Кубантай Эрназаров: Сараң

  • 30.03.2023
  • 1552

АҢГЕМЕ

Бапы нан жебестен уйкусы качты. Үч күндөн бери таң аткыча шыпты тиктеп жатат же мындан көз кургур илинип кетсечи. Түн ичинде жумулган көздөр өзүнөн өзү ачылат да, күндүз талыган көздөр үргүлөп, башы зыңылдап ооруйт. Уйку дары ичиштен коркту. Былтыр да ушинтип уйку качканда дары ичип уктап көнүп калыптыр. Кийин бул адаттан араң дегенде кутулган. 

Төртүнчү күнү жубайы эрте менен мал жайлаганы турса, Бапы нан жебес коңурукту кош тартып терең уйкуга кетиптир. Аялы ичинен кудуңдап сүйүндү. Эми уйкусун кандырып алсын байкуш. Аркы бөлмөдө чурулдап мектепке жөнөп жаткан балдарына атасынын уйкусун бузбагыла деп эскертип, өзү сыртка чыгып кетти. Балдардын баары эрте менен сабакка кетишет да, малдын эрте мененки түйшүгү жубайы менен Бапы нан жебестин мойнунда. Бул ирет жубайы уктап кеткен байын аяп, малга өзү чыкты.

Жубайы сарайга келди. Бапы байдын короосуна мал батпайт. Сарайдын оң ыптасында Бапыга караштуу оокаттар жайгашкан: тияк-биякка мингени жети орундуу жеңил авто-унаа, чөп ташыган унаа, жүк ташыгыч чакан портер, андан арыда айыл-чарба трактору. Тракторду быйыл эки миллионго алды. Жазгысын жер айдап, жайында чөп чапканы ижарага берет. Керектүү учурда өзү иштетет.

Бапы байдын негизги жүрөк өйүгөн маселеси – колуна эч эле малчы токтобогону. Алгач алыскы туугандарынан бирөөнү таап келип жалдады. Колунда жок имиш. Анысы жай этектеп, жайлоодон өөнгө кайтар малда айтпай-дебей качып кетпеспи. Имиш-имиш кепке караганда, малдын түйшүгүнө эмес, берген тамагына алымсынбаган шекил. Ушундан көрө өз үйүмдө ачка жүргөнүм жакшы дептир. Аны кайсы узун кулак уга койгону белгисиз.

Кийинки жылы эрте жазда шаардан бир мандикер таап келип малын каратты. Айлыгын сураса, ар кайсы шылтоону айтып тил эмизип, бекер иштетип жүрө берди. Мунусу да жай этектеп калганда өнөр көрсөтүп, айлык бербейсиң деп Бапы нан жебес менен уруша кетет. Бир күнү мал жайлап жүргөн жеринен Бапынын үйүргө койгон чабдар айгырын токуп минип, жайыттан ары качып кеткен барабар ал да жок. Милийсага берсе да табылбады. Документи жок, шаарда көрүнгөн ишти жасап күн көргөн малай эле.

Мандикерден көңүлү калбаган жаны кийинки жазда шаардан дагы бирөөнү таап келди. Үй-жайы жок, ар кимдин ишин кылып тиричилик өткөргөн эргул экен. Бапы жаны жок жалаң ушундай адамдарды издейт. Мунусу саал жоош чыкты. Курсагын тойгозуп койсоң, баш көтөрбөй иштеп жүрө берет. Эртеден кечке жайлоодо мал кайтарат. Айлыгын деле сурабайт. Күзүндө алармын деген үмүткө жетеленип жүрө берди.

Балакеттин баары күздө мал жайлоодон түшкөндө башталды. Баягы мактаган жоош мандикери жооштон жоон чыгат болуп жаздан берки айлыгын эсептеп, мага мынча бересиң деп чыкпаспы. Муну укканда Бапы нан жебестин көзү чакчайды. Анан экөө уруша кетти. Акыры мандикер берген акчасын алып, жерге чыйт түкүрүп, үйүнө бир түнөбөй кечке маал чыгып кетти. Жайлоодо жүрүп таанышкан ашынасынын үйүндө жатып, Бапы нан жебестин жоруктарын төкпөй-чачпай айтып, болушунча шыбаптыр. Эртеси шаарга жөнөгөн авто-унаага олтуруп кеткенин көргөндөрдөн укту.

Ошол жылы кышта түнкүсүн жойлогон карышкыр Бапынын короосуна бастырып кирип, жыйырма койун жарып кетти. Ошончо үйдөн түптүз Бапы нан жебестин короосуна киргени таң калыштуу.

Айылда Бапынын бир тууган иниси жашайт. Көп балалуу, колунда жок киши. Агасынан үмүт этип майда-чүйдө жумуштарын кылымыш болуп үйүнө ат тезегин кургатпай келет. Анын үйгө келиши Бапы нан жебеске жакпайт. Байдыкын тоноп жеш керек дегенге көнгөн эргул ар келген сайын үйдөн колго илинген оокатты жымырып кетет деп жактырбайт. Ошого аны тиричилик кокодон алып турса да, көп чакыра бербейт.

Быйыл жайда күтүрөгөн мал менен Бапы үй-бүлөсү баш болуп жайлоодо мал менен кошо мал болуп кала жаздашканда, агамдан бирдеме өнүп калар деген үмүт менен иниси уулу менен кызын мал карашканга жөнөтүптүр. Балдары тырбаңдашып чыйрак. Жумшаган ишке кете беришет. Баладай болуп кылайып сөз кайтарбайт. Булардын келгени бир аз малдын тиричилиги жеңилдей түшкөнсүдү. Бирок бир айдан кийин Бапы нан жебес аларды өөнгө кетирип жиберди. Өзүнүн айтуусуна караганда, балдар ишти катыра кылганы менен, бирок тамакты көп жешет экен. Ачка жүрүп көк ичеги болуп калган кургурларга Бапы нан жебестин ошончо оокаты түтпөптүр.

Күтүрөгөн малды араң жайлап бүткөн жубайы күн аркан бою көтөрүлгөн шашкеде бөлмөгө кирип келди. Бапы бай коңурукту үй менен бир тартып дале уйкуда. Жубайы ичинен сүйүндү. Салкын бөлмөнүн ичи тыптынч. Аркы өйүздөгү алыскы үйлөрдүн биринен чыккан музыканын, микрофондо кыйкырган тамаданын үнү терезеден акырын угулуп жатты. Берекелүү күз маалы эмеспи. Айылда эки-үч күндүн биринде той: бирөө келин алып же кыз узатат. Дагы бири уул той, үй той өткөрүп, айылга тарактатып улак берет.

Шырп алдырбай басып үстөлгө жапкан кымыз, түндө жасалган куймактан койду да, кымызды кесеге акырын куюп, куймак менен ичип олтурду. Уктап жаткан байы түш көрүп жаткандай, утур бирдемеден кыжаалат адамдай күнк-мыңк үн чыгарат.

Бир маалда уктап жаткан байы ордунан атып турду да, жубайына карап колун силкилдетип кыйкырып жиберди:

- Менин пул заводум барбы, ыя?! Же мен сага карызмынбы?!.

- Ойгондуңбу? – деп сурады жубайы күлүп жибере жаздап.

- Иэ?!. Бул сен белең? Мен тиги шүдүңгүт экен десе, – Бапы нан жебес көздөрүн ушалап, жубайына таң калып астейдил карады.

- Түш көрдүң окшойт ко?

- Түш көрдүм.

- Кандай түш көрдүң?

- Ой, бир узак түш көрдүм десең. Мен тараптанбы же сен тараптанбы, айтор, бирөө кызын берип, куданын үйүнө мейманга жөнөйт имишпиз. Машынага чал-кемпирден он чакты адамды тыгып жөнөп калам. Аксакалдардан мен тараптан: Аблашим бүкүр, Батма, Куреш. Сен тараптан: Мадан чолок, Үрүниса тантык, Жапар сары бар имиш. Барган жерибизде адиядан чыгып, кайра эле экинчи үйгө адияга кирип кетебиз. Колго тийген баштыкка дасторкондогу эт, нан, чучук, казы-картадан сала берипмин, сала берипмин. Үйүлүп кетет. Ичи толо төрт-беш баштыкты машынанын багажына апкеп тыга салам.

Дагы бир үйгө адияга кирет имишпиз. Ичинде куда тараптан коноктор бар экен. Бир мен теңдүү бою чыканактай сапсары киши төрдө олтурат. Экөөбүз төр талашып уруша кетебиз. Сураша келсек, экөөбүз тең экенбиз, бирок айы менден кичүү. Ушуну бетке кармап аны төрдөн бери сүйрөп, өзүм төргө өтүп кетем. Кайран десе, төрдө олтуруп, чоң жиликти өзү алгысы бар. Арак куюлат. Ал жерде Аблашим бүкүр менен Үрүниса тантык аракка кызып, мен мас бойдон дасторкондогу эт-жиликтен кур калбайын деген ойдо бир чыны сары майды тартып жиберем. Аш желген соң бата…

- Токтой турчу! – жубайы сөздү жыра тартты. – Аблашимдин иниси Тажим пайча дегеле андай жерден калчу эмес эле, ал барбаптырбы?

- Жок. Барбаганы жакшы пайча. Томуктай жилик талашып эт-бетинен кеткен накта жинди ошол да. Барбаганы ырас болду. Аракты да баарын ошол ичет эле жаланип...

- Э, өлүп кетсин. Ии, анда байым кулак сенде?

Бапы нан жебес түшүн улады:

- Кийин дасторкондон туруп баратканда эки баштыкты толтуруп, ашканын бир себетке үйүп алат имишмин. Чыгып баратканда карасам, чара түбүндө майда-чүйдө эт, дасторкондо эки шише арак, бир бөтөлкө коньяк ачылбай калыптыр. Чарадагы этти себетке төгө салам да, арак менен коньякты себеттин ичине солоп, көтөрүнүп-бөктөрүнүп сыртка чыгам. Машынаны көздөй кетип баратып, себет көтөргөн колум талыганда, бак четиндеги үстөл көзгө урунат. Себетти үстөлгө коё салып, баштыкты көтөргөн бойдон пырр-рямо машынага жөнөйм. Баштыктарды багажга солоп, себетке жөнөсөм, алдымдан куда чыгат. Куда аябай жакшы, түшүнүктүү киши экен, жолго жетерлик бензин куюп берейин дебеспи. Бир чоң канистир бензин куюп берет. Кудага ыракматымды айтып, бактагы үстөлдө калган себетиме келсем, үч бейтааныш эргул себеттеги эт-чучукту майкандап, арак-коньякты ичип салышыптыр. Алар менен чырдашып, «Төлөгүлө!» – деп кыйкырам. Үчөө тең телтеңдеп мас. Алар менен алым-сабак айтышып апсалам аябай кир болуп машынага келип, аксакалдарды күтөм. Бир маалда аксакалдар чыгат. Аблашим бүкүр, Мадан чолок, Үрүниса тантык үчөө тең мас. Ичке кирген арактын күчүн кара, Аблашим бүкүрдүн бели кадимкидей түзөлүп, Мадан чолок түптүз басып калыптыр. Үрүниса тантык аман эле болсун. Сапсим адам болбойт ал. Жөнөй бергенибизде куда жолдо чай ичкиле деп Курешке бир тутам акча сунат. Ошентип ал жерден чыгып кеттик.

- Анан? – деди жубайы кесеге куюлган күзгү кымызды байына сунуп. – Ушуну менен бүттүбү?

- Жок, – деди Бапы нан жебес, кеседеги кымызды тартып жиберип, оозун алаканы менен аарчып, анан сөзүн улады: – Муну менен эле бүтүп калса мейли. Шаарга келгенде аксакалдар чайканадан бир-эки чайнек чай ичели деп калышат. Чайканага кирип баратсак, жаш бала ээрчиткен бир кемпир бизден акча сурайт. Кайырчымын дедиби же балам менен шаарга келип, кете албай калдым дедиби, мунусу эсимде жок. Тиги Куреш өпкөсү жок баягы куда берген бир тутам акчаны кемпирдин колуна кармата салбаспы. Биякта туруп жаным бир чыгат десең! Ой, кайдагы бир бегана кемпирге эмнеге берет!

Шаардан чыккан соң, арыкта аккан суу боюна атайын токтоп, жолгире беришер деген үмүттө машынанын капотун аарчып, тияк-биягын карамыш болуп турсам, бирөөсү унчукпайт. Отурушат тымпыйып. Баягы куда берген бир тутам акчаны бейтааныш бегана кемпирге кармата салгандын ордуна, мага беришсе өлөбү!

Апсалам дагы кир болуп айдап жөнөйм. Акыры буга ичим чыдабай жол боюнда бензин саткан жайга токтоп, эки-уч литр бензин куюмуш болуп туруп калсам, дале унчугушпайт пышыктар. Айлам кеткенде эшиктен башым салып:

- Ой, аксакалдар, жолгиреге биртке тыйын таштап койгула, – десем араң козголушса боло.

Чөнтөктөрүн аңтарып бирткеден тыйын беришти. Үрүниса тантык акчам калбады деп бербеди. Ушул Үрүниса тантыкты вапше той-топурга ээрчитпеш керек. Кишини уят кылып басып жүрөт. Жолгире бербегени аз келгенсип мас неме мынтип коёт:

- Э, өлүгүңдү гана көрөйүн, нан жебес! Күйөө бала болбой жерге кир! Сага эмне жетпейт. Көтүңдү кысып айдай бербейсиңби.

Чал-кемпир аттуунун баарын жүктөп алган жаным эптеп айылга келип, аларды үй-үйүнө таштайм. Үйгө киргенимде, жабанда турган алты жүз миңди алып чыгып, толуктап коймокко чөнтөктөгү акчаны коштум. Эсептесем, тойго деп ала чыккан он миңден бир тыйын коробоптур. Алты жүз миңди толуктап беш миңдикти өзүнчө, миңдиктерди өзүнчө тизип жатсам, мурдунда жыты бардай тиги шүдүңгүт кирип келбеспи (өз бир тууган инисин айтып жатат). Кудум сен олтурган жерге олтурат да, минтет:

- Базарга Ырассиянын картишкаси келиптир. Эч болбосо беш миңдей берип турсаң, уруктук жаңылап коюшум керек эле. Мен сага кийинки... – деп адатынча кайырчы бомж баштанып жалдырап туруп калганда, сөздү жула тарта кыйкырдым:

- Э, картишкаң менен жерге кир! Менин пул заводум барбы, ыя?! Же мен сага карызмынбы?!.

Бапы нан жебес ушуларды айтып берди. Оозун чоң ачып эстеп алып, жаздыкка жөлөндү. Анда жубайы:

- Каап, ошончо акчаңды көрүп калган экен, эч болбосо беш миңдей берип койсоң боло. Эми ал…

- Эмнеге беришим керек?! – көзүнөн заары чачыраган Бапы нан жебес буга кадимкидей кызаңдады. – Менин пул заводум барбы? – жанагы сөзүн дагы кайталады.

- Мейли, иниң жерге кирсин, – деди жубайы анын көңүлүн тынчытыш үчүн. – Бир кесе кымыз ич да, дагы бир-эки саат уктап алсаңчы?

- Жок, – деди Бапы нан жебес бирөөгө таарынгансып. – Кээде ушундай бир тууганым үчүн кудайга нааразымын. Өңүмдө да ушул шүдүңгүт акча сурайт, түшүмдө да акча сурайт.

- Уктап алчы.

- Жок дебедимби.

- Эмнеге?

- Тиги шүдүңгүт дагы түшкө кирет. Мени күтүп жатса керек, качан уктайт деп. Аны менен ажылдашканга алым жок. Азыр уйкум качып өзүм араң жүрөм.

Ушул маалда сыртта бирөөнүн кыйкырыгы угулду:

- Ой, Бапы!... Барсыңбы, айланайын?! Мага бир көрүнүп койчу. Булуттан чыккан айга окшоп. Чолок жаным араң келдим.

Бапы терезеден эңилчек тарапты карады. Таягына сүйөнүп көз айнекчен чал турат. Абдрасул көр экен. Аны көрөр замат ичи чыз дей түштү. Келген себебин дароо түшүндү.

Быйыл жай этектеп Бапынын кенедей кезден борбордо окуп, кийин борбор калаада биротоло жашап калган шаардык кайнагасы келген. Атайын бастырып күйөө баласы Бапыга да ал-акыбал сурашканы келбейби. Кайнагасына союш соймок болуп, бирок жайнаган ирик койдон бирди жыга тартмакка көөнү түтпөдү. Короодогу койлор бүт эле ирик. Борбордон атайын келген кайнагасына үндүк союштан да уялды. Ошондо Абдрасул көр эгиз тууган жалгыз эчкисин бакта аркандап багып жүргөнү эсине кылт этип, ошол эчкинин бир улагын союп кайнагасын сыйлаган. Улактын акчасын чалга кийин бермек болгон. Шаардыктарың ирик менен улактын айырмасын билмек беле, кайнагасы шаарга күйөө балам союш союп сыйлады деп аябай дардаңдап барыптыр.

Абдрасул көргө ошондон бери куйругун кармата элек. Чолок экени аз келгенсип, көзү да түзүк көрбөгөн жарыктык Бапыга өзү басып барышка көптөн бери шаасы келбей жүргөн. Бапы нан жебес анын алыстан эрбеңдеп бет маңдай келатканын көрөр замат буйтап кетет, мурдунун учунан ыраакты байкабаган көр муну аңдабайт деле.

- Тууй, ата... Эми өлбөдүбү, – деди Бапы нан жебес терезеден шыкаалап. – Эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени, эки душман бир келсе, ажалыңдын жеткени дейт. Көрдөн чыга калгансып кайдан келе калды бул.

- Өзүң чыгып бирдеме деп кой.

- Дебей-нетпейм эле, – ороң этти Бапы нан жебес. – Энеңдурайын, бир улактын акчасы төөнүн куну эмес ко. Алат убагы келгенде. Өткөндө ушинтип карызын доолап бу да түшүмө кирген. Эми өңүмдө жезкемпирдей болуп келе калганын кара.

- Эшикти сагаалап тура берсинби?

- Сен чыгып, Бапы уктап жатат деп койчу. Же башка шылтоо табарсың. Эптеп кетир көрдү, жаналгычтай кылбай.

Аялы сыртка жөнөдү. Бир аздан соң аялы менен чалдын кажы-кужу сүйлөшкөнү, аялынын: «Бапы үйдө жок эле» – дегенин эшитти. Чал булдурап араң үн катып аялына бирдемелерди арызданып, жалынып сурангандай сүйлөп жатты. Андан соң аялы: «Макул, келсе сөзсүз айтып коём» – деп айткан соң энилчек тарап тынчый түштү. Жаздыкка баш койгон Бапы нан жебес төшөктөн турушун же дагы биртке укташын билбей көздөрүн жумган бойдон ойлуу жатты. Өзү айтмакчы, Бапынын пул заводу барсынып, түшүндө деле, өңүндө деле жаналгычтай акча доолаган, карызын сураган адам.

Бөлмө ичи жымжырт. Тээ аркы өйүздөгү үйдөн шаңдуу той ыры, тамаданын микрофондон утур кыйкырганы терезеден акырын угулуп жатты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз