Мээрим Сайдилкан: Чынар эле...

  • 25.04.2020
  • 6234

Тирүүчүлүктө кеткендин артынан эскерүү – калгандын парзы тура...

Мен сизди студент кезимде алгач ирет тааныдым, көгүлтүр экранда жүзүңүздөн нур чачырап, билинер-билинбес жылмайып төгүп жаттыңыз. Үнүңүзгө келбетиңиз, келбетиңизге жылмайганыңыз, комуздун күүсү менен оозуңуздан оргуштап чыккан ыр саптарыңызга акырын термелип, маңдайыңыздагы айтышкер менен терең баарлашып жаткансыз. Суктанганмын... Сөздү кайдан табышат деп таң калганмын.

Сиз катышкан ар бир айтышты берилүү, кумарлануу, таң калуу менен көрөр элек... Арадан канча жыл өттү... баалуу деп аздек туткан дүйнөм өзгөрдү. Айтышты укпай калдым, поэзия кечелерин көрбөй калдым. Турмуш курдум, балалуу болдум. Мына, ошондо кайрадан ичимде уюп калган баалуу дүйнөлөрүм өзүнөн өзү чыга баштады. “Ар бир кыргыз баласы сөзсүз комузда кол ойнотушу абзел. “Манас” эпосун, айтыштарды билип, угуп чоңоюшу керек” деген ой мээме кылт эте түштү. Булдурап жаңы тили чыга баштаган балама комуз үнүн же  акындардын айтыштарын уктуруп уктатканга көндүрдүм.  Буйруса, наркын, салтын, дилин-тилин бийик туткан балдар болор!

Төкмө акындардын да акыны бар, сиздин ар бир айтышты угуп гана койбостон, кагаз бетине түшүрүп балдарым үчүн сактап жүрдүм эле, эми эл да окусун, китебиңиз чыкканда ар бир айтышыңыз китептен орун алсын жана мектеп окуучуларынын адабият китебине киргизилсин. Муну биз – сиздин элиңиз, сизди сүйгөн адамдар, шакирттериңиз жоопкер тараптан талап этишибиз лаазым...

Туңгуч районуна көчүп келгенден эки-үч күндөн соң сизди көрүп калдым көчөдөн. Шакиртиңиз Акматбек менен чогуу кызуу сүйлөшүп бара жатыпсыз. Ойлуу жер тиктеп...

Учурашкым келди, сөзүңүздөрдү бөлүп албайын деп учурашпадым. Акматбек менен эң көп жүргөнүңүздү көрчүмүн... Кошуна үйдө жашаганыңызды билгенимде жолдошума кантип сүйүнүп келип, “Төкмө акын Элмирбек Иманалиев ушул жакта жашайт экен” деп кубанганымды айтпаңыз. Бир райондо жашап, анда-санда көчөдөн көрүп, жылуу баш ийкешип учурашып коюу эле мен үчүн чоң кубаныч-сүйүнүч эле...

Сиздин бул жалган дүйнө менен кош айтышканыңызды укканда – денем титиреп, муңга чөктүм. Аалы Туткучев менен айтышкан бир айтышыңызда, “... Кээде жатсам түшүмдө, \ Кылкылдаган кол келет. \ Кыйыры болгон кыргыздын \ Жарыгы болгон жылдыздын, \ Жанары болгон турмуштун, – деп Абды атаны түш көргөнүңүздү айтканыңызда; бир иркелип алдым эле... Ошол айтышты эстедим... Кыргыз эли сиздей улуу акынын жоготкону – улуу наркын жоготкону, биз сизди жоготкон жокпуз, ар бир сөз кадырлаган кыргыз сиздин айтыштарды, элге калтырган насаатыңызды, ырыңызды айтып муундан-муунга жеткирип, көөнөрбөс улуу нарк-насилибизди кийинки муундарга өткөрүп берет...

Жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир кыргыз сиз менен коштошо албай муңга чөктү.

Сиздин табытыңыз ооруканадан келгенде жүрөгүм бир булкунуп, боз үйгө жакын жолой албадым. Эртеси күнү телмире тиктеп, муңдуу көздөр менен алыстан узаттым да: эми түбөлүк улуулукка кеттиң акын, сенин өмүрүң доорлордо жашайт, бул жалган дүйнөдөгү акыйкатсыздыкты, жалганды, беш короо каманды жек көрүп, чындыкты туу кылып кеттиң акын, – деп өзүмдү соороттум!

Сиз бир Чынар терексиз, тамырлары тарамдуу... Калтырган чыгармаларыңыз муундан-муунга жашап, тарбиялаган шакирттериңиз жолуңузду татыктуу жолдошот! Экинчи түбөлүк өмүрүңүз биз менен биздин балдардын жүрөгүнөн түнөк таап өмүр бою жашай берет!   

Акыным, коштошпоймун сиз менен,
Сиздин ырлар, сиздин элес жүрөгүмдө жашап турганда,
Сиз менен коштошууга акым жок!
22-апрель, саат: 02:07

Комментарий калтырыңыз