Чехия: Карантинден чыгуунун планы

Кыргызстанда таажытумоосуна байланыштуу киргизилген карантин 30-апрелге чейин улантылды. Андан ары эмне болот?

Таажывирусунан көп жабыркаган аймактар, өлкө карантинден кантип чыгат? Качан чыгат? Бул суроолор кыргызстандыктар үчүн ачык бойдон турат.

Ушуга байланыштуу пандемияга каршы жигердүү күрөшкөнү эл аралык деңгээлде белгиленген Чехиянын тажрыйбасын билүү пайдалуу деп ойлойм.

Карантинден чыгуунун беш баскычтуу планы

Чех өкмөтү таажывирусуна байланыштуу жабылган дүкөндөрдү, ресторандарды мекемелерди жана башка объекттерди ачуу планын 14-апрелде жарыя кылды. Ал 20-апрелден 8-июнга чейин беш этап менен ишке ашырылат.

Вице-премьер министр Карел Гавличектин айтышынча, өкмөттүн планы  -  таажытумоосунун жайылуусун көзөмөлдөн чыгарбоого багытталган. Ошон үчүн пландын мөөнөтүндө айрым өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Баса, карантинден чыгуу планын түзүүдө «тараза басар сөз» эпидемиологдордуку болгон. Ошондой эле элдин суроо-талабы эске алынган. Мында эч бир  мекемеге артыкчылык берилген эмес.

Адегенде кол өнөрчүлөрдүн өнөркана-дүкөндөрү, жашылча-жемиш жана азык-түлүк базарлары, автобазарлар менен автосалондор ачылат.

Тойго канча адам чакырса болот?

Дүйшөмбү, 20-апрелден баштап кесипкөй спортсмендер менен эл аралык мелдешке  катышчу спортсмендер майда топко бөлүнүп, сыртта машыгуусуна да уруксат берилди. Азыр парктарда  жалгыз же эки адам болуп, бирок аралыкты сактап  спорт менен машыксаң же жүгүрсөң, велосипед, ролик, чыгырык (самокат – ред.) тепсең болот; ээн-эркин сейилдегенге да уруксат. Үйлөнүү тоюн өткөрөм дегендер, ондон көп конок чакырбоого тийиш.

Ансыз да чехтер үйлөнүү тоюна жана башка той-мааракеге көп адам чакырышпайт. Буга байланыштуу колунда бар чех таанышымдын сөзү эсимде. Ал силерде үйлөнүү тоюнча канча ырасмий конок чакырылат деп сурап калды эле, “кеминде 100” десем, таң калып: “Менин тайежемдин кызынын чоң тоюн өткөрдүк. Бардыгы 25 конок болду” деген болчу.

Дүйшөмбүдөн тарта кол өнөрчүлөрдүн өнөркана-дүкөндөрү, жашылча-жемиш жана азык-түлүк базарлары, автобазарлар менен автосалондор ачылат.

Бир жумадан соң, 27-апрелден ири соода борборлорундагы аянты 200 чарчы метрге чейинки дүкөндөрдүн баары ачылат.

Ал эми 11-майда аянты 1000 чарчы метрге чейинки объекттер, анын ичинде айдоочуларды окутчу автомектептер, спортзалдар, фитнес-борборлор ишке кирет. Бирок спорт жана фитнес-залдардын душунда жуунганга, кийинчү бөлмөсүндө чечинип-кийингенге болбойт!

25-майдан тарта ресторан-кафелер (үстү жабык эмес жайлары), шарап сатчу дүкөндөр, чачтарачтар, массажканалар жана башка ушу сыяктуу жайлар толук ачылат. Музейлер, сүрөт галереялары, зоопарктар да 25-майда иштеп калат. Бирок зоопарктардын үстү жабык павильондору иштебейт.

Зоопарктар 10 миллион калктуу Чехияда “толтура”! Чоң зоопарктардын саны 18 болсо, кайсы бир жандыктарга (крокодилдер, тотукуштар, кенгурулар, балыктар ж.б.) ылайыкташкан зоопарктар – 10 чакты, майда-барат зоопарктар – 20дай болот. Майда зоопарктарда мектеп окуучулары үчүн жаратылышты таануу, зоология сабактары өткөнүнө жана бала бакчадагы балдар экскурссияда жүргөнүнө өзүм бир нече жолу күбө болгом.

Акыркы 5-этапта же 8-июнда соода борборлору, мейманкана, ресторан, кафе, зоопарктар кадимкидей иштей баштайт. 50 адамга чейин катышкан ар кандай оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди, жолугушууларды, үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө да мүмкүн болот.

Андан көп адам катышкан иш-чараларга уруксат кырдаалга жараша берилет.

ЖОЖдор жана мектептер качан ачылат?

Азыр Чехиянын мектептери, жогорку жана атайын окуу жайлары Кыргызстандагыдай эле аралык режиминде окушууда. Менин 10 жашар неберем Дастан да 11-марттан бери үйдө отуруп сабакка катышууда. Тапшырмаларын да мугалим видеобайланыш аркылуу текшерет.

Бүтүрүүчү курстардын студенттери эмки жумадан баштап университетке барып окуй алышат. Бирок бир аудиторияда же топто бештен артык студент болбошу керек.

Билим берүү министри Роберт Плаганын сөзүнө караганда, мамлекеттик жана башка экзамендерди студенттер ушундай жол менен тапшырса болот. Демек, ЖОЖдорду толук ачуу кырдаалга жараша дагы каралат.

Абал күткөндөй оңоло баштаса, бүтүрүүчү класстар 11-майдан, ал эми төмөнкү класстар 25-майдан тартып мектепке барып окуй башташат. Тактап кетчү жагдай, бир класста 15 окуучудан көп болбош керек жана башка класстагы балдар менен аралаштырып сабак өтүлбөшү шарт. Ар кандай факультативдик сабактар жана ийримдер өткөрүлбөйт. Окуучулар класста беткап кийишеби же жокпу, аны сабак өткөн мугалим жеке өзү чечет.

Ошентип,  бүтүрүүчү класстар үчүн сынактар 1-июндан кийин башталат деп боолгонууда. Июнь айында орто мектептерде жана гимназияларда кирүү экзамендери болот. Ал учурда орто жана жогорку класстардын окуучулары мектепке барып, тиешелүү сабактардан консултация да алса же мугалимдер кошумча сабак өтүшсө да болорун Билим берүү министрлиги билдирди.

9 миллион калктуу Австрия да ушундай эле ыраат менен карантинден чыгууда. Бирок соода борборлорун ачууда Чехия коңшуларына караганда бир кыйла эле этият экенин өкмөт жарыяланган план көрсөттү.

Окурманда эмне үчүн коомдук транспорт жана түрдүү ишканалар жөнүндө сөз жок деген суроо туулушу мүмкүн. Анын себеби, азыр коомдук транспорт: автобус каттамдары, поезддер, трамвайлар түн ортосуна чейин кадимки график менен иштөөдө. Ишканалар жана курулуштарда да жумушчулар коопсуздук чараларын сакташып, мурдакыдай эле иштешүүдө.

Чехияда башка Европа мамлекеттеринде шаар ичинде Кыргызстандагыдай микроавтобустар (маршруткалар) жүргүнчү ташыбайт. Бул арийне, жүргүнчүлөрдүн консервадагы балыктай бири бирине жабышпай туруусу үчүн жакшы.

А көпчүлүк ресторандар, кафелер карантин киргенден кийин тамагын алып кеткенге сатып калган. Азык түлүк дүкөндөрү, аптекалар жабылган эмес. Карантин деп калк жапырт үйүнө да камалбаган.

Амирбек АЗАМ уулу, “РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү.

Прага

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз