өзү атып тынды. Согуш туткуну болгон экинчи адам – А.Г. тынч жашап, унчукпай жүрүп, өз ажалы менен өлдү.

Кан майданга кеткендердин арасынан өз эрдиги менен Семёновканы кылымдарга даңктаган жигит да чыкты. Кыштактын ортосунда Улуу ата мекендик согушта курман болгон жердештерибизге орнотулган эстелик турат. Эстеликтин постаментине жазылган тизмеде Пётр Колесников, Советтер Союзунун баатыры деген жазуу да бар. Эстеликтин айланысындагы гүлбакча бүгүн чакан бакка айланган, кыштактагы орто мектеп Советтер Союзунун баатыры Пётр Колесниковдун ысмын алып жүрөт.

Согуштан кийин эл тез эле мурдакы калыбына түштү, бирок турмуш жайбаракаттык менен узакта барып оңолду.

Биз өсүп эрезеге жеттик, жетилдик, турмуштун жаңы сыноолорун баштан кечирип, жаңы кубанычтарына сүйүндүк, бирок учу-кыйырсыз советтик өлкөбүздүн жана анын адамдарынын чыныгы тарыхына күбө болуу баарынан кыйын болду...

Эң таң калычтуусу, баягы печеньенин сыйкырдуу жытын такыр унута албадым; ал жытты тынбай издедим, Фрунзеде издедим, анан Москвада, Ленинград – Петербургда издедим, атүгүл Европанын шаарларында издедим... Тапканым жок.

Балким ал менин балалыгымдын жыты болгондур?

Орус тилинен Амирбек АЗАМ уулу которду

Түшүндүрмөлөр:

1. Баржа – ичине жүк салып, кемеге чиркелип жүрүүчү чоң кайык.

2. Пристань – деңиздин, көлдүн же дарыянын жээгиндеги кеме токтоп, жүк жүктөө, жүк түшүрүү сыяктуу иштер аткарылуучу жай.

3. Рыбачье – бүгүнкү Балыкчы шаары, Рыбачье 1909–1993-жылдаркы аталышы.

4. Фрунзе – бүгүн Бишкек, Фрунзе деп 1926-жылы аталып, 1991-жылы мурдагы аты Бишкекке кайткан.

5. Дядя – байке, ага, аке.

6. Сельсовет – кеңеш заманында айылдык кеңештер кыргыз тилинде да ушундай ырасмий аталган жана жазылган.

7. Частушка – оозеки эл поэзиясынын чыгармасы, белгилүү бир күү менен аткарылчу эки сап же төрт сап ыр.

8. Дружина – мектептеги пионерлер отряддарын бириктирген кошуун.

9. Честь – честь берүү – аскердик тартип боюнча баш кийимине оң колун тийгизип, салам берүү.

10. Сводка – жыйынтыктап кыска берилген маалымат.

11. Кепка – чекеге келген жеринде кыры бар фуражка сыяктуу баш кийим.

12. Фронт – согуш жүрүп жаткан майдан.

13. Солдатка – согушка кеткен жоокердин жары же күйөөсү согушта өлгөн аял.

14. Тётя – атасынын же апасынын бир тууган карындашы же сиңдиси, ошондой эле жашы улуу аял кишиге кайрылганда колдонулчу сөз.

15. “Ради Христа!” Кыргыз тилинде “Кудай акы!”

16. Горница – жогорку кабаттагы бөлмө. Бирок бул тексте мейманкана деген мааниде.

17. “Мама базара остался!” Туурасы:“Мама осталась на базаре!” (Апам базарда калды!).

18. Чекушка же четушка. Көлөмү 246 мл шише.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз