Бери караң, жаңы конкурс: «Ооздон оозго өткөн үй-бүлө тарыхы. Кыргызстан – XX кылым»

Достор, Сиздерде биз менен бөлүшүүгө, жеке тарыхыңыз, күндөлүк, ата-бабаларыңыздын тарыхы, чоң-ата, чоң-эне, үй-бүлөңүздүн, айыл же шаарыңыздын (XX кылымдын тарыхы болсо) көмүскөдө айтылбаган, эстен кеткис окуялары болсо – бул конкурс Сиз үчүн. Буга кошумча сүрөт, видео, кат жана башка ар түрдүү булактар болсо артыкчылык берилет жана туура, так болуусуна шарт түзүп толуктайт.

Биз — “Эсимде” ар бир Адамдын, ар бир үй-бүлөөнүн эс тутуму баалуу жана өз тарыхын айтууга татыктуулугун даңазалоого умтулабыз! Бул конкурстун максаты – элди ХХ кылымда болуп өткөн өз тарыхын изилдөөгө чакыруу. Эң негизги өзгөчөлүк – карапайым, жөнөкөй элдердин көмүскөдө айтылбай калган тагдырына көңүл буруу. Конкурстук материалдарды esimdekg@gmail.com дарегинен 2020-жылдын 1-июлуна чейин күтөбүз. Бардык суроолор боюнча: esimde.gulzat@gmail.com дарегине кайрылсаңыздар болот!. 

#конкурсэсимде #конкурсисторийэсимде

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз