Мээрим Көлбаева: Эл сүйгөн акын – Элмирбек

Кылым карыткан кыргыз эли бирде кумга сиӊген суудай жок болуп, бирде кайра оргуштап көбөйүп, Манас атабыздын учурунда жер жайнаган кытайга үстөмдүк кылып оомалуу-төкмөлүү турмушка ээ богон узак тарыхында бир канча өнөрдү жаратты. Ошол өнөрлөрдүн алды – кызыл тил. Тарыхтын кандай учуру болсо дагы улуу сөздү уютуп, кыттай кынаган акындык өнөр өз өмүрүн улап, салттуу сапаттарын калыптандырып келет.  Мына ушул сөз өнөрүндө айрыкча төкмө акындык өнөрдүн салттарынын өз чыгармачылыгында калыптандырган көп кырлуу талант, кыргыз элинин сыймыктуу уулу, манасчы, дастанчы, акын, обончу – Элмирбек Иманалиев.

Акын 5 жашында комуз менен жан курбу болуп, 7-классты аяктаган соӊ Бишкек шаарында, Улуттук филармониянын алдында окуусун улантып, эрте жашында чыгармачылык чөйрөгө аралашып, көөдөнүндө максат кылган ырчылыктын сырларын үйрөнүүгө эртелеп киришкен. Бала күнүндө «Манас» эпосу, кыргыз элинин кенже эпостору тууралуу китептерди окуп, Калыгул, Арстанбек, Токтогул, Эшмамбет, Калык, Осмолнкул, Коргоол ж.б. ырчылардын өнөрлөрүнө арбалуусу жаш талапкерде ырчылыктын тигил же бул ыктарын, көз карашын калыптоонун, турмуштук позициясын аныктоонун, өзүн-өзү алып жүрүүнүн алгачкы мектеби болду. Ал эми филармонияда Эстебес, Тууганбай, Ашыралы, Замирбек ж.б. баш болгон бир катар кыргыз элинин өнөр адамдары менен замандаш болуп, устаттык акыл сөзүн алат. Бир кезде Коргоол ырчы: «Ача тилдүү ак таӊдай, Токомдон калган кербезим» деп өзүн Токтогулдун улантуучусу катары эсептесе Элмирбек Ашыраалы, Эстебес, Тууганбайдан өрнөк алып, ырчылык чеберчиликти, өздөштүрүп, чыгармачылык өз алдынчалыкка түшкөнүн ар бир маегинде, эскерүүлөрүндө айтат.  Ошентип, белгилүү бир окуя, турмуштук байланыш, атайын тема тууралуу алдынала эч бир даярдыксыз төгүп ырдоонун ыкмаларын, илимдеги имправизациянын бардык талаптарын так сактаган чыныгы төкмөгө айланат.

Турган жеринде ырды жамгырдай сабалап, бир учурда обон менен коштоп, аны аспап менен шөкөттөп, калк назарына тартуулоочу төкмөлүк өнөрдүн бийик чеги айтыш өнөрүндө сыналат. Элмирбек – эгемендик жылдарындагы айтыш өнөрүн аздектеген, ал өнөрдүн аркасында казак-кыргызга бирдей таанылган талант болду. «Айтыш – эки улуу инсандын улуу баарлашуусу» – деп атаган акын, айтыштарында бирөөнүн аброюн, адамдык парасатын, күнүмдүк майда-барат маселелерди жамактай коюудан бийик туруп, эл тагдыры, журт маселеси, казак-кыргыз мамилеси, аталар баскан  көөнө тарых, көркөм мурас мууралуу бийик маселелерди көтөрдү:

Анда кыргыз ким болгон?

Ордосу көркөм гүл болгон,

Ойротко даӊкы дүӊ болгон.

Желеги көркөм гүл болгон,

Жергеси даӊкы дүӊ болгон.

Казатта жолу шыр болгон,

Казалы санат ыр болгон.

Жортуулда жолу шыр болгон,

Жомогу санат ыр болгон.

Анан кыргыз ким болду?

Акыл эси кир болду.

Теӊирди тааныр теӊи жок,

Телегейи теӊи жок.

Балдарынын шери жок.

Бар пейилдин теӊи жок.

Санжыра санат ыр кетип,

Сапаты кетип, чын кетип.

Жанагыдай айтканда,

Кээ бир,

Төрөсү төрдү булгады,

Төбөлдөр элден уурдады.

Жаттан кыргыз көп алды,

Жан кечтилер жеп алды[1]. (Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын урматына өткөрүлгөн айтышта)

Элмирбек төкмө акын катары эле эл эсинде калбады. Ал «Манас» эпосун, «Курманбек» баш болгон кенже эпосторду мыкты айткан айтуучу болду. Анын «Манас» эпосундагы «Каныкейдин жомогун» айтуудагы өз алдынчалыктары, Шыпшайдарды, Кумайыкты сүрөттөөдөгү кадимки калыптанган манасчылардан ашса ашып, бирок, кем кала бербеген өзгөчө сүрөттөөлөрү, «Курманбек» эпосун айтууда өз алдынчалуу кошумчалар, көркөм сүрөттөөлөр менен өзүнө чейинки айтуучулардан айырмаланган жаӊы вариантты жаратты.

Чыгармачылык өнүгүүнүн улам кийинки өнөр адамындагы кезиккен көркөм табылгалары же болбосо көркөм чыгамачылыктагы салттуулуктардын дагы бири жанрдык-тематикалык көп түрдүүлүктөн көрүнөт.

Элмирбек Калыгул, Арстанбек, Токтогул, Жеӊижок, Коргоол, Эшмамбет ж.б. улуу акындар ырга салган замана-заӊы, ыйман-ынсап, ай-аалам, калак турмушу, келечеги тууралуу философиялык ыӊгайдагы теме-санат ырларды өзүмдүк чеберчилиги менен татыктуу улантты. Анын бир эле «Аманат» аттуу термесинде

«Күлүңдөп күндүн чыгышы,

Күрпүлдөп суунан агышы,

Буркурап өскөн сан гүлдөр,

Булбулдун мукам дабышы,

Асыл жан, бала, ата, эне,

Аба, жер, от, таш, баарысы –

Адамзат үчүн Теңирдин

Аманат берген карызы» – экенин эскертип, «…жашчылыктын кызыгы, жашынган күндүн кызылы; балалыктын кызыгы, баткан күндүн кызылы» сындуу өтүп кетерин, мезгил деген өз өкүмүн кылып «кадам бассаӊ күйүккөн, кайран белиӊ ийилген» карылык келерин, дүнүйө деген жылтылдап, мансап деген кылтылдап,  адамды азгырып, бир учурда «боордошуӊ басып кире алгыс» боз топуракка айланарыбызды эске салат. Андан ары акындар поэзиясындагы «бул дүйнөдө ким калган» деген суроону коюп, мансабына чиренген Сулайман хан, Темучин баш болгон эл жакшылары кара жерге көмүлөрүн ырга салат. Анда адамдын асыл байлыгы акыл эсти өстүрүп, күнүмдүк көр тирликтен өйдөлөп адам болуп жашоого үндөп, эненин сүтү, атанын ак эмгеги да аманат экенин, жалган жашоодогу өйдө-төмөн дүйнөнү теӊ кароого, акыйкат болууга үндөйт:

Акыйкат деген эмине?

Аңтарып толук айтсам дейм –

Адамдын батпайт кебине.

Чындык менен жалган бар.

Жыргал менен арман бар.

Жакын менен алыс бар.

Жалакор менен калыс бар.

Адым менен арыш бар

Сөөм менен карыш бар

Убайрам менен уста бар.

Узун менен кыска бар.

Казган менен көмгөн бар.

Уккан менен көргөн бар.

Тирүү менен өлгөн бар.

Жапыс менен бийик бар

Жанган менен ийик бар.

Кашаң менен күлүк бар.

Күлкү менен күйүт бар.

Түңүлүү менен үмүт бар.

Чебер менен чоркок бар.

Баатыр менен коркок бар.

Ыпылас менен ыйык бар.

Бүтүн менен тырык бар.

Алыш менен бериш бар.

Барыш менен келиш бар.

Тектир менен тегиз бар.

Арык менен семиз бар.

Адал менен арам бар.

Айбан менен адам бар.

Айкөл менен сараң бар.

Жакшы менен жаман бар.

Жалпы менен жалгыз бар.

Алдуу менен алсыз бар.

Акылдуу бар, эссиз бар.

Абийирдүү бар, бетсиз бар.

Андан ары баатырды, жакшыны, нааданды, асылды, тар кишини, жакынды, акмакты, досту, касты, колунда бар байды, жокту сыпаттап, дөөлөттү, мээнетти, бакытты кандай болорун ырга салып, окурманды «көр оокатка каралап, жан бакканга кубанып, жашыңдан канагат» кылбоого, жалпыга чачкан жарыгын жакшы ишке далалат кылуусун, ичи актын иши ак болорун эскертип, изденүүгө чакырат. Ушул бир эле термесинде акын бир өмүрдүн мисалында төрөлгөндөн, өлгөнгө чейинки өмүр чыйырында эмненин жакшы, эмненин жаман экенин бирин-экинчисине салыштыра салмактап, аманат болгон өмүрдөгү өйдө-ылдыйды калчаган чулу бир философиялык ойду берип, жакшыга жанашып, жаман оолак болууга чакырган таалим-тарбиялык идеясы тереӊ нускалуу терме кураган. Чыгармада акын өзүнө чейинки өрнөктүү акындардагы жаштык, карылык, өмүр, өлүм, бакыт, мээнет, дөөлөт, дүнүйө тууралуу ар бири өзүнчө ырдалган термелердеги идеяларды топтоштуруп бир бүтүн чыгармага айландырып, бүтүн бир турмуштук жашоо философиясын берүүгө жетишкен. Айталы, Токтогул, Жеӊижок, Осмонкул, Коргоол узун сабак ырдаган карылыкты Элмирбек:

«Эшик төрдү карыштап,

Эки аягың чалыштап,

Карылык келет башыңа

Кадам бассаң күйүгүп.

Кара жерге жакындайт

Кайран белиң ийилип» - деп алты сапка сыйдырса, Жеӊижок, Токтогул, Эшмамбет ж.б. акындар ырга салган балалыкты

«Жашчылыктын кызыгы –

Жашынган күндүн кызылы.

Балалыктын кызыгы –

Баткан күндүн кызылы» – деген  төрт сапта күндүн адамзаты үчүн зарылдыгына, жылуулугуна, мээримине салыштыра, өтө тездик менен алмашары, күн батарда анын кызылы кандай ылдам тараса, жаштык да, балалык да ошондой тез өтөрүн эске салат.

Элмирбек өзүнүн бир маегинде «…акындын акын болушундагы башкы милдети көзү көрүп, баамы жетип турган чындыкты жакса, жакпаса да калкка ачык айтуу, чындыкты ырга салуу»  – дейт. Мына ушул чындык ар бир айтышында, санат термелеринде ачык ырдалат. Ал «беш каман болсо бир кезде, азыр беш короо каман жүрбөйбү» – деп  «кошомат менен күн көргөн, кокуйларды», «карыз менен күн көргөн катыгүн элдин» абалын ырга салды. Хандан бектен кайра тартпай учурдагы айкөл Манас урпагын,  аталар мурас калтырган жерди күрөө коюп, күн көргөн учурдагы абалды, «парламент деп жыйылган топко», «парага көзү жайнаган сотко», «агып кирген арам пул постко», «элдин башын талаган, эки башка караган доско» ишеним калбай калганын ырдап, кылып жаткан иштери «как башыӊарга көрүнсүн» деп жаны күйүп, чындыкты тайманбай ырга салат. Демек, элдин бүгүнкү абалына, жердин сатылышы, эрдин атылышы, көп жаштардын мекенин таштап, иш издеп башка өлкөгө байыр алышы сындуу социалдык көйгөйлөрдү ырдап, жогорку бийликке коӊгуроо кагат.

Элмирбек көзү өткөн эл мыктылары акка моюн сунганда, алардын кыргыз эли үчүн жасаган  ак иш, адал эмгегин ырга салган жоктоолорду жаратты. А.Токтосартовду, Ч. Айтматовду, А.Масалиевди жоктоолору буга мисал.   

Акын байыркы өнөр адамдарынын айткан асыл-наркы бийик уламалуу сөздөрүн жадында сактай билген укма кулак болгон. Ал сөздөрдү кандай кабылында болсо эч чайпалтбай улам кийинки муунга жеткирген уламаны улантуучу эле. Өз кезинде улуунун наркын сактап, «Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын – сабырыбыз төмөндөп барат, Жолдорубуз кеӊейген сайын көз караштарыбыз тарып барат», «Чоӊ үйлөр салынганы менен чоӊ үй-бүлөлөр азайып барат», «Медицина өнүккөн сайын, ден соолугубуз начарлап барат» деген өӊдүү учкул ойлорун айтты.

Ошондой эле Калыгул, Арстанбек, Токтогул, Коргоол, Кулуке сындуу акындардын классикалык үлгүдөгү чыгармаларын кандай ырдалса, ашса, ашар, бирок, кем болбогон деӊгээлде, артисттик аткаруучулук жөндөмүн кошуп калкка тартуулаган өзгөчө аткаруучу эле. Токтогулдун «Тер жайлактагы окуя», Жеӊижоктун «Көксулуу», Коргоолдун «Кепич жоголгондо» өӊдүү бир катар чыгармалар Элмирбектин аткаруусунда дагы бир өмүрүн улап келди.  

Элмирбек Атай, Муса, Асанкалый, Ырысбай өӊдүү алптардын жолун улап, «Коштошуу вальсы», «Балкыма», «Жалгыздыкта коштошуу», «Булбулум» ж.б. эл арасында ооздон оозго өтүп, жаш-карыга бирдей жаккан   классикалык обондорго ээ ырларды жаратты. Акындын бир маегинде «…мен ырдын тексттин заказ менен жаза алат экемин, а бирок обон жаатында андай кыла албайм. Обон менин жан дүйнөмдөн сызылып чыгып, улам-улам тапталып, өтө такшалганда гана чыгат» - деп айтканын эстесек, акын  обон маселесине өзгөчө аярлык менен карап, жан дүйнөсүндө багып өстүрүп, эч кандай кол тийгис бийик аруулукка айлантып, анан элине тартуулаганын көрөбүз. Ал тургай айтыш өнөрүндө да бүгүнкү күндөгү көпчүлүк төкмө акындардан айырмаланып, улуу акындарыбыздын обондоруна салып төгүүдөн сырткары өз обонунда айтыш кура алган нукура талант. Байыркы мезгилде ар бир акындын өз обону болгон, айтышка түшкөндө ар бири өз обону менен ырдашып, өз алдынчалыгын көрсөткөн сыӊары, Элмирбектин айтыштагы, ары мукам, ары коӊур ыргактуу, көрүүчүнү  арбап алган обону акындын талантынын дагы бир кырын көрсөтүп турат.

Акын чыгармачылыгы толуп ташып, баралына келип жетилгенде улуу устаттары арадан бөлүнгөн алгачкы күндөн тарта «Айтыш» фондусунда акындык өнөрдүн албан түрлүү сырларын ыр өнөргө ык койгон жаш муундарга үйрөтүп, устаттык кылды, улуудан алган элдик мурасты урпактарга жеткирүүгө жан үрөдү. Элмирбек устаттык кылып, өстүргөн Азамат, Асылбек, Болот, Турат, Изат, Акмат ж.б. шакирттеринин алдынын эмгеги элине сиӊип, төбөсү көрүнүп калды. «Төкмө келсе төр бошот» теледолбооруна шакирттерин алып чыгып, ар биринин чыгармачылык кечесин уюштуруп, шакирттерине өнөрдөн тапкан атасы катары көп эмгек кылды. Демек, Элмирбек, чыгармачылыктагы улуудан өрнөк алып, кези келгенде өзү устат болуп, өнөрдүн сырларын жаштарга сабактап, окуу-сызуу жок кезде эле төкмөлүктүн өнөр үйрөнүү-үйрөтүү салтын улаган устат-шакиртчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтө алды.

Элмирбек – төкмөлүк менен жазмалыкты куштун эки канатындай күүлөп, көӊүл кылдарын дирилдетип, жүрөк сезимин козгогон мыкты лирикалык ырлардын автору болду. Ал өзгөчө таза, өзгөчө аруу, аялуу сезим катары махабат ырларын, турмуштагы эӊ учкул, эӊ сүйкүмдүү жаштыкка, балалыкка арналган саптарды жаратты:

Жетилдиң – үлбүрөгүм,

Таңшыдың – дилдирегим.

Сен үчүн оор болсо да

Сезимим билдиремин.

-------------------------------

Дагы калды канча аргам!?

Дагы калды канча аргам!?

Жалгыз гана сени табат

Жан сырымды аңтарган.

Айыбым бар…

Зайыбым бар…

Кайыгым бар – толкунуңа чайпалган.

Жакшы болсом – жакшы ырдын сабымын

Сага көптү айта алган.

Сакчы болсом – кирпигиңдин талымын

Карегиңди кайтарган.

------------------------------------------

Ар мезгилге жооп кылаар келет күн!

Мен жаштыкка мындай бир кат жөнөттүм:

«Бар бо-ол ЖАШТЫК! Жаша-а ЖАШТЫК! Күй ЖАШТЫК!

Шаң бол ЖАШТЫК! Таң бол ЖАШТЫК! Сүй ЖАШТЫК!

Өмүрүмдө сага наалат дебесмин.

Деген менен көрүп турам көздөрүн

Балакет бир мезгил деген электин.

 

Сенден таптым чындыкты да жалганды,

Сенден таптым датада жок майрамды.

Үмүт таптым азиз көздүн жашындай

Сүйүү таптым таттуу дагы армандуу.

 

Сенде жашайт – ыза жуткан таарыныч,

Сенде жашайт – куса буккан сагыныч.

Сенде жаштык – кечиримсиз кейиштер,

Сенде жаштык – кечиримдүү жаңылыш.

Жалпылап алганда, Элмирбек Иманалиев – байыркы мезгилден бери карай ырчылык өнөрдө сакталып келген салттуулуктарды чыгармачылыгында уланткан көркөм сөздүн устасы, төкмөлүк өнөрдүн төрөсү, айтыш өнөрүнүн алпы. Анын чыгармачылыгы – көп багыттуу, көп жанрлуу көркөм чыгармачылык. Бул эмгектери менен ал эл жүрөгүндө көп кылымдар бою сакталат. Бирок, ошондой болсо дагы бүгүнкү муун алдында, өнөр сүйүүчүлөр алдында кечиктирилбей  аткарыла турган бир бир катар милдеттерибизди белгилеп кетким келет. Биринчиден, лирикалык ырларын, айтыштарын, айткан эпосторун,  учкул ойлорун, маектерин  ж.б. чыгармаларын топтоштуруп, китеп кылып окурмандарына сунуштоо; экинчиден, акындын мурастарын КР УИАнын Кол жазмалар фондуна, кыргыз радиосунун алтын фондуна жана Кыргыз мамлекеттик архив кызматынын маданий мурастарды сактоо бөлүмдөрүнө өткөрүү, каттаттыруу; үчүнчүдөн, ар бир багыт, жанр боюнча мурастарына илимий анализ жасоо зарылдыгы турат.

Мээрим Көлбаева, филология илимдеринин доктору

23.04.2020   

 

[1] Айтыш: 6-том. Эгемендик мезгилиндеги айтыштар / Түзг.: А.Акматалиев, М.Көлбаева. – Бишкек: «Принт-экспресс», 2017. – 446-б.

Комментарийлер (3)

  • - Аркадий

    филология илимдеринин доктору дагы ушундай макала жазабы муну менин студенттерим СРС деп коюшат, кайран гана илим

  • - Сыдыков

    Бир түндө азалуу сааттарда, жаны ачынып, ичи күйүп турган кезде жазган макаланы кандай учурда жазылганын эске албай баа берген "Аркадий" өзүң кыргызсыңбы? Бүткөн ишке сынчы көп болбой жөн койсоңуз туура болмок.Же туура баа бергенди үйрөнүш керек.

  • - Сыдыков

    Бир түндө азалуу сааттарда, жаны ачынып, ичи күйүп турган кезде жазган макаланы кандай учурда жазылганын эске албай баа берген "Аркадий" өзүң кыргызсыңбы? Бүткөн ишке сынчы көп болбой жөн койсоңуз туура болмок.Же туура баа бергенди үйрөнүш керек.

Комментарий калтырыңыз