Талантбек Шабиев: Сары кыз

АҢГЕМЕ

Бүгүн шаарда өзгөчө күн ысыдыбы же мен акыркы учурда шаарга өтө эле сейрек чыккандыктанбы, эл үйлөрүнө жашынып, шаар ичи мага ээнсирей түшкөндөй көрүндү. Бирин-экин жумуштарымды бүтүрүп, асфальттан урган, адам чыдагыс үпкө кабылгым келбей дароо үйгө жөнөдүм.

Үйгө демекчи, менин туулуп өскөн үйүм эмес, капилеттен турмушка чыгып, күч менен болсо да күйөө кылып жүргөн жолдошумдун жатаканадагы бир бөлмөлүү батирине келе жаттым. Аны менен он жыл бою бир класста окуп келсем да, ал мен үчүн бөтөн киши бойдон кала бермекчи, анткени ойго келбеген жерден мени ала качып олтурбайбы же мурун-кийин сөз айтып койсочу. Ооба, кээ бир курбуларым: “Кыздын барчу жери күйөө, дагы жүрө турсаң “кара далыга” айланарың турган иш болмок, Мурат сени ала качып туура эле кылды, анын үстүндө ал аябагандай жакшы адам”, - деп аны колдоп жиниме тийип жүрүштү. Менин сүйлөшкөн жигитим болбогон күндө деле мен анын бул кылыгын өмүр бою кечирбесмин.

Эми айла жок бир бөлмөдө жашап, бир төшөктө жатууга туура келип, тек гана аялдын милдетин аткарып, тирүү өлүктөй болуп жүрө береттирмин. Деги мен үч уктасам да ушул Мураттын аялы болуп каламын деп түшүмө кирген эмес. Эң кызыгы, мен башка кыздардай болуп, “буга тийем, менин күйөөм баланчадай болот, мен турмушка шаардан башка жакка чыкпаймын”, - деп ойлонуп көрбөптүрмүн. Мүмкүн ошонун айынан эзели унчукпаган, кыздар колун кармаса апкаарып калган Муратка туш болгонумду айтпайсыңбы. Эң жок дегенде башкалардай болуп кат жазып же майрамдарда арзыбаган белек берип койсочу?! Түк андай болгон эмес, андай анын түшүнө да кирбесе керек, бирок калп айткан менен болобу, окуу жагынан ырас эле. Болгону окууну аяктаарга аз калганда эмнегедир ойго чөмүлүп, муруңкудан да түнт болуп кетип класста “Асан кайгы” атка конуп калган, бирок ал ага да кайыл эле. Жада калса экөөбүздүн мектептен кайткан жолубуз бир болсо да мени менен бир баспай, ар дайым беш-он кадам артта унчукпай кете берчү. Мектепке келе жатканда деле артымдан күчүк сыяктуу ээрчип алып, көрөгөч кыздардан “Сарынын күчүгү” атка конуп калган.

Эгерде Мураттын ордуна башка бала болгондо өлбөгөн жерден кыздар менен уруша кетери бышык эле, ал болсо мыйыгынан жылмайып, кыздардан кутулганы эсимде. Ал окуя унут болгончо ал башка жол менен кетип жүрдү, бирок каникулдан кайтып келгенде баягысы кайра башталды.

Бир күнү мен жиним келип: “Эй күчүк, болдучу артыман ээрчигениңди токтотчу, жадап кеттим! Менин алдымда бассаң эмне болот, жоголчу көзүмө көрүнбөй”, - деп албууттана колумдагы нерсени аны көздөй ыргыттым. Көрсө ал нерсе үйдөн алып чыккан алма экен. Ал буйтаганга үлгүргөн жок, же буйтагысы да келбеген чыгаар, ошентип алма анын башына тийип, жолдун чаңына оонап жатып калды. Эми бул чындап жинденсе керек, эми: “Сары кыз, даана кызыкты көрүп аласың”, - деп коркуп кеттим. Бирок таптакыр мен ойлогондой болгон жок, ал чаңда оонап жаткан алманын чаңын чөнтөгүндөгү төрт бүктөп, дыкаттык менен алып жүрчү жүз аарчысына аарчып алманы мага сунду. Мен аны алмак белем, аны төшкө түртүп жибердим да, өз жолумду уладым. Майрамдарда болсо ал менин жаныма жакындабай, катарлаш бир же эки баладан кийин, же болбосо артымда туруп алаар эле. Андан башка ал жөнүндө деле эсте калар нерсе болбоптур.

Ошону менен окууну аяктап кечээ эле топтошуп бир тооктун жөжөлөрү сыяктуу жүргөн классташтар ар тарапка чачырап кеттик. Мен шаарга келип дароо эле өзүм эңсеген  окуу жайына тапшырып, окуп калдым. Классташ кыздар кээси окуп, кээси жумуш иштеп шаарда калышкан, бирин-экини айылга кайтып, тез эле күйөөгө тийип кеткени да болду. Балдар окуганы окуп, калганы армияга кетип жатышты. Кийинчерек классташтардан: “Биздин Элмирабыз баягы Муратка ашык болуп сөз айтыптыр, бирок ал аны чанып кетиптир”, - деген имиш кептер тарады. Аны укканда эч кимибиз деле ишене койгон жокпуз, анткени Элмирабыз мектептин алдыңкы сулуу кыздарынан болучу. Өңдүү-түстүү, баскан-турганы түзүк, сүйлөгөн сөзү ирээттүү, далай жигиттерди теңине албай жанына бир дагы жигит жолотпогон кыз эле.   

Мен төрт кабаттуу энергетиктердин жатаканасынын вестюбилине кире бергенде вахтаны кайтарган жашы өтүп калган татар улутундагы апа: “Ай сары кыз, саган күйөө телефон кылды, аны Токтогул ГЭСине жарым айлык жумушка чегиптир, “үйгө келгенге убакыт болбоду” деди, сага салам айтты”, - деп менин эмне деп жооп кайтараарымды күтүп калды. Мен ичимден: “Ырас болуптур, ылайым эле кайтпай калса экен”, - деп ойлоп жибергенге үлгүрдүм, сыртымдан жөн гана “түшүндүм” дегендей баш ийкеп жанынан өтүп кеттим. Албетте, менин жоругум ал кемпирге түк жакпай калды. Ошондо гана мен аны канчалык жек көрөрүмдү түшүндүм, бирок айла жок, аял-күйөө деген документ бар да. Ал жерден бир нече кадам өтүп, курбу кыздарымдын конокко келе турганын эстей коюп: “Эже, маган курбу кыздар келиши керек эле, коё берип коёсузбу?” – деп ага кайрылдым. Ал эженин түрүнөн мага таарынгандыгы айдан ачык көрүнүп турган эле, анан таарынбай турган ишпи, мага “жагымдуу жаңылык” тартуулап жатса, мен керкейип басып кетип жатсам. Мени укпамыш болуп көчө жакты телмирип карап калды. Демек, курбу кыздарым келгенде аларды вахтадан өткөрбөй кыялын көргөзүп, аларды ирээнжитери айдан ачык болуп калды. Эми жатаканада жашаганым аз келгенсип, кыздарга шылдың болот турбаймынбы? – деп ойлоно кеттим. Бирок мындай жагдайды тоскоолдуксуз чечүүнүн жолун жолдошум үйрөтүп, атүгүл мен көтөргөн сумкама бир чоң кочуш “кис-кис” деген иристерди салып койгон болчу.

- Эжеке, менде сизге деген бир нерсе бар эле, мен таптакыр эле унутуп бара жаткан  турбаймынбы, - деп жароокерлене ирис салынган баштыкчаны ага сундум.

Ал эже өзүнүн жашоосунда эң жакшы көргөн нерсесин көргөндө кабагы “жарк” дей түштү да, мага күлүмсүрөй карап, колумдагы баштыкчаны башкача бир шамдагайлык менен сууруп алды. Укканыма караганда ал эженин бала чагы согуш жылдарына туура келип, ачарчылыктын, жокчулуктун запкысын далай тартып, көрбөгөндү көрүп чоңойгон экен. Кийин эле согуш аяктап, жашоо оңолгондо деле атасынан айрылган алардын үй-бүлөсү абдан кыйналган экен. Ошондо бардар кошунанын кыздары конфеттерин анын көзүнчө чоёңдоп жеп, аны менен бөлүшпөй, далай кордогон экен. Ошондо ал бир ирис үчүн бир додо кир жууганга макул болуп, бирок жумушту бүтүргөндөн кийин алар аны да бербей ыза кылып үйүнөн айдап чыккан экен. “Болуптур, көрө жатарбыз! Мен чоңойгондо ушул ирис деген неменин алдында эле калбасамбы?!” – деп өзүнө сөз берген экен.

Бой жетип шаарга келип, кондитерлер окуу жайын аяктап, конфет фабрикасына орношуп, алдыңкы ишкерлерден болуп жетекчилик кызматтарда да иштептир. Эжени жакшы билгендер, ал жетекчи болуп жүргөндө да анын алдында ар дайым ирис салынган тарелка турар эле дешет. Акыры пенсияга чыкканда ушинтип ар кимге эркелеп ирис алдырып турганды адатка айлантып алган экен, мунун жайын билген жаштар кээде айттырбай, суратпай эле таштап кете берчү болуп калышкан экен.

- Макул сары кыз, айтканыңдай болсун, мына бул кагазга курбуларыңдын аттарын жазып кой, - деп мага жарты барак сунду. Мен баракка кыздардын аттарын жазып кайра бердим.

- Ай сары кыз, сендей бактылуу кыз болбосо керек бул жатаканада. Бул Мураттын аркасынан далай кыздар чуркаганына карабай сени алды. Жада калса бир да башка кызга көңүл бурбады го. Эрки эрк экен, мындай эркек чанда кездешет. Кызым, колуңдан чыгарба, - деп  кебин аяктап, оозуна мен берген иристи салып ыракатка бата кетти.

- Это ты про нашего Муратика? Даа, он парень что надо, да и руки у него золотые. Не пьет, не курит, по бабам не шляется, - деп жашы өтүп калган дядя Миша аттуу орус чал жаныбыздан өтүп баратып кепке аралаша кетти.

Негизи ал киши жакшы, боорукер киши эле, бирок канча жуунса деле тармалдаган ак чачтары майланышып, махорканын жыты алыстан буруксуп тураар эле. Демейде ал кишинин түгөнбөс окуяларын укканды жакшы көргөн жаным, бул жолкусунда анын жытынан көңүлүм айланып, окшуп алдым. Ошол замат кер сары таркан өңүмдү байкаган кыраакы кемпир орус чалды: “Оңбогон Миша дагы арак ичтиң беле, махорканы дагы өкүртө чеккен экенсиң, карачы бул келиндин жүрөгү айланып, көңүлү караңгылай түштү!” – деп ага атырыла кетти.

- Да Маша ты это брось, я не так уж, - актанып колундагы чайдын жалтырак кагазына оролгон туздалган бадыраңды карт тиштеп, мыйыгынан жылмайып берди. Мен анын туздалган бадыраңын көргөндө эмнегедир жийиркенгеним да, жүрөгүмдүн айланганы да кайдадыр житип жок болду. Эми менин оюмду анын колундагы туздалган бадыраңы ээлеп алды. Канткенде андан сурап алам, канткенде ал бадыраңга жетем? Же мага бирди сатыңызчы деп сурансамбы? Туура түшүнөбү, андан көрө дүкөндөн сатып алсамбы, бирок аныкы мындай даамдуу болбос”, - деп ойлоно кетип шилекейимди жутуп алдым.

- Эмне кызыке, тиги абышканын туздалган бадыраңын жегиң келип жатабы? – деп мага шыбырай койду тиги кемпир.

- Ооба, эмнегедир жегим келип кетти, - дедим бирөө укпасын деген таризде ага карай шыбырап.

- Жүрөгүң айланып, кускуң келип баштаганына эки, үч жума болдубу? Болду да, ага шек жок. Демек чүрпөлүү болот экенбиз, кызыке. Буюрса, жентек беребиз, бирок муну азырынча эч ким билбесин! Сен талгак турбайсыңбы, орустун туздалган бадыраңына талгак болгонуң, эркек баланын кабарын айтып турат, - деп оозумду ачырды. Мен анын айткандарын талдап олтургуча, ал кемпир тигиге кайрылып:

- Ай Мишаня, экөөбүз доспуз ээ? – деди кемпир көздөрүн жүлжүңдөтө.

- Нет, какие мы друзья, ты же только меня отругала. Мен сенге дос эмес, - деди ал таарынган түр көргөзүп.

- Ай давай, көп сүйлөбөй солёный огурец тащи, тут беременная хочет, - дей салды. Ошондогу абышканын кейпин эстесем, азыр деле күлкүм келет.

- Ээ это другое дело! – деп сөөмөйү мене шыпты кезеп, өзүнүн жумуш бөлмөсүнө бөйпөңдөй чуркап кетти.

- Мына эми сен жакшы көргөн бадыраң да келет. Айтчы сары кыз, бул бадыраңга качан талгак боло баштадың?

- Азыр эле, мүмкүн меники талгак деле эместир, - дедим уяла түшүп.

- Ай кызыке, сен ойлогондой мен секелек кыз эмесмин. Мен айттымбы, демек ошондой болот. Ушул жашка чыгып мен айткандар болуп келген. Мен эркек бала төрөйсүң дедимби, демек төрөйсүң, - деп кемпир кебин жыйынтыктады.

- А вот и огурчики! – деп абышка да жетип келип калды. Ошондо жаштык кылдымбы, же талгагым артып турганбы, айтор колума кагазга оролгон үч бадыраң тийгенде, энем эгиз туугандай эле сүйүндүм го жарыктык, жада калса рахмат айтпастан жөнөй бериптирмин. Жолдо келе жатып, анын билинер билинбес кычкыл жыты каңылжаарымды жарып, ууртумдан шилекейим агып коридорго бурулуштан чыдамым жетпей кетип, кагаздагы бир бадыраңды кыртылдатып жеп кирдим. Ошондогу бадыраңдын таттуулугу, өмүрүмдө андай таттуу тамак жеп көрбөсөм керек, дене боюм балыкшып, жүзүм албырып негедир күлүмсүрөп да алдым, ушул үйгө келгени өзүмдү биринчи жолу бактылуу сездим го. Бирок ал бакытым көпкө созулган жок, өйдөңкү кабаттан түшүп келе жаткан коңшу келиндин добушун угуп, сөлөкөтүн көргөндө уурулук үстүндө кармалгандан бетер жүрөгүм “шуу” дей түштү, “Эми бул менин бадыраңымдан сурап жибербесе экен!” – деп демейде ымтыраган жаным кагаздагы бадыраңды башкача бир шамдагайлык менен сумкама сала койдум.

Буга чейин шашпай чайнап келе жаткан бадыраңдын жигин ага билгизбеш үчүн чала чайнап жутуп алдым. Ал анымды байкадыбы билбейм, баш ийкеп учурашып эле ар кимибиз өз жолубуз менен кете бердик. Калган бадыраңды туурап муздаткычка салып койдум, эмнегедир ушул учурда бул үй мага өгөй болбой үйгө кандайдыр бир жылуулук, мээримдүүлүк ыроологонсуду. Күзгүгө келип жоолугумду оңдоп, өзүмө-өзү жылмайып, эмнегедир өзүмдү бактылуу сезип турдум. Курбуларымдын келерин билип турсам да керебетке керилип жата кеттим. Үй ичине көз жүгүртүп олтуруп апам берген оокаттарды карап апамды, атамды, бир туугандарды сагына кеттим. Жазданып жаткан жаздыгымдан апамдын жыты келип турду. Аларды сагынып турсам да негедир көңүлүм ток эле. Көп өтпөй алар да эшик тыкылдатып кирип келишти.

- Айсары, кандайсың? Деги барсыңбы, күйөөгө тийгени бизди унуттуң го? –деп Миргүл наалып алды да кучактап бетимен өөп алды. Анын себинген атырынын жыты жагымдуу болгону менен негедир көңүлүмдү айнытып жиберди. Анын аркасындагы Айнура менен Нургүл экөөнү босого аттаттырып эле окшуган бойдон туалетке жөнөдүм.

- Ээ сары кыз, деги дениң сообу сенин? – деп шаңк этти Миргүл.

- Сен күптүү эмессиңби, эртең менен эмне тамак жедиң эле деди? – Айнура доктур болуп иштегендигин билгизгендей.

- Жок, кыздар эчтеке эмес, болгону эле Миргүлдүн атырынын жыты каңылжарымды жарып кетти, - дедим мен актана.

- Ээ койчу, мен аны акчанын көзүнө карабай так эле Франциянын өзүнөн алдырып албадымбы! Деги сага бир нерсе жагат беле? – деп Миргүл таарынган түр көрсөттү. Ушуга чейин унчукпай келген Нургүл: “Кыздар, сары кыздын боюнда бар экен, демек жентек жейбиз!” – деп мен ичте каткан сырды ачыкка чыгара салды. Кыздар чуру чуу тушүп мени куттуктап эле жатып калышты. Анан алар өздөрү менен алып келген татууну үстөлгө коюп тамак аш камын көрө башташты.

- Кана эмне тамак даярдай коёлу, Сары сен тамак ашка аралашпай эле кой, - деп Айнура муздаткычтын каалгасын ачып, түз эле чайдын кагазына оролгон баягы бадыраңга колу жете келгенде: “Ээй!”, - деп кандайча кыйкырып жибергенимди өзүм да сезбей калыптырмын. Иштин чоо жайын түшүнгөн кыздар каткырып калышты. Тамак ичип олтурганда ар нерсени сүйлөшүп олтуруп, сөз учугу жолдошум жөнүндө да боло кетти.

- Сарышка, сен аны жерибей калдыңбы? –деди Миргүл. Берки экөөсү менден эмне жооп чыгаар экен деп карап калышты.

- Бир төшөктө жатабыз, бирок эки башка жашоо менен жашайбыз, -деп дубалдагы анын студент кезиндеги жадырап түшкөн сүрөтүн эмнегедир биринчи жолу көрүп жаткансып теше карап жооп бердим, аларга менин жообум жаккан жок, бирок алар менин көңүлүмдү чөктүрбөй сөздүн нугун башка жакка буруп кетишти. Алар өз жашоолору жөнүндө кеп салып, өткөн кеткендерди эскерип жатып тез эле кеч кирди. Аларды узатып жибердим да идиш аякты жыйнаштырып, кылаарга иш жок болгон соң телевизорго үңүлдүм. Андар кызыгаарлык эч нерсе таппагандан кийин аны өчүрүп, күндүз кыздар менен көрүп, алыстаган окуучулук күндөрдөн элес берген сүрөттөрдү кайрадан көрө баштадым. Ошондо гана топ классташтар арасынан Мурат эмнегедир көбүнчө менин оң жагымда бир эки кишиден кийин туруп, сүрөткө мени карап түшө бериптир. Жүзүндө кандайдыр бир табышмактуу жылмайуу бар, же мага ошондой көрүндүбү, билбейм айтор азырынча аны “кагаз жүзүндөгү” күйөөм сыяктуу эле сезип келе берем. Ал болсо, көзүмдүн кареги менен тең айланып, мени жибитиш үчүн болгон аракетин жасап келет. Бирок ал жан үрөп мага жакындашка аракет кылган сайын мен андан алыстай берем...

Бирине бири окшош күндөр өтө берди. Менин жашоомдо эч өзгөрүүсүз, талгагым болсо бирде басаңдайт, бирде күчөгөнсүйт. Кээде туруп өзүм эмне каалап жатканымды түшүнгүчө ал күн да өтүп кетет. Убакыт өткөрүштүн амалында жатакананын жанындагы кичине базарга барып жүрүп ал жактын соодагерлери менен да тааныш болуп алдым. Алар менен таанышканда Айсары деп атымды айтсам, алгач таң калышты да анан баягыдай эле Сары кыз деп алышты. Менин күйөөм Мурат экенин, боюмда бар экенин билгенде ал жердеги апалар маган өзгөчө үйрүлүп түшүшчү болду. Бирок телегейи тегиз болсо жашоо кызыксыз болмокпу, ким билет. Соода кылгандардын арасында жаш, сулуучумак келген жалгыз бой келин бар эле. Мен алгач күндөрдөн эле мени кыртышы сүйбөй кабыл алганын байкап калганым бар. Иштин чоо жайын кийин жер жемиш саткан апа божурап айтып берди. Көрсө ал келин Муратты далай жолу кылтакка түшүрүүнүн амалын кылып келген экен, акыры ал ишинен майнабы чыкпаганда тынчыган окшойт.

Ошондой күндөрдүн биринде таң эртеден эшик тыкылдап калды. Уйкулуу көзүм менен ким экенин сурабастан эшикти ача бердим. Эшиктин алдында турган караан карпа-курп кирип мени кучактай кетти. Менин жука көйнөгүмдөн анын колунун каруусу даана сезилип турду, жыты да тааныш эместей, чоочун. Качан гана ал мени таптак көтөрүп босого аттаганда ал күлүмсүрөп турган Мурат экенин көргөндө, жүрөгүм ылдыйлады.

- Амансыңбы Айсарым! – деди ал мени бетинден өөп.

- Жакшы эле. Сен дагы бир жумадан кийин келет элең го? –дедим мен дагы эле уйкумдан арыла албай.

- Эң башкысы мен сени сагындым, экинчиси курулушта камсыздоо үзгүлтүккө учурады, анан дагы, анан дагы, - деп ал көпкө создуктуруп мени суроолу карады.

- Анан дагы, эмине? – дедим чыдамым кетип.

-Сарышка сүйүнчүсүн берсең анан айтам, - деди ал мени ого беш бетер кызыктырп.

- Мегин, - деп мен ага жыйырма беш сомду суна келдим.

- Бул жарабайт, -деди ал.

-Анда эмне берейин? – дедим мен ага.

-Болгону бир эле жолу чын жүрөктөн өөп койчу, - деп ал суранды. Мен жооп иреетинде аны моюндан кучактап, жүзүнөн сүйдүм. Ал ошого кудум эле колуна момпосуй тийген баладай турган ордунан чимирилип алды да мени кучагына алып чачымдан жыттай кетти.

- Бол, айтпайсыңбы айтчуңду, - деп мен аны шаштырдым.

- Айсары сүйгөнүм менин, бизге жумуштан салынып жаткан үйдөн батир бере турган болду, - деди ал көздөрүн жалжылдатып.

- Ии жакшы болуптур, - дедим мен чындыгында сүйүнүп. “Бирок – мен сени сүйбөймүн, мени дагы сүйөм деп айтпай эле койчу, - дедим ага чын дилимден.

- Болуптур сүйгөнүм, аны анан кеп кылалы, эң оболу  чай ичип алып биздин болочок үйүбүздү көрүп келеличи, - деп сунуштады. Макулдугумду билдирип, төшөгүмдү ары бери жыйнай коюп кийинейин десем, ал мени тиктеп олтуруптур.

- Ары кара, мен кийинип алайын, - дедим.

- Аялы да күйөөсүнөн уялмак беле?

- Ары каргын, болбосо эч жакка сени менен барбаймын.

- Макул жаным, - деп ал артын карады. Мен көйнөгүмдү алмаштырып жатып ага көз кырымды салдым. Ал болсо үстөлдөгү кичинекей күзгүнү колуна алып мени карап олтуруптур. Анын тапкычтыгы менин күлкүмдү келтирди, эмнегедир ойногум келип кетип жаздыкты ага карай ыргыттым. Ал күтүлбөгөн жерден: “Кокуй башым, баягыда алма менен башымды жардың эле, эми мына минтип”, - деп тамашага салып бышактай кетти. Мен андан мындай нерсени күтпөгөнүмдөн турган жеримде катып калыптырмын. Мен аны “баягы мектептеги эле асан кайгы Мурат экен деп жүрбөймүнбү, көрсө өзгөргөн турбайбы”, - деп ойлой кеттим. Чай даярдап экөөбүз чайга олтурдук, ал сумкасынан китепчени алып чыгып, барактап олтуруп кургап калган тоо гүлүн тартуулады. Мен ал сунган гүлдү алып рахаттанып жыттап алдым. Ал гүл мени чокусу асманда мээлжиген тоонун жытын тартуулады.

-Бул гүлдөрдү мен атайы сен үчүн тоонун чокусунан терип келдим сүйгөнүм, – деди ал жай гана. Бирок бул жолкусунда анын “сүйгөнүм” –деген сөзү маган анчалык өөн деле угулган жок. Ошентип экөөбүз көп кабатуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатканын   кызыгып карап турдук.

- Бул үй биздин үй болот, биз бактылуу жашайбыз, биздин үй толтура балдарыбыз болот, алар акылдуу, кичи пейил, ак көңүл болушат алардын көздөрү кудум эле сеникиндей болот, - деп эле Мурат баш аягы жоктой сөздөрдү сүйлөй берди. А менин оюм такыр башкада болду. Ооба мен да бактылуу болгум келет, мен да ушул үйдө балалуу болуп жашагым келет, бирок анын ордунда мен чындап сүйгөн адам болсочу?! Анда мен, анда мен ага бүтүндөй дүйнөдө кандай жакшы сезим болсо, кандай мээримдик болсо ошонун баарын тартынбастан тартуулап салмак элем. Аны менен көчөдө да  басканда колтукташып, ага ыктап басат элем, не бир таттуу тамактарды жасап берет элем, -деп кыялдана кеттим. Бир кезде эсиме келсем ал дагы эле божурап жатыптыр, а мен болсо демейдегиден башкача аны колтуктап, ага ыктап алган экемин. Ким билет, ал аны кандай кабыл алды экенин.  

Ошентип мен алгачкы бул жаштар жатаканасына келип тар коридорлоруна эмнегедир сыйбай, “Эми турмушумдун акырына чейин ушул жерде, бир бөлмөнүн ичинде өтөбү, же бул менин бактымдын тайкылыгыбы? Курбулардын алдында басынып кала турган болдум го, анткени алардын барган жерлери жакшы, өз үйлөрү бар эмеспи”, - деп бушайман болуп жүргөн элем. Кечке жуук көңүлүбүз көтөрүңкү үйгө кайттык. Мен ошол кечте биринчи иреет көңүлдөнүп кечки тамакты жасадым. Мен жасаган тамакты ал ушунчалык маашырканып жеди дейсиң, мен аны биринчи ирет көрүп жаткансып таң калып карап олтура бериптирмин. Качан гана, ал: “Сары кыз, тамакка кара, тамагың муздап калат”, -дегенде гана андан көзүмдү алдым. Бирок мен тамакка табитим тартпай турган. Анткени тамак жасап баштаганда эле жүрөгүм айланып окшуп алгамын, демек канча ачка болмоюн ал тамакка табитим тарпайт. Ал болсо мен окшуп алганымды байкабай калды, кызык менин кош бойлуу экенимди билсе кандай кабыл алаар экен? –деп ойлоп койдум, бирок ал жөнүндө ага кечиреек айтууну туура көрдүм.

Түн кирип жатаар мезгилде төшөк салып, адатымча ары карап жатып алдым. Ал мага карап бир нерселерди божурай берди эле, “Болдучу башым ооруп кетти, чарчадым, уктайлык,” – деп кесе айтып, анын ийнимдеги колун алып салдым. Ал байкуш эч нерсе дебей дымып жатып, бир нече убакыттан кийин уйкуга кетти. Түн ичи жымжырттыкта жатып алып бүгүн болуп өткөн окуяларды талдап олтуруп мен өзүмдү “чегине жеткен мерез экемин”, -деген тыянак чыгардым. Экинчи мен жактырбаган нерсем, бул мен ал жанымда турганда өзүмдү башка менен элестетип, анын көзүнө ачыктан ачык эле “чөп” салып жаткандыгымда болуп жатпайбы. Бирок акыл калчап, ойлоно кетсем ал менин макулдугумсуз эле мал байлагансып өзүнө байлап албадыбы. Менин мерездигимден запкы жеп жатабы? - мейли жей берсин, өзү ушуну каалабады беле, өзүнүн энчисин алсын. Чыдабайбы, анда менин башымды биротоло бошотсун, - деп ойлонуп алып кызык болуп кеттим. Апей, боштондук дейминби? Азыр боштондукта жүрбөгөндө кайда жүрөмүн? Деги мен кызык эле жанмын ээ, мерездигимди айтпай эле коёюн, кееде ашыкча эле ажаан болуп кетем ээ ботом? Чоң энем “болуп жаткан нерселерге шүгүр келтирип жүр”, - дебеди беле, ооба ушуга да шүгүр дейин. Ал эми бир зөөкүрдүн колуна туш келсем эмине болмок? - эмне андайлар аз бекен бул жашоодо, жүрүшөт го жашоонун эмне экенинин даамын тата албай, күн алыс күйөө сөрөйүнөн көзүн көк ала кылып таяк жешип. Ошондуктан кудайга шүгүр, тамеки тарпайт, арак ичпейт, кээ бир эркекке окшоп майдачыл эмес, анан эмнеси маган жакпайт? Ушундай оргуштаган ойлордун кучагында анын терең дем алып уктап жаткан жүзүнө айдын нуру тийгенде ал чалкасынан жата кетти. Ошондо мен аны эмнегедир биринчи ирет көрүп жаткансып, анын жүзүнө тигиле карап азыркы Мурат менен мектептеги Муратты аргасыздан салыштыра кеттим. Менимче ал ошол бала бойдон эле калгандай. Биздин балабыз төрөлсө кимге окшошот болду экен? Анын эркек болоору вахтадагы эженин айтканындай болсо айдан ачык болбодубу. Деги балалуу болгон кандай болот болду экен? Ээ болуптурчу, ойлорум учу кыйры жок аркандан бетер чубалып кетти го. Эмнегедир анын айдын нуру аймалаган жүзүнөн өпкүм келип кетип ага эңкейип барып бетинен өөп алдым. Ошол замат бүгүнкүгө чейинки кетирген катачылык, каатчылык, мерездигимдин баарып жууп салгансып, өзүмдү “эр”  сезип уйкуга кеттим.

Таң агарып атып келе жатканда Мурат мага шырп алдырбай чайын ичип, киймин кийип, жумушуна чыгып кеткен экен. Мен шашпай туруп бети башымды жууп келип чай ичүүчү үстөлдүн үстүндөгү кагазды көзүм чалды. Ал катта: “Сүйгөнүм Айсарым! Мен дагы бир же эки жумага жөнөп жатамын. Сени көрүп, сагынычым бир аз болсо да тарагансыды. Буюрса жаңы конуштуу болсок, ата энелерибизди, туугандарды конокко чакырып алабыз. Ошондуктан алар келишине камдана берсең болот. Дагы айта кетчү нерсе мага тартуулаган баа жеткис белегиңе ыракмат. Сенин мени бетимден сүйгөнүң мен үчүн төбөм көккө жетээрлик болду, сенин эриндериң чексиз назик, чексиз мээримдүү экен. Мен сени чындап эле түбөлүккө сүйөмүн деп Мурат!” – деп катын аяктаптыр.  “Демек ал уктабай эле жаткан турбайбы, митаамдыгын карачы мунун”, - деп өзүмчө каткырып алдым. Ал күндөрдө анчейин деле эсте калаарлык окуя болуп өткөн жок. Мурат катка жазгандай үйдүн тоюна камынайын дедим, бирок эмнеден баштаарымды билбей башым маң болду, ал узагандан бир жума өткөндө мени баягы вахтада олтурган апа токтотуп маган телеграмма берди. Ал телеграмма албетте Мураттан эле: “Айсары, сүйгөнүм! Жакында бизге үй берилет, эгер мүмкүн болсо оокаттарды көчкөнгө ылайыктуу кылып даярдап койчу. Мен дагы бир жумадан кийин келем, деп Мурат”, -деп жазылган эле. Мен телеграмманы алып окуп бүткөнчө тигил апа менден көзүн албай, демин ичине катып, “эми кандай жооп болоор экен?” – деп чыдамы кетип араң турган экен. Мен кагаздан көзүмдү алаар замат, экөөбүздүн каректерибиз тигилише калды. Ал күлүмсүрөй: “Ии Сары кыз, күйөө эмине деп жазыптыр?” – деп буга чейин телеграмманы канча ирет окуса да менден сурай кетти. Мен аны түшүнөм, кантсе да анда аялдык кызыгуу өтө күч алып турган эле.

- Ии эже рахмат. Жакшы кабар, буюрса биз жаңы үйгө көчөт экенбиз, ошого кам көрө берүүмдү сураныптыр, - дедим мен.

- Ии болсун! Мына көрдүңбү, сенин Муратың кандай кыйын жигит. Иштегени эки жыл боло элек, башкармалар ага үй берип жатат, бригадирликти алды. Демек ал болочокто министр да болушу мүмкүн, ошондуктан аны баалай билгин, мындай жигиттер чанда кезигет, - деп мага акыл айта кетти.

- Макул апа, рахмат, - дедим мен чын дилимден. Ал апа бир нерсени эстегендей белгисиз бир тарапты карап калды да, бир маалда сөөмөйүн чычайта: “Ай кызым, курсактагы кандай? Жүрөгүң айланбай калдыбы? Талгагың басаңдадыбы? – деп сурап, менден жооп күтүп калды. Мен уятуу иш кылгандан бетер жүзүм албыра түштү да: “Ооба буюрса жакшы эле, талгагым азайды, бирок зарына болуп жатам, - дедим.

- Демек чүрпө чоңоюп, анын чачтары өсүп жаткан турбайбы! - деп менин курсагымды алаканы менен аяр сыйпалап койду. Мен үйгө келээрим менен Мурат жазгандай көчкөнгө камдык урайын деп ойлондум, бирок эмнеден баштаарымды билбей ар кайсы оокатты бир кармап, кайра оордуна коюп олтуруп кеч кирди. “Мейли эртең да күн бар”, - деп телевизордон кино көрүп жатып уктап кетиптирмин. Түшүмдө Мурат экөөбүз эки асканын учунда туруп кыйкырып сүйлөшүп жатыптырбыз. Улам барган сайын үнүбүз басаңдап, биз бири - бирибизден алыстап бара жаткансыйбыз. Мурат: “Сары кыз мен сени чексиз сүйөм, сен аны билип ал”, - деп кыйкырды, а мен болсо: “Мен дагы”, - деп жооп берип, кайра өзүмө таң калып, качантан бери мен аны сүйө баштадым эле, же мен аны мектептен бери эле сүйүп келгеминби? Мүмкүн ошондой чыгаар, а мен аны моюнга ала албай келген болсомчу? – деп, жообу жок суроолорго чөмүлүп жатып ойгонуп кеттим. Карасам телевизордо телеберүү эчак аяктап экран чыбырчыктап жаткан экен. Ошол замат түшүмдү эстеп, аны кандай жорурумду билбей олтуруп калдым.

Эртеси тобокелге салып, тамга жабыштырыган шкафтын ичиндегилердин азыр колдонулбачу буюмдарын ирээтеп, бир картон кутуга салыштырдым. Түш ооп, антресольдогу буюмдарга кириштим. Бир кезде колума чүпөрөккө оролгон бир нерсе илинди, менин боюм жетпегендиктен ал чүпөрөктү бери тартып колума алдым. Чүпүрөк дегеним кадимки эле ак жоолук эле. Эсимде, аны жаш келиндер салынчу эле. Мунун ичинде эмне бар болду экен? - деп кызыгуум артып аны жерге алып түшкүчө шаштым. Жер төшөккө ыңгайлуу жайгашып түйүнчөктү чечип ичиндеги алаканга бата турган китепчени алдым. Ал китепченин ичинен жерге бир нерсе түштү. Жакшылап карасам ал менин бир кезектеги менин жүз аарчым болуп чыкты. Ошондо таң калганымды айтпа. “Бул жүз аарчым, Муратта эмне кылып жүрөт, ал кайдан алды болду экен? Же мен ага бердим беле? Жок, берген эмесмин. Ал уурдап алган болсочу? Жок, ал эч качан андайга барбайт эле! Эмнегедир жүрөгүм уйгу - туйгу болуп кетти. Мен китепчени нары коюп, жүз аарчыга үңүлө кеттим. Ал жүз аарчы меники экенине эч күмөн жок эле, анткени бир бурчуна Айсары 9 “Б”, - деп саймалап жазган жазуу бар эле. Ал убакта дүкөндөгү жүзаарчылар баары бири-бирине окшош болгондуктан, биз кыздар бурчуна саймалап жазып, “кимдики кооз, кимдики көп түс жип менен сайылган экен,” – деп мелдеше кетээр элек. Албетте жүзаарчылар жоголгон күндөр деле болгон, бирок бул жүз аарчы кантип Мураттка тийди? – деген ой менин беймаза кылды. Ойлоно берип, такыр жооп таппай койгонумда, “А мейличи, ал келгенде өзүнөн сурап алаттырмын”,  - деп жүз аарчыны коюп китепчени колума алдым. Ал китепче бир топ эле эскирип, баркатарынын бурчу түрүлүп, сырты бир аз майланышып кирдеп калган эле. Сыртында калтыраган кол менен “Мурат Ж”, - деген жазуу бар эле.

“Демек бул Мураттыкы экен, бирок кол жазмасы эмнеге кичине баланыкындай? - деп ойлоно кеттим. Күтүлбөгөн жерден: “Мүмкүн бул анын мектептеги алгач күндөлүгү болуп жүрбөсүн?” – деген ой мээде кылт этти. “Демек, менин алдымда өзгөчө баалуу нерсе турат, бирок бирөөнүн купуя сыр дептерин окуганга дитим барабы?

-А барбаганда эмине экен? Ал эми мага бөтөн киши эмес да, болгондо да нике кыйылган закондоштурулган күйөөм да!

-Аша чаппасаңчы Сары кыз, кечээ эле аны чанып, айласыздан эле аялдын ролун ойноп келем, - деп онтоп, өзүңдү курбуларыңдын алдында байкуш көрсөтүп жатпадың беле, унутта калдыбы ал сөздөрүң?

- Айтса айткандырмын, анын мени алдап ала качканы чынбы? Чын! Демек, болду да!

- Болсо болду, бирок эмнеге ошол замат кетип калган жоксуң? Кимден корктуң, эмнеден корктуң? Эл алдында шерменде боломунбу? Күйөөдөн чыгып келиптир дегенденби?

- Ооба, элдин оозунда элек жок, көрүнгөндү айтып кишини беймаза кылышмак да.

- Койчу, актанбай, андан көрө “күйөөгө тийбей калам, - дегенден эле корктум”, - деп чындыкты мойнуңа албайсыңбы?!

- Албаймын, андан корккон жокмун. Кааласам топ жигиттин арасынан чекесине чертип, тандап албайт белем, каалаган жокмун, - демек.

- Анда эмне сени токтотту?

- Менин боорукерлигим болсо керек...

- Койчу Сары кыз, өзүңдү ашыкча эле боорукер кыла бербечи, боорукер болсоң байкуш Муратты ушунчалык жерип, койнуңа жолотпой кордойт белең?

- Кордогонго татыктуу иш кылган болсо кордукту көрүп алсын, ага боор оорумай жок.

- Анда эмнеге буга чейин күйөөгө кетпедиң? Демек сенин башкаларга керегиң жок болгондуктан ошондой болдубу?

- Жок, кол сурагандар, достук айткандар көп болду, бирок бирөөсү да жаккан жок.

- Аа, тандаган тазга жолугат болгон турбайсыңбы анда?!

- Эмнеге Муратты дегеле тазга салыштырып болбойт го?

- Анда эмине эле бой көтөрүп жатасың, баш ийип бер ал сенин баркыңа жете турган адамдын нак өзү, же калппы?

- Чыны чын болушу мүмкүн, бирок кургур жүрөккө: “Сен муну сүй, тигини сүйбө”, -деп буйрук бере албайт экенсиң го?! Ким билет, бара-бара жактырып, анан сүйүп калаттырмын. Чын эле, алгачкы күндөргө караганда азыр аны кадыресе жакын кишидей күтүп калбадымбы, кантсе да ал менин болочок баламдын атасы болуп жатпайбы?! Макул убакыт көргөзөөр... Убакытка баары баш ийет эмеспи..”- деп, акыры өзүмдү өзүм кажап, өзүмдү-өзүм актаганды токтотууну туура көрдүм. “А болбосо минтип олтура берсем эмненин ичинен чыгаарым белгисиз”, - деп ордумдан туруп, терезеге басып бардым. Сыртта баягы эле көрүнүш. Биздин батир төртүнчү кабатта болгондуктан, тал теректердин учтары шуулдап, ар тарапка теңселип, алардын бутактарында олтурган чымчыктар сайраганда айлананы шаңга бөлөп, менин бүркөлгөн кабагымды ачып, чөккөн көңүлүмдү алаксытып койоор эле. Азыр дагы жакын жердеги бутакта олтурган булбул көңүлдүү ырын сайрап жатты.  

Бирок өзүмдү сырдуу дептерден канчалык оолак кармайын десем дагы болчудай эмес. Эмне иш менен алек болсом да ал дептер көңүлүмдү өзүнө буруп туруп алды, акыры аны кайрадан алган жериме койууга аргасыз болдум, ага дагы болгон жок. Эмне айла табаарымды билбей: “Жок дегенде курбулардан бирөө жарым келип калса болот эле”, - деп тилей да кеттим, бирок эч ким келбеди. Такыр болбой калганда, сыртка чыгып сейилдеп да келдим, бирок вахтадагы мен жакшы көргөн апа жок болгондуктан кайрадан үйгө кирдим. Көңүлүм баягы Мураттын сырдуу дептеринен кетпей койду. Акыры мен ал дептерди окубасам, жаным жай албасын түшүндүм окшойт. “Эгер азыр менин жанымда Мурат болгондо, ал мага уруксаат берет беле?” – деп өзүмө суроо узаттым. “Албетте, кантип ал мага “жок” деген сөзүн айтмак эле, айтпайт болчу, ал гана эмес: “Сарым менин сүйгөнүм, алып окуй гой”, - демек ал сөзсүз, деп өзүмдү жооткотуп, баягы дептерди кайрадан антресольдон алып түштүм.

Ал дептердин алгачкы барагында Лениндин капталынан тартылган сүрөтү, алдында “Окуу, окуу жана окуу” деген жазуусу менен анын койулган колу бар эле. Ал сүрөттү түстүү журналдан кастарлап кесип алып, чаптаган көрүнөт. Кийинки бетинде гезиттен кесилген басмаканын тамгалары менен өз атын, туулган жылын, жашаган адресин жазыптыр. Анын ары бери “тыйтайган” тамгаларын көргөндө мыйыгымдан жылмайганга аргасыз болдум. “Кызык, менин алгачкы дептерлерим сакталып калды бекен?” – деп ойлоно кеттим. Эмдиги жолу атамдардын үйүнө барганда сөзсүз карап көрүүнү чечтим. Дептердин экинчи бетинде ала тоону, тоо боорунда жылып аккан булакты, анын бойлой тигилген боз үйлөрдү, мал жандыктары менен тартыптыр. Далалат кылганы көрүнүп турат. Андан кийин дагы бир нече сүрөт бар экен, алар бара - бара сүрөтчү бала тажыйырба алып калгандыгын айгинелегенсийт. Кийинки баракта 4 “б” класс, 1979-1980 окуу жылы, мен Мурат Жеентаев ушул окуу жылы “отличник” болууга өзүмө - өзүм убада беремин. Бүгүн биринчи Сентябрь, мектепте “линейка” болду. Ураа! Бизди колхозчуларга жардамга талаа жумуштарына айдады, демек биз чоңойдук!”, -деп жазган экен. Анын кол жазмасы мурункудан кыйла оңолуп калыптыр. Кийинки барагында: “Биздин класстын жаңы класс жетекчиси классты экиге бөлүп, бирин картошка тергенге, экинчи бөлүгүн алма жыйнаганга чекти. Мен картошкага чегилиптирмин, а Айсары болсо алма тергенге чегилиптир, муну укканда менин көңүлүм чөгө түштү. “Эжеге кантип айтсам, балдар эмне деп ойлошот экен, алар билип алса шылдыңдап күлөөрү бышык”, - деген ой мени жүрөкзаада кылды. Бирок аябагандай аны менен чогуу болгум келгендиктен, ыгын таап эжейибиз жалгыз калганда, мени алма тергендерге кошуусун өтүндүм.

Менин суранычыма эжей анча деле таң калган жок, анткени картошка терип чаңдаганча алма терип жүргөн жакшы эмеспи. Бир аз ойлонуп, макулдугун билдирди. Бирок эжей мага бир шарт койду, анысы жумуштан калбай башка балдарды да жакшы иштөөгө үндөп туруу болчу. Мен сүйүнүчүмдүн чеги жок эле, анткени сары кыздын жанында боломун да”. Кийинкиси кеминде бир айдан кийин жазылыптыр, анда: “Кандай гана көңүлдүү күндөр өтүп жатат. Бизди колхоздун жумушуна чеккени, демек биз чоңойуп калган экенбиз да. Анан түштө эжей менен чогуу олтуруп тамактанган кандай сонун ээ. Мындай учурда баарыбыз үйдөн алып келген азыктарды ортого коюп, анан тамактанабыз. Менин эң жакшы көргөнүм Сары кыздын алып келген тамактары. Алардын жапкан нандары да, жармасы да элдикинен башкача бир керемет даамы бар. Нанынын жыты тим эле каңылжаарыңды жарат. Кандай гана бактылуу кыз, ошондой таттуу нанды жеген ээ. Бирок мен дасторкон үстүндө анымды билгизбегенге аракет кылам. Бүгүн мен аз жерден Сары кызга жардам бере койом деп, ага кармалып кала жаздадым. Эми  абайлаш керек болуп калды. Буга чейин жигин билгизбей келдим эле. Эх кандай жыргал”, - деп жазып аягына фломастер менен кыпкызыл кылып үч илеп белгисин коюп коюптур. Демек ал аябай сүйүнгөн экен да, чын эле ал мен үчүн да иштеп жүргөн экен да деп, -  ошол күндөрдү элестетүүгө аракет кылдым. Ооба бизди колхоздун алма багына чеккен. Ал жакка эжейибиз менен чогуу барчубуз. Ар бир балага он жашиктен, кыздарга сегиз жашиктен жыйнаш керек эле. Көпчүлүк учурда биз биргелешип жыйнай койчубуз да оюндун кызыгына батчу элек. Кийинчереек алма бактын аягына жакындаганда алма дарактары бириндеп, аралыктары алыстап норманы толтуруу кыйынга тура баштады. Бирок мени таң калтырган нерсе, мен класстын алдында бүтүүчү болуп жатып калдым. Буга өзүм да таң калып жүрдүм. Акыры бир күнү жыйнаган алманы жашикке төгүп кетип бара жатып, суусаганымдан кайра ал жакка кайтып келгенде, бирөөнүн алыстап бара жаткан далысын байкап калдым. “Мына эмесе, бул мен чогулткан алманы уурдаганы келген неме турбайбы? – деп, мен аны кууп жөнөдүм. Бирок ал тез чуркагандыктан мени тез эле адаштырып кетти.

Мен жашиктериме кайтып келип жыйнаган алмаларымды толуктап кирдим, жыйынтыгында алмаларым азаймак түгүл, тескерисинче көбөйө түшкөн экен. Мен аң - таң калып, ал ким экенин билбей башым катты. Бирок аны эч кимге айткан жокмун. Ошондон кийин “эмне болсо да анын ким экенин табамын”, - деп өзүмө максат койдум. Бирок ал окуянын аягы эмне менен бүткөнүн эсте жок. Болжолу ким экенин таппай, тим болсом керек. Мына кыңыр иш кырк жылда демекчи, көрсө Мурат ошондо эле мени жактырчу турбайбы. Балалык сезим эң эле таза болот дешет го, мүмкүн ошо чындыр?  Мен оюмду жыйганча эшикти кимдир бирөө каккылап калды. Эшикти ачсам кошуна келин бир аз ун сурап келген экен, анысын берип кайрадан баягы дептерге үңүлдүм. Бирок жаңы гана дептерди ачаарым менен университетте чогуу окуган группалаш кызым келип калды. Аны менен өткөн кеткендерди сүйлөшүп олтуруп кантип кеч кирип кеткенин байкабай калыптырбыз. Мен үйдө жалгыз калууну каалабай аны үйгө алып калдым. Мен кечки тамакты жасап жатканда ал дубалда илинип турган сурөттү карап: “Бул ким?” – деп сурап калды. Мен тамаша ирээтинде “ал менин байкем”, - деп койдум, бирок ал чынында эле Мураттын сурөтү эле.

-Ай ий, чырайлуу экен ээ. Көздөрүн карасаң, кой, Сары мени байкең менен тааныштырбасаң болбойт. Мен сага жакшы жеңе болуп берем, - деп ал шыңкылдап күлдү.

-Койчу, кадимкидей эле айылдын эле жигиттеринин бири, - дедим мен кош көңүл.

-Жок, эми сага билинбейт да. Мага дароо эле жагып калды. Билесиң го, мен жигиттерге калганда өтө сынчылмын, көрүнгөндү эле жактыра бербеймин. А байкеңди карасаң, маңдайы жазы, муруну барбайган, көздөрү мээримдүү тим эле өзүнө тартып турат.

-Сен аны ашырта эле мактап жибердиң го?

-Жок чындап эле, Сары кыз мени жеңе кылып алчы?! Ушуга чейин байкеңди кайда катып жүргөнсүн? Тим эле жигиттин гүлү турбайбы? – деп ал шыпшынып алды. Тамаша тереңдеп кеткиче токтотоюн дегиче болбой кайрадан эшик кагылып калды. Ким болду экен? - деп, эшикти ачсам, босогодо Мурат туруптур. Мен эмне деп айтаарымды билбей эле күлүп жиберип: “Келиңиз байке”, - деп аны кучактап жүзүнөн сүйдүм. Ал эч нерсени түшүнбөй колундагы сумкасын мага сунуп, кучактап бетимдеп өөп ичкери кирди. Курбумду көрүп, адатынча бир аз апкаара түштү. Ошондо курбумду көрүп ал, турган жеринен бир укмуш өзгөрүлүп наздана кылыктанып көздөрүн кылгырта “байкемди” карап калды.

-Ии үйдө конок бар экенин билгенде бир нерсе ала келмек экемин, - деп Мурат ага адатынча мукактана салам айтып кол сунуп атын атады.

-Менин атым Гүлбарчын, мен карындашыңыздын группалашы болом, экөөбүз абдан ынак болчубуз, азыр эле алыстап бара жаткандайбыз ээ, Сары кыз, - деп курбум үнүн жасап, Муратка көзүн сүзсө болобу?!

-Ии эми алыстабай байма - бай көрүшүп турсаңыз болот, эмнеге болбосун ээ Айсары?! – деп эч нерседен капары жок, Гүлбарчындын “карындашыңыздын” деген сөзүн кулак сыртынан коё берген Мурат ага жооп айтты.

-Албетте, агатай, сиз айтып калдыңыз, эми келе берип сизди тажатам, - деди ойлогон оюнун оңуна чыгып жатканын сезген курбум.

- Келе бериңиз, Айсары дайыма үйдө, - деп ал мени суроолу карап калды.

- Ооба да, биздин үйдүн эшиги курбулар үчүн ар дайым ачык, - деп мен аны кубаттадым. Ошондо менин “биздин” – деген сөзүм Муратка абдан жакканы ачык эле көрүнүп турду, ал ого бетер жылмайып, Гүлбарчынга: “Ооба биздин үйдүн эшиги ар дайым сиздерге ачык”, - деп, бирок кайра эле “биздин” деген сөзгө басым жасап, кандайдыр бир сыймыктануу менен айтып алды.

- Анда мен тамакка кам көрөйүн, силер сүйлөшүп олтура тургула, - деп ашканага бастым. Тамак камын көрүп жүрүп ара чолодо бөлмөгө баш бакканымда Мурат өз иши жөнүндө кеп салып, ал эми Гүлбарчын болсо аны аябагандай тиктеп алган экен, жада калса менин бөлмөгө киргениме да көңүл бурган жок. “Демек ал чындап эле Муратка “арбалгандай”, кеч боло электе ага чынын айтып, аны “суутайын”, -дегиче болбой Гүлбарчын ашканага кирип келип, мени жеңден тартып алды, мен ага жалт карадым. Ал уурулук үстүндө кармалган бала сымал бозала болуп алдымда турган эле.

- Гүлбарчын, мени кечирчи! Бул тамаша болчу, - дедим мен акырын.

- Келесоо, ушинтип да тамашалачу беле? – деди ал көздөрүн кылгыртып. Ызасына чыдабай ыйлап жиберээрине аз эле калган эле. Кантсе да аны менен беш жыл бирге окуп анын кыял жоругун “бешке” билгенден кийин аны кучактап сооротподум, анткени ал ыйлаганда аны сооротуш өтө кыйын эле.

- Кош курбум, жакшы кал, сүйгөн “байкең” менен бактылуу бол, - деп каалганы тарс жаап чыгып кетти. Каап, эртелегенде болмок экен, эми ал мага чындап эле катуу таарынды, бирок анын таарынычы да бат, жазылышы да бат эмеспи, эмики жумада курсташтар менен чогулганда кечирим сурап таарынычын жазып алаармын, - деп ойлоп койдум. Аркасынан дагы барбадым. Бирок балконго чыгып, анын башын ийнине катып, солкулдап ыйлап бара жатканын көрүп, өзүмдүн олдоксон тамашама жиним келип, өзүмдү дагы бир жолу жемелеп алдым.

-Сарышкам, эмне болду? Түшүнбөй калдым, түшүндүрчү, - деди Мурат жай гана.

- Ал кыз сени бир көрүп эле сүйүп калыптыр, - дедим.

- Кантип, менин сеним барсың го, -деди ал адатынча сөздөрүн чаташтырып. Ал толкунданганда айтайын деген оюн чаташтырып алаар эле.

-Ошентип эле. “Бул ким?” – деп сурап калды сенин сүрөтүндү көргөзүп. Мен ойдо жок жерден: “байкем”, -деп койдум. Сен келип калаарыңды кайдан билдим, анан айтайын дегиче эле ушундай болуп калбадыбы?! – дедим өзүмдү күнөөлү сезип.

- Аа түшүнүктүү, бирок Гүлбарчын ачык айрым кыз экен, кабагы да ачык, жаркылдап турат экен, - деди Мурат. Ошондо эмнегедир мен аны кызгана кеттим да, “Бар, анда ошону алып келип ал, ал сага жакшы аял болуп берет”, - деп мен ага бултуңдай кеттим. Ошондогу анын таң калганы такыр эсимден кетпейт, көздөрү тостоюп, айтаар сөзү жок маңдайымда кудум эле сабагынан “эки” алган балача жалдырап олтуруп берди. Мен жиним келип аны кубалап кирдим. Ал менден жалтанган болуп, тамашага салып, менден кечирим сурап мени ого беш бетер менин жиниме тийип жатты. “Ой бул кандай неме? Жок дегенде эркек өңдөнүп үнүн бийигиреек чыгарып койсо боло? Эмне эле ырсаңдайт? А мен эмнеге анчалык жиндениеп алгамын, же эмне мен аны Гүлбарчынга чындап эле кызгандымбы? Демек мен аны жакшы көрүп баштадымбы? Күйөөм болсо, эмнеге жаман көрүшүм керек? Чынында эле ал аябагандай эле жакшы адам, аны теңине албай чанып жаткан мен. Көрөбүз Сары кыз, уулуңду төрөгөндө эмне кылаар экенсиң, эки колуңду так эле Гитлердин солдатындай көтөрүп, багынып бербесең эле маган кел”, - деп адатымча өзүм менен сүйлөшө кеттим.

- Айсары сүйгөнүм, - деди бир нече убакыттан кийин ал үнүн болушунча жумшак чыгарып. “Мени билесиң го, мага сенден башканын түк кереги жок, мен сени менен түбөлүккө бирге болгум келет, ишенип кой маган. Мен дагы бир жума иштеп келишим керек эле, бирок мен сени сагынганымдан сени көрүүгө эртең мененкиге чейин эле суранып келдим, мени кубалабачы, жат көрбөчү, суранамын сенден!” - деп мени мойнумдан имере кучактады. Эмнегедир мен жибип, муруңкудай андан боюмду ала качкан жокмун. Экөөбүз үйлөнгөндөн бери мен аны менен биринчи жолу жан дилимден өптүм. Ал түн биз үчүн өзгөчө түн болду. Ошол түнү мен эркектин касиетине баш ийип, ал касиети кебелбес болооруна ынандым. “Эгерде аял эркектин касиетин туйуп, аны баалай биле турган болсо, анда ал аял турмушта сөзссүз бактылуу боло алат”, - деген кепти апалардан укканым бар эле. Бул таңда демейдегидей ал жөнөп жатканда уктап жатып албай ич кийим, көйнөк шымын жаңылап, тамагын, чайын белендеп бүткөн соң гана Муратты ойготтум. Аны ойготкондо да жөн ойготпой, жүзүнөн сүйүп “Турагой атасы, жумушка кечигесиз”, -дедим. Ал уйкудан арыла албай жатып, мени кучагына кысып: “Айсарым менин, сүйгөнүм! Билесиңби бул түн мен үчүн жашоодо кайталангыс керемет түн болду”, - деди.

- Эмнеге кайталангыс? Мүмкүн далай жолу кайталанаттыр?! – дедим мен ага кылыктана эркелеп. Ал чачымды салаалап сылап, жүзүмдөн аймалап өпкүлөп жатып токтой калды да: “Сарышкам, “атасы” дедиңби? Эмне мени ата кылайын деп жатасыңбы? Чын элеби? Качан? – деп ал уккан кулагына ишенеер ишенбесин билбей ийинден алып, мени биринчи жолу көрүп жаткансып үңүлө тиктеди. Анын көздөрү уйкудан биротоло арылып, балбылдап жанып турган эле. Мен анын мындай абалда болушун биринчи ирээт көрүп турган элем. Ал мени карылуу колдору менен бекем кыса кучактаганда мен анын дүкүлдөп көкүрөгүнө батпай турган жүрөгүнүн согушун даана сезип турдум. Ал гана эмес анын азыркы абалы мага да таасирин тийгизгендиктенби, менин жүрөгүм да аныкынан кем калбай дүкүлдөп согуп жатты. “Ооба, мен сени “атасы”, - дедим. Буюрса чүрпөлүү болобуз. Илимге таянсак азыр ал кадимки адам кейпин кийип, жүрөгү согуп баштаган экен. Демек азыр үч жүрөк бирге “дүпү-дүп”, болуп согуп жаткан кези, - дедим. Ошол тапта Мураттын абалын сүрөттөп айтып берүү мен деген акындардын колунан гана келбесе, менин колумдан да келбестир. Ал адаттагыдан башкача жалынып жалбарып, туш келди жеримден өпкүлөп жатканда төшөк башында турган саат чырылдап калды. Экөөбүз бир саамга дендароо болуп бири - бирибизди тиктеп алып каткырып калдык. Маңдай - тескей олтуруп чай ичип, ал жумушуна жөнөй турган болуп босогодо менден ажырагысы келбей туруп калды. Мен ага таза кийимдери салынган баштыкты колуна берип жатканда: “Айсары сен мени бир да жолу “сүйөм”, - деп айткан жоксуң ээ?! Сенден суранам, жок дегенде бир эле жолу айтып койчу?!”, - деп ал мени жалооруй карады.

- Муратик, ар нерсенин оорду менен болгону жакшыдыр. Убагы келсе ал сөздү да угаарсың, сен ага ашыкпагын ээ? –деп аны эркелете жүзүнөн өөп узаттым. Эмнегедир  жүрөгүм алеп - жалеп болуп бир башкача сезим мени бийлеп алды. Адаттагыдай эле балконго чыгып анын эшикке чыгышын күтүп туруп калдым. Бах, кандай сонун таң, кандай бактылуу күндөр, айлананын кооздугу тим эле көздүн жоосун алат, чымчыктардын сайраганы бир укмуш. Мына ал сыртка чыга келди, тим эле эле кичине баладай кудуңдап сүйүнүп алган. Алдында жолуккан эрди катынга тим эле көптөн бери тааныгансып ал жаны калбай салам айтып жатат. Мына алардан бошогон соң, мени көздөй жалт бурулуп карап алды да: “Күткүлө, мен эмики жумада бир жолу силерге кайтып келем”, - деп кыйкырды. Мен укпамыш боло: “Эмне дейсиң?” – дедим. Ал дагы бир кайталады, мен кайра укпамыш болуп койгонумда, ал күтүлбөгөн жерден кайрадан подъезди көздөй чуркады. Эшик кагылып калды, эшикти ачканымда ал аптыккан демин тыя албай жатып: “Сарышка балам экөөңөр мени күткүлө, буюрса эмики жумада менин ал жактагы ишим аяктап биротоло кашыңарга келем”, - деп негедир шыбырга өттү.

-Болуптур, аман кайтып кел, күтөбүз, бар эми кечигесиң, - дедим. Ал мени кучагына алып жыттап бетимден өөп алды да: “макул” деген таризде жолуна түштү. Мен анын аркасынан эшикти жаап, кайрадан балконго чыктым. Ал адатынча эле, узап бара жатып мен тарапты кылчактап карап жатты. Бир маалда мык каккандай ордуна катып туруп калды. “Эми дагы кайра кайтып келеби?! – деп бушайман болуп, “Бар эми бар жумушуңа дедим. Ал: “Куп болот менин канышам!” – деп мага кудум эле жомоктогу каармандардай ийиле жооп берди. Менин күлкүм келип, “Бар эми!”, -деп кол шилтеп узаттым. Анын мындай бала кыял экенин түк сезбептирмин. “Көрсө күйөөмдүн “катылган өнөрлөрү” бар турбайбы?!” - дедим ичимден. Бирок эмнегедир бул жолу “күйөөм”, -деген сөз маган өөн учураган жок.

Үйдү ары бери жыйнаштыра салып, кайрадан баягы дептерге умтулдум. Баягы эле тааныш кол жазма, бирок бул жолкусунда бирде оңго, бирде солго ыктап жазыптыр. Өз үй - бүлөсүндөгү жакшылыктарды, той өткөргөндөрүн, кайсы туугандарын жакшы көрөөрүн, кайсыларын жаман көрөөрүн жазып чыккан экен. Мен анын “эр жүрөктүүлүгүнө” таң бердим. Эгер анын дептери ошол эле туугандарынын колуна тийип калса не болот эле? – деп мен ал үчүн бушайман боло кеттим. Анын үстүнө мен анын туугандары жөнүндө окуп жатканда, эмнегедир уурулук кылып жаткандай сезип жаттым. Ал барактарга үңүлбөстөн жапканча шаштым. Кызык эми мен жөнүндө дагы сөз болот бекен? –деп кызыга кеттим. Кийинки барактарда ошол убактагы Индия киносундагы актёрдун сүрөтү бар экен. Ошондо негедир шаабайым сууй, ал дептерди окугум келбей калды. Жада калса аны үстөл үстүнө коюп, балконго чыгып көчөгө бир нече убакыт тигилип карап турдум. Бирок, ал жакта өтө деле кызык окуя болбогондуктан, кайра ал дептерчени колума алдым. Кантсе да мен үчүн өтө кызык болуп туруп алды. “Ал эмне үчүн, дептерди барактап арка жагынан карап албайбы?!” –деген суроо туулары талашсыз, бирок мен антигүүгө бара алмак эмесмин. Анткени тамга таанып, өз алдынча китеп окуй баштагандан бери башкаларчылап барактарды аттатып окуй берчү адатым жок. Анын аркы бетинде, кайрадан анын күндөлүгү уланган. “Биз ошентип бешинчи класска көчтүк... Жайы бою жумуштун майын чыгара жасап, ал гана эмес оюндун да омурткасын омкоруп жүрүп, каникул кантип өткөнүн сезбей деле калдык окшойт. Эми каникул жакшы дечи, бирок Айсарыны көрбөгөнүмө өкүнүп жүрдүм. Кээ бир бош убакыт боло калганда алардын үй тарабына барып, көчөнүн аркы бетиндеги үйдүн алдындагы терекке орнотулган секичеге олтура кетем. Эмнегедир башка үйлөрдөн Сары кыз жашаган үй көзүмө өзгөчөдөй көрүнөт. Кирип чыккан адам деле жоктой. Менин күткөнүм Сары кыздын өзүн алыстан болсо да көрүп калуу эле. Бирок ал чыкпады, кийин билсем ал улуу эжесиникине кеткен экен. Ошондон кийин алардын үйү тарапка барганымды токтоттум, себеби анын кошуна балдары: “Эмне Айсарыны кайтарып жүрөсүңбү?” – деп шылдыңдап калышкан эле. Аларга ар кайсы шылтоо айтып жатып араң кутулгамын.

Кееде ат араба менен үй тарапка өтүп бара жатып, анын үйүнө жанаша калганда өйдө туруп эки жакты карамыш болуп алардын үйүнө көз кырымды салам. Бирок Сары кызды көрө албай шаабайым сууй түшөт. Иий, кандай гана бактылуу адамдар ушул үйдө жашашат ээ?! Кызык Сары кызды үйүндөгүлөр урушат болду бекен? Эмнеге урушмак эле, ал абдан тыкан, илбериңки кыз эмеспи, - деп өз суроомо өзүм жооп беремин. Ий эгер мен сыйкырчы болуп калсам, анда ушул үйдүн дубалы болуп алмакмын. Күн сайын Сары кызды көрүп турмакмын, бирок ал кызык эмес го, андан көрө эшиктин туткасы болсомчу? - ал мени күнүнө бир нече жолу кармайт эле да, - деп кыялдана кетем, бирок ал оюмдан өзүмдөн - өзүм уяла берем. Ураа, ошентип эртең биринчи сентябрь. Баягыдай эле тынчтык сабагы өтүлөт да, кайрадан колхоз жумушуна чегилмей. Жыргал, бул жолу дагы Сары кыз менен чогуу болсом жаман болбос. 31 август”, – деген дата коюлган эле.

Мураттын бул жазгандарын окуп бир чети күлкүм келсе, бир чети таң калам. Кызык, эгер мен бирөөнү жакшы көрүп калсам, анда мен дагы ага окшоп үй кайтарат белем? Ким билет? Бирок кыз башым менен эркек баланын үйүн сагаалап турсам болмок беле? Албетте ал ойго келбеген иш, а эгер мен эркек бала болсомчу? Анда иш башка, - деп оюмду жыйынтыктадым. Түш маалы болуп калгандыктан чай коюп тамактануууга олтурдум. Чай ичип жатканда да эки көзүм телевизордун алдындагы текчедеги сырдуу дептерде болду. Ал сырдуу дептер мен үчүн эми даана сыйкырдуу дептерге айланып өзүнө чексиз күч менен тартып жатты. Чайды тезинен ичип бүтүп, столдун үстүн жынай салып сыйкырдуу дептерди колума алды. Бирок тилегимди таш каап, эшик такылдап калды. Эшикти ачсам кошуна келин турган экен.

-Эжеке, зеригип кеттим, келиңчи сүйлөшүп олтурайыкчы, - деди. Мен ага таң калдым, анткени мен биз бири - бирибизди сырттан эле көрүп, жолукканда баш ийкешип өткөнүбүз болбосо андан башка жакындыгыбыз жок эле. Мен ыргылжың боло түштүм. Биринчиден мен аны менен эмне жөнүндө сүйлөшмөкмүн? Экинчиден мени Мураттын дептери күтүп жаткан эле.

- Ий каап, азыр үйгө коноктор келет эле, ошого даярдык көрүшүм керек, - деп калп айтканга аргасыз болдум. Ал келин көңүлсүз узап кетти. Мен кайрадан дептерди алып, кийинки бетти окуганга кириштим.

“Ооба, баардыгы мен каалагандай болду. Бизди баягыдай эле алма тергенге жөнөттү, Сары кыз да мени менен, же мен аны мененби? Иши кылса чогуубуз да. Кандай жыргал! Бирок эмнегедир мен аны көргөндө эмне кылаарымды билбей апкаарып калмайым бар. Ага жакшы эле сөз айтайын дейм, бирок денемди калтырак басып, айтаар сөзүмдү унутуп калып жатпаймынбы. Ал мени туптунук көздөрү менен караганда, мени рентген менен карагандай эле болот. И баса “рентгендей”, деген сөздү эжем көп айтат, ошондуктан мага дагы жуккан окшойт. Ошентип бактылуу күндөр өтө берди, колхоздун алмасын жыйнап, оюнга тойбой жыргап жүрөбүз. Бирок бир күнү Айсары эмнегедир жумушка келген жок, эртеси дагы келген жок. Менин маанайым ого бетер түштү, иштегенге да, ойногонго да көңүл жок эле. Жада калса класс жетекчи эжейибиз, ахыбалымды сурап, чекеме кол тийгизип дагы көрдү. Баардыгы ырас эле, бирок бир нерсе жетишпей, коңултак өтүк кийип алгансып, эптеп күндүн өтүшүн самаймын. Көрсө Сары кыз ооруп калган экен.

-Балдар Айсары ооруп калыптыр, кечинде барып саламдашып, ахыбалын сурап койгула. Ким барат? – деди.

-Демейде оор басырыктуу жаным, бул жолу анымдан жазып “Мен”, - деп кудум эле партада олтургансып оң колумду көтөрүп жибериптирмин. Классташтарым кыраан каткырык түшүп калышты. Ошондогу бетимдин кызарганын айтпа. Ар ким ар кайсыны айтып мага тийишип жатышты. Мен аларга жооп ирээтинде: “Анын үйү биз жакта эмеспи!” – дегенге араң жарадым. Баарын көрүп баамдап турган эжей: “Мурат менен дагы эки кыз чогуу баргыла”, - деди. Мен жеңилдей түштүм. Бирок негедир убакыт өтпөй, өзүмчө бушайман боло бердим. Өзүмдүн жашиктеримди толтуруп, тиги кыздардыкын карасам алар али жарымын да толтура элек экен. Аны көрүп бышып кеттим, аларга унчукпай жардамдашып кирдим. Алар байкап калып, экөө шыбыраша кетип, шыңкылдап күлүп калышты. Бирок мен ага да кайыл элем, анткени “Сары кызды көрөм”, - деп дегдеп алгамын да. Мен атайын ал жакшы көргөн алманын эң бышканын тандап, тамак көтөрүп келүүчү баштыгыма салып койдум. Баштыгымда атайын “ага” деп сактап койгон Москвадан аталаш эжемдер алып келген шоколад бар эле. Жайдын ысыгына таптакыр эле эрип калбасын деп аны арыктагы суунун жээгине, көлөкөгө каткан болом. Эмнеси болсо да алып барам, ”Москвадан келген конфет”, - деп өз колуна беремин, - деп өзүмчө шердене кеттим. Ошентип биз Сары кыздыкына үчөөбүз жөнөп калдык. Жолдо келе жатканда тиги кыздар мени жөн коюшмак беле, “сен Сарышканы жакшы көрөсүңбү? Чыныңды айтсаң, биз эч кимге айтпайбыз”, - деп жанымды койбой келишти. Ырас менин көктүгүм бул жолу мага жакшы жардам берди. Мен “дуңкуюп” унчукпай келе бердим. Акыры тажаган немелер мени өз жайыма койушту. Бирок биз анын үйүнө келгенде Апасы: “Айсарыны доктурга көрсөткөнү алып кетишти эле”, - деп жооп берди. Мен башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей эле болдум”, - деп аяктаган экен. Мен ал мезгилге артка кайтып, жөндөн-жөн туруп эле ооруп калганымды, “сарык оорусу болушу мүмкүн?” - деп ооруканага жаткырганын эстедим. Бир жума өтүп-өтпөй, оорум аныкталбагандыктан мени ооуканадан чыгарышкан эле. Үйгө кайтып келгенимде мага апам: “Мегин сага классташтарың алып келишиптир”, - деп үч – төрт алма, эки ирис, бир шоколадды сунду. Шоколад чыныгында алгачкы сынын эчак эле жоготкон эле, бирок эмнегедир ошол таттууну аябай жегим келгендиктен, аны көпкө создуктурган жокмун. Эң эле таттуу экен. Сыркы кабыгын карасам, Москвада “Красный Октябрь”, деген фабрикада чыгарылган экен.

- Апа, бул конфетти ким берди?

- Аа тиги, кимдин баласычы! Ким эле, аты эсимден чыгып жатпайбы?!

- Үйү кайсыл жакта?

- Алиги Орозбек аваңдардын үйүнөн эки короо ары жакта.

- Аа ал Жээнтаев Мурат болсо керек?

- Ооба, так эле ошол бала. Кадырэсе чоңоюп калыптыр, башка балдардай шалпактабай - шашкалактабай токтоо салам айтып, кыздарды иттен коруган болуп, короого өзү баш бакты. Жакшы бала экен, - деди апам.

- Ооба, окуусу да жакшы, - деп өзүмө күтүлбөгөн жерден Муратты мактай кеттим. Ошондон кийин мен ал жөнүндө кээде ойлоно кетчү болуптурмун. Бирок ал кезде, бизге сүйүүнү суутуп коюптурбу? Болсо балалык баёоо сезим болсо керек.  Ал күндөр да артта калбадыбы?! Анда биз бала болгонубуз менен, каадаланып чоңдорго окшошконго аракет кылсак керек. Эсимде, мектепке жөнөөр алдында ак фартугумду тагынып, чачтарыма барпыраган ак бантигимди тагынып, кебете-кешпиримди сөзссүз чоң күзгүнүн алдында оңдоп алаар элем. Бара-бара келбетемди гана карабастан, бети башымды дагы үңүлө карай турган болдум. Кээде өзүмө-өзүм жылмайып, ал жылмайганым бирде жакса, бирде жакпай калаар эле.

Дептердеги окуяларга үңүлүп олтуруп курсагым ача баштаганын сезип сааты карасам, саат төрттөн өткөн экен. Тезинен чай коюп, шам-шум этип алдым да кайрадан Мураттын дептерин алып, аны биринчи ирээт көрүп жаткансып тегерете карап алдым. “Бул дептердин башталганы бир канча убакыт болсо да, али сыны кетпептир, демек мунун ээси ал буюмду ыйык көрүп, аздектеп сактап келген экен, демек жөнөкөй эле дептерге мындай мамиле кылып жатса, анда мен өзүм жөнүндө камаарабай эле койсом болот го?” – дегенде ой менин жүрөгүмдү жылытты.  

Бирок кийинки бетин ачканда таң калганымдан бир азга эмне дээримди билбей туруп калдым. Анткени, кийинки бетте: “Каргашалуу күн!”, -деп жазылып турган эле. Дагы эмне болуп кетти? Бирөө кайтыш болду бекен? Бирөөсү кырсыкка учурады бекен? – деп кызыга кеттим.

“Бүгүн адаттагыдай эле күн болчу. Мен кайрадан эле көнгөн адатымдан калбай мектепке Сары кызды ээрчип келдим. Сабакта олтуруп аны тиктеп олтурдум. Бирок мугалим ордумдан тургузганда дароо жооп берип койдум. Бир кезде класстын арт жагынан төрт бүктөлгөн ак барак менин алдыма келип түштү, аны алып жаңы эле ачып окуурумда “Мурат, алып кел колуңдагыны”, -деп тарых эжейибиз чаңк этти. Мен башкаларчылап кагазды катып кала албадым. Аны эжейге берүүгө аргасыз болдум. Эгер ошондо ичинде эмне жазылганын билгенде эч качан антмек эмесмин да.

“Жаз келип татына гүлдөр кулпурат

 Көңүлүм Айсары сага бурулат

Жай келип, сайрайт булбулдар

Айсары арналат сага бул саптар

“Айсары, мен сени абдан жактырамын, макул болсоң дос болуп жүрөлү. Мен күн сайын сенин артыңдан баспай, сенин сумкаңды көтөрүп басайынчы. Мурат”, -деп эжей ал кагазды үн чыгара окуганда күйбөгөн жерим күл болду. Актанайын десем, тилим булдуруктап, сүйлөй албай кызарып чыктым. Класстагылар кыраан-каткырык түшүп жатып калышты. Анысы аз келгенсип Сары кыз олчойгон тарых китеби менен мени баштан ары уруп калды. Мен буйтаганга да үлгүргөн жокмун. Классташтар ого бетер каткырып боорлору эзилип калышты”, - деген саптарды окуганда, кайрадан ак фартук кийип, партада олтурган күндөр эске түштү. Ошондо чынында эле мен Муратты аябай жек көрүп кеткемин. “Эми класс ичи эмес, бүт мектепке тарай турган кепти канткенде тыймакмын?!”, -деп бушайман болуп ыйлап да алдым. Ошондо эжей да кызык, ал кагаздагыны класска жарыя кылбай эле койсо болмок беле? Ким билет, эгер мектептин директору баш багып калбаганда ал окуя эмне мене аяктайт эле? Иштин чоо жайын териштириш үчүн ал Мурат экөөбүздү кабинетине чакырып алды. Мурат катты ал жазбагандыгын, аны арт жактан бирөө ыргыткандыгын айтып актанды. Директор агай анын айткандарына ишенди көрүнөт, бизди класска жетелеп келип: “Балдар бул катты ким жазды? –деп өкүм сүйлөдү. Эч ким мойнуна алган жок. Кол жазмаларды текшерип да эч кимди аныктай алган жок. Сабак аяктап звонок болгондо, директор “токтой тургула”, -дегендей ишараат кылып: “Муну ким кылса да ал өтө жаман киши, келечекте андай адамдар жакшылык көрбөй өтүшөт, экинчи мындайды көрбөйүн да укпайын. Бул жерде болгон окуя ушул жерде калсын. Эгер башкалардан кулагым чалып калса, анда баарыңардын ата-энеңерди чакыртып мектептен кууп чыгам,” -деп катуу айтты.

Ошону менен ал күндөр да артта калды. Балалык күндөрдүн таттуулугу ай! Биз ошондо: “Тезирээк эле чоңойсок экен, тезиреек эле мектепти аяктасак экен!” – деп кыялданчу эмес белек. Мугалимдерибиздин: “Чоңойгонго ашыкпагыла! Балалык күндөрдүн ыракатына баткыла! Чоңойгондо чоң түйшүктөр башталат, чоң болгондон да тез эле жадайсыңар. Балал ык күндөрдү сагынып зар какшайсыңар, бирок ал кайрылып келбейт кайра!” – деген сөздөрүн кулак сыртынан кетирчү эмес белек.

Мураттын “сыр” дептерин андан ары барактап анын бара-бара чоңойуп, ой жүгүртүүсү да чоңдордукундай калыптанып жатканын байкадым. Мурункудай ар бир болгон окуяларды майдалап жазбастан, анда – санда олуттуу нерселерди жаза баштаптыр. Бирок ар бир экинчи кол жазма мени менен байланыштуу эле. “Мен адаттагыдай алдыңкы партада олтурган Айсарынын тыкан экиге өрүлгөн чачтарын, анын дайыма апакай жакасын, эч бир кынтыксыз үтүктөлгөн фартугун карап олтурдум. Эхх, мен ойлогондой Айсары менин колуктум болуп калса ээ, кандай жыргал болот эле. Анда эле мен анын кулагына жарашкан азыркыдан да кооз иймек тагат элем. Анан мен анын артынан, анын изин издебей, жанаша, колтукташа басып жыргайт элем да. Бирок анын “күчүгү болуп” жүргөнүмдүн пайдасы мына бүгүн тийбедиби!” – деген жерине келгенде күтүлбөгөн жерден эшик такылдады. Эшиктин алдында далдайган сары аял турган эле.

-Ай катын, электирдин көрсөткүчүн бер! – деди.

-Биринчиден мен катын эмесмин, экинчиден көзүңүздү ачсаңыз, каалганын сыртында бакыйып жазылып турат! – деп ызырына жооп бердим. Эмнегедир бул жолу ар кимге аңкылдап атырыла берген неме унчукпай кала берди. Мен кайрадан өзүмдүн “сырдуу” дептериме үнүлдүм.

“Ошондо ала шалбырт жаз келип, көчө баткак эле. Мен адаттагыдай Сары кыздын артынан илкип бара жаткан элем. Ал эки үч ирээт жүз аарчысына чүчкүрүп алып аны чөнтөгүнө сала берди. Мен бир нече кадам аттаган соң гана жерде жаткан жүз аарчыны байкап аны жерден эңип алдым. Мен ылайлаган сууга түшкөн жүз аарчыны сыгып, ээсине кайтарып берейин дегиче Айсары классташ кыздар менен көчөнүн күнгө тоборсуй түшкөн өйүзүнө өтүп кеткен экен. Мен эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Үйгө келип жүз аарчыны эч кимге көргөзбөй жууп жайып койдум. Жатаарда төркү үйгө барып үтүктөп, төрт бүктөп төш чөнтөгүмө салып алдым. Ах ошондогу жүз аарчынын жытын айтсаң, тим эле Сары кыз жанымдагыдай боло түштпөдү беле. Эртеси мен ага жүз аарчысын кайтарып берейин десем ал окууга келбей калган экен. Кийинки жумада мен ага ана кайтарып берем, мына кайтарып берем деп жүрүп жазгы каникулга тарап кеттик. Ошол бойдон ал жүз аарчы “меники” болуп калды. Кудай буйуруп Айсары менин колуктум болуп калса, ошондо мен ага кайтарып береетирмин!”, - деп кыялдануу менен аяктаптыр.  Мен ошондо гана өзүмдүн төрт бүктөлгөн жүз аарчымды колума алып таңыркап карадым. Кызык, эгер Мурат бул жүз аарчыны сактап калбаганда азыр мен аны колума албайт элем да. Демек ал мени мектептен эле жакшы көрүп, өмүрлүк жары болушумду каалаган экен да. Демек бул маңдайга жазылган тагдыр болсо керек, демек мен дагы ага баш ийүүм керек экен да! Чындыгында Мураттын адамкерчилигин баардык классташтар абдан жактырчу эле. Эстеп көрсөм ал классташтардын эч бири менен урушуп, бирөөнүн да көңүлүн калтырбаптыр. Демек сага Сары кыз жакшы адам жар болгон экен, эми ушунуңду баалай бил! – деп анын сүрөтүн карап жылмайдым.

Бирок бул жолу анын сүрөтү негедир “томсоро” түшкөндөй сезилип кетти. Ошол маалда эшик тыкылдады. Бирок бул жолу эшиктин тыкылдашы демейдегидей өкүмдүү эмес, кандайдыр бир “аянычтуу” чыккансыды. Эмнегедир жүрөгүм “болк” дей түштү. Эшикти ачсам, босогодо “Токтогул ГЭСи” деген жумуш киймин кийген толук келген, кара мурутчан байке турган экен. Мен айткан саламыма жооп айтып: “Карындашым, сен Айсары болосуңбу?” – деп сурады. Менин жообумду уккан соң: “Жүрөгой, мен сени Токтогулга алып кетейин, деп келдим. Мени жетекчилик атайын жиберди”, -деди. Мен эч нерсе ойумда жок эле шаша-буша кийинип кол сумкамды алып чыга келдим.

-Токтогулга чейин канча убакта жетебиз? – дедим мен Волга машиненсин зымырата айдап бара жаткан Мурат байкеге.

-Буюрса кеч кире электе кирип барабыз, - деп жооп берди.

-Менин ал жакта эмне керегим бар экен? Деги Мурат аман-эсенби? – дедим. Эмнегедир ошондо жүрөгүм опкоолжуй түштү. Ал байкенин жоопту маалкатып жатканына жиним келе түштү.

-Сизди ал жакка алып келүүнү Мурат өзү суранган, -деди, ал киши менден көзүн ала качып.

-Эмне силерде “аялымды алып кел” десе эле аткара бересиңерби? –дедим мен аны кемсинткен тур менен.

-Жок карындаш, бул өзгөчө кырдаал.

-Эмне болуп кетти? Эмне болгон кырдаал экен? Деги Муратым аман-эсенби? – деп көзүмдөн жаш шорголоп не бир басыла албай кете бердим. Кеч курун Мурат иштеген суу тоскусчка да жете келдик. Алыстан эле котолоп турган элди, өрт өчүрүүчүлөрдүн, медициналык тез жардамдын машинелерин көзүм чалды. Мен аларга кантип жетип барганымды билбеймин, арасынан издеп Муратты таппадым.

“-Айсары сиз өтө капаланбаңыз, суранабыз. Кечее биздин объектиде иш учурунда “авария” болду. Тоннелдеги иштеп жаткан жаш адистер тоннельдин ортосунда буктурмага камалып калышкан экен. Мурат биргадир катары, аларга дем алуучу апараттарды алып жөнөп, ошол бойдон алардын жанында. Биз азыркы учурда аларга шлаганын жардамы менен аба жөнөтүп жатабыз. Андан сырткары, биз алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз, айланайын кызым, өзүңдү колго алып сүйлөшүп койсоң. Сенин үнүңдү укса ал кайраттанат. Анын үстүнө ал жалгыз гана сенин атыңды атады”, - деди бети башын эчак эле бырыш, чачын ак баскан адам. Бир нече убактан кийин менин колума телефондун кара трубкасын беришти.

-Жыйырма төртүнчү, абал туруктуу. Камерадагы суунун деңгээли бир аз жогорулады. Нурбек эсинен танып, аны кайрадан эсине келтирдик. Суунун муздагы сөөктү сыздатат тим эле. Жагдайды оңдой турган нерсени таптыңарбы? – деди Мураттын алсыраган үнү.

-Мурат, сүйгөнүм! Бул менмин! Мен сенин Сарыңмын! Алтыным, жан биргем, суранам, аман кайта көр! Сен бизге керексиң! Балаң экөөбүз сени чыдамсыздык менен күтөбүз, эсиңдеби биз дагы үйүбүзгө той беришибиз керек эмеспи! – дедим.

-Айсары сүйгөнүм, буюрса баары жакшы болот! Силер балам экөөңөр күткүлө, мен сөзссүз кайтып келем! –деди Мурат. Бул жолу анын добушу абдан эле кайраттуу чыккан эле. Андан ары телефондун турбкасында кышылдактан башка эч нерсе угулган жок. Мээмде ар кыл ойлор оргуштап жатты, жүрөгүм дүкүлдөп барып айлана агарып боз туман каптап калды.

- Жогору жактан уруксаат алынды, плотинадагы сууну койо бергиле, эвакуацияга даярдык көргүлө! – деген тааныш үн кулагыма угулду. Уйку соонун арасында “Муратым менин, сүйгөнүм, келчи мага, биз сени күтөбүз”, -деп шыбырадым.

Бишкек 2019–2020-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз