Адилет Бакытбек уулу: Атаңдын башына...

  • 29.03.2023
  • 1383

АҢГЕМЕ

Ичинде сүттүн жугу гана калган бир литрлик графинди көтөргөн Абыл үйүн көздөй жай басып баратты. Оюнда үйүнө чейинки аралык узарып, маа демектен жылдык, керек болсо кылымдык жол болуп кетсе да, үйүнө жетпесем элеби деп баратты. Анткен сайын он кадамды бир аттагансып, жолдун жарымынан ооду. Суудан өткөндө үйүнүн жолду караган “Т” тамгасындай үчкө бөлүнгөн терезеси аны күзөтүп тургансып, бир ирмемде жеңден тартып кирип кетчүдөн бетер тике карап турат.

“Сүт кана” десе эмне деп жооп айтарына сөз таппай ичи эңшерилип, алган деми ичине батпай көкүрөгү өйүп жатты. Ансайын башы алдыга салаңдап, канча шашпайын деген сайын кадамы өзү эле шилтенип барат. Жол боюнда тосулган тикенек зымды жээктеп, ар бир түркүккө кол тийгизип, болушунча кадамын жайлатты.

Конокаалынын зымы бүтсө эле жол. Жолдун өйүзүндө балага бүтпөс азаптуу сурак турат. Аягына 2–3 түркүк калганда зымдын ар бир тикенегин кармалап, ошол тикенекке чырмалышып чыкпай, зым менен зым болуп калсам деди оюнда. Анан мени таппай калышса, зым түбүндөгү графинди таап алып, зымга сүртүлгөн канымды көрүп ыйлашса... Мен тикенек зым болуп аларды карап турсам деп ойлоп, көзүнөн жаш кылгырды.

Оролгон ар бир тикенек зымга көңүл коюп, тигиле карады. Аңгыча терезенин ичинде өбөктөп алып кол булгап чакырган апасын көрдү. Графинди дароо далдоосуна алып, баратам дегенсип ордунан жай жылды. Апасы бир саамга карап турду да ары басып кетти.

Бала үйгө жакындаган сайын жаны тозокко батып, айтаарга сөз издейт. Ою ага баш бербей ойт берип, ар нерсеге алып учат. Бул көчөдө жашоочулардан бөлөк киши баспагандыктан жолдун ортосун, жээктерин дайым чөп басып турат. Жол жээги менен бирде зымдын ичине кирип, бирде сыртына чыгып, тынымсыз жөрмөлөп, демейде сырдашы эрмеги болчу суу да азыр кайдадыр шашып, бир сөз айтмак турсун бейтааныштан бетер шуу коюп агып кетип жатты.

Акыры короого кирди. Графинди эшиктин алдындагы бут чечме өңдөнтүп куюлган цементке коюп, өзү тамдын бурчунда карап турду. Эшик ачылса дыр коюп тамды айланып качканы турат. Жүрөгүнүн соккону даана угулуп жатты. Кайра графинди көтөрүп алып сүт сурап келгиси бар… Бирок азыркы кабылып келген кордугуна кайра басып баргысы жок.

Графинди көтөргөн бала тиги көчөгө жөнөгөн. Азыр кандай абалда турса ошондой абалда жөнөгөн. Бул көчөлүктөр тигил көчө деп атап койгон ал жерде кыймыл көп. Ак Муздан Борондуга каттаган машинеби, атчаныбы, арабачаныбы – ошондо өтөт. Жол тапталып, урчук таштары оркойсо да тыкан эле. Анан да көчөнүн дал борборунда Тооктун камогу бар. Үйдөн чыкканда “атаң Тооктукунда жок бекен, карай кел” дегени да эсинде. Бул кеп баланын кысынганын ансайын күчөттү. Кудай жалгап көчө ээн, кыбыр эткен жан көрүнбөдү.

Жан дүйнөсү бир аз жеңилдей түшкөнү менен азыр барып сүт сураш керек. Капталдан бирөөнүн “ээй, көк сүткө баратасыңбы” дегени – кулагын шибеге менен көсөгөндөй угулду.

– Жок, – “Ооба” дегенден намыстанды. Караса, чогуу окуган классташы да, байкеси да бир топ балдар болуп короодо шитке чыгып ойноп жатышкан экен.

– Көк сүткө баратсаң, бизге эле кел. Куюп берели, – деди жөн туруп калбай.

– Жок, жөн эле баратам, – апасы Динардыкынан да сурап көр дегенине карабастан өтүп кетти.

Үйүндө карандай суу менен отуруп, намысты не кылат экен. Башка бирөө болсо чуркап эле кирип бармак, бирок бала анткен жок. Чынардыкында жок болуп калса эмне кылам деген ой көкүрөгүн эзди.

Моюнунан эки эли бөксө сүт куюлган графинди көтөрүп, артына кайтты Абил. Жолдон гүлгө окшогон таш көрө калып, сүтүн жерге койду. Эңкейип ташты колуна алды да, таңыркай айландыра карап чыкты. Азыркы жан кейиген абалы унутулуп, үйгө барып сүткө бышкан быламык жейт экенбиз деп кудуңдады. Сүткө бышкан быламыктын кырмычыгы да даамдуу эмеспи. Карандай чайдыкы – ачуу. Быламыгын көп жесең да, кускуну келтирет.

Сүттүн кырмычыктуу даамы оозуна келип, үйгө эртерек жетүүнү ойлоду. Минтип кооз таш да таап алды. Ушуну ойлоп артка бурула бергенде, согончогу графинге тийип, сүт төгүлүп кетти…

*     *     *

– Канча болду кеткениңе?!

– …

– Кана сүт?

– Сүт жок экен…

– Эртең менен эле саадым дебеди беле?

– Билбейм, жок деп койду.

Апасы бир азга унчукпай туруп калды. Анын көзүнө жаш тегерене түшкөнүн байкады бала.

Апасы графинди алып, зымдын жээгиндеги арыктын суусуна чайкады да, тиги көчөнү көздөй жөнөдү…

– Апа, кайда барасыз?

– Атаңдын башына!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз