О`Шакир: Абактагы айжаркын ойлордун учкуну

  • 17.12.2024
  • 390

Эл да, бийлик да жарандык коомдун зарылчылыгын түшүнбөй келет. Муну эң жөнөкөй түшүнүү үчүн комузду элестетеличи. Комуздун үч кылын тиреп турган тээк болбосо, күүлөй албайсың. Үч кылды эриш-аркак күүгө келтирер тээк болбосо, комуздун эмнеси комуз?

Жарандык коомдун орду да дал ошол тээк сыяктуу эл менен бийликтин гармониясын жараткан чоң кудуретке ээ. Күчтүү жарандык коом гана эл менен бийликтин ортосунда эриш-аркак гармония жаратат. Бийликтин үч бутагын комуздун тээгиндей күүгө салып турат.

Тилекке каршы, бизде бийлик ар дайым жарандык коомдун ролун, милдетин сезгендин ордуна, элге аларды “бузуку”, “Батыштын агенти” деген түшүнүктөр менен каралап келет. Эгер Кыргызстанда күчтүү жарандык коом болбосо, диктатордук режимди орнотуп коюу тез эле. Андыктан комузду комуз кылып, үч кылды эриш-аркак күүгө келтирер тээк сыяктуу түшүнүүгө тийишпиз жарандык коом дегенди...

*     *     *

Эң кейиштүүсү, бизде чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүндө жарандык аң-сезим алигиче ойгоно элек. Алар ошон үчүн жоош. Ал тургай арасында жарандык коомдун өкүлдөрүн жек көргөндөрдү да кезигет. Бирин-экиндери гана чанда бир өз позициясын туюнтуп койгону болбосо, сөздүн толук маанисинде жарандык милдет, жарандык аң-сезим эмне экенине баштарын да оорутпайт.

*     *     *

Ал тургай саясый партиялардын, топтордун арасында деле жарандык аң-сезим, жарандык милдет түшүнүгү өтө чийки. Аларда бийликке жетүү амбициясы гана күчтүү!

Азырынча саясый чөйрөдө жүргөндөрдөн жарандык аң-сезимди калыптоо жаатында жалгыз гана Абдывахап Нурбаевдин иш-аракеттери сөзгө алаарлык деңгээлде экени белгилүү. А.Нурбаевге тилектеш жарандык коомдун үркөрдөй тобу “Билимдүү Кыргызстан” аттуу чоң долбоордун үстүндө иштеп келет. Аталган долбоор үчүн акыркы эки жылдагы аракет менен алар парламенттин кароосуна сунуштап отуруп, акыры үч окуудан өткөндөн кийин президент кол коюп, эми ишке кирер болду окшойт.

Келечегинде “Билимдүү Кыргызстан” долбоору толук ишке ашканда гана анын жемишин жалпы мекендештерибиз баалап калар.

Буга дейре да А.Нурбаевдин демилгеси менен биргеликте республикалык деңгээлде мектеп окуучулары арасында жарандык милдет боюнча үч-төрт жыл удаалай конкурс уюштуруп келдик. “РухЭш” сайты мындан ары да бул максатта үзгүлтүксүз аракетибизди уланта беребиз.

Тек мамлекетибиздин алсыздыгынан, чындап келгенде жалпы элде жарандык милдетти туйгандар аз болгону үчүн саясый акцияларга, шайлоолорго элдин катышуусу төмөн. Болбосо күргүштөгөн эл шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып, ар кимиси өзүнүн жарандык милдетин, жоопкерчилигин туйганда, эл башына татыктуулар көбүрөк келбейт беле!

*     *     *

Жарандык коомдун орду, мааниси жөнүндө элибиздин төл сөзү, төл түшүнүгү калыптансын үчүн анын милдетин комуздун үч кылына салыштырганымды элге таамай жеткирүү аракетинде кечээтен бери бир ырдын бир нече вариантын жаздым. Коомдун баардык катмарына, музыка тилин түшүнгөн, түшүнбөгөндөрүнө да эң жеткиликтүү болсо деп, өзүмдү эки күндөн бери комуздай күүлөдүм, комуздай толгодум. Акыры береги үч куплетти үч кылдуу комуз, үч бутактуу бийликти тээк сыяктуу ыргакка, гармонияга салар жарандык коомдун маанисине алып келдим көрүнөт.

ЖАРАНДЫК КООМ

(Тилектеш, пикирлеш жарандык коомдун милдетин аркалап жүргөн досторго арнайм)

Комуз сыры боорундагы тээгинде,
эриш-аркак тиреп турган үч кылды.
Тээк болбосо мейкиндиктин жээгинде
үч кылдын эч жакындабайт уч-кыйры.

Тээк жаратат гармония, бирдикти.
Дал ошондой жарандык коом жашоодо.
Бир ыргакка салып турат бийликти
көзөмөлдөп, саясатты баш оомо.

Бийликтин үч бутагы да ар башка
тээк болбосо үч кыл сымал тайыма.
Саясатта чыгат баары кармашка.
Керек тээктей жарандык коом дайыма!
14.10.23

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз