Кыял Тажиева: Сыр

Күүлдөп-шаалдап, бирде шылдырап, бирде шыңгырап обон ойноп аткан.

Тунук булактын шыңгыры тык токтоду. Кулагынын кычуусу канбай калганга чочуп кетти. Токтошу мүмкүн эмес эле. Кантип токтойт?

Агып бараткан бойдон эң сулуу, пакиза бойдон Айвазовскийдин сүрөтүндөй эми азыр кайра толкуп кетчүдөй болуп, чын эле токтоп калыптыр. Акылга сыйган иш эмес. Муну керемет деп атоого да, атабай койгонго да болбой турган.

Жаны чыгып кетейин дегендей, денеси дүр дей түштү.

Ооба, бул капилет дүйнө ушундай бир сыр кылды.

*     *     *

Айласы кыска болсо да, акылы аалам чапчыган, сезими деңиз астынан буркулдаган булбул акын дүйнө салды. Аттигиниң ай, элинин ушунча сүйөөрүн, элинин ушунча күйөөрүн көзү тирүүсүндө өзү билсе, өлүм да оюна келмек эместир. Өлүм да аны көрмөк эместир...

Эч эле, эч кимге кереги жоктой ойдо кетпедиби. Жаны ооруп, жан алакетке түшүп турса, оорукана карантин деп жаткызбай, ар кайсы ооруканага түртө салып атып, догдурлар элдин бир тоосун кулатып алганын билишкен жок. Мындай уруп ойнобогон мамиле жүрөгү назик акындын оорусун унуттуруп, бүтүндөй жанын сыздаткан, андан жүз эсе катуу жандуу ооруну таап берди. Оо, мерез шум дүйнө, акынды кетээрде да жөн узатпай койгону – жалгандыгына биротоло ынандырды. “Мен эми сени таанып бүттүм!” – деди да жаны жай алгансыды кайран булбулдун. Анын жанын кейиткен азабы да, кубанычы да, үмүтү да эмне кыларын билбей, ээсин издеп кала беришти. Бир заматта бу дүйнөнү жаңыртууга болгон аракет, күнүгө жашоону сүйүүгө өзүн-өзү мажбурлаган кыйноосу, башын жарып кейиткен киргилтим дүйнө, баары-баары “Баары тамаша болчу” деди да эч нерсе көрбөгөндөй, эч нерсе болбогондой жылт койду да, койду.

*     *     *

Булбулга эмнегедир кайгы өтө жакшы жарашты. Ырларынын баары өксүп-өксүп алганга, жанды эзип алганга күлүп-жайнап чакыра билгенин айт. Кайгыдан качканы менен ар бири өзүнчө ушул булактын түбүнө жалгыздап барып алышып, мукам үнгө магдырап жүргөнүн бири-биринен жашырып-жабышчу.

Акындын эли анын ырын чоң-чоң тойлордо шатыра-шатман угуп, жыргап көрбөдү. Ар бири өзүнчө, эч кимге айтпай, жалгыз гана анын ырын эч кимге бергиси келбегендей таризде өздөрү гана уккусу келер эле. Булбулдун жашоосун ар ким өзүнчө жашап көрөр эле.

Чынында бул булбул ар бирине өзүнчө кайрылып, ар бирине өзүнчө кайгысын бөлүшкөнгө, сүйүүсүн түшүнгөнгө убакыт тапчу. Анын ошондой кудурети бар болчу.

Өз дүйнөсү менен өзүнчө жашаган сезимтал кызга жакын адамдарына караганда ушул булбул өтө эле жакын болду.

Аны жанынан бир эле жолу көргөн. Ал жөн жай гана кишидей, өтө жөнөкөй жайдарылана көпчүлүк арасында отуруптур. Кыз жанына барып таанышкысы келди, бирок ал көп нерсени жоготуп алчудай коркуп койбодубу. Барган жок. Сыртынан өзүнчө эзилип карап отура бергенди эле эп көрдү. Акындын жүзүндөгү чуңкурчасы ого бетер аны таза-таптаза илебин коштоп күлөт экен. Ал чоң эле адам болсо да, наристедей өтө баёо ырай менен күлгөндү билет экен. Бака-шака түшүп отурган адамдардын арасында ал жумшак желдей жагым, анан жай агып жаткан дайрадай жайылып отуруптур.

Миң ирет аны менен сүйлөшүп, миң ирет аны менен сырдашып атканын кайра-кайра элестеткен кыялын жоготуп албай да, таппай да кыз өз жолун улаган.

Кыз булбулун бир мүнөт да жанынан чыгарган эмес.

Булактын агып бараткан бойдон токтоп калганын кокус көргөндөн бери, ал эми кантип жашаары жөнүндө да ойлоно албай токтоп турат.

Булактын шыңгыр үнү кулагына жаңыра баштады. Кыз сүйүнүп кетти. Коркуп калган жүрөгүн өзү акырын токтотуп, “булак кайра агып баштады көрүнөт” деп акырын көз салды. Жок. Ал чын эле токтоп калыптыр. Ооба, агып бараткан бойдон. Соолуй турган эмес. Толкуну-толкун бойдон токтоптур.

Бир гана кыздын кулагында шыңгыр үндүн жаңырыгы токтогон жок.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз